КҮНӨӨЛӨРҮҢӨ ТООБО КЫЛ! АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ, КЕЧИРИМИ ЧЕКСИЗ.
Аллах Таала күнөөкөр пенделерине кайрылып мындай дейт :
قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
«Эй, өздөрүнө(күнөө кылуу менен) зыян кылып жаткан пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал- Кечиримдүү, Боорукер!» - деп айткын.
( Аз-зумар 53-аят)
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат :
"التَّائبُ من الذَّنبِ كمن لا ذنبَ له"
«Күнөөсүнө тообо кылган адам - күнөөсү жок адамдай.»
( Ибн Маажах 4250 )
Лукман Хаким баласына берген насаатында айтат:
"يا بني لا تؤخر التوبة فإن الموت يأتي بغتة"
« Оо балам! Тообону кечиктирбе! Анткени өлүм айттырбай келет.»
(Аттабсиро - 34) Ибну аль- Жаузи
https://t.me/Akyretiniz_nurduu_bolot_ishenem