Бул сүрөөнүн пазилети тууралуу көптөгөн хадистер айтылган. Булардын кээ бирлери туура, кээ бирлери кызык, кээ бирлери алсыз болгону менен, алардын жыйындысы Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул сүрөгө чындап чоң маани бергендигин көрсөтүп турат.
Тирмизи риваят кылган хадисте: «Ар бир нерсенин жүрөгү бар. Курандын жүрөгү – Ясин. «Ким «Ясин» окуса, Алла Таала ага Куранды он жолу окугандай сообун берет».
Дагы бир хадисинде Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Ар бир нерсенин жүрөгү бар. Курандын жүрөгү – Ясин. Үммөтүмдүн ар биринин жүрөгүндө Ясин сүрөсү болушун каалайт элем!».
Дагы бир хадисинде Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Ясин – Курандын жүрөгү. Алланын жана акырет күнүн каалоо менен Ясин окуган адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет. «Өлгөнүңөргө окуп бергиле» деди.
“Кимде-ким Алланын ыраазычылыгына жетүүнү ойлоп түн ичинде Ясин сүрөсүн окуса, ал адамдын ошол түнү күнөөлөрү кечирилет”.
@hafiza.online