Акылсыздан акылдуу сөздөр


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Жөнөкөйлүк менен бактылуу жаша...

🧕🏻.. сүйүктүүм келиңиз мындай келишим түзөбүз...
👳🏻‍♂..аха угуп жатам кандай келишим экен...
🧕🏻.. эгерде мен сизге капа болсом кечирим суроо үчүн сиз .....
Курандан 1 бет жаттайсыз анан 1 хадис жаттайсыз мага тапшырып кийин кечирим сурайсыз анан мен кечирем эгер жөнөкөй кечирим сурасаңыз кечирилбейт ...
Мен да сизди капа кылсам ошондой кылам...😁
Кандай дейсиз ...
👳🏻‍♂..ммммм
Бирок эгер ошондой болсо мен сенден биринчи Куранды жаттап бүтөм да...
🧕🏻..😄😄эмне коркуп жатасызбы...
👳🏻‍♂жоок ай...болгону аркада калып кетпе дейм да....
🧕🏻..келиштикпи...я
👳🏻‍♂..мейли өзүңдөн көр келиштик ...🤝


Арадан 6 ай өттү

👳🏻‍♂..бүгүн Бакара сүрөөсүн толук тапшырам карап тур..
🧕🏻..👀 чын элеби ..
👳🏻‍♂..40 хадисти 5 жолу жаттап бүтүрдүм..🙃
🧕🏻..кечирдим болду сизге капа болбойм ...
Келин эми бир гана сиз капа болосуз
а..🥲
👳🏻‍♂..🙂‍↕️😄мен сага айткам ...


.......Аллах Таала баарыбызга чыныгы бактылуулукту насип кылсын ИнншаАллах 🤲


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Багымдат окубай күн чыкса...
Куптан окубай кеч кирсе ....
Бул биз үчүн өтө оор күн болуш керек..
Намазсыз өткөргөн ар бир күндүн жообун бере турган убакытка аз эле калып жатат ...
Баарына жетишебиз азыр убакыт жок....убагы келсин окуйбуз деп айтпаңыз...
Сизге берилген ар бир күн бул мүмкүнчүлүк балким эртең балким бүгүн ошол мүмкүнчүлүк аягына жетет ...
Ар бир күндү Аллах Таала пендесине ырайым кылганы учун мөөнөтүн созуп мүмкүнчүлүк жаратып жатат....
Эй мусулман бир тууганым балким бүгүн өзүңүздүн үстүнүздөгү парз амалдарды аткарасыз ...
Убакыт аяктап мүмкүнчүлүктөр азайып жатат....🍂🥀


Бир муктаж үй-бүлөө бар болчу, үйү суук жылытканга, жакканга эч нерсе жок. Көмүр алганга жардам берестерби? Көмүр менен болсо да жакшы

Мүмкүнчүлүгү барлар, 30-100сомдон болсо да ушул мбанкка
701325932 которуп койсоңуздаар. Кааласаңыздар далил катары отчёт беребиз…


😊😊жөнөкөйлүк бул бактылуулук:


🧕🏻Мен сизден көп нерсе каалабайм..
👳🏻‍♂ Биз бактылуу болобуз ИнншаАллах.
🧕🏻намазыбыз болсун сүннөткө баш ийели Куран окуп амал кылайлы динде ыйманда бекем болойлу ошол мен үчүн чоң бакыт жана ырахат тартуулайт....


Биз куткон ошол күн сөзсүз келет ....
Сиз жактырган ошол учур азыр өз убагын күтүп жатат ...
Сабыр кылуу кооз болсо жыйынтыгы жүрөккө даары жашоого бактылуулук тартуулайт 🥲


Репост из: Жан дүйнөнүн сөзү❤️‍🩹
— Рахмат Жалгызым мага болгон ишеничиң үчүн.☺️ Бирок менде сени бактылуу кыла турган эч нерсем жок. Бир гана сүйүүмдөн башка. 💖👨
— Мен үчүн Бактылуулук дүнүйөлөрдө эмес, бирок биз өз бактыбызды жаратышыбыз мүмкүн. Бири-бирибизге болгон ишенич аркылуу, биздин жаннатыбызды. 👩
— ИнШааАллах, Мен сен менен жаннатыбызды жаратамын. 🌹👩👨
— Ооминь. 🤲


Репост из: Жан дүйнөнүн сөзү❤️‍🩹
- Сен менин айымсың :)
- Эмнеге ай ?
- Жылдыздар көп, бирок ай жалгыз.✨

©️Салих Чаршенов❤️


"Момун адамдын жүрөгү таза болот. Анда жек көрүү эмес, сүйүү бар… Анда ачууга алдырбоо жана сабырдуулук бар… Анда өзү үчүн эмес, башкалар үчүн да жакшылык кылуу бар… Анда дүйнөгө эмес, түбөлүк жашоого умтулуу бар."

©️Салих Чаршенов✨


Репост из: Жан дүйнөнүн сөзү❤️‍🩹
Биз дайыма коно турган бутак, уча турган асман издейбиз. Жан дүйнөбүз тынчтыкты эңсеп, ар бир кадамыбызды бекем жерге таштагыбыз келет. Биз жүрөктүн тереңинде бизди түшүнүп, баалаган адамды табууга умтулабыз. Ал эми адамга эң ылайыктуу нерсе – берилгендик дейбиз. Чыныгы берилгендик – жүрөктөрдүн жакындыгы менен ишенимдин бийиктиги. Көнүп калууну сүйүү деп атадык, бирок чыныгы сүйүү – көнүп калуудан да жогору, ал сыйлоо менен баалоонун ширеси болуп саналат. Жашооңдо коно турган бутакты, уча турган асманды тапканда гана сен өз ордуңду табасың.

