🇰🇬Bishkektikter


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Новости и СМИ


🇰🇬Бишкектиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!
📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👉
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger
👨🏻‍💻Админ:

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


СИЗДЕР МЕНЕН 24 СААТ БОЮ КАНАЛДАР ТОПТОМУ! КАТАЛЫП ЖЕТИШИП КАЛЫҢЫЗ!😍👇🏻


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ушундай фейерверктерди сатып алабыз


💥😳🇨🇳 Кытайда дүйнөдөгү эң чоң дрон жана фейерверк шоусу өттү.

Шанхай Жаңы 2025-жылды ушинтип тосуп алды.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстан эл аралык университетинин имаратында өрт чыкты

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт окуу жайдын чатырынан чыккан. Ушул тапта тилсиз жоо чектөөгө алынды.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бишкектеги жаңы жылдык түндөгү салют

Видео: Азамат Сулайманов


31-декабрда Россиянын Оренбург облусунда жол кырсыктан төрт кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин алдын ала маалыматы боюнча, мекендештер бара жаткан Chevrolet Cruze автоунаасы каршы тилкеге чыгып кетип, башка автокөлүк менен сүзүшкөн.

Россиянын тиешелүү органдарынын маалыматы боюнча, кырсыктан 48 жаштагы Р.Н., 42 жаштагы Б.Т., 38 жаштагы Д.А., 34 жаштагы С.Н. көз жумган.

Автоунаадагы кичинекей баланын аман калганы кабарланды. Ал жаракат алып ооруканага жеткирилген.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
АТА-ЭНЕГЕ КЫЛГАН МАМИЛЕ БАЛДАРДАН КАЙТАТ.


⚡️Жаңы Зеландияга Жаңы жыл кирип келди.


Бизнес үчүн жаңы жылдык белек! Электрондук товар-транспорттук коштомону (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү үчүн ведомстволор аралык топ түзүлдү

Ал бир айдын ичинде президенттик администрацияга сунуш киргизиши керек. Топту министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жетектеди.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
ӨКМ кыргызстандыктарды өзгөчө куттуктады.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жогорку Кеңеште ар кандай себептер менен ондон ашык депутат мандатынан ажыраса, “бийликти басып алуу” беренеси менен бир нече саясатчы камалып, “Кемпир-Абад” иши менен айыпталгандар биринчи инстанциядан акталып, бирок шаардык сотто кайра карала баштады.

Жыл башында кармалган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов “бейбаштык” менен соттолуп, 200 млн. доллар төгүп абактан чыкты. Жыл аяктап баратканда өкмөттү үч жылдай башкарган Акылбек Жапаров салык чыры менен кызматтан кетти.

Жыл ичинде мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев маселеси дагы көтөрүлдү.


💵💵💵Бүгүн, 31-декабрь саат 08:18ге карата доллар, рубль жана евронун сомго карата наркы менен тааныштырабыз.

Бишкектеги коммерциялык банктарда валюталар курсу төмөндөгүдөй болууда:

- 1 доллар 87 сомдон сатып алынса, 87 сом 30 тыйынга чейин сатылууда;

- Рублду сатып алуу да, сатуу да 83 тыйын болууда;

- 1 еврону сатып алуу 90 сом 40 тыйын болсо, сатуу 91 сом 50 тыйынга чейин барууда;

Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом, 1 рублдун курсу 82 тыйын, 1 евронун наркы 90 сом 58 тыйын деп көрсөтүлөт.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бишкек жана Ош шаарларында батирлердин ижара акысы кымбат болууда


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ТОРУНА ТҮШПӨҢҮЗ!


❗️Өкмөт 1-7-январга чейин эс алуу күн болорун бекитти

Жаңы жылдык каникулдар төмөнкүдөй жылды:

▪️2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күн
▪️3-январдын ордуна 24-февраль иш күн
▪️6-январдын ордуна 10-март жумуш күн


Машинени милдеттүү камсыздандыруу: Айып салуу жарым жылга жылдырылды

Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койгонун Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңеште өлкөдө катталган автоунаалардын 10 пайыздайы гана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алганын, калганына да аны алууга убакыт берүү зарылчылыгын айткан.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 млн 600 миң автоунаа каттоодон өткөн болсо, алардын 108,6 миңи гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.


Президент "Кабар" агенттигине мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алуу шарттарын түшүндүрүп маек берди

▪️Мурда ипотека аркылуу 30%ын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14% менен алышса, азыркы учурда 4%га түшүрдүк

▪️Колунда бир аз акчасы бар, бирок үй ала албай жүргөн жарандар 50%ды дароо төлөп, 8% менен 10-15 жылга алышса болот. 1-1,5 жылда эле куруп беребиз

▪️Келечекте шарты жок, бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Ага убакыт керек

▪️Төлөмдү ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла. Артыңарда батир алам деп кезекте 100 миңдеген киши турат

▪️Буга чейин батир алгандардын арасында чама-чаркын карабай 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо, дароо 1 бөлмөлүүгө алмаштыргыла

▪️5-6 жыл мурда эки балалуу, азыр беш балалуу болуп калган үй-бүлөлөр бар. Алар азыр батирин кеңейтебиз десе, ал жагын да эске алдык. Каалоочулар 1-2 бөлмөлүү батирин өткөрүп, ордуна үч бөлмөлүүнү ала алышат


Төлөмдү бир ай кечиктирсеңер, мамлекеттик ипотекалык компания батирди алып, кезекте турган башкага берип коет! Садыр Жапаров үй алгандарга кайрылды

"Батир алгандар акчасын кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акча башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар", — деген президент "Кабар" агенттигине берген маегинде.


Канадада аз жерден дагы авиакырсык болуп кете жаздады

Air Canada учагы Галифакс аэропортуна аргасыздан конгонун ЖМКлар жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык шассидеги жаракадан улам болгон. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

10 күн ичинде дүйнөдө авиакырсык катталды. Бакудан Грозныйга баратып Казакстандан кулаган учакта 30дан ашык адам көз жумса, Түштүк Кореядагы авиакырсыкта 179 адам мерт болгону кабарланды.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Чамдаңыздар! Россиянын ЖОЖдорунда бекер окууга тапшыруу МӨӨНӨТҮ 15-январда аяктайт.

РФ кыргызстандыктар үчүн жыл сайын 700 квота бөлүп берет. Жатаканада акысыз жашоо жана стипендия каралган.

Показано 20 последних публикаций.