🌾Үнсүз дуа


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Цель:10k.
Актив ↗️
Начало истории
11. 04. 21.
Глава: @unsuz_dua.


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций




🌾Эркекке аялдын колдоосу керек,
аялга эркектин коргоосу керек…




– Сенин жакшы көргөн түсүң кайсы?
–Деңиздин түсү.
–Бирок бул түс эмес да. Кээде жашыл, кээде көк.
– Бул мага жагат.🌊💙


Өзүңдүн “башталышыңды” бирөөнүн “аягы” менен салыштырба🌱

Сенин жолуң башка, аныкы башка🌱

Сенин тагдырың, ырыскың эчак эле жазылган жана сеники болгон нерсе сага гана насип болот, эч кимге кетип калбайт🌱

Müşterih ol🌱

#өзүмөэскертүү


Убакыттын өтүшү менен ойлор, максаттар  өзгөрсө, кээ бири толукталып, бышыкталат экен...
#КенжебековаМээрим






Ойлонуп жатып таң атат, ой- адамды тажатат.

Ойлонуп жүрүп күн өтөт. ой- адамды жүдөтөт.


Үйлөнгөндөр, үйлөнө электерге жана үйлөнүүнү каалагандарга.
(Ойлондурган, пайдалуу окуя)

Жигит үйлөнөт. Атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат.
- Эмне үчүн? - жигит таңдана сурайт.
- Алып келе бер, - дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
- Таап келе кал. - дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
- Жаз! - дейт атасы.
- Эмнени жазайын?
- Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
- Өчүр! - дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
- Кайра жаз! - дейт
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
- Жаз! - деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат... дагы өчүрөт.... кайра жаздырат.... кайра өчүртөт. Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
- Барагыңдын бети дагы эле актай турабы?
- Ооба, Кайра - кайра өчүрүп жатсам...?!
- Оп баракелде, - атасы уулунун далысына таптайт.
- Кептин төркүнү мына ушунда, сен бүгүн үйлөндүң. Эми көкүрөгүңдө дайыма "өчүргүчтү" ала жүр. Эгерде аялыңдын кээ бир кемчиликтерин, жаман жорук-жосунун дароо көңүлүндөн өчүрүп салбасаң, бат эле киргем толуп, жакшылыгын жазчуудай орун табылбай калат. Аялыңда да ушундай "өчүргүчү" болууга тийиш. Мына ошондо гана силердин көкүрөгүңөр актай болуп, жакшылыкты жазганга орун табылат. Болбосо эр-аялдын "барагы" бат эле кирге толуп калышы турган кеп....

Эгер жашооң бактылуу, ырыс-кешиктүү болуусун кааласаң, "өчүргүчтү" дайыма ала жүр. Кимдир бирөөнүн жаман мамилесин, кемчилигин көрсөң, дароо Өчүр. Таза жаша, ак кагаздай таза бол, жашоонун мааниси ушул "ӨЧҮРГҮЧТӨ"


🌾Сен барда кадырыңа жетпеген адам,
сен жокто сени эстеп да койбосо керек…


Кандай кырдаал болбосун,
бийиктик сени менен калсын…


Өзүңдү эч кимге салыштырба,
сен өзгөчө адамсың…


🌾Башкага көрүнгөн караңгылык,
сен үчүн жарыктык болушу мүмкүн…


~Чыныгы сүйүүнүн эң көрктүү жери
бул-кыйынчылыкта да бирге болуу…




~Сен экөөбүздүн тагдырыбыз бир болмоюнча,
мен сени Аллахтан дуа кылып сурай беремин…

Показано 17 последних публикаций.