Шейх Муаз Хава.


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Тасаввуф хикматтары.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Имам Ибни Ал-Жаузий айтты:
Аллах тааныгылардын биринен суралды
"Тасбих (Жаратканды аруулоо) же Истигфар (Андан кечирим тилөө)
Бул экөөсүнүн кайсы бири пайдалуураак?
Ал:
Эгер кийим аруун болсо, жыпарлар жана жыттуу суулар пайдалуураак.
А эгер булганч болсо самын жана ысык суу пайдалуураак.
Жаратканды аруулоо тунуктардын жыпары
Кечирим тилөө күнөөкөрлөрдүн самыны
Өзүңдү Жараткандан кечирим тилеп жазык-жазымдардан арылтууну жана Аны аруулап өзүңдү жыпарлоону унутпа...!"

Тасбих (Субханаллах) Аллах Аруу
Истигфар (Астагфирул-Лоох) Аллах кечир мени.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Апаңа да, атаңа да, жакындарыңа да, эч кимге бербеген сообуңду эртең кыяматта ушактаган кишиңе бересиң!"

Устаз Тариэл Абжалбеков.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Сахл Ат-Тустарий (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтат:
Жаратканга жүздөнүп такыбалык жолго түшкөн киши эң алгач тообо кылуусу б.а. Жаратканга кайтуусу керек.
Тообо бул - кылган күнөөсүнөн толук үзүлүү, өкүнүү жана жаман иштерден жакшы иштерге көчүү.
Киши өзүн унчукпай жүрүүгө(ашыкча сүйлөбөөгө) көндүрмөйүн чындап тообо кыла албайт. Жалгыздап Жаратканга сыйынууга өзүн көндүрмөйүн унчукпай жүрө албайт. Адал азыксыз Жаратканга жалгыздап сыйына албайт. Жараткандын буйрук-тыйыктарын аткарган гана адал азыктана алат. Жараткандын буйрук-тыйыктарын аткаруу - бул бүт тулку-бойун бузукулуктан сактоо менен гана болот. Жогоруда айтылгандын баары Жаратканга жалынып-жалбармайынча ишке ашпайт.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Сылык болсоң адамдар сени алсыз деп ойлошот..
Катуу болсоң мерез, мээримсиз деп ойлошот..

Адамдарга жагынам деп канча коом чарчады. Жараткандын ыраазылыгын табам деп чарчаган адамдын аракетин, Алла Таала барктайт экен...

"Сырттагы кыны эмес, ичтеги кылыч маанилүү" (Макал).
Сырткы келбетте эле жакшы адам көрүнө бербестен. Жараткан ички жан дүйнөгө назар сала турган жүрөккө маани берели.

"Малды сыртынан, адамды ичинен" (макал).
Жүрөгүң оңолсо, денеден жакшылыгың чыга баштайт.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Бул каналдын пайдасы (кызматы) туугандарга, досторго, тааныштарга жетүү үчүн бөлүшүп жатаспы?
Опрос
  •   Ооба
  •   Азыр жөнөтөм
  •   Жок
157 голосов


Намаз (ибадат) - бул пенде Жараткандын алдында кулчулугун моюндагандын белгиси.

Амал оңолсо адам, адам оңолсо аалам оңолот...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жүрөк менен зикир кыла албай жатам.
Тил менен эптеп зикир кылам
Эмне кылышым керек?

Бул жеке сиздин эле көйгөйүңүз эмес, бул көйгөй көп адамда бар.
Бул боюнча Аллах тааныгы Имам Ибни Ато-Иллаахи Сакандарий (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтат: "Жүрөк менен берилип зикир кыла албай жатам б. а.  Жаратканды эстей албай жатам деп зикирди таштап койбо! Сен зикир кылбай Жараткандан кайдыгер болгонуңа караганда, жүрөгүң менен берилип зикир кыла албасаң да тилиң менен зикир кылганың алда канча жакшы. Буйруса Жараткан кайдыгерлик менен зикир кылуудан, ойгок-сергек болуп зикир кылууга, соң жүрөк менен берилип зикир кылууга, андан кийин бара-бара зикир кылуу менен Жараткандан башканы унутуп кала турган деңгээлдеги зикирге көтөрөт."

