" Эртең дебе"


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Жакшылыктын Ээси болгон Жараткандын жакшылыгына багыт берген, жан дүйнө азгына күч берген өздүк каналыма кош келипсиздер!
Сабыр жакшылыктын,шүгүр берекенин, каниет дөөлөт- байлыктын ачкычы. Ушул үч ачкычты жүрөгүмдүн чөнтөгүнө тумар кыл Йа,Раббым! 🤗

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


🌹Эгер жүрөк таза болсо, тилден кооз сөздөр

🌹Адамдын кандай экенин, акылын сүйлөгөн сөзүнөн, кылган мамилесинен адебин, уятын, ыйманын кылган амалынан баалай бил.

🌹Жүрөгү сулуу адамдар гана өзгөлөрдөн сулуулукту көрө алат.

🌹Башкалардын жашоосунда бакытты жаза турган калем боло албасаң, жок дегенде кайгысын кетире турган өчүргүч бол!

🌹Жакшыны көрүп ,жакшыны
гана издейли. Келгиле, эмне
сулуу болсо, ошону табалы,
ал бизди тапсын!

🌹Жакшы деген үрөндүн өзү эле жакшы нерсе . Кайсы гана жүрөктүн мекенине себилбесин сөзсүз бир күн көгөрүп көзүңдү ачат...

😊Күнүңүздөр жакшылыкка толсун жакшылар!

🧕Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


🥹ДААВАТЧЫ ЧОҢ АТАМ..

Раматылык чоң атамдын бир тууган иниси үйүбүзгө келип, чоң атамды ар жума күнү зыярат кылып турчу. Анын дасторкондо олтуруп тамактанган адеби мени суктандырчу. Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи саламдын сүннөтүн бекем карманган. Тамакты баштаганда атайын дубаларын угуза айтып, бизге да үйрөнгүлө - деп " бисмиллах " менен баштап, алхамдулиллах менен бүтүрөт. Кызыгы, ар жеген тамагын, ичкен чайын үч бөлүп, бисмиллах, йа, шыфаа, алхамдулиллах - деп эле кайталап айта берет. Көрсө жеген тамакта Алланын ысымы менен желсе, денебизге да рухубузга шыпаа, күч- кубат болот экен. Жашы сексенге таяп калса да, тиштери апакай түшкөн эмес, көзү да курч, кулагы да жакшы угат, буту - колу да оорубай тың кыймылдайт. Жараткандын коногу болсоң, сени бул дүйнөдө эле бейиштин коногу кылып сыйлап койот тура. Үйү мечитке  жакын  болгондуктан, жөө басып, беш убак намазын мечитте окуп, экинчи үйү кылып алган. Күчү жеткенче тазалап- жыйнап, дааратка суу даярдап, келген - кеткен адамдардын бут кийимдерин түзөп, жашоосунун ар бир күнүн Жараткандын ыраазылыгына, жолуна арнап ушундай өткөрөт. Дааватчылар анын сыйлуу коногу, алар менен даават кылып, илими алат, ибадаттарын толуктайт. Намаз, Куран, зикир, дубага бекем болгон инсандарды Аллах ушунтип бактылуу карылыкты берип койот экен. Өтөөр кезинде да акыркы деминде намаз, Кураны, зикири менен Аллах " мен сага ыраазымын кулум, кел менин кучагыма " деп күтүп алгандай жылмайган абалда жан берди...

Жаратканым кандай максатта жараткан болсо ошондой жашоону, ушундай жашоону, өлүмдү насип кылсын!

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://t.me/abdullaeva_nasibah


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ар Рокииб- Бардык нерселердин көрүп -билип туруучу " жүрөктөрдүн Ээси болгон Раббым менин! Жүрөгүмдү Сага ачтым, мойнумду Сага сундум, ичимдеги сырларымды бир гана Өзүңө айтып, төлөгүлөмүн. Мага эмне жакшы, эмне жаман Өзүң билесиң. Мени барда, жокто таштап койбо оо, Раббым. Билемин бул күндөр да өтөт, кетет, бүтөт. Бир күн келет мени да гүлдөрүм ачаар. Болгону сыноомду жеңил, сабырыма күч - кубат бер. Мени барда  жокто жалгыз калтырба оо, Раббым! Жараткан Өзүңсүң, мен алсыз кулуңмун. Кырк жылдап колум канаса да, ооруган жүрөгүмдү тынчтантып, жаракасын бир гана Өзүң бүтөйсүң. Мени барда, жокто адаштырба оо, Раббым! Омиин...

