- Түшүнбөдүм...... Кандайча..?.....
- Дуа кылалы...
-Жок, мен аны менен жолукканыма көп болгон жокко!?
-Өмүр деген Азан менен Кооматтын ортосунда экен......
-Кантип?... Жолукканда кандай гана пландарды курбадык эле
........... Шаарга келем, курска окуйм, баарын жаныдан баштайм, аны унутам, өзүм менен болом, аны ойлобойм, ден соолугумду каратам, врчтар айтты эгер көп ойлонбой, сыгылбай, диета кармасам ден соолугум жакшы жакка өзгөрөт дешти. Мурдагыдай боло алат экенмин, деп айткан элего. Мени куттуктап жазды эле, жакында эле Кантип..... жок, жок, ишене албайм!?!?!
-Сабыр кылалы......
Баары канчалык тез болуп кеткенин түшүнбөй калдык, ЖАН деген ушундай экен, мен өзүм видео менен 2-3 күн мурда суйлоштум эле деп айтты, мага кабар берген эң жакын досу
Канчалык ыйлаганымды билбейм. Көзүмдөн жаш токтобой жатты, телефон чалуу же кандайдыр бир билдируу күтүп жаттым. Баары тамаша, сени тамашага салайын дедим эле деп чалып же жазып калчудай кабар күтүп, ишенбей жаттым. Эч эле ишене албай койдум. Соцсеттерине кирип видео-суротторун карап баары ордунда турганын көрүп ансайын ишенбей жаттым.
Бирок телефон чалгандан коркуп жаттым, бул кабардын чын болуп калуусунан коркуп жаттым. Эки жылдай бир үйдө жашап, универди бүткөнчө чогу окуп, бирде капаланышып, бирде күлүп, тоюна даярдыкты, переживанияларды бирге көрүп, чалып жазышканда сөзүбүз түгөнбөгөн досумдун кайтыш болушун кабыл алгым келбей жатты. Телефон чалсам, бир кабар билсем жүрөгүм атылып кетчүдөй байланыша албай жаттым, кабыл ала албай жаттым.
Кечке телефон карачу болдум. Балким жазып калат, же баары жалган, тамаша эле деп чалып калышат деп кабар күтүп жаттым. Жок. Эч кандай кабар жок.
Акыры чалдым, өчүк. Байланыша албадым, эртеси дагы чалдым, дагы чалдым. Жок. Чын экенин сезген сайын жүрөгүм катуураак согуп жатты.
Мага кабар берген жакын досу сенден карызы жок беле деп жазып калды. Үмүтүм дагы да өчүп жатты. Минтип жазгандан кийин өзүмдү ага аябай чоочун сездим, өзүмө жиним келди. Дагы ойлонуп кеттим, Аллах ыраазы болсун ал кыздан, кызык, мен көз жумсам карызы жок беле деп артымдан сураштырчу досум, тең тушум барбы, же сурай турган адамды жоготуп бүттүмбү. Айтор көп нерселерди ойлонуп, көп нерсе көзүмдөн өтүп жатты........
Дуа, садака.......
Бардын кадырын көзү барда билели. Чындыгында көп нерселерге өкүнүп калат экенбиз. Качан акыркы жолугушуу, акыркы байланыш болот билбейт экенбиз.
Мунун баарын жазган сайын көзүмө жаш толуп жатат. Түшүнүксүз сезимдер уялап, өкүнүч жан дүйнөмдү ээлеп турат.......