Биздин чоң ата шейхибиз Али Абу Зайд (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтат: "Тили менен зикир кылган, бал 🍯 менен оозун чайкаган киши сымал. Канчалык көп чайкай берсе, анын бир кичине бөлүгү болсо да таңдайдан өтөт. Ошол сымал бир аз зикир жүрөккө жетсе, зикирдин таттуулугун сезген жүрөк аны талап кыла баштайт."

Андыктан кандай болгон күндө да зикирди таштабаңыз...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар




Урматтуу жетекчилер жана жумушчулар!

Кол астыңарда ишчилер же жумуштагы шеригиңер намаз окуп алайын десе тоскоол болбогула.
Балким, "Намазың кабыл болсун! Шашпай окуп ал"- деп шарт түзүп Эгер өзү (жетекчилер) намаз окуй албай жүрсө да,  жок дегенде башкаларга тоскоол болбойун деген сезим болушу керек.
Намаз окуганга жай даярдап, жакшы жай намаз сатып алып келип коюу бул жакшы нерсе.

Намазга сурана берет деп жаман көрбөңүз! 10-15 мүнөттүн ичинде ишиңиз артка кетип калбайт. Намазга суранса, аны жаман көрүшүңүз же тоскоол болушуңуз, эки эсе Жаратканга тоң моюндук. Ал пенде мусулмандык милдетин аткарып жатат. Жараткандын сурагы акыйкат.  "Байкуш пендемди эмнеге мага ибадатын тостуң?!" деген суроо берилсе ой кайран күн.
Өзүбүз намаз окубай күнөө кылганыбыз аз келгенсип, башкаларды да ибадатына тоскоолдук жаратсак кандай гана жаман көрүнүш...?!
Өзүңүз намаз окуңуз жана бөлөктөргө намаз окусуна себеп болуңуз.

Маселенин экинчи жагы ишчилер, намазды шылтоо кылып келишим түзүлгөн ишинде шалаакылык кылууга шарият уруксат бербейт. Ошондуктан намазын окуп кайра тезинен иш ордуна кайтышы шартка ылайык.
Иште парз, бекемделген сүннөтүн аткарса да, нафил ибадаттарын үйүнөн аткарат.

Катталып, пайда алыңыз..
https://t.me/hanafiajordan






"حب الدنيا رأس كل خطيئة"
"Бул жалганды сүйүү бүт ката-кемчиликтердин башаты"

Түшүндүрмө:
Башкача айтканда, аны менен алек болуп чын жайды унуттурган сүйүү - бул бүт жазык-жазымдардын эшиги.
Анткени максаты бул жалган эле болгон адам, кандай жол менен болсо да ага жетүүгө аракеттенет.
Ага адал-арам, жакшы-жаман деле анча маңыздуу эмес.
Жараткан бизди жакшылыгынан айрыбасын.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Теңир тааныгы, Төрө Ахмад Ар-Рифаийдин көсөм кептери

"و ما أقام مع المستعار إلا المحجوب"
"Жараткандан алыс адам гана утурумдук нерселерден түнөк табат"

Түшүндүрмө:
Сүйүктүү баштоочубуз, Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий (Аллах аны өмүрлүү, иштерин үзүрлүү кылсын) айтты:
Жараткандан алыс - бул эртең жок болуучу жаратыктар менен алек болуп, Түбөлүктүү Эгесинен тосулган адам.
Жараткан бул жалганды сага убактылуу колдонууга берди. Муну билип туруп, кантип аны мынча улуктайсың!?
Ушунун өзү эле Улук Эгеңден алыстыгыңды айгинелеп турбайбы...
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Өлүм ак!

Бул жалганды маңгы турак көрөсүң 
Билбей өзүң, мындан бир күн көчөсүң
Түнгө кирип, жалтыраган жалчыктай,
Таңда балким, жылдыз сымал өчөсүң

Канчалаган кем-кертсиз соолор кетти?
Канча оорулуу өмүр сүрүп, доор кечти?
Ак келбестей, ойноп-күлүп жүрөт бирөө
А бөз базарда бөзчү ага кепин кести.

