Бул пост чын жүрөктөн жазылды.
"Пахтаны дадил койду", "Эки доско жагынба", "Сага эмне жок" ж. б. у. с. комментарийлерди жазганга чейин, терең ой жүгүртүп көр окурман.
Бүгүнкү ЖКда болгон УКМКнын төрагасынын Кыргыз-Тажик чек ара маселесине байланыштуу жыйынын толугу менен көрүп чыктым, жана толугу менен колдоп, кубаттаймын.
Мына ушул жумушту дээрлик эгемендикке ээ болгондон бери, башкача айтканда отуз төрт жылда болбогон иш-чараны колго алып, чек ара маселесинде жаралган талаш-тартышка чекит коюуга жакындадык.
Бул жумушту аткаруу үчүн чоң жоопкерчилик жана саясий чечкиндүүлүк талап кылынары шексиз. Буга чейин канча Президент болбосун, бири дагы мындай саясий эрктүүлүк жана жоопкерчиликти өз мойнуна алып бул чырдуу жумушка башын тыгып көргөн эмес.
Өз кезинде раматылык устазыбыз Чубак ажы дагы, чек ара маселесин - "Керек болсо талаш жердин 60 берип, 40 алып калып болсо да чечиш керек" деген сөзүн эстетким келет сага окурман.
https://www.instagram.com/p/DGlEvrvtyqC/?igsh=ZXNneWUybzdyMW12