Kaktus.kg


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


Биз менен биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктар менен кабардар болуңуз!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Бүгүн, 5-февралда, Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин экинчи айлампасы башталат.

Кыргызстандын улуттук курамасы Бахрейндин командасы менен ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат.

Белгилей кетсек, улуттук курам биринчи турда Кувейтти 8:7 эсебинде жеңип, “В” тайпасында 2-орунга жайгашкан. Учурда Сингапур 3 упай менен лидерликти сактап турат.


Бишкекте сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды

6-февралга пландалган ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды, деп билдирди мэрия.

Мурда суу Скрябин, Тыныстанов, Радищев, Панфилов, Медеров көчөлөрү жана башка аймактарда өчүрүлөрү айтылган. “Бишкекводоканал” суу түтүктөрүн оңдоону пландаган.


3-февралда Сокулук райондук ИИБге Жаңы-Жер айылындагы үй-бүлөлүк чыр тууралуу билдирүү түшүп, жубайлар Д.Н. жана Д.З. ортосундагы жаңжалды алдын алуу үчүн коргоо ордери берилген.

Бирок 4-февралда ошол эле үйдөн Д.З. аттуу аялдын жансыз денеси табылып, иликтөөдө күйөөсү кызганычтан улам аны бычактап өлтүргөнү аныкталды.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча иш козголуп, Д.Н. камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө соттук экспертизалар дайындалды.


4-февралдын кечинде Бишкектеги абанын сапаты “өтө зыяндуу” деп бааланууда, – деп маалымдайт World Air Quality.

Саат 22:00дө аба сапатынын индекси 281 AQIге жетип, PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 206.2 мкг/м³ түздү, бул ДСУнун нормасынан 41.2 эсе жогору.

Шаар аба булганышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда, кээ бир райондордо бул көрсөткүч 531 AQIге жетип, “өтө кооптуу” категориясына кирди.

Адистер сырттагы жүктөмдөрдөн баш тартууну, үйдө аба тазалагыч колдонуп, терезелерди жабууну жана көчөдө маска тагынууну сунушташат.


Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында кёрлинг боюнча мелдештер башталды. Кыргызстандын улуттук курама командасы Кувейттин курама командасын 8:6 эсебинде жеңип, ийгиликтүү старт алды.

Эми экинчи беттеште кыргызстандык спортчулар Филиппиндин командасы менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 53төн ашуун спортчу хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча катышууда.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги картошканын экспортун убактылуу чектөө маселесин карап жатат.

Мындан тышкары, азык-түлүк баалары көзөмөлдөнүүдө.

Буга чейин министрлик Бишкектеги базарларда уй, кой жана жылкы этине баа мониторингин жүргүзгөн.


Автобустагы кызга ыдык жасаган киши кармалды

Социалдык тармактарга 2-февраль күнү коомдук транспортто бараткан кызга карата белгисиз киши орунсуз аракеттерди жасаган видео тараган. Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат каттоо журналына дароо катталган.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1989-жылы туулган К.А. кармалды.


Алымкадыр Бейшеналиев министрлик кызматтан кетти

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматын тапшырды. Ал 2020-жылдын 14-октябрында Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган.

2022-жылдын августунда ал министр кызматынан алынган. Бирок 2023-жылдын сентябрында кайрадан Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеген.


Ош шаарында үй-бүлө көмүр кычкыл газына ууланып, бир жаш бала көз жумду. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

1-февралда тез жардам кызматкерлери милицияга 33 жаштагы Амир-Темир көчөсүнүн тургуну жана анын беш баласы уулануу белгилери менен Ош облустук ооруканасына жеткирилгенин маалымдашкан. 2020-жылы туулган баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда эне жана башка балдары дарылануусун улантууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.


Россиянын Билим берүү министрлиги орус тилинен экзамен тапшырбаган мигранттардын ата-энелерин административдик жоопкерчиликке тартууну караган буйруктун долбоорун сунуштады.

Мектепке кабыл алуудан мурда чет элдик жарандардын балдары орус тилинен тест тапшырууга тийиш. Эгерде өтпөсө, ата-энелердин эсебинен үч айлык кошумча окуу курсу сунушталат.

Эгер бала бир ай ичинде бул курстарга катышпаса, камкордук органдары анын жашоо-шартын иликтеп, Россиянын ИИМине жана тиешелүү комиссияларга билдирет.

Экзаменден өтпөгөндөрдүн тизмеси Россиянын ИИМ органдарына жөнөтүлөт.


1-февралда Ысык-Көлдөгү Каракол лыжа базасында асма жолдун түркүгү кулап, жети жана сегиз жаштагы эки кыз жаракат алды. Алар Тез жардам менен ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн кийин үйлөрүнө жиберилди.

