БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: не указана


Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
не указана
Статистика
Фильтр публикаций


🌹Жарык ааламдын дагы бир ырайымдуу таңын тосуу – чексиз бакыт!

Күн нуру көк асманды алтын түскө боёп, жер бетин мээримге бөлөгөн жаздын керемет ирмемдери жүрөктү жылуулукка толтурат. Жаратканга шүгүр кылып, жаңы күндүн башталышын таза ниет, ак тилек менен тосуп алуу кандай чоң сыймык!

🌹Жаз, сен кандай гана сулуусуң!

Сенин жумшак желиң, жыпар жыттуу гүлдөрүң, жашылга оронгон бейпил табиятың жан дүйнөгө бейкуттук тартуулайт. Сенин келишиң менен табият жаңы жашоо баштап, бүткүл жандуу дүйнө жанданып, үмүт жаңырып, жүрөктөргө кубаныч келет. Эгер сенин жылуулугуң, сулуулугуң ар бир адамдын жүрөгүндө орун алса, адамдардын жүздөрүнөн жылмаюу кетпейт эле. Дүйнө мээримге, сүйүүгө, жакшылыкка толмок!

Сенин өзгөрмөлүү мүнөзүң – жашоонун өзү сыяктуу. Жамгырлуу күндөрүң – кыйынчылыктарды эске салып, бирок анын артынан сөзсүз күн жаркырап чыгарын көрсөтөт. Караңгы түн артынан таң атарын, оор сыноолордон кийин жеңилдик келерин сен бизге үлгү кылып турасың.

🌹Жашооңуздун ар бир күнүн жаздай өткөрүңүз!

Жаңы үмүттөр, жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы кубанычтар сизди коштоп жүрсүн! Кайгынын ордун кубаныч, кайгылуу күндөрдүн ордун ийгиликтүү мүнөттөр бассын! Ар бириңиздердин үйүңүздөргө бейпилдик, жүрөгүңүздөргө мээрим, жашооңуздарга береке орносун!

🤲🏻Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Жараткан ар бир дубаңарды, ар бир ниетиңерди, жасаган ибадаттарыңарды кабыл кылып, бул берекелүү айда жүрөгүңүздөргө ырахат тартууласын. Ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, жүрөгүңүздөргө ыйман жана жүрөктөн чыккан дубаңар кабыл болушун тилейм Амин!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


"Бейиштин эшигинде кандай жазуу бар?"

Олуя баштагыдай унчукпайт, сүйлөбөй туруп калат. Муну көргөн христиандар, олуябыз эмнеге жооп бербей койду ушунча христиан, монахтар бир мусулманга жооп бере албайбызбы, женилип кала беребизби деп, өз ара сар-саана боло баштап, олуяга кайрылышып:

- Поп, неге унчукпайсыз? Бир түйшүк барбы? же бил-бейсизби жообун? эмне болду? Сүйлөсөңүз? - дегенде.

Олуя:

Эч кандай түйшүк жок. Мен жообун да билем. Мен го сүйлөймүн, бирок ушул силер менин сөзүмө ишенесиңерби же жокпу деп, ойлонуп турам дейт.

Чиркөөдөгүлөрдүн бары:

Албетте ишенебиз, сиз биздин улуу аалымыбызсыз, кантип ишенбей коёбуз дешет.

Олуя:

Анда уккула! Бейиштин ачкычы жана эшигинде, «Лаа илааха Иллаллох, Мухаммадур Расуулуллох» де ген жазуу бар дейт.

Ошол күнү чиркөөдөгү христиандардын баары шахада келимесин айтып мусулман болгон экен, ж.б риваяттар-да айтылат, Баязид Бистами ошол жерде калып аларга ша риатты үйрөтүп кайткан дешет.

"Дилимдеги" китебинен даярдалды .

Орозоңуздар кабыл болсун!


💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

📍Алланын досу жана монах

(Риваят)

Баязид Бистами деген кадыр-барктуу инсан өткөн. Аны олуя, Алланын досторунун бири деп билишкен. Ал өмүрүндө кырк беш жолу Меккеге ажылык сапарга барып, зыярат кылган. Акыркы жолу ал Меккеде, Арафат тоосунда зикир кылып олтурганда, напсиси ага шыбырап:

"Баязид, сендей адам бул дүйнөдө жок. Кырк беш жолу ажылык кылдың, миңден ашык Куранды хатм кылдың. Сен эң улуу адамсың, мындан кийин да мындай киши бул дүйнөгө келбейт" — деп айтат.

Ошондо Баязид Бистами напсисине жооп берип:

"Сен мени текеберленүүгө үндөп жатасың. Мен сени жазалайм!"— дейт да, ошол жердеги адамдарга кайрылып:

"Эй, эл-журт! Кимге керек кырк беш жолу кылган ажылыктын сообу? Аны бир нанга алмашам" - деп айтат.

Адамдардын арасынан бирөө:

"Мен алам!" — деп чыгат.

Баязид Бистами андан нанды алып, ошол жерде жүргөн итке берип жиберет. Бирок, бул да анын напсисин тарбиялоо үчүн жетишсиз сезилет. Ошондуктан, ал өзүн дагы да сындан өткөрүү үчүн алыскы Рим империясынын борбору Капитолийге сапар тартат.