©️Салих Чаршенов✨


Кээде жалгыз болууну каалайсың,
Кээде болсо жалгыздыктан алып чыгуучу бирөө болуусун...

707 0 5 10 14

Ар бир нерсе өз убагында бактылуулук тартуулайт🥲
Биз жакшылык кечигип жатат деп ойлойбуз ....
Жакшылык кечикпейт болгону өз убагында өз ордунда болот ....болгону биз сабыр менен шүгүр кылууну унутпашыбыз керек ...😊


Көп нерсени "кечээ" деп унуткубуз келет. Бирок ошол "кечээ" биздин бүгүнкүбүздү жаратып жатканын түшүнүү кыйын. Кимдир бирөө сенден кеткенде, сен өзүңдү жок сезген жоксуңбу? Кимдир бирөө сага бир кезде айтылбай калган сөздөрдү сагындың беле? Биз бар нерсени көрбөйбүз, бирок жоготкондо баарын сезебиз. Жашоо ушунчалык адилетсиз көрүнгөнү менен, ал сенин чыдамкайлыгыңды жана сүйүүңдү сынап жаткандыр.

@ Салих Чаршенов ✨


: Атамдын сөздөрү кулагымдан такыр кетпейт✨


🧕🏻:Ата эмне үчүн жашоо мынчалык кыйын 😔
Мен аябай кыйналып кеттим атаке ..😞
👳🏻‍♂:Кызым чайга шекер салса кандай болот?...🙂
🧕🏻:таттуу ширин чай болот да атаке....
👳🏻‍♂:тамака туз салбай койсок даамсыз болот а туз кошсок....
🧕🏻:даамдуу болот ......
Ата бул нерселердин биздин кыйынчылыгыбызга кандай алакасы бар....😪
👳🏻‍♂: Кызым инсанга Аллах Таала акыл берген ...акыл калчап ойлоп көрсөң ...
Биздин жашообузга келип жаткан сыноолор туз жана шекер болот ..... Бир аз убакыт өткөндөн кийин биздин жашообуз да Таттуу жана даамдуу болот сабыр менен жеткен ийгилик ырахаттуу болот кызым....☝️🙂
🧕🏻: Аллахка шүгүр атаке ....
ИнншаАллах баары жакшы болот..э....ата ошондойбу?...
👳🏻‍♂: Албетте сабыр кызым..🥲

🥲🙂.........


Жүрөк тынчтыгын каалаган ар бир инсан Куран окуп тынчтык тапты..
Көңүл тынчтыгын каалагандар болсо намаз окуп Аллахты сүйүүсүнө жетип тынчтык тапты...
Бирок бир нерсени такыр унутпайлы бул дүйнө тынч жашай турган жай эмес ...Чыныгы тынчтык бейпилдик жана бактылуулук Бейиште болот ...
Сизге келген сыноолор бул сизге келген бакыт ...
Сыноо болуп жатканда аябай оор болот а сыноодон сабыр менен өткөндөн кийин анын ачуу дарты таттуу болот..


Максатка жетүү кыйын болуп жатса ...
Максатты эмес балким максатка жетүүчү жолдорду (пландарды) өзгөртүүңүз ..☺️


Репост из: Жан дүйнөнүн сөзү❤️‍🩹
Өмүр өтүп, күндөр алмашкан сайын биз башкаларды эмес, өз жүрөгүбүздү угушубуз керек экенин түшүнөбүз. "Мен жетишпей жатам" дейбиз, бирок жетишпеген нерселерибиз бизди калыптандырат. Кайгырганыбызды чоң көйгөй деп ойлойбуз, бирок ошол кайгы бизди чыңдоонун жолу экенин унутуп коёбуз. Бизди алдыга жетелеген нерсе — үмүт жана ишеним. Өмүрдүн баалуулугу анын сыноолорунда. Биз ар дайым кечиримдүү жана боорукер болууга умтулушубуз керек. Жүрөгүбүздү бекемдегенде, жашоонун сыры өзү эле ачылат.

©️Салих Чаршенов✨


Адамдардын баары биз үчүн баалуу..
Жакшы адамдар бизге бакыт берет..
Жаман адамдар тажырыйба берет...
Жаман сыпаттар менен жүрөгү толгон, көздөрү сокур болгон, бактылуулук дегенди унуткан адамдар бизге сабак берет....
Ар тараптуу ойлоо адамга пайда берет..🌿🍃


Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден..
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден..

Денизге чөгүп кетмейи бар....🌊

(Чубак ажы рахматуллохи ъалейх)


Жашоо – сыноо. Жамандык дайыма жеңишке жетүүгө умтулат, бирок жакшылык аны басып өтөт. Жакшы иштин үзүрү экинчи дүйнөдө чексиз кубаныч болуп кайтып келет.
Адам кандай унутулгус из калтырса, түбөлүктүү жашоосу ошол изге жараша гүлдөйт. Сүргөн өмүрдүн барагы ак болушун кааласаң, жүрөгүңдү ыйман менен толтур.

©️Салих Чаршенов✨


Мыкты инсан болууга аракет кыл ...бирок аны далилдөөгө убактыңды кетирбе..🕊️

Показано 20 последних публикаций.