Жүрөктөрдүн ачкычы


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия



Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Баракчага кошулган 500 дөн ашуун жүрөк! Ыймандуу жолдо бирге кадам таштап жатканыңыз үчүн чоң рахмат Аллах Таала бардыгызбызды туура жолдо бекем кылсын.


Ассаламу алейкум жана жумаңыздар куттуу болсун!
Аллах Таала жүрөгүңүздү ыйман менен, үйүңүздү береке менен толтурсун.
Ар бир дубаңыз кабыл болсун! Жакшы ниет, таза көңүл — ийгиликтин ачкычы!


😅🤭🐣🥰

Намаз кабыл болуусунун белгиси барбы?

Ооба бар! Ал — адамдын жүрүм-турумунун оңолушу.
Эгер намаз окуган адам күнөөлөрдөн алыс боло баштаса, жаман сөздөн, жаман иштен качса — бул анын намазы натыйжа берип жатканын көрсөтөт.

Куранда айтылат:
“Намаз — ыймансыздык менен жаман иштерден тыйат”
(Анкабут сүрөсү, 45-аят)

Эгер намаз окуп жүрүп дагы жүрөгүбүз өзгөрбөсө — демек, биз денебиз менен эмес, жүрөгүбүз менен намаз окушуубуз керек.

Намаз — жүк эмес, жүрөк үчүн жыргал!
https://www.instagram.com/reel/DIg7MKJo1JY/?igsh=MXVlOTM1ZWNwcGpnaw==


قُلْ مَا يَعْبَأُ بِكُمْ رَبِّي لَوْلَا دُعَاؤُكُمْ

«Дубанар болбосо, Жараткандын алдында кандай баркынар болмок эле!». (25:77)


Адамга керектүү нерселердин баарын камтыган эң күчтүү жана эң баалуу дуалардын бири:

Түбөлүк дүйнөдө жакшы, бул дүйнөдө жакшы⤵️

رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَة ً وَقِنَا عَذالَاب

[Робба-на!  Аати-наа фи-д-дуня хясанатан ва фи-л-ахирати хясанатан ва ки-наа 1заба н-нар]

Раббибиз!  Бизге бул дүйнөдө жакшылык, түбөлүк дүйнөдө жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта.
https://www.instagram.com/reel/DIdILl2IV56/?igsh=NXRzcWZ6bDI1a2R5


Кайсы аял бейишке кирет?

Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) айтты:
"Эгерде бир аял беш убак намазын окуса, орозосун кармаса, абийирин сактаса жана күйөөсүнө моюн сунса, анда ага: 'Бейиштин каалаган эшигинен кир!' — деп айтылат."
(Хадис – Ибн Хиббан)

Бул – аялзаты үчүн эң чоң сүйүнчүлүү кабар. Күйөөсүнүн ыраазычылыгын алуу — бейишке жол ачат.

Бүгүн күйөөңүз сизге ыраазы болдубу?..
https://www.instagram.com/reel/DIaSUAio8Er/?igsh=MWhxNWdlMmo4cnlhbg==


*Адептүү кийимдин шарттары* (Ханафий мазхабы боюнча):

1. Бүт денени жаап турушу керек.
Жүзү жана колунан башка

2. Калың болуусу керек, дене көрүнбөшү шарт.

3. Денеге жабышпаган болушу керек, дененин формасын билдирбеши керек.

4. Жылтырак, көңүл бурдурган болбошу керек.

5. Аялдардын кооздонуусу (зина) көрүнбөй тургандай болушу керек.

Курандагы далилдер:

а) Сура ан-Нур, 31-аят:

Түшүндүрмө:
Бул аят аялдын жоолугун жөн гана башына салуу жетишсиз экенин, аны көкүрөккө чейин түшүрүп, чыныгы жаап турушу керектигин билдирет.

Жана
b) Сура ал-Ахзаб, 59-аят:

.

.