Монах менен жолугушуу

Капитолийге жеткенде, ал бир монах менен жолугат. Алар таанышып, достошуп кетишет. Монах Баязид Бистамини үйүнө конокко чакырат. Алар тамактанып олтурганда, монах мындай дейт:

"Сен абдан акылдуу жана жакшы инсан экенсиң. Эгер христиан болгонуңда, Машайактын кулу болгонуңда, абдан жакшы болмок эле" — деп айтат.

Бул сөз Баязид Бистамиге оор тиет, ыйманы козголот. Ал дароо ордунан туруп, кетүүгө камынат. Ошондо монах аны токтотуп:

"Токто, капаланба. Ушул жерде кырк күн конок болуп тур. Биздин улуу олуябыз бар, ал кырк күндөн кийин келип, чиркөөдө сабак берет. Сен да ошол сабакка катышып көр. Эгер жакпаса, андан соң сапарыңды улай бер" — дейт.

Баязид Бистами буга макул болуп, калууга чечим чыгарат.

Чиркөөгө баруу

Кырк күн өткөндөн кийин, монах Баязид Бистамиге келип:

"Чиркөөгө жөнөдүк" — дейт.

Бирок ал кошумчалап:

"Сен мындай абалда бара албайсың. Христиандар сени мусулман экендигиңден улам таанып, сага кол салышы мүмкүн. Ошондуктан, менин кийимимди кийип, мойнуңа крест тагын" — дейт.

Баязид Бистами:"Бул жерде да бир хикмат бардыр"— деп, монахтын айтканын аткарат.

Чиркөөгө киришкенде, ал жерде миңдеген христиандар олтурган болот. Бир аздан кийин алардын улуу олуясы келип, төргө олтурат. Бирок ал узак убакыт сүйлөбөй, үн катпай олтура берет. Монахтар андан сурашат:

"Эмне үчүн унчукпайсыз? Биз сизди капа кылдыкпы?"

Олуя жооп берет:

"Кантип сүйлөй алам? Кандайча сөз баштайм? Араңарда Мухаммаддын (саллаллаху алейхи ва саллам) үммөтү турганда!"

Муну уккан христиандар дүрбөлөңгө түшүп:

"Кайда? Ким? Биз аны жок кылабыз!" — деп кыйкыра башташат.

Олуя:

"Эгер ага тийбейбиз деп сөз берсеңер, мен силерге аны көрсөтөм" — дейт.

Чиркөөгө чогулгандар макул болушат. Ошондо олуя:

"Эй, Мухаммаддын (саллаллаху алейхи ва саллам) үммөтү! Өңүңдү көрсөт!"— деп кыйкырат.

Баязид Бистами ордунан туруп, алдыга кадам таштайт. Олуя ага карап:

"Илимиң барбы?" — деп сурайт.

Баязид Бистами:

"Аллах Таала насип эткенчелик билем" — деп жооп берет.

Суроолор жана жооптор

Олуя андан төмөнкү суроолорду берет:

1. Экиси жок бир?
2. Үчү жок эки?
3. Төртү жок үч?
4. Беши жок төрт?
5. Алтысы жок беш?
6. Жетиси жок алты?
7. Сегизи жок жети?
8. Тогузу жок сегиз?
9. Ону жок тогуз?
10. Он бири жок он?
11. Он экиси жок он бир?
12. Он үчү жок он эки?

Баязид Бистами төмөнкүдөй жооп берет:

1. Экиси жок бир – Аллах жалгыз.
2. Үчү жок эки – түн жана күндүз.
3. Төртү жок үч – талак.
4. Беши жок төрт – Алла түшүргөн төрт китеп: Таурат, Забур, Инжил, Куран.
5. Алтысы жок беш – беш убак намаз.
6. Жетиси жок алты – ааламдын алты күндө жаралышы.
7. Сегизи жок жети – жети кабат асман.
8. Тогузу жок сегиз – Кыямат күнү Аршты көтөрүүчү сегиз периште.
9. Ону жок тогуз – аялдын тогуз айлык кош бойлуулугу.
10. Он бири жок он – Муса пайгамбардын он жыл кой кайтарышы.
11. Он экиси жок он бир – Юсуф пайгамбардын он бир агасы.
12. Он үчү жок он эки – он эки ай.

Олуя жоопторго таң калып:

"Туура жооп бердиң!" — дейт.

Андан соң Баязид Бистами олуяга суроо берет:




💫Рамазан – сооп жыйноо мезгили

Абу Хурайра (р.а.) билдиргендей, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айтты: "Кимде-ким ишеним жана үмүт менен Рамазан орозосун кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет"(Бухари, Муслим).

Рамазан – ыйман ээлери үчүн өзгөчө ай. Бул айда биз руханий жактан тазаланып, Жаратканга дагы да жакындайбыз. Али (р.а.) айткандай: "Мен акыретин бейиш кылгандарга эмес, бул дүйнөсүн бейиш кылгандарга таң калам, суктанам". Чындыгында эле, ар бир күнүбүздү Рамазандай өткөрсөк, өмүрүбүз да, өлүмүбүз да майрамдай болот.

