*ОМУР БАРКЫН БИЛЕЛИ*❗❗❗
♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️
*Акча эмне* 💵💶💰❓
*Колдун кири бул чындык,*👐👐🏿
*Акча үчүн жүрөбүз го жүгүрүп*.🏃🏻♀️
*Аяп жүрүп өзүбүздөн акчаны*,
*Анан бир күн өтүп кетет тирүүлүк*.
*Оокат эмне*❓
*Үй толтура жыябыз,*
*Өзүбүзгө бекер түйшүк кылабыз*.
*Качан гана өлүм келсе жакалап*,
*Керексизин мына ошондо туябыз*.
*Аз болсо да өзүбүздү сүйөлү,*
*Аз өмүрдүн кадыр баркын билели.!!!*
*Ой санаабыз көр оокатка байлабай,*
*Адамдардын көңүлүн таап жүрөлү.!!!*
*Биз өлгөндө,жыйган малың ыйлабайт,*
*Көр оокатың адам сымал сыйлабайт.!!!*
*Адам гана билет адам кадырын,*
*Жаман жакшы экениңди ылгабайт !!!!*.
*Тамак эмне*❓
*Ичсең кардың тойгузат*,
*Ашык ичсең,ал да түйшүк, оорутат.!!!*
*Көңүл алып көпчүлүккө бөлүшкөн*,
*Ашың сага жакшы адамды чогултат!!!!*
*Кел курбулар тирүүлүктө чайлашып,*
*Жан дүйнөдөн жамандыкты айдашып.!!!!*
*Жашообузду ыр күлкүгө бөлөйлү,*
*Сыйлашуудан башка нерсе барбы артык.!!!!*
*Анда- санда жолукканда, саламыбыз түз болуп*,
*Өмүрүбүз баарыбыздын жүз болуп*,
*Сыйлашалы аз күнчөлүк өмүрдө*,
*Өтүп атат бат эле жай, күз болуп*...
*Орозобуз кабыл болсун кармаган*,
*Уул-кыздардын урмат-сыйын королук !!!!*.
*Балдарыбыз болсун дайым бактылуу*,
*Неберелер-чөбөрөлөр төрөлүп !!!*...
*Ак сакалдуу, ак элечек бололу*,
*Кубанычка, толкундоого тололу!!!!*.
*Жетелешип карылыка баралы*
*Берекелүү бай-байбиче бололу!!!!*...
*Орозодо каалаганым жакшылык*,
*Күбө болуп, күлүп жайнап каткырып*
*Күнөөлөрдү Кудай өзү кечирсин*
*Балким кылсак, билип-билбей жашчылык*...
*Орозобуз кабыл болсун туугандар*
*Түн ортосу, уйку басып тургандар*
*Сообун берсин, кудай берсин тилекти*
*Колун жайып, максат-тилек кылгандар!!!!*🤲🤲🤲 ..
Интернет желелеринен алынган маалымат.
http://t.me/SenAsylsyn