Бейиштигим❤️🔐🤍


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский


Бул дүйнөдө эки нерсе Мукаддас сен тулуп өскөн ублө сен жараткан ублө 🤍💞❤️

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Статистика
Фильтр публикаций


Эй адам...
Эч кимди таарынтпа,
Сөздөн каттуу эч нерсе жок.
Дене оор жүктү көтөрө, алат,бирок көңүл көтөрө албайт...


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эркек адам...


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🗣️:Эмнеге мынча март айын күтүп жатасың?



Орозо айы 2025-жылы 1-мартта башталып, 30- мартта Орозо айт майрамы менен аяктайт. Бул даталар жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө жараша бир күнгө жылышы мүмкүн. Негизги түн - Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет.


🛑 *_ЖАҢЫ ЖЫЛ МУСУЛМАНДАРДЫН МАЙРАМЫ ЭМЕС!_*

_Эскертип кетчү нерсе бул сөздөр мен мусулманмын Жаратуучум Аллах Пайгамбарым Мухаммад (ﷺ) диним Ислам деген мусулман бир туугандар үчүн._

*_Ислам дининде Аллах Таала мыйзамдаштырып берген 2 гана: Орозо айт жана Курман айт деген майрам бар, Жаны жыл деген майрам жок!!!_*

_Куранда Аллах Таала айтат:_

*_“Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман”_* (Бакара сүрөсү 208-аят)

_Аллах Таала бизди толук дин менен жашап, андагы өкүмдөрдү аткарып, динде жок нерседен алыс болууга, шайтандын ар кандай азгырыктарына алданбоого буюруп жатат_

_Жаңы жыл майрамы динибизде жок. Бул токой кудайына, Күн кудайына сыйынган бутпарастардын, андан кийин өздөрүнө майрам кылып алышкан христиандардын майрамы._

*_Алланын каргышында болгон спирт ичимдиктери эң көп ичилген майрам. Ар түрдүү оюн-зооктор, түнкү клубдарда, ресторан-кафелерде, корпоративдерде, кечелерде, эркекеги менен аялы аралашкан масчылык, бирөөнүн аялын бирөө кармалап ойноштукка чакырган майрам._*

_Эң көп ысырапкорлучук боло турган түн. Бир эле мисал: жарым саатта асманга атылган Кытайдын фейрверктерин алууга канча деген акчаны коротуп абага учуруп атабыз._

_Кереметтүү Куранда Аллах Таала_
*_“Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт”_* (Ароф сүрөсү 31-аят)

_деп бизге ачык түрдө буюруп жатат. Курандагы ачык түрдө айтылган аятттарды милдеттүү түрдө аткаруу зарыл._

*_Ошондуктан биз ысырап кылууга жол бербей жакындарыбызга да эскертели, жаңы жыл биздин майрам эмес, динде жок майрамды майрам деп майрамдоо күнөө экенин, айтып жеткирели_*

_Куранда Аллах Таала айтат:_
*_“Бирок эскерте бергин. Анткени, эскертүү ыймандууларга пайда берет”_* (Заарият сүрөсү 55-аят)

*_Аллах Таала бир шаарга азап жиберип, периштелерди жөнөтөт.. Периштелер келип карашса, шаардын ичинде намаз окуган, орозо кармаган бир мусулман дагы бар экен. Периштелер бул тууралуу кабар бергенде, Аллах Таалам айтат: “Азапты, ошол мусулмандын үйүнөн баштагыла! (эмнеге?) Себеби ал, өзү акыйкатты билет эле, бирок башкаларга жеткирбейт эле!_*

_Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:_
*_“Эгерде Кимде-Ким жаман ишке күбөө болсо аны колу менен токтотсун! Анда да болбосо тили менен токтотсун! Анда да болбосо ошол иштин канчалык денгээлде ыплас экенин жүрөгү менен жек корсун! Мындан төмөнкү ыйман болбойт. Жүрөк менен жек көрүү Ыймандын эң төмөнкү даражасы”_* -деген.