Жүрөктөгү ой, тилдеги сөз жана көздүн көргөнү – адамдын чөйрөсүнөн, ички дүйнөсүнөн кабар берет. Рамазан айында кээ бир адамдардын жан үрөп ибадат кылуусуна суктанып, жүрөктү терең ойлор ээлейт. Бир карасаң, ыйман күчөгөн жүрөктөр түшүмүн жыйнаган дыйканчыдай Рамазандын сообун  жыйноо үчүн тынымсыз аракеттенет: эже-апалар, сиңдилер Куран хатым кылып, зикир-салават айтып, дубаларды жаттап, таравих намазын калтырбай окушат. Агалар хатым Куран кылып, ибадатка берилүү менен сооп топтоодо. Муну көрүп: "Оо, Раббым! Сен убада кылганыңдай, Мен үчүн кармаган орозоңордун жана жасаган жакшы амалдарңардын сообун Өзүм  берем- деген  кечиримиңден, мээримиңден, ырайымыңдан үмүт кылган алсыз пенделериңдин дуба - тилтерин кабыл кыл. Ар-Райан – орозо кармоочулар үчүн даярдалган бейиш эшигинде бизди тосуп алууну насип кыл!"– деп дуба кылдым..

Рамазан айы миллиарддаган адамдардын тагдырына жазылса да, кээ бирөөлөргө орозо кармоо насип болбой калды. Кимдир бирөө жумуш деп, дагы бири оорунун айынан, кээ бирлери кайдыгерликтен улам орозо кармабай койду. Бирок сизге бул өзгөчө сый насип болду! Сизди куттуктайм! Себеби ар бир ооз бекитүү, ар бир дем алуу жана ар бир мүнөтүңүз ибадат өкүмүндө жазылып жатат. Окуп жаткан Куран аяттарыңыздын ар бир тамгасы үчүн сооп берилет, нафил намаздар парыз намазынын даражасына көтөрүлөт, берген садака-зекетиңиз сансыз эсе көбөйөт. Мындай сыйдын ээси болуу – чыныгы бакыт!

Бул – Аллахтын сизге тартуулаган чоң мээрими. Аллах Таала айткан: "Рамазан – адамдарга туура жол көрсөтүүчү жана ак менен караны ажыратуучу далилдерди камтыган Куран түшүрүлгөн ай" (Бакара, 2:185).

Демек, Рамазан – жөн гана орозо кармоо эмес, руханий сергектик, жүрөктү тазалоо жана акыретке даярдык көрүү айы. Бул айды эң жакшы өткөргөндөр – сооп жыйноого жана Аллахтын ыраазычылыгын алууга жетишкендер.

🤲🏻Дуба:

"Оо, Аллах! Бизден кармаган орозобузду, окуган намазыбызды, берген садакабызды кабыл кыл! Бизди күнөөлөрдөн тазалап, жүрөгүбүздү нуруң менен толтур! Бул ыйык айда кыла турган дубаларыбызды кабыл алып, бизди бейишке киргизилген ыймандуулардан кыла көр! Оо, Ырайымдуу, кечиримдүү Аллах! Бизди Ар-Райан бейиш эшигинен кирүүгө татыктуу кулдарыңдан кыл! Оомийн!"

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

📍Койчу жеңип кетти

Белгилүү, кооз бир мечитте Юсуф деген аалым Алланын илимин окутат экен. Ал ар дайым окуучуларына сабак өтүп жатып, өзү менен өзү сүйлөшкөндөй шыбырап:

- "Эх, койчу жеңип кетти..." - деп коёт экен.

Аалымдын бул адаты ар сабакта кайталангандыктан, окуучуларынын бири кызыгып сурайт:

- Устаз, айтсаңыз, эмнеге ар бир сабагыңызда "койчу жеңип кетти" деп коёсуз? Койчу эмнени жеңип кетти? Качан, кантип жеңди? Кайсы койчу? Эмнеге мындай дей бересиз? - деп сурайт.

Устазы бул сөздүн өзүнүн окуясы бар экенин айтып, жеңип кеткен койчу жөнүндө баяндап берет:

- Биз ал кезде жаш элек, медреседе окучубуз. Эс алуу убагы болуп, медреседен үйгө жиберишти. Бир досум экөөбүз үйгө жол тартып, жолдо бир булактын жанына токтоп эс алдык. Карасак, бешим намазынын убактысы болуп калыптыр. Ошол жерден даарат алып, намаз окуйлу деп жатсак, бир койчу чуркап келип:

- "Ээ, күтө туруңуздар, шашпаңыздар, мен да сиздердин жамаатыңыздарга кошулуп, намаз окуп алайын", - деди.

Ал даарат алып бүткүчө биз күтүп турдук, анан чогуу намаз окудук. Намаз бүткөндөн кийин койчу:

- "Келгиле, ар бирибиз кезек менен дуба кылалы, дуба кылгандын аркасынан калганбыз "Амин" деп коёлу", - деди.

Ошондо мен дуба кылдым:

- "Оо, Аллахым, мага илим берсең жана бир кооз, чоң мечитте имам болсом. Ошол мечитте Сенин илимиңди адамдарга жайсам, илим менен алектенсем", - деп тиледим.

Кезек досума келди. Ал алаканын жайып:

- "Оо, Аллахым, мага байлык берсең. Мен Сен берген байлыктан мусулмандарга ихсан кылайын, кедейлерге жардам берейин, муктаждардын керегин камсыздайын, берешен бир момун болоюн", - деп тиленди.

Азыр мен кооз шаардын кооз мечитинде отурам. Демек, дубам кабыл болду. Досум дагы белгилүү бир шаарда байлыкка жетишип, көп ихсан кылып, адамдарга жардам берип жүрөт.

