Ислам дини


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Религия


Жакшылыкка багыт көрсөтүүчү - аны аткаргандай эле соопко ээ болот!(Хадис)
Тандалган хадистер👇
@tandalgan_hadister
@alymbeck @amanatm99

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




Майрамдар кандай гана аталыштар менен аталбасын анын негизинде сөзсүз бир диндин белгиси болот

Мусулмандардын ар жыл сайын өткөрүүчү майрамдары эки эле майрам менен чектелет.
1⃣ Орозо айт жана 2⃣Курман айт

Аллахтын элчиси Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: "Ар коомдун өзүнүн майрамы бар, а бул болсо биздин майрамыбыз".
📚 Бухари: 952. Муслим: 892.

❌Бул экөөнөн башка майрамдар, мисалы: Жаңы жыл, Нооруз жана башка майрамдар - булар жөөт, христиандар жана башкалардын майрамдарынан.

❌Мен мусулманмын деген адам бул майрамдарды майрам деп эсептөөгө жана тосууга мүмкүн эмес, шариятта уруксат берилбейт.

❌Куттуктаган да, салтанаттарына катышууга да болбойт. Майрамды коштогон белектерди дагы бергенге тыюу салынат.

❌Алардын майрамына тийешелүү нерселерди сатууга да болбойт. Мисалы: майрамдык шам чырактар, балатылар, майрамдык тамактар ж.б.у.с. Бул нерселердин тыюу салынышына 2 себеп бар:

1⃣: бул аларды туурагандык, ошол эле учурда алардын капырчылыгын тастыктагандык. Ислам дини өзгөчө каапырларга тийешелүү болгон адаттарды кылып, аларга окшошуудан тыйып кайтарып анын арам экендигин баяндаган.

2⃣: бул майрамдарды майрамдоо - Аллахтын динине анда жок нерсени киргизүү, жаңылык пайда кылуу, бурмалоо.

Бул тууралуу Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айтат: "Кимде-ким кайсы бир коомго окшошсо, ал ошолордон болот".
📚 Ахмат:5114. Абу Дауд: 4031.
➖➖➖➖➖➖➖


“Каапырларды майрамы менен куттуктоо бардык аалымдардын назарында арам, а түгүл аларга “майрамыңыз менен куттуктайм” же “майрамыңарды жакшы өткөргүлө” сыяктуу сөздөрдү айтуу да арам. Муну айткан мусулман каапырлыктан кутулса да күнөөкөр болот. Бул кудум эле крестке сажда кылган сыяктуу, балким андан да жаманыраак иш. Бирөөнү арак ичкени үчүн, же адам өлтүргөнү үчүн, же зынаа кылганы үчүн куттуктоо канчалык чоң күнөө болсо, жаңы-жыл менен куттуктоо дагы дал ушундай күнөө. Өзүнүн динин сыйлабаган инсандар көбүнчө мына ушул катага жол берет. Алар кылып жаткан ишинин канчалык үлкөн, чоң күнөө экенин түшүнүшпөйт". 📚Имам Ибн Аль Каййим, "Ахкаму ахли Зимма".

❗️Минтип айтуу менен адам эгер каапырчылыктан сак калса да, арамга түшөт.

Мааракелерге катышуудан баш тартуу да - душмандык көрсөтүү эмес. Бул бир гана мусулмандын ишеними жана диний өзгөчөлүктөрү менен айырмалануусу дегенди билдирет.
➖➖➖➖➖


لا تخدعكم حرية العمل على الأرض لمن كفروا
«Каапырлардын жер бетиндеги эркиндиктери сени алдабасын»

(3:196)


🛑 *_ЖАҢЫ ЖЫЛ МУСУЛМАНДАРДЫН МАЙРАМЫ ЭМЕС!_*

_Эскертип кетчү нерсе бул сөздөр мен мусулманмын Жаратуучум Аллах Пайгамбарым Мухаммад (ﷺ) диним Ислам деген мусулман бир туугандар үчүн._

*_Ислам дининде Аллах Таала мыйзамдаштырып берген 2 гана: Орозо айт жана Курман айт деген майрам бар, Жаны жыл деген майрам жок!!!_*

_Куранда Аллах Таала айтат:_

*_“Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман”_* (Бакара сүрөсү 208-аят)

_Аллах Таала бизди толук дин менен жашап, андагы өкүмдөрдү аткарып, динде жок нерседен алыс болууга, шайтандын ар кандай азгырыктарына алданбоого буюруп жатат_

_Жаңы жыл майрамы динибизде жок. Бул токой кудайына, Күн кудайына сыйынган бутпарастардын, андан кийин өздөрүнө майрам кылып алышкан христиандардын майрамы._

*_Алланын каргышында болгон спирт ичимдиктери эң көп ичилген майрам. Ар түрдүү оюн-зооктор, түнкү клубдарда, ресторан-кафелерде, корпоративдерде, кечелерде, эркекеги менен аялы аралашкан масчылык, бирөөнүн аялын бирөө кармалап ойноштукка чакырган майрам._*