_А эгер, Жаңы жыл христиандардын ширк майрамы экенин толук сезип билип туруп, текеберленип: “Биз светский, демократиялык өлкөдө жашайбыз” майрамдаймын эле, эч нерсе болбойт, Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам, "Чын жүрөктөн баары бир" - деп майрамдаган болсо ал адамдын ыйманында чоң күмөн бар! Жана Алланын буйругуна каршы чыгып, аны жокко чыгарган абалда болот. Ким Алланын бир буйругун толук билип сезип туруп текеберленип жокко чыгарса ал Ислам динен чыгат, Ислам динине капыр болот._


Бир адам көп учурда Куран окуйт эле. Бирок андан эч нерсе жаттай албайт болчу.

Ошол адамдын кичинекей уулу атасынан сурады:
– Ата, сиз Куран окуйсуз, бирок эч нерсе жаттай албайсыз, анда анын сизге эмне пайдасы бар?

Атасы уулуна мындай деди:
– Балам, мен сага түшүндүрөм, бирок алгач, бул камыш себетти алып, андан сууну толтуруп кел.

Камыш себет адатта көмүрдү ташуу үчүн колдонулчу.

Уулу:
– Ата, бул мүмкүн эмес да!

Атасы:
– Сен аракет кылып көр, эмне болоорун байкайбыз.

Уулу бул сөздөн кийин себетти алып, сууга барып толтуруп келүүгө аракет кылды. Бирок жарым жолго жетпей эле суу бүт агып кетти.

Уулу атасына карап айтты:
– Ата, көрүп жатпайсызбы, бул мүмкүн эмес нерсе!

Атасы:
– Мейли, дагы бир жолу аракет кыл. – деди.

Уулу дагы аракет кылды. Бир жолу, эки жолу... бешинчи жолу болгондо, аябай чарчап, атасына мындай деди:
– Ата, сиз өзүңүз да билесиз, бул мүмкүн эмес. Эмне үчүн кайра-кайра аракет кылууга мажбурлап жатасыз?

Анда атасы уулунан сурады:
– Балам, себеттен бир нерсе байкадыңбы?

Уулу карап, түшүндү да мындай деди:
– Ооба, ата, себет таптаза болуптур.

Атасы мындай деп жооп берди:
– Ошентип, балам, бул себет сууну кармап кала албаса да, аны кайра-кайра жууп таптаза кылды. Ошол сыяктуу эле, адамдын жүрөгү да дүйнө иштеринен булганат, бирок Куран окуу менен жүрөгүбүз аны жаттабаса да, бул себетти суу тазалагандай тазаланат.

– Балам, Куран – жүрөгүңдү жана жаныңды тазалаган, азыктандырган, шыпаа берген нерсе. Шайтандын "жаттабаган нерсенин эмне пайдасы бар?" деген оюнунан сактан! – деп айтыптыр


Ар түрдүү кыйынчылыктардан кутулуу жана, кайгыны жок кылуу дубасы.

• Кыйынчылык адамды ороп алганда, кыжалат болгон учурда же анын таяна турган нерсеси жок болуп, жардамсыз калганда бул дуба окулат:

رَبِّ إِنِّي لِمَا أَنْزَلْتَ إِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيْرٌ (القصص)

Окулушу:
Робби иннии лимаа анзалта илай-йа мин хойрин факиир.


Мааниси:
Оо, Роббим! Албетте, мен Сенин мага берген ар бир жакшылыгына муктажмын.


قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: مَنْ كَثُرَتْ صَلَاتُهُ بِاللَّيْلِ حَسُنَ وَجْهُهُ بِالنَّهَارِ. (هـ)

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) айтты: “Ким түнкү намазын көп окуса, анын күндүзү (ал намаздын нурунан улам) жүзү жарык болот”. (Сунан ибни Маажа)


Мен сабыр кылам. Билемин, Аллах сабыр кылган пенделерине кандай иштеринде болсун, аягын ийгилик эшиктерин ачып берет. Аллах сабырдуулар менен бирге...