🧕Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

" Ал Барру- Пенделерине жакшылыгын мол кылып берүүчү" Эгем менин! Жакшылыгыңдан үмүт, каарыңдан корккон, коркуу менен үмүттү жүрөгүмө толтургун Йа, Раббым! Ар бир күнүмдө билип - билбей кылган күнөөмдүн  эсебин эске салгын, берген нематтыңды сезип, шүгүр кылган денемди Өзүңө толук моюн сундургун. Өзүң кечирип, Өзүң ыраазы болуп күтүп алган кулуң мен болоюн!

Жума маарек болсун жакшылар!🤗🤲☝🏻

🧕 Насиба Абдуллаева.

https://t.me/abdullaeva_nasibah


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


🤲🏻Оо, менин сүйүктүү Раббым!

Мен Сага чарасыз абалда, жакшылыгыңа үмүт байлап, терең ишеним менен алдыңа келдим. Мени дүйнө түйшүгү чарчатты, өтө алсызмын. Сага жүзүмдү бурдум, башымды саждаңа коюп, моюн сундум, колумду көтөрүп Сага сундум. Сага менин ичимдеги бардык сырларым жетип барсын. Мага сыноо келди, сыноодон сынып, өзүмдү жоготуп койбоюун. Өзүң жардам бер.  Мен Юсуф алейхи салам эмесмин, кудук чуңкур,  Мен Ибрахим алейхис салам эмесмин, бул от мени күйгүзүп коёт. Мен Якуб алейхи салам эмесмин бул кайгы мен кууратып жок кылат. Мен Ильяз алейхи салам эмесмин бул караңгы мени бууп коёт. Кулаган, күчсүз кулуңа күтүлбөгөн жакшылыктар эшигин ачып кубантыр оо, Раббым!

🤲🏻Бүгүнкү улуу күндүн урматына биздин дуба- тилектерибизди кабыл кыл Раббым! Жума маарек болсун жакшылар!

🧕 Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029Vb2ged33rZZiwNQyvv0T


🤲🏻РАББЫМ МЕНИ УНУТКАН ЖОК.

Мен унуткан Раббым мени эч качан унуткан жок. Менин бирден - бир тилегим Рабымдын барлыгын, бирлигин тилим менен айтып, жүрөгүм менен сезип, көөдөнүм менен көрүү эле. Анын  убадасы кандай гана керемет. Ал мындай деди " Ойлонбо эй, Менин алсыз пендем, Мени ичиңден изде. Дартың өзүңдө, дабасы да өзүңдө. Жүрөгүңдү кара, тыңша. Мен бармын, жүрөгүң менен карасаң, Мени көрөсүң, сезесиң, угасың, тааныйсың. Жалгыз башыңа келген кыйынчылыктардан түңүлүп, үмүтүң өчүп, эч бир жарыкты көрбөй, чечими жоктой сени чөктүрүп жатса да эч качан үмүтсүз болбо! Алланын ырайымынан үмүт үзбө - деген сөздөрүмдү эсте! Сага үмүттү берген да, жүрөгүңө үмүттү салганда Өзүммүн. "Ал Фаттаах- Бардык жабык эшиктерди ачуучу" ысмыма таянып, Менден жардам сура. Мен сени менен биргемин." ...

Ар бир үмүт дуба, ишеним менен аракет менен гүлүн ачат. Дуба кылууну токтотпо.

Жаратканым Сага терең ишеним менен байлаган үмүтүбүздүн жарыгын өчүрбө!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Ар бир жылдын, күндүн, сааттардын өзүнө катылган сырлары бар. Жаратканым насибибиздин эшиктерин жакшылыкка толгон кадамдарга кенен ачкын, канча жашаганым эмес, жасаган иштерим менен жүзүм жарык, өмүрүм берекелүү болсун...

