«Түрмөдөгү ар бир туткун – сенин бир тууганың. Сенин жалгыз душманың – түрмө күзөтчүсү», – деп Айхам Ас-Саляйманын атасы Наваф, уулун 1-декабрь күнү Ал-Маскубия (Иерусалимдеги түрмө) түрмөсүнө бир жылдык жаза мөөнөтүн өтөө үчүн жөнөттү. Айхамды 12 жашында мыйзамсыз конуштардагы отурукташкан израилдиктерге таш ыргытты деп айыптап, алгач 14 ай үй камагына кесишкен, андан кийин жазасын түрмөгө 1 жылга кесүүгө алмаштырышкан. Үй-бүлөнүн аппеляциясы Израилдин Жогорку соту тарабынан четке кагылып, Айхам 1-декабрда жаза мөөнөтүн баштоого аргасыз болду. Катуу шарттарга карабастан, Айхам атасынын адилетсиздикке карабай күчтүү жана туруктуу бол деген кеңешин эске алды.