Мен жашоомо ыраазымын. Билемин, Аллах" Ар Роззааку - Өтө чоң ырыскы берүүчү" шүгүр кылган пенделеринин ырыскысын ар тараптан кенен кылып, жашоосун берекеге толтурат...

Мен дуба кылууну токтотпоймун. Билемин, Аллах дуба менен жашообузга келелек кырсык- балээ, оорулардын жолун тосуп, сактап, келген сыноолордон жеңил чыгып кетүүдө жардам берет. Анткени Анын убадасы " Силер дуба кылгыла, Мен силерге жооп берейин " деген.

Мен намазымды эч качан таштабай окуп жүрүүнү Алладан көп - көп сураймын.Ал мени таштап кетүүсүнөн коркомун. Билемин, Аллах алдында бир гана намазым менен жүзүм жарык жолугам. Анын, " Мен силерди Мага моюн сунуп, ибадат кылууңар үчүн жараттым, Мага кайтасыңар, сабырдуулук менен намазыңарды окуп, Өзүңөрдү тозоктун отуну болуп калуудан сактангыла " деген сөздөрү кулагыма жаңырып турат...

📖 "Эң сонун ысымдар Аллатыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

" Ал Барру- Пенделерине жакшылыгын мол кылып берүүчү" Эгем менин! Жакшылыгыңдан үмүт, каарыңдан корккон, коркуу менен үмүттү жүрөгүмө толтургун Йа, Раббым! Ар бир күнүмдө билип - билбей кылган күнөөмдүн  эсебин эске салгын, берген нематтыңды сезип, шүгүр кылган денемди Өзүңө толук моюн сундургун. Өзүң кечирип, Өзүң ыраазы болуп күтүп алган кулуң мен болоюн!

🤲🏻Жума маарек болсун жакшылар🥰




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
"بقي الحب في قلبي، لكنني اخترت الطريق الذي يرضي الله."

Сүйүү жүрөгүмдө калды, бирок мен Кудайга жаккан жолду тандадым.🤍


https://chat.whatsapp.com/Dglcx3ZF42oLD70c4IlauU

https://chat.whatsapp.com/Lamr5NT312C8UwFfhlCObC

https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z

Перейдите по ссылке, чтобы вступить в мою группу в WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z



Айымдарга гана тийешелүү суроо жана жооп , өтүлөт
Эскертүү : Эркек мырзалар катталууга болбойт Аманат


🖇 Кееде ушундай жерлерге кеткиң келет ал жерде сен жана сенин Раббиң гана болсо.....)


Көңүлдү көрүп да, кармап да ,
Кереги жөк .бөлгөнү аны аёо кэрэк.🤍


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Билесиңби эмне үчүн кээде биз
Кичинекей сөзгө да капа бөлөбүз..
😔Анткени сөздүн эси өтө манүлү😐


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Мага болгон ак сүйүүңдү баалаймын,
Сени тапкан, жарык менин таалайым.
Жетелешкен экөөбүздүн колубуз,
Бейиште да бир болуусун каалаймын🫀


Ар кандай кызыксыз жашоо,
Намаз менен кооздолот🖇🤍


Жашоо мүмкүнчүлүктөрдү күтүүдөн эмес, аларды түзүүдөн турат.


Ассаламу ьалайкум!
Кандайсыздаар? 🍃❤️🤗

Жуманыздар маарек бөлсун .
Сага намазды сунуштаган инсан,
Сени эң көп жакшы көргөн инсандыр❤️🕌
Намаз окуңуз жакшым🍃


Жөнөкөйлүгүң менен көптөрдүн көңүлүндөсүң...🤍🕊

انت في قلب ♡

Показано 20 последних публикаций.