Ал эми койчу болсо өзгөчө дуба кылган. Ал кезде биз ага маани берген эмеспиз, кийин ойлонуп, түшүнүп жеттик. Ошондо койчу:

- "Оо, Аллахым, өзүң менден ыраазы бол, мени да өзүңдөн ыраазы кыл. Шүгүрсүз, бул дүйнөлүк нерселерди самап калбайын. Өзүңдөн бир гана бейишти сураймын", - деп тиленген.

Биздин дубаларыбыз абалыбызга жараша кабыл болду. Демек, ошол кезде койчунун да дубасы кабыл болгон. Чынында, койчу бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да жеңишке жетти. Колубузда көп нерсе болушу мүмкүн – байлык, бийлик, мансап, илим. Бирок, эгер максатыбыз Аллахтын ыраазычылыгы болбосо, бардык аракетибиз текке кетет. Колубузда эч нерсе жок болсо да, эгер Аллахтын ыраазычылыгын тилеп, аны максат кылсак, бардык нерседе алдыда болобуз.

Жанагы имам айткандай, жеңип кетебиз, Ин шаа Аллах...

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):

"Адамдардын эң алсызы – дуба кыла албаган адам." (Ибн Хиббан)

"Аллах Таалага дубадан артык баалуу нерсе жок."

"Дилимдеги" китебинен даярдалды.

Орозоңуздар кабыл болсун!

https://t.me/formulakg




Жашообуз дуба менен кооздолуп, дуба менен көгөрөбүз ин шаа Аллах! Бүгүнкү күнүбүз жакшылыктар менен коштолсун.Кармаган орозоңуздар кабыл болсун жакшылар!🤲🏻🌹💖


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

📍Аз жеп, ачка жүрсөң...

Бир жолу даанышман адамдан сурашат:

— Сиз эмнеге дайым орозо кармап жүрүсүз? — дешет.

Ал жооп берет:

— Мен алты кишиге алты түрдүү суроо берип, алардын бирдей жооп бергени мени орозо кармоого шыктандырды, — дейт.

Адамдар кызыгып сурашат:

— Ал кайсы суроолор эле?

Ошондо ал мындай деп жооп берген экен:

1. Дарыгерлерден сурадым: «Ден соолукка шыпаа болгон тамак кайсы?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрсөң, оорудан алыс болосуң»– деп жооп беришти.

2. Алла Таалага көп ибадат кылган такыба адамдардан сурадым: «Силер бул даражага кантип жеттиңер?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрүү менен»– деп жооп беришти.

3.Даанышмандардан сурадым: «Канткенде сөздөрүм адамдардын журокторуне таасир берет?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрүү менен»– деп айтышты.

4. Дүйнөнүүн азгырыктарынан узак турган зөкө талдуу аскеттерден сурадым: «Силер кандайча бул даражага жеттиңер?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрүү менен» – дешти.

5. Аалымдардан сурадым: «Канткенде Куран жана хадистерди тез жаттай алам?» – десем, алар: *«Аз жеп, ачка жүрүү менен» – деп жооп беришти.

6. Падышалардан сурадым: «Кандай тамак эң таттуу?» – десем, алар: *«Күндө жеген бал да таттуу болбой калат. Бирок ачка адамга суу да эң таттуу!» – деп жооп беришти.

Напси ачка жүрүүдөн төмөн болгондой, башка эч нерседен төмөн болбойт. Мына ушунун негизиде орозо кармап жүрөмүн деп жооп берген экен...

📍Орозонун берекеси

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты:

> "Адам баласы үчүн ашказанын толтуруудан өткөн зыяндуу нерсе жок. Адам өзүнө азыраак тамак менен гана жетишсе жакшы. Эгер жей турган болсо, ашказанынын үчтөн бирин тамакка, үчтөн бирин сууга, үчтөн бирин дем алуу үчүн калтырсын." (Тирмизи, "Зухд" 47)

Орозо – бул руханий тазалануу, напсини тарбиялоо жана Алла Таалага жакындоо. Кимде-ким ыкластан орозо кармоого ниет кылса, анын ниети кабыл болсун. Ыйык Рамазан айы сизге, үй-бүлөңүзгө ырыскы, береке, бакыт алып келсин.

🤲🏻Дуба:

Оо, Аллахым! Орозобузду, түнкү ибадатыбызды кабыл кыл! Күнөөлөрүбүздү кечир! Өзүңдүн мээримиңди жана ыраазычылыгыңды бизге насип кыл! Бизди жакшы адамдар менен бейишке киргиз! Оо, улук жана кечиримдүү Зат Аамиин!

🧕 Даярдаган: Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg




Имранды жолуктурганга чейин «Алхамдулиллах сөзүң тилимдин учунда айтып келсем, ошол күндөн тартып, ар курсагым тойгон сайын «Альхамдулиллях» деп чын жүрөгүмдөн, ыхлас менен айта турган болдум. Имран курсагы тойуп шүгүр келтиргенде жүзүнөн нур чачырады. Ошол нур ар дайым курсагым тойгондо эсиме түшөт. Аны эстеп, мен да Аллахка шүгүр келтирем, мактоолор айтам...

