Naryndyktar


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар
🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары
📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger
👨🏻‍💻

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Адам баласына 4 нерсе эненин курсагында жазылат.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Саламат Орозматова эки баланын энеси. Ал 20 жылдан бери менчик жеңил унаасы менен Ош шаарында жүргүнчү ташып иштейт. Айдоочу айым унаасынын айрым бузулган жерлерин өзү оңдоп алат. Орозматова шаардын жолдору бузулгандыктан кирешесинин көпчүлүгү унаасын оңдотууга коротуларын айтат.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
💞 мага окшоп каны аз бирок дары иче албагандар үчүн сонун пайдалуу сок💞

2-3 кызылча
200 гр мейиз
2-3 баш нават

ач карынга күндө эртеменен 1 стакандан ичсеңиз , каныңыз көбөйүп өзүңүздү жакшы сезип каласыз.


Кыргызстанда мал экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тыюу 31-январдан баштап киргизилгенин билдирди.

Ага ылайык, азырынча чет өлкөлөргө ири мүйүздүү мал, майда мал жана жылкы экспорттоого болбойт. Веткызмат тыюу алынганда маалымат берилерин кошумчалады.

Мекеме буга байланыштуу суроолор болсо 0312 66 04 06 номерине кайрылууну эскертти.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
“Картошкаң 65, сабизиң 40”
Оштуктардын кымбатчылыкка пикирлери


Видео: Ош тв


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
‼️ Милиция ИИМ кызматкерлеринин сүрөтун колдонуп жалган маалымат тараткандарды кармады.

✔️ Милиция кызматкерлери ИИМдин кызматкерлеринин сүрөттөрүн колдонуп жасалма билдирүүлөрдү тараткан шектүүнү кармашты.


Керемет! Нарындагы тоңгон Көл-Суу

Укмуштуудай кооз картинанын автору Николай Гладков сүрөттөр ар кайсы мезгилде тартылганын жазды.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🔹️Коңшу Казакстанда бет капчан адам өрттөн улам атасын жана үч бир тууганын жоготкон Стас аттуу 16 жаштагы балага үй алып берди.


❗❗Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу 1-марттан тарта башталат

✔️Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу ушул жылы 1-марттан тарта башталат. Бул тууралуу «Ынтымак» фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, мыйзамдаштыруу процедурасы эки этапта өтөт.

“Оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу жарыялангандан кийин, аларды өлкөгө алып келүү аракети көрүлүүдө. Президенттин жарлыгы карапайым элдин унааларын легалдаштырууга багытталган. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул жылдын 1-мартынан тартып легалдаштыруу жараяны башталары боюнча маалымат беришти. Биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат ”,
 — деди эл өкүлү.

✔️Депутат учурда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынганын жана мындан ары өлкөгө алып кирүүгө болбой тургандыгын белгиледи


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
‼️ Бир каза болгон адам 7-8 адамга донор боло алат - Бейшеналиев.

✔️ Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстанда өлүк донорлугун киргизүү керектигин айтты. Бул динге каршы келбестигин тастыктаган имамдардан жана молдолордон документ алынганын билдирди.

✔️ «Донорлор жетишсиз болсо, өлүк трансплантациясына өтсөк, бир каза болгон адамдан 7-8 орган: боор, бөйрөк, жилик чучугу, өпкө жана жүрөктү алууга болот», - деп түшүндүрдү Алымкадыр Бейшеналиев.


‼️ Эми интернетте жалаа жабуу үчүн айып пул салынат.

✔️ Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

✔️ Интернетте мазактоо жана жалаа үчүн жеке жактар үчүн 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.


Кыргызстанда эми автоунааны онлайн кайра каттоого болот

Кайра каттоо "Түндүк" тиркемеси аркылуу жасалат.

▪️Ал үчүн "Унаа" мекемесинин каалаган аймактык бөлүмүнөн кароодон өтүү керек
▪️Айып пулдардын жок экенин текшертип, болсо бардыгын төлөө
▪️Эгер турмушта же үйлөнгөн болсо жолдошу/жубайынын уруксатын алуу
▪️Автоунаанын камакта эмес экенин текшерүү керек


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
❗❗Аскар Акаевдин 80 жылдыгы Москва мамлекеттик университетинде белгиленди

✔️Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү. Залда анын сүрөттөрү менен слайд-шоу көрсөтүлүп, андан соң музыканттар жана опера ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Акаевди майрамдык дасторкондо кесиптештери куттукташты.

✔️Эскерте кетсек, Акаев жакында эле экс-президенттик статусун кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган, бирок депутаттар анын өтүнүчүн четке кагышкан.


❗❗Кыргызстанда сойкулардын кызматын жарнамалаган 23 сайт жабылды

✔️Мындай чечимди сот 17-январда чыгарган. Сайттарда жылаңач кыздардын сүрөттөрү жана кызмат көрсөтүү баалары камтылган. Ал эми сайттарга кирүү эркин болгон.

✔️ИИМ баса белгилегендей, мындай мазмун маданияттын адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктардын бузулушуна өбөлгө түзөт, дейт ИИМ.


ᎱИᎷᎪЛᎪЙ ᴛᴏᴏᴄунун чᴏᴋуᴄу жᴀнᴀ ᴀнын бийиᴋᴛиᴦи?


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эржигит Самидинов Кыргызстанда жеке ишкерлигин баштоо үчүн алгачкы капиталды Орусиядан чогултуп келген мигранттардын бири. Ал миграциядан келгенден кийин кичи мекенинде бир канча жеке ишкерликтин түрү менен алектенип көргөн экен. Азыр ал Ош шаарынын четине тоок ферма ачып, калаа тургундарын жумуртка менен камсыздап жатыптыр.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Оштун Араван районунда дыйкандар картошканын эрте быша турган сортун эге башташты


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
❗❗Ысык-Көлдө суукка тоңуп калган ак куу куткарылды

✔️Канаттуу буга чейин Караколдогу "Бугу эне" зоопаркына алынып келинип, тиешелүү жардам көрсөтүлгөн соң эркиндикке коё берилген.


❗❗"Унаа" номурларга тыюу салынган тамгалардын айкалыштарын жарыялады

✔️Министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик транспорт каражаттарынын мамлекеттик номурларына жол берилгис тамгалардын айкалышынын тизмесин жарыялады

✔️Ага ылайык,
MVD, MBD, MWD, MID, AKS, AKC, GNS, GTS, IIM, OBD, OVD, UBD, OWD, UVD, AUE, BOP, OPG, VOR, WOR, ZEK, ZLO, TJK, UZB, KHP, айкалыштарына тыюу салынат.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эми ишкана-фирмалардын аталышында диний маанидеги сөздөрдү колдонууга тыюу салынат

Показано 20 последних публикаций.