Aisuluu Almaz✨


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


Кыргызча күндөлүк #кыргызча

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Достор салам🫶

Акчадан травма алдык беле, эмнеге акча тапкандан, короткондон, деги эле акчаны башкаргандан коркобуз деп инстаграмда сөз кылсам аябай көп суроо келди.

Улам тарыхча жасап, бирден анализ жасап бергенге убактым жок болуп жатат.

Анан жабык чөйрөдө өткөн айда ушул темада сабак өттүм эле, сабагымды силерге белекке берейин дедим.

Ютуб каналыман көрсөңөр болот🫂


Көрүп, жаңы жылга чейин акча маселелериңер болсо чечип алгыла🫶🥰

https://youtu.be/8H8B9SdmjR4?si=AbNaVOiWkaqZ-E5a


Психология студенттери кайсы китептерди сөзсүз окуусу керек деп издесем ушул китепти көп студенттер, мугалимдер сунуштаптыр…

Адамдын ой жүгүртүүсү кандай жашоосуна таасир берет, жашаган коом, чөйрө, окуган мектеп, университет ошол ой жүгүртүүлөрүңдүн багытынын калыптануусундагы орду тууралуу сонун мисалдарды, практикалык тапшырмаларды жазыптыр…

Баракчама баш багып турсаңар жакынкы 2 жума ушул китеп тууралуу бул жерде жазып турам.

Кеттикти📚📚📚


Достор салам,

Ар кайсы жакта баракчаларым болуп, бул жакты кандай алып барам биле албай калдым😅

Окуган китептеримден айтып берип турсам кызык болот беле?

Чакан китеп клубу сымал болсо📚


Жакындарым менен, өзгөчө кайын журтум менен мамилең оңолбой жатканда көбүнчө кайын журтумду күнөөлөп коюп, капаланып, дайым беймаза болуп жүргөнгө көнө түшкөм.

Көрсө өзүмдү таанып, өзүм менен иштөөмө көп убакыт бөлбөгөнүм үчүн кайын журтум эле эмес, айланамдагы башка дагы бир тлп адамдар менен мамилең оң болбой жүргөн экен.

Өзүңдү таанысаң, жеке чек араларыңды билсең, өзүңдү сыйлаганды үйрөнсөң башкалар да сени сыйлаганды үйрөнөт экен.

Жогорудагы видеодо айткан ойлорума кошумча🫶




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Дүкөндөрдө акыркы китептер калыптыр😍

Китебим жаңы чыгып, эми окурмандарымдын колуна тиет дегенде ии ким алат эми деген сезимдер болду эле…

Алмак турсун китебимдин баары сатылып, акыркы китептер эле калыптыр дүкөндөрдө, кубанычыма чек жок💃🏻

Убакыт бөлүп, атайы чыгып барып Жөнөкөлүктү алып, окуп, улам окуганча мага жеке кат жазып, үн каттарды жиберип эч кимге айтпаган, айтканга батынбаган сезим, жан дүйнө көйгөйлөрүңүздү бөлүшкөнүңүзгө рахмат🫶

Бар болгула сонундар🥰




Кандайсыңар?

Кечээ ушундай жарыктар арасы курчалган кооз жерге бардык, анан тынчтыкта жарыктарды аралап жүрүп, көп нерсени ойлодум…

Аткарчу жоопкерчиликтерим аябай көп болуп кеткенине байланыштуу учурду жашаганды жакшы биле албай жатыптырмын.

Анан жабык чөйрөдө бул ай уюштуруп жаткан белгилүү суроолор негизинде жазылчу ыраазычылык күндөлүгүн бир күн да калтырбай жазайын деп жазып баштадым.

Балким, улам келечекке эле фокус боло бербей учурда эмнем бар, кандай абалдамын, анализдеп түшүнүп, ыраазы болгонду жакшыраак үйрөнүп алсам, жерге койгон бутум күчтүүрөөк, таамайыраак болуп кыялдарыма кыйналбай, процесстен рахат алган боюнча жылат белем деп ойлоп калдым…

Анан дагы түрдүү ойлорум болгондо тартынбай жазып койчу окурмандарым болгонуна аябай ыраазы болдум, болом да дайым🫶

Сиз бүгүн эмнеге ыраазысыз?


Баса, жаңы эле инстаграмда түз эфир уюштуруп,

• жеке чек ара
• туруктуулук, дисциплина
• бүтүн адам катары өнүгүү деген кандай ж.б. темаларда суроолорго жооп бердим.

Эгер көргүңөр келсе инстаграмда сакталуу:

https://www.instagram.com/reel/DAbUiAgx3GB/?igsh=MWZtbHpwMXJxbWVwbQ==


Кыялдарыңа жетүү үчүн психологиялык 4 тепкич, кеңеш👇🏻

1️⃣ Жыйынтыкка эмес, кыялга жетүү жолунда үйрөнүүгө, өнүгүүгө багытталган максаттарды коюу:

баланча кг арыктайм, баланча км марафон чуркайм, дүйнөдөгү белгилүү университетке өтөм, үй сатып алам, 50 өлкөнү кыдырам ж.б. деп кыялдарды белгилеп алып, жалаң гана жыйынтыкка умтулуп, ошол кыялга жеттүү үчүн кандай тепкичтерден өтүп, аракеттерди кылам, эмне үйрөнөм, ал кыялга жетүү жолунда кандай пайда табам деп багытыңды деталдуу аныктап албаган үчүн кыялга жетүү оор сезилип, ашыкча сарсанаа болуп, натыйжасында эч бир жыйынтыкка келе албайсың.

2️⃣ Кыялдарың жашоого болгон баалуулуктарың менен бир багытта болгону маанилүү:

жашоого болгон көз карашың өзгөрүп, чоңоюп, өнүккөн сайын жашоого болгон баалуулуктарыңдын да өзгөргөнү нормалдуу көрүнүш, анан сени менен бирге мурда ээх деп кыялдандан кыялдарың сени кызыктырбай, азыркы жашоо агымыңа дал келбей калышы мүмкүн

өзүңө аяр мамиле жасап, кыялыма жетпей калдым деп өзүңдү жебей, кыялдарыңды алмаштырып, өзгөртүп, багытыңды, пландарыңды жаңыдан жазып алгандан эч нерсе болбойт.

3️⃣ Кыял жетпей калсам эмне болот деген коркунуч эмес:

багытыңды кыялга жетпей калсам эмне болот деген коркунуч менен эмес, кыялга жетүү жолуңда рахат алам, үйрөнөм, чыйралам деп ойлоруңду оңдоп-түздөп алып аттанган жакшы.

Жыйынтык кандай болгон күндө да кийин өзүңдү жебей, маселеге реалдуу карап, жашооңду андан ары улантууга өзүңө алдын ала шарт түзгөн болосуң.

4