Кутман кеч жакшылар, түнүбүз бейпил болсун!😊🤲🏻💖


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ин шаа Аллах ❤️🤲


🤲🏻ЭНЕҢИЗ КЕТТИБИ...

Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам бир күнү Мадинада намаз окуп жатып, Фатиха сүрөөсүнүн " Ар рохмаанир рохиим " деген аятын он беш жолу кайталап эч токтобостон ыйлап дагы да кайталап жатты. Ошондо сахабалар " Йа, Расуулуллоох, сизге эмне болду?" деп сурашканда Ар рохмаанир рохиимди айтканда энесине болгон кусалыгын, мээримин, ырайымын эстеп сагынганын айтып" Эх, кана  эле энем тирүү болгондо, тизелерине  башымды койсом, чачтарымдан сыласа эле " деди...

Билесизби бүгүн мен үчүн өзгөчө саат, өзгөчө күн, өзгөчө бактылуу көз ирмемдер. Анткени бул күн ар бир күнүмдү майрам кылган, энемдин өздүк майрамы. Кимдин энеси тирүү болсо чын жүрөктөн куттуктайм! Ал үчүн үйүнүн эшигине  куттун таалайы, терезесинен сооптун сыйы агып кирип жатканын сүйүнчүлөгүм келет.
Көрсө дүйнөдөгү эң жылуу жер эненин кучагында. Эне бейиштин бир бөлүгү. Бейиште эч кандай гам- кайгы  болбогондой, эненин тизесине башыңды койгондо бүт бардык гам- кайгыңды, көйгөйдү унутуп, жүрөгүң кадимкидей тынчтанып эс алат экенсиң. Эне тогуз ай курсагында көтөрүп жүргөнү аз келгенсип, өмүрү өткөнчө, акыркы демине чейин, кучагында жүрөгүндө, оюнда көтөрүп  жүргөн кайраты, күчү тоону жылдырган улуу инсандыр. Анын барлыгы жашообуздун маңызы, дубасы кайтарымсыз кабыл болгон, кадамы, жыты эч жерден табылгыс бейиш тура. Эненин жүзү эч качан  унутулбай турган жуз деди Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам. Эне ар кимдин ордун басала турган, бирок анын ордун эч ким баса албаган инсандыр. Энелер эч нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезген жаныбыздын бир бөлүгүдүр. Энеңиз кеттиби сиз үчүн бул дүйнөнүн да акыреттин да жакшылык эшиктери жабылды. Энеңиз кетсе кыйынчылыкта кармай турган колуңуз, чоң болсоңуз да ал үчүн эркелетип жүзүңүздөн сүйгөн балалыгыңыз, жашооңуздун ар бир күнүн кубанычка бөлгөн майрамыңыз кетет. Эң негизгиси " эне!" деп чакыргандат" оо, балам!" деген үнү сизге күч берип, жүрөгүңүздү тынчтантткан жашооңуздун бир бөлүгү кетет...

Эгер билсеңиз эч бир жыт энебиздин  жытына окшобойт экен. Эч бир жан энебиздей  жылуу кучагындай мээрим бере албайт экен. Эч бир адам энебиздей сыр бөлүшүп жакын дос  боло албайт экен. Ошон үчүн энебизди  көзү барда, өзү жаныбызда экенинде кадырына жетели.  Биз инсандар бар нерсебизди качан гана жоготкондо билет экенбиз. Энемдин өтүп кеткенине эки жыл болду. Анын ушунчалык телефон чалып, сурап турган күндөрүн аябай сагындым. Дагы деле номерин биринчи катарга " Бейишим энем " деп сактап койгом. Анын жылмайган жүзү, таттуу  сөздөрү жүрөгүмдөн эч качан өчпөйт деп көзүнөн жаш алды бир эжем...

Ушул макаланы окуп жаткан сүйүктүү окурмандарым!  Мени төрөп өстүргөн, мен үчүн түн уйкуларынан калып, жаштыгын, ден-соолуктарын коротуп келген ата - энем үчүн  алакан жайып, аларга  бул дүйнө жана акыреттери  үчүн дуба кылып коюуӊуздарды суранам....

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram

Показано 20 последних публикаций.