.ЭМИ СИЗГЕ СУРОО : НИКАБКА ( ПАРАНЖАГА) БОЛГОН , КӨЗ КАРАШЫНЫЗ КАНДАЙ ?
ЖООБУН ⤵️ КОМЕНТАРИЙДЕ КУТОБУЗ .
https://www.instagram.com/reel/DITxmQMIgHY/?igsh=MXRydXRibHBpaGx6dA==


Ас-салааму ъалайкум ва рахматиллохи ва боракатух кандайсыздар Амансыздарбы Урматтууларым


Бул жерде суроо :?

Сиздин Никабга болгон көз карашыңыз кандай?

Жообун ⤵️ Коментарийге калтырыңыз 🤗 сөзүңүз катталып лайк басканды нутпаныздар 😍




*"Астагфируллох ва атуубу илайхи" (أستغفر الله وأتوب إليه)* деп айтуу, "Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тооба кылам" деген маанини билдирет. Бул дубаны жатаарда айтуу көп пайдалары бар:

*1. Күнөөлөрдүн кечирилиши* – Куранда жана хадистерде истигфар (кечирим суроо) күнөөлөрдү тазалап, адамдын жүрөгүн тынчтандырары айтылган.


*2. Жүрөк тынчтыгы* – Күнүмдүк иштерден чарчаган адам Аллахтан кечирим сурап, тооба кылуу менен тынч уйкуга кетет.


*3. Шайтанга каршы коргонуу* – Пайгамбарыбыз (ﷺ) ар бир иште Аллахты эске алууну үйрөткөн. Жатаарда истигфар айтуу шайтандын азгырыгынан сактайт.


*4. Капыстан өлүмгө даяр болуу* – Пайгамбарыбыз (ﷺ) "Кимде-ким кечинде тооба кылса, ал эртең менен өлсө да, тооба кылган абалда болот" деп айткан.


*5. Береке жана жакшылыктын эшигин ачуу* – Куранда (Нух сүрөсү, 10-12-аяттар) Аллах истигфар кылгандарга молчулук, балдар жана жамгыр түрүндө жакшылык берерин убада кылган.



Уктоодон мурун бул дубаны айтуу жакшы адат болуп, руханий жана психологиялык тынчтыкка жеткирери шексиз.


https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e

𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥

Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Аллах Таала бизден жана сиздерден кабыл кылсын!

تقبل الله منا ومنكم!!

Такбалаллаху минна ва минкум!


*Рамазан бүттү, жүрөгүбүз өзгөрдүбү? 🌙💔*

Бир жыл бою орозого чыдабайм деп жүргөн бир тууганым, быйыл 30 күн толук кармап чыкты. Алгачкы күндөрү кыйналып, баш ооруп, суусап, тамакты сагынганын айтып жүрдү. Бирок акыркы он күндүктө көздөрү башкача нурланып, жүрөгү жумшарып, дубалары узарып калды.

Рамазан бүткөн күнү таң атпай телефон чалды:
— Билесиңби, жүрөгүмдө боштук пайда болду... Күндөрүмдө бир керемет бар эле, эми ал сезимден айрылгым келбейт, – деди.

Ооба, Рамазан кетти, бирок анын берген сезими жүрөктө кала берсин. Биз да ошол тазалыкты сактап, жакшы амалдарды уланта берели. Анткени, Рамазан эмес, биз кетебиз...


Сура - Аль-хиджр
Аят - 9

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

*Ырасында эскертмени (Куранды) Биз түшүрдүк. Эми аны Өзүбүз сактайбыз*.

𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
😍Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан
жеңилдик (келет)🥹🫀

Куран:94:5
𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥




*Ас-салааму ъалайкум ва рахматуллохи ва баракатух, Урматтууларым!*

Кутман таң!
Рамазан айынын эң берекелүү акыркы 10 күндүгү да жетип келди. Убакыт учкан куштай өтүп жатат...

Кадыр түнүн бүгүндөн баштап тосууга кам көрөлү! Дуба кылып, ибадатта көбүрөөк болууга аракет кылалы. Балким, ушул түн биз үчүн күнөөлөрдүн кечирилишин, жамандыктан корголууну жана бейишке жакындашууну алып келээр...