Сүйүктүү окурмандарым! биз кимдир бирөөгө жардам бергенде, өзүбүздү бактылуу сезебиз. Адамгерчилигибизди сезе баштайбыз. Бирөөгө жамандык кылып, өзүбүздү айбандай сезип калабыз. Ошол үчүн биз жак-шылыкты тартуулаган, жакшылыкты башкалардан кызга-баган инсан болушубуз керек. Мына ушундай адамдарга жакын болушубуз керек. Бул жакшылык биринчи кезекте өзүбүз үчүн экенин билели. Өзүбүзгө кыла турган эң чон жакшылык - бул башкаларга жасалган жакшылыктан ырахат алуу. Жакшылык кылууда, мүмкүнчүлүк жаралышы менен убакытты өткөрбөй дароо жакшылык кылуу керек. Окуядагы донар ээси:

Перзенттүү болууну көп жылдар күткөнбүз. Жашообуз Имран кирип келген күндөн бир жыл өтүп уулдуу болдук - деп айтат. Бүгүнкү жакшылык, эртең бакыт болуп кайтат.

«Жакшылык кылгыла, Аллах жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт»

[Мааида, 93]

"Дилимдеги" китебинен даярдалды.

Орозоңуздар кабыл болсун!


-Шашпа, алгач сага бут кийим алып келебиз дедим да бут кийимине карадым, отуз үч экен. Ага үстөлдөрдүн үстүн артып туруусун дайындап, жакынкы аралыктагы Дүкөнгө барып, жаңы бут кийим алып келдим. Жаңы бут кийимди кийгенден кийин балакайдын жүрүштөрү да өзгөрттү, башкача басып, жумуштарды бат-баттан жасап чуркап калды. Үстөлдөрдүн үстү сүртүлбөй калганын көрбөй калдык. Кардарлар кетери менен дароо чуркап барып сүртүп турду. Кеч болуп калды, бир көзүм балада, бир көзүм алардын эшигинде. Анын апасын күтүп жаттым. Кечке жакын апасынын жумуштан келип эшигин ачып жатканын көрдүм. Артынан баланы жетелеп бардым. Эшикти такылдастым. Эшикти баланын апасы ачты. Мен:

- Эже, коркпоңуз, мен тиги донар ашканасынын ээсимин. Уулуңуз абдан мыкты бала экен. Бүгүн бизге аябай жардам берди. Өзүмдү тааныштырган соң, бир иш кылуу оюмдан өттү .Амалга ашыруу үчүн балакайдын апасына кайрылдым:

- Эгер каршы болбосоңуз, бүгүн кечинде, сиздикине жубайым экөөбүз жаңы кошуна катарында коноктоп келели деп жаттык дедим.

- Кеч биздикине келесиздерби? Күтөбүз! - деп, балакай сүйүндү.

Уулунун сүйүнүчүн көрүп, апасы бир ынгайсыз болгонсуду, соң:

- Болот, албетте. Күтөбүз, келиңиздер - деп жооп берди.

Ал жактан чыгарым менен дароо жубайыма телефон чалдым:

- Үйдө балдардын ашыкча кийимдери, оюнчуктары, кыскасы эмне болсо баарын чогулт жана үйдө колдонбогон буюмдарды даярдап кел - дедим.

Жубайым дароо түшүндү. Бир канча убакыттан кийин балдардын кийимдерин, үйдө артыкчылык кылып турган нерселерди жана базардан азык-түлүк, жер-жемиштерди алып такси менен дүкөн жанына келип калды. Кеч кирди. Биз алардын коногу болуп бардык. Аларга боорум ооруду десем, ичимдеги сезимимди толук айтпаган болом. Аларга боорум ооруганы эмес, алардагы жөнөкөйлүк, кичипейилдик мени суктантырды. Биз уялабыз, үйүбүзгө конок келгенде эски килем турганынан, үйүбүздүн абалынан, алар-га тартуулаган дасторконубуздан. Мен ушул сыпатты бул үй-бүлөдө көрбөдүм. Колунда бар нерсесин, шарт абалына жараша, чын жүрөктөн бизге тартуулашты жана бул нерсени бизге ачык айтып жатты. Үй ээси эмес биз уялдык, ынгайсыз абалда калдык. Үйүндө бир килем, бир көшөгө, эки жууркандан башка эч нерсеге көзүм түшпөдү. Бир аз олтурган соң, шылтоо кылып суранып сыртка чыктым. Дароо тааныштарыма, досторума, инилериме телефон чалдым:

Биздин ашкананын тушундагы үйдү билесиңер да. Ошол үйгө бир үй-бүлө көчүп келиптир, мүмкүнчүлүгүңөр болсо жардам бергили дедим.

Аларда бир сөзүмдү эки кылбай күтүп туруумду айтышты. Кайра үйгө кирдим. Баса балакайдын атын айтпай калыпмын. Анын аты Имран жашы жетиде. Үйгө кирип, Имран менен баарлашып олтурдум. Ал математика жакшы көрөрүн, он миңге чейин санаганды жана кошконду бирлерин айтып берди. Бир аз убакыт өтүп, сыртта Машиналар үнү угула баштады. Мен күткөн инсандар келди. Сыртка чыксам, бири кир жуугуч машинасын, экинчиси эски муздаткычын салып келиптир. Дагы бири килем, жууркан, төшөктөрүн, башкасы баласынын китебин, бири телевизор алып келиптир. Эки сааттын ичинде үйдү толпурдук. Бул ишти ишенип тапшырган инибиз акча да чогултуп келиптир. Эки-үч ай аял иштебей тиричилигин кыла турган болду. Имрандын апасы көздөрүнө жаш алайын деди эле, жубайым дароо сооротконго киришти. Мен да:

- Бизде ушундай. Кошуналарга жардам беришет. Бүгүн бизде мүмкүнчүлүк бар, эртең сиздерде болот. Имран чоңойсо жардам берет деп соороттум.

