*АЗИРЕТИ АБУ БАКРДЫН (Р.А.) ПАЗИЛЕТИ*
*Ахкаф сүрөсүнүн 15-аятында мындай деп айтылат:*
*«...Ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда: «Оо, Раббим! Мени ийгиликке жеткиз, мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылайын, сен ыраазы боло турган жакшы амалдарды кылайын. Менин жана урпактарымдын абалын жакшырт.*
*Албетте, мен сага (күнөөлөрүмдөн) тооба кылдым жана: «Мен чыныгы мусулмандарданмын» деп айтат».*
*Ибн Аббас риваят кылат, бул аят Азирети Абу Бакр (р.а.) жөнүндө түшүрүлгөн. Бул аят Азирети Абу Бакрдын (р.а.) абалын баяндап, анын биографиясына айланган.*
*Азирети Абу Бакр (радыйаллаху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) кырк жашына жакындап калганда ыйман келтирип, эң алгачкы мусулман болгон кишилерден.*
*Кырк жашка чыкканда Аллах Тааланын өзүнө жана ата-энесине берген жакшылыктарына, өзгөчө Исламдын баалуулуктарына шүгүр кылууга ийгиликтүү болуу үчүн дуба кылат.*
*Абу Бакр кандай жакшылыкты кааласа, Аллах Таала ага жардам берип, аны ошол жакшылыкта ийгиликке жеткирген.*
*Аллах Таала ыраазы болгон амалда ийгилике жетүү үчүн жасалган дубалары кабыл болот. Эң алгачкы болуп, Азирети Абу Бакр (р.а.) Аллахтын ыраазычылыгы үчүн тогуз кулду азат кылды. Билал Хабаши жана Амир бин Фухайра да ал кулдардын арасында эле. Мал-мүлкүн жакшылыкка сарп кылуунун артыкчылыгы Абу Бакрга башкаларга караганда көбүрөөк берилген.*
*Аллах Таала, анын урпагына кылган дубасы кабыл болот жана анын бардык балдары ыйман келтиришти. Апасы менен атасы да исламды кабыл алышкан.*
*Атасы Абу Кухафе, апасы Уммул-Хайр, уулу Абдуррахман жана анын уулу Абу Атик Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сухбатынын урмат-сыйына ээ болушкан.*
*Сахабалардын эч кимисине Абу Бакрдын даражасы берилген эмес. Бирок, сахабалардын баары ушундай жакшылык жана туура багытта болушкан.*
*Ахкаф сүрөсүнүн 16-аятында мындай деп билдирилет:*
*«Булар бейиш ээлеринен болгон адамдар, биз алардын эң жакшы амалдарын кабыл кылабыз жана күнөөлөрүн кечиребиз...»*