*Аллахым, бизди Кадыр түнүнө жеткирип, анын сообун алгандардан кыл! 🤲✨*


Кадыр намазы.

1-рекет. Фатихадан сон 3 жолу кадр суроосу.
2-рекет. Фатихадан сон 3 жолу ихлас суроосу.
3-рекет. Фатихадан сон 3 жолу кадр суроосу.
4-рекет. Фатихадан сон 3 жолу ихлас суроосу.

Саламдан кийин:11 жолу:
Аллооху Акбар Аллооху акбар Лаа илааха илла Аллооху уалоооху акбар. Аллооху акбар уа лиллаахил хамд .

Андан кийин:

100 жолу кадр суроосу окулат.
100 жолу инширох суроосу окулат.

https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


Кадыр кечеси окулуучу дуба:

"Аллоохумма иннака ъафуввун Кариимун ,тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии"

Мааниси: "Аллахым, Албетте Сен Кечируучусун, кечирууну жакшы коросун, мени кечиргин".
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


Пайгамбарыбыз (с.а.а) Айша (р а)га кадыр туну ушул амалдарды кылбастан туруп уктабоого буйрук берет.

1.3 жолу Ихлас суроосун окуу(Толук куран окугандын сообу берилет)
2. Пайгамбарыбызга салават айтуу ( канча болсо да боло берет, М:100)
3. Мусулман бир туугандарыбыз учун Аллахтан кечирим суроо (баарын ыраазы кылган болобуз)
4. СубханаЛлоохи уалхамду лиллаахи уа лаа илааха илла Аллооху уаллооху акбар. Уа лаа хавла уа лаа куввата илла биллаахил Ьалиййул ьазиим. (Хаж жана Умра кылгандын сообу берилет).
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


*Орозонун берекеси*

Бир күнү кедей киши мечитке келип, көзүнө жаш алып, Аллахка жалынды:

— "Йа, Рабби! Үй-бүлөм ачка, мен болсо жумуш таба албай жүрөм. Жардам бере көр!"

Ошол учурда мечиттин бурчунда бай адам отурган эле. Ал кедейдин дубасын угуп, ага жардам берүүнү чечти. Кедейге иш берип, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк түздү.

Көп өтпөй кедейдин жашоосу оңолуп, өзү да башкаларга жардам бере баштады. Ал ар дайым ыйлап дуба кылган түнүн эстеп:

— "Орозо мени сабырдуу кылды, дубамды Аллах кабыл кылды!" — деп айтчу.

📖 "Ким Аллах үчүн бир нерседен баш тартса, Аллах ага андан да жакшы нерсе берет."

🤲 Орозоңуз кабыл болсун! Аллах дубаңызга жооп берген күн болсун!

https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


*Куран окулган үйдө:*

*1. Береке жана тынчтык орнойт* – Куран Аллахтын сөзү болгондуктан, аны окуу үйгө руханий нур алып келет.


*2. Шайтандар качат* – Кайсы үйдө Куран окулса, ошол жерден шайтандар алыс болот.


*3. Жүрөктөр сооронуч табат* – Үйдөгү адамдардын көңүлү жай алып, стресстен арылышат.


*4. Мээрим жана сүйүү көбөйөт* – Куран окулган үйдө жашаган адамдардын жүрөгү жумшарып, бири-бирине жакшы мамиледе болушат.


*5. Періштелер келет* – Үйдө Куран окулса, периштелер ал жерге түшүп, ал үйгө дуба кылышат.


*6. Күнөөлөр кечирилет* – Куран окуу менен адамдардын жүрөгү тазаланып, күнөөлөрү азаят.


*7.Ырыскы кеңейет* – Куран окулуп, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн дуба кылынган үйдө береке болот.


*8. Аллахтын коргоосунда болот* – Үй ээлери Куран окуп, ага амал кылса, Аллах аларды ар кандай жамандыктан сактайт.



Куранды үйүңүздөн үзбөңүз!


🌷𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥

Показано 20 последних публикаций.