Үйгө кетер алдында:

- Азыр эс алуу, мектептер жабык, жок дебесениз, уулуңуз күндө мага жардам берсин, деп, Имранды апасынан сурандым.

Макул болду. Ошол күндөн тартып мага жардам берип турат. Абдан чынчыл, тарбиялуу, аракетчил бала. Эгер ушул ишимди бирөөгө тапшыра турган болсом, ушул балага гана тапшырат элем. Бирөө менен өнөктөш болмокчу болсом, бир гана ушул бала менен өнөктөш болом.

Имран эмнеси менен жөнөкөй бала мени өзүнө тартты? Ушул кичине бала мага эмнени үйрөттү, билесизби? Мени шүгүр келтирүүсү менен өзүнө тартты. Наалыгандык, арыздангандык капалыгы жок болчу жана «Альхамдулиллях» сөзүн жан дүйнөдөн, эч бир кири жок айтууну мага үйрөттү.


💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

📍Аллах Таалага шүгүр айтууну үйрөттү

Кээде колубуздан келсе да жалкоолонуп, убактыбызды кызганыппы айтор, жөнөкөй жумуштарда бири-бирибизге жардам бербейбиз. Биз муну менен өзүбүзгө келе жаткан жакшылыктарды толук түшүнбөгөндүктөн, бизге берилген жардам кылуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп алабыз. Бул окуя жүз жыл мурда же өткөн заманда болгон эмес. Бул окуя биз жашаган заманда, биз жашап өткөн жылдарда Туркия өлкөсүнүн Стамбул шаарында болгон.

Карантинге байланыштуу көптөгөн мекемелер жана ишканалар жабылды. Үч айдан кийин ачтык дейт кафенин ээси. Элдер тооктун донарын сагынган окшойт. Көп эл келип, түшкө жетпей донарыбыз түгөнүп калып жатты. Анан бизге бир жупун кийинген бир жаш бала келди. Ал келип:

- Байке, донарыңыз канча акча?

- Он лира.

- Жарымы канча?

- Беш лира.

- Жарымынын жарымычы?

Ошондо билдим баланын акчасы жетпейт экенин.

- Мага жарымынын жарымын бериңиз бир канча тыйындарын сунду. Анан мен: деп алдыма

- Болуптур, сен барып отура бер дедим да, жумушчуларыма:

- Бир донар, бир айран бергиле - деп дайындадым. Соң өзүм анын маңдайына барып отурдум. Басып баратып көзүм анын бут кийимине түштү. Ал отургандан кийин бут кийиминен бутун чыгарып, бири-бирине сүртүп турду. Ошондон билдим буту үшүп калганын. Анын үстүнө курсагы да ач, үстү жука, бут кийими да жакшы эмес, суу өткөн окшойт. Ал учурда эшик бир аз суук жана жамгыр себелеп турчу. Жумушчуларым донарды алып келип столго коюшту.

- Ал, же - дедим.

Ал акырын донарды колуна алды. Жарымынын жарымы эмес экенин көрүп, тартынып жегендей болду. Анан мен:

- Ал, айрандан ич, - дедим.

Ал жеп жатты, мен карап турдум. Ишенесизби дүйнөдөгү эң нерсени мынчалык кызыгуу менен караган эмес-эмин. Мындай тамшануу менен кароо мүмкүн эмес...

Донарды шаша-пыша жеп жатты. Мен кайра:

- Ал, айрандан да ич, десем,

- Жок, айранга акчам жетпейт деди.

Өзүмдү ыңгайсыз сезип:

- Балам, дааратсыз намаз окулбайт, айрансыз донар желбейт, ал ич деп, тамашага салдым. Койбой мажбурлап туруп алганым үчүнбү айранды ичти. Тамактанып болгон сон, жан дилинен демин чыгарып, акырын:

«Альхамдулиллах» - деп, айтып дуба кылды.

Билбейм ушул учурда өзүмдү бир башкача сездим. Ал абалымды сиздерге кандай түшүндүрүп сездиреримди билбейм. Анан мен акырын аны сөзгө тартып баштадым:

- Ин, балам өзүң жөнүндө айтып берчи? Кай жактан болосун? Мурда сени бул жерлерди көрбөгөм. Атың ким? Кимдин баласысың?

- Байке, биз сиздин дүкөнүңүздүн тушундага үйгө жакында эле көчүп келдик, деди бала.

Дүкөндүн тушундагы, эки имараттын ортосунда эски бир үй бар. Ал жерде көп жылдардан бери эч ким жашачу эмес. Биз үч ай карантин болуптиштебегендиктен, ал үйгө бирөө көчүп келгенин билбеген экенбиз. Бирок ал абдан начар үй болчу, сыртынан деле көрүнүп турчу. Ошондон билдим баланын үй-бүлөсүнүн шарт абалы жакшы эмес.

Балакай олтурган жерин тазалап, сүртүп:

- Байке, карыздар болуп калган болсом бир күн беремин деп калды.

- Жок, жок. Карыздар болгон жоксуң. Берген акчаңа гана бердим. Сен, аны ойлобо, андан көрө мага өзүң жөнүндө кененирээк айтып берчи? - дедим.