_Эң көп ысырапкорлучук боло турган түн. Бир эле мисал: жарым саатта асманга атылган Кытайдын фейрверктерин алууга канча деген акчаны коротуп абага учуруп атабыз._

_Кереметтүү Куранда Аллах Таала_
*_“Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт”_* (Ароф сүрөсү 31-аят)

_деп бизге ачык түрдө буюруп жатат. Курандагы ачык түрдө айтылган аятттарды милдеттүү түрдө аткаруу зарыл._

*_Ошондуктан биз ысырап кылууга жол бербей жакындарыбызга да эскертели, жаңы жыл биздин майрам эмес, динде жок майрамды майрам деп майрамдоо күнөө экенин, айтып жеткирели_*

_Куранда Аллах Таала айтат:_
*_“Бирок эскерте бергин. Анткени, эскертүү ыймандууларга пайда берет”_* (Заарият сүрөсү 55-аят)

*_Аллах Таала бир шаарга азап жиберип, периштелерди жөнөтөт.. Периштелер келип карашса, шаардын ичинде намаз окуган, орозо кармаган бир мусулман дагы бар экен. Периштелер бул тууралуу кабар бергенде, Аллах Таалам айтат: “Азапты, ошол мусулмандын үйүнөн баштагыла! (эмнеге?) Себеби ал, өзү акыйкатты билет эле, бирок башкаларга жеткирбейт эле!_*

_Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:_
*_“Эгерде Кимде-Ким жаман ишке күбөө болсо аны колу менен токтотсун! Анда да болбосо тили менен токтотсун! Анда да болбосо ошол иштин канчалык денгээлде ыплас экенин жүрөгү менен жек корсун! Мындан төмөнкү ыйман болбойт. Жүрөк менен жек көрүү Ыймандын эң төмөнкү даражасы”_* -деген.

_А эгер, Жаңы жыл христиандардын ширк майрамы экенин толук сезип билип туруп, текеберленип: “Биз светский, демократиялык өлкөдө жашайбыз” майрамдаймын эле, эч нерсе болбойт, Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам, "Чын жүрөктөн баары бир" - деп майрамдаган болсо ал адамдын ыйманында чоң күмөн бар! Жана Алланын буйругуна каршы чыгып, аны жокко чыгарган абалда болот. Ким Алланын бир буйругун толук билип сезип туруп текеберленип жокко чыгарса ал Ислам динен чыгат, Ислам динине капыр болот._


ХАДИС


🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼


عَنْ مُغِيْرَةَ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَامَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَتَّى تَوَرَّمَتْ قَدَمَاهُ فَقِيْلَ لَهُ: غَفَرَ اللَّهُ لَكَ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ، قَالَ أَفَلاَ أَكُوْنُ عَبْدًا شَكُوْرًا؟.


🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸

Мугира ( разияллооху анху) дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) намазда узакка чейин кыям кылгандыктан буттары шишип кетчү. Бирөөлөр сурашты : «Сиздин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүңүздү Аллах Таала кечирген го ( эмне мынча кыйналасыз?)» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) ага жооп берди: «Мен ( Аллахка) шүгүрчүл пенде болбошум керекпи? »
( Бухари) .




Репост из: 🦋Sezim surlary🎀🤍
https://chat.whatsapp.com/Dglcx3ZF42oLD70c4IlauU

https://chat.whatsapp.com/Lamr5NT312C8UwFfhlCObC


https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z

Перейдите по ссылке, чтобы вступить в мою группу в WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z



Айымдарга гана тийешелүү суроо жана жооп , өтүлөт
Эскертүү : Эркек мырзалар катталууга болбойт Аманат




Эмнеге адам кедей болсо дагы аны менен көп адамдар жакшы көрөт .


Анткени анын жан дүйнөсү таза болгондуктан ал алла таллага жакшы көрүнөт .

Сиз да кедей болбой алла таллага жакшы көрүнүшүңүз болот.Андыкта сиз мусулмандар динин ыйык тутуп ага каршылык кылбооңуз керек .


🕊Дуба кылуунун формуласы:
بسم الله الرحمن الرحيم
1) Алгач Аллах Таалага мактоо айтуу.
2) Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.вга салават айтуу.
3) Күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суроо.
4) Аллахтан акыреттеги жагдайыбызды женилдетишин суроо.
5) Өз дубаңызды чын ихлас менен айтуу.
6) "Роббана- атина" дубасын айтуу
7) Салават айтуу
8) "Аминь" деп бүтүрүү


Билип жүрөлү 😊🫀


ХАДИС
🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵



عَنْ أَبِىْ هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللُه عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللِه صَلَّى اللُه عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَفْضَلُ الصَّيَامِ بَعْدَ رَمَضَانَ ، شَهْرُ اللِه الْمُحَرَّمُ ، وَ أَفْضَلُ الصَّلاَةِ بَعْدَ الْفَرِيْضَةِ ، صَلَوةُ اللَّيْلِ . رواه مسلم ، باب فضل صوم المحرم ، رقم: ٢٧٥٥.



🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙


Абу Хурайра р.а дан риваят :" Пайгамбар с.а.в :" Орозо айынан кийинки эң жакшы орозо-МУХАРРАМ айындагы орозо , парз намаздардан кийинки эң жакшы намаз - түнкү ( ТАХАЖЖУД ) намазы "- деди.


💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵
https://chat.whatsapp.com/Lamr5NT312C8UwFfhlCObC


Тарбия:
Автобус, маршруткада жаштар жашы улууларга турбай калышты.

Апалары 10 жашка жетелек балдарын отургузуп, улууларга орун беришпейт. Балдары турайын десе, отура бер деп апасы айтат.
Күлкүлүү окуяга кабылдым: Апасы баласына: "Отура бер! Төлөбөдүкпү" - деп айтты.

Кеп жол кирени төлөгөндө эмес! Анткени баары төлөшөт. Кеп улууларды урматоо жана адепти сактоодо турат.
Тетири тарбия берген"мамалар" бөлөк бирөөнүн баласы орун бербей койсо кыйкырып, жинденип, жаман карашат. Демек сизге бирөөнүн баласы орун берип, адеп сактоосун кааласаңыз, балаңызды ошого үйрөтө баштаңыз.

Ошондой эле адепсиздикти көрсөк, жаштар орун бергиле деп эскертип турганыбыз жакшы.


📍📍📝📍📍📝📍📍📝📍📍عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلّى الله عليه و سلّم: من حسن إسلام المرء تركهه ما لا يعنيه.رواه الترمذى و قال : هذا حديث غريب، باب حديث من حسن إسلام المرء....،رقم 2317

Абу Хурайра ( разияллооху анху) риваят кылат: "Расуулуллох( саллаллооху алайхи ва саллам): *" Пайдасыз сөздү сүйлөбөй койуу ,кишинин исламынын кооздугу"* ‐ деди.( Тирмизи).

Пайдасы: Хадистин мааниси,курулай сөздөрдөн жана пайдасыз иштерден оолактануу, ыймандын кооздугунун белгиси.Адамдын Исламынын сулуулугу да ушунда катылган.


Кыйынчылык учурда гана Алланы эстеген пенде болбогула


Ар бир адамдын башына сыноо келет. Себеби бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн жаратылган. Бүгүн соо жүргөн адам эртең оорукчан болуп калышы мүмкүн, бүгүн каткырып күлүп жүргөн адам эртең көз жашын токтото албай ыйлашы мүмкүн, бүгүн бай болуп жашаган адам эртең карызга батып, кедей болуп калышы мүмкүн. Эч бир адам эртең эмне болорун айта албайт.

Ошондуктан адам дайым дуба кылып, Аллахтан сыноо-кыйынчылыктардан сактоосун суроосу керек. Бирок кээде биз адамдардын башына түшкөн сыноолорду алдын алсак болот. Жогорудагы хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бизге ошол дубаны үйрөттү. Эгерде биз жашоодо кыйналган бир адамды көрсөк, мисалы, оорукчан, майып, карызга баткан, жашоодо кыйналып жашаган, дегеле кыйын тагдырга туш болгон адамды көргөндө ушул дубаны ага угузбай ичибизден айткан болсок, ошол кыйынчылык биздин башыбызга түшпөйт. Аллах ушул дуба себептүү бизди ошол сыноодон сактайт. Андыктан бул дубаны сөзсүз жаттап, дайым айтып жүрүңүз.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




[10.11.2024]
⠀⠀

اللهم لا تجعل الدنيا أڪبر همنا

Оо Аллахым, дүйнөнү биздин эң негизги түйшүгүбүз кылба…

⠀⠀⠀⠀

اللهم لا تجعل الدنيا أڪبر همنا

Оо Аллахым, дүйнөнү биздин эң негизги түйшүгүбүз кылба…


ХАДИС
💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙



عَنْ أَبِىْ هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللُه عَنْهُ أَنَّ النَّبِىَّ صَلَّى اللُه عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ : لَمَّا خَلَقَ اللُه الْخَلْقَ ، كَتَبَ فِىْ كِتَابِهِ ، فَهُوَ عِنْدَهُ فَوْقَ الْعَرْشِ : إِنَّ رَحْمَتِىْ تَغْلِبُ غَضَبِىْ . رواه مسلم ، باب فى سعة رحمة الله تعالى ....، رقم:٦٩٦



Абу Хурайра р.а дан риваят:"Пайгамбар с.а.в :"АЛЛА ТААЛА бардык макулуктарды жараткан соң арштын үстүндө турган " Лавхул- Махфуз " ( Китебине ) " Албетте , Менин ырайымдуулугум ачуумдан үстөмдүк кылат" деп жазып койгон "- деди.

Показано 20 последних публикаций.