Маңгы - түбөлүк
Жалчык - Ай 🌙
Ак - өлүм
Бөзчү - кездеме сатуучу.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Досубуз Алишер устаз Камбараалы уулу ачкан тайпа.
Мында Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий устазыбыздын көп баскычтуу зикир тизмектери жөнөтүлүп турмакчы. Катталып пайда алсаңыздар болот.
https://chat.whatsapp.com/Dnj6aGwQIKgHtXupktCOGe
Биздин “Тасаввуф Ахлю Сунна” вотсап группасына кошулуу аркылуу сиз заманыбыздын залкар аалымы Шейх Муаз Хаванын авторлук зикирлерине ээ болосуз. Албетте, ар бир тармакта даражалар болгон сымал эле, Шейх Муаз Хаванын дагы зикр берүүдө 21 даражасы бар. Эң манилүүсү зикр кылуу менен Алланы таануу жана ыраазы кылуу.


Олуялар күн батканда, түндүн киришине көп күткөндөй, өтө сүйүнүп мындай деп айтышат эле:
"Сүйгөн, сүйгөнүнө жетти".

Себеби түндө, капилет ээлери уктап жатышканда, олуялар ибадатка жалгыз калып, Жаратканы менен сырдашат эле.
Түнкү ибадаттын даамын сезген адам, кантип кийинки түндү таштап коет!? Бирок бул даражага жеткенге чейин алар, напсисин көп жылдар боюу тарбиялашкан.
Табииндердин бири айтат: "Мен напсим менен жыйырма жыл алыштым, кийин жыйырма жыл ибадатымдын ырахатын таптым". Б.а. жыйырма жыл, напси талап кылган нерсенин баарын тосуп, ибадатка өтө чоң маани бергендиктен, акыры напси алсырап өзүн тапшырган. Андан кийин ибадаттын сырлары сыйлык болду.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Мусулман баласына эң оор нерсе, ниетти түздөө. Себеби жүрөктөгү ниет тезден өзгөрүп турат.

Ниетти түздөөгө ар дайым аракет кылган адам, Алла Тааланын астына таза жүрөк менен барат.

Жараткан биздин келбетибизге, байлыгыбызга карабайт. Этибар назары пенделеринин жүрөгүнө болот. Эгер ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Эгер ал бузулса, бүткүл дене бузулат.
"Оо, Жараткан! Жүрөгүмдү саламат сактай көр. Ибадатка бекем кылып, ниеттимди түздөөгө насип кыл"-  деп жалбарышыбыз керек.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


قال عبد الله بن الإمام أحمد بن حنبل رضي الله عنه:
«سألته عن الرَّجُلُ يمسُّ منبرَ النبي صلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ ويتبرُّك بمَسِّه ويُقَبِّله، ويَفعَلُ بالقبرِ مِثلَ ذلك، أو نَحوَ هذا؛ يُريدُ بذلك التقرُّبَ إلى الله جلَّ وعزَّ؟ فقال: لا بأسَ بذلك».
Имам Ахмад бин Ханбалдын уулу Абдулла (Алла аларды ырайымына бөлөсүн) айтты:
"Атаман Сүйүктүүбүз Алланын элчисинин дөңсөгүн(минбар) сылап, ошону кармоо, өбүү менен Жараткандан жакшылык сураган, жана ошондой эле иштерди куттуу турпакка (Роудо Шарифа) карата жасаган киши жөнүндө сурадым. Ал жогорудагы иштер менен УЛУК, БҮЙҮК ЖАРАТКАНГА ЖАКЫНДООНУ ГАНА КААЛАРЫН белгиледим.
Атам айтты: Ал иштердин зыяны жок, б.а. кылса боло берет".
https://t.me/Muazhawwa


Сүйүүнү билбегендин жүрөгү таш сымал.
Таш жүрөктөн эмне өнүп чыкмак эле...?!

Таптук Эмре (Аллах ырайымына бөлөсүн).

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жумаңыз мубарак болсун!

Дуаңызда бизди унутпаңыз...
https://t.me/Muazhawwa

Показано 20 последних публикаций.