Ак көңүл, ачык мүнөз, жайдары бала экен. Эч тартынбай сураганымдын барын айтып баштады:

- Байке, биз ушул тараптан келдик. Биздин атабыз жок. Апам күндө бир жерде иштеп келет. Мен көптөн бери донар жегим келип жүрчү. Ашканаңыздын үстүнө донардын сүрөтүн илип койгонсуз го, ошону көрүп, күндө донар жегим келчү. Бирок апамдын акчасы аз окшойт, мага күндө бир-эки тыйын гана берет. Ошолорду чогултуп, бүгүн алып келдим. Келгенибизден бери ачылышыңыздарды күтүп жүрдүм деди.

Ушул учурда бир ой келип, балакайга кайрылдым:

Мага жардам бере аласыңбы? Биз бул жерде кыйналып жатабыз. Көрүп турганыңдай коноктор көп келип, жеишпей жатабыз.

Ооба, жардам берем, байке- деди.

Азыр бошсунбу? - деп сурадым. Ал дароо бут кийимин кийип жардам бергени аттана түштү эле, аны токтотуп:






Мына биз 30 күн токтоосуз дуба кылып жанында агып турган дарыясы бар үй сурадык. Үй берди, сураганы быздай, бирок дарыясы менен берген жок. Жанында шар кырап агып турган суусу жок. Мен түшүнбөй турам, мен чын дилимден сурагам, дарыясы жок болуп жатат? - дейт Аалым аялдын ушунчалык ишеним менен айтып жатканына, Аллахка болгон ишеничине жана Аллах Таала кереметин көрсөтүп сураганын бергенине дагы да таң калып:

А үйдүн жанында дарыясы болбосо, анда эмнеси бар? - деп сурайт.

Үйүбүздүн мандайында мечит бар, айланасы мөмө - жемиштерден турган бак дарактар бар - дейт.

Ошондо аалым «Оо Аллахым, кудретиңден» - деп. жылмайып:

Алланын элчиси, (саллаллаху алейхи уа саллам) сахабалардан сурайт: «Айткылачы, эгер бириңердин эшигиңер алдында дарыя бар болуп, ал дарыяда күн сайын, беш маал жуунуп турган инсанда кир жери калабы?», - деди. Сахабалар:

Жок - дешти. Ошондо Алланын элчиси, (саллаллаху алейхи уа саллам): «Дал ушундай күн сайын беш маал даарат алып, беш убак намаз окуган инсанда да, эч бир күнөөсү, кир жери калбайт. Аллах Таалаанын каталарын, жамандыктарын кечирип, өчүрөт» деп, жооп берген деген хадисти айтып берет. Сон аялга кайрылып:

- Аллах Таала, сизге бул дүйнө эле эмес, балким аркы дүйнөгө да таптаза кылып алып бара турган дарыялуу үйдү бериптир го. Намаз окусаңыз бул дүйнөдө да жакшылыгын көрөсүз, о дүйнөгө да күнөөсүз таза барасыз. Мечит бул адамдарды, жүрөктөрдү тазалаган, бул дүйнөдө, акыретте жакшылыкка алып барган дарыя эмеспи?- деген экен.

☝🏻Бул окуядан бир канча үлгү, сабактарды алсак болот.

1. Рамазанда кылынган дубалардын кабыл болуусу боюнча сабак алсак болот.

2. Чындыгында, Аллах Таала куруктукта да дарыяны пайда кылып бере ала тургандай кудуретке ээ. Бирок Аллах Таала аялга бул дүйнө дарыясын, акыреттин дарыясына алмаштырып берди. Хадистерде келгендей дуба үч түрдүүчө кабыл болот: Кылган дубаңдын (жообун) Аллах Таала бул дүйнөнүн өзүндө берет же ошол дубаң акыретке (сыйлык катары) калтырылат. Эгер кылган дубаңдан (акыл-сезимге байкала тургандай натыйжа болбосо) анда дубанын даражасына жараша ага (пропорциялаш) теңдеш (барабар, өлчөмдүү) болгон нерсе берилген болот. Мисалы: Дуба кылган адамга келе жаткан кедейлик же бакытсыздык сыяктуу нерсе, анын тагдырынан Аллах Таала тарабынан алып салынат.

3. Дуба кылган адамдын дуба кылып жатканда жүрөгүндөгү ыхласы, ишеними жөнүндө. Үй сураган аялдын кандай ыхлас, ишеним менен бутун тиреп сураганын карасаныз.

- Аллахым бизге үй бер, жанында шаркырап агып турган дарыясы болсун деди. Башкача болушу мүмкүн эместей ишеним айттырды. Пайгамбарыбыздын (саллал-лаху алейхи уа саллам): - Бут кийимиңердин боосун да сурай бергиле - деген сөзү бар...

"Дилимдеги" китебинен даярдалды.

Орозоңуздар кабыл болсун!


💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН.

📍Аллахтан үй сураган аял

Бул окуяны китепке түшүрүп жатып, кана эми китебим Рамазан айында колуңуздарга жетип, сиздер бул окуяны окусаңыздар, Рамазан айы сиздер үчүн дагыда пайдалуураак өткөн болор беле деп ойлоп калдым.