Ак-Суу райондук милициясы бул окуяны каттоого алып, тиешелүү органдар кырсыктын себептерин иликтеп жатат. Техникалык экспертиза жүргүзүү пландалууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша кошумча маалымат берилери белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, мексикалыктар (252 044), гватемалалыктар (253 413), гондурастар (261 651) жана сальвадорлуктар (203 822) эң көп депортациялануучу улуттардын катарына кирет.

Ошондой эле тизмеде төмөнкү өлкөлөрдөн келген жарандар бар:
🇨🇳 Кытай – 37 908
🇷🇺 Россия – 3 518
🌍 Борбор Азия өлкөлөрү:
🇺🇿 Өзбекстан – 975
🇰🇿 Казакстан – 369
🇰🇬 Кыргызстан – 319
🇹🇯 Тажикстан – 149
🇹🇲 Түркмөнстан – 40

Учурда бул жарандар камакка алынган эмес, бирок алардын депортациясы боюнча акыркы чечим чыгарылган.


Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы Манас эстелигинин алдындагы жер төлөнү реконструкциялоо үчүн 1,8 млн сомго тендер жарыялады.

Бирок, мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Kaktus.media’га билдиргендей, бул соода жайларын куруу эмес, жер төлөдөгү курулуш иштерин жүргүзүү максатында жарыяланган тендер.

Белгилей кетсек, буга чейин Манас эстелиги алынып, постаментти жаңылоо жана жер төлөнү бекемдөө иштери башталган.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Борбордук Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас эстелигин реконструкциялоо иштери башталды. Ремонт канчага созулат?


Кыргызстанда интернет аркылуу мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып пул каралды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы мыйзамга ылайык, социалдык тармактарда бирөөнү мазактаган же жалаа жапкан жеке жактар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айып төлөшү керек.

Мыйзам 31-январда “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирет.


2024-жылы Нарын облусуна 141 378 турист келген, алардын ичинен 28 310у чет өлкөлүктөр. Эң көп туристтер Германиядан (3 359) жана Франциядан (3 190) келген.

Жалпы туризмден облуска 127,4 млн сом киреше түшкөн. Учурда 308 туристтик объект каттоодон өтүп, 182си активдүү иштеп жатат.

Туризмди өнүктүрүү үчүн “Теңир-Тоо” жана “Соң-Көл” глэмпингдери, “Кербен” мейманканасы, “Али-Нур” кемпинги жана “Тешик” жайлоосунда туристтик зона курулууда.

Мындан тышкары, visitnaryn.com платформасы жана мобилдик тиркеме түзүлүп, эки туристтик сервис борбору (рест-пойнт) курулуп жатат.


Трамп 19 жашка чейинкилерге жынысын алмаштырууга тыюу салды

Буга чейин Дональд Трамп анын башкаруу учурунда өкмөт эки гана жынысты таануу (эркек жана аял) саясатын жүргүзөрүн билдирген. "Нью-Йорк Пост" гезити Трамп трансгендерлерге аскерде кызмат өтөөгө тыюу саларын жазган. Алар 2016-жылы ошол кездеги президент Барак Обаманын тушунда АКШ армиясында кызмат өтөөгө укук алышкан.


Бишкекте зоопарктагы өрттөн 7 жаныбар өлдү

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарктан өрт чыкты. ӨКМдан билдиришкендей, өрт бүгүн 28-январда чыгып, саат 08:50дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 7 жаныбар: 6 маймыл, 1 кенгуру (бөрсө) өлдү.


Полиция кызматкерлери расизм боюнча айыптоолордон качуу үчүн мындай чара көрүп жатат.

Англиянын үч графствосундагы полиция кызматкерлери үчүн даярдалган 9 беттен турган сунуштар төмөнкүлөрдү камтыйт:

▪️ “Кара тизмеге киргизилген” (blacklisted), “кара кой” (black sheep) жана “кара” деген сөз камтылган башка фразаларды колдонбоо;
▪️ “Христиандык багыттагы” сөздөрдөн, мисалы, “ишеним” сөзүнөн оолак болуу;
▪️ “Кош бойлуу аял” эмес, “кош бойлуу адам” деп айтуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталган.


Чүй облусунун Кант шаарында 16 жаштагы окуучу мушташтан кийин каза болду. Окуя 22-январда №3 мектептин жанында болгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 11-класстын окуучусу Р.А. менен 16 жаштагы Ч.Д. чырдаша кетип, мушташка айланган.

Жабырлануучу Ч.Д. оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бишкектеги жеке ооруканада операция жасалганына карабастан, ал эсине келбей каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү Чүй ОИИББи жана ИИМ жеке көзөмөлүнө алды.

Показано 20 последних публикаций.