Саудия өлкөсүндө, жакыр жашаган, өз үйлөрү жок, бир үй-бүлө болгон экен. Ал үй-бүлөнүн аялы, жыл сайын Рамазан айында, ооз ачар алдында, алаканын ачып дуба кылат экен. Перзенттерине жадагалса жолдошуна да: Колунарды дубага ачкыла, мен дуба кылам, силер артымдан «Амин» деп турасыңар - дейт экен.

Алаканын дубага ачып:

«Оо, Раббим, Аллахым, сенден жалынып сурайбыз, бизге бир үй берсең. Ал үйдүн жанынан бир дарыя агып турган болсун, бактары, дарактары болсун деп, кыкскасы барын сүрөттөп дуба кылат.

Аялынын бул сөзүн уккан өмүрлүк жолдошу күлүп:

- Үй, бактар. бул бир мүлк, муктаждык, түшүнсө болот, бирок жанындагы дарыясына эмне бар?! Биз Саудияда, бир чөл өлкөдө жашасак. Каерде көрдүң чөлдө агып турган дарыяны, бир акылга сыя турган нерсени сурасаң болбойбу, - деп шылдыңдайт.

Жубайы жодошунун тамашасына жооп кайтарып: Жоок, эгер Аллах Таала кааласа чөлдүн ортосунан
дарыяны чыгарып коёт. Мен каалаган нерсемди тиление Дуба кылып жатам. Ин шаа Аллах, Аллах Таала берет деп, аттан түшсө да, үзөнгүдөн түшпөй, жолдошуна жор лүгүн көрсөтүп тамашасына түшө берет.

Отуз күн ифтарлыкта токтоосуз: Аллахым бизге астында дарыясы агып турган, багы, гүлдөрү бар үй бер-деп дуба кылат. Балдары, күйөөсү артынан дубасына кошулат Рамазан айы аяктап. Өмүрлүк жолдошу какшыктап күлөт:

- Ин, эмне болду? Отуз күн кылган дубаң кабыл болду бу? Сураган үйүн кана? Шаркырап аккан дарыясы, бактарычы?- деп, кайра тамашага салат. Жубайы:

Шаппай туруңуз, Аллах Таала айткан: «Силер муктаждыгыңарды дуба кылып, чын дилден, таза ниет, ишенимиңер менен менден сурагыла, беремин деген. Мен сурадым. Мен аткардым. Мен бүтүн ыхласым менен азыр да сурап келем. Чын жүрөгүмдөн ишенемин, Аллахым дубамды жоопсуз калтырбайт дейт.

Шаввал айынын 6-күнү. Күйөөсү аср намазынан кийин мечиттен чыгып үйүнө баратса, ага Рияз шаарынын бир бай адамы жолун тосуп, саламдашып, ал-абал сурашып, бир өтүнүч менен кайрылат:

Бир тууганым, мен бир Аллах Таала мал-мүлк менен сыйлаган, ырыскысын мол кылып берген адаммын. Ряз шаарында бир үйүбүз бар. Анын жарымында атам, калган жарымында мен үй-бүлөм менен жашайт элек. Атамдын көзү өтүп кетти. Мен үй-бүлөм менен башка шаарга көчүп жатам. Ошол эки үйдү бир муктаж үй-бүлөгө берүүнү ниет кылып койгон элем. Көрүп турганыныздай каршымдан сиз чыктыңыз. Үйдү сизге берейин деп жатам. Эгер бекер
алууга абийириңиз жол бербей, өзүңүздү жаман сезсеңиз, мүмкүнчүлүгүңүзгө карап, канча берсениз да мен ыраазымын дейт.

"Аялдын күйөөсү чындыгында үйүн бекер алгандан уялат. Абийири жол бербей, дароо үйүнө барып азандан болсо да, үй алам деп чогулткан акчасын үйдүн ээсине тапшырат. Чындыгында арзыбаган акча берет. Эртеси ал үйгө көчүп жөнөшөт. Аялы:

-Мына, айттым го сизге, Аллахым берет деп, караңыз күтүлбөгөн жерден үйлүү болдук. Бергенде да Рияз шаарынын эң кооз көчөлөрүнүн биринен берди- дейт, кубанычы ичине батпай жолдо бара жатып. Бирок үйгө барган соң аял бир аз ойлонуп, маанайы түшөт. Анткени үйдүн жанында дарыясы жок болот. Дарыясы жоктугуна ушунчалык таң калып:

- Болушу мүмкүн эмес. Кантип эле жок болсун дейт.

Аяллын жүрөгүндө ушунчалык ишеними, үмүтү бар, ал үйүнүн жанында дарыя болушу шарт. Ушундай бир ишеним менен сураган, андан башкачасын элестете да албачудай. Аллахтан дарыясы менен кошо үй сурадыбы, демек дарыясы болушу керек деп ойлойт. Ушундай бир ишеними, ыхласы бар: Йа Аллахым, мен дарыясы менен сурагам. Мына үй, мына бак, бары мен сурагандай. Бирок дарыясы кана? - деп ишенимин үзбөйт. Аялынын бул сөзүн уккан жолдошу:

- Шүгүр кылсаңчы - дейт.

Аялы баягыдай эле өжөр. Тынчтана албай, ошол жердеги аалымга барып кайрылат:

-Шейх, Аллах Таала: Дуба кылгыла, мен сөзсүз жооп
берем деп айткан, туурабы?

Ооба, Аллах Таала эч бир дубаны жоопсуз калтыр байт.

Показано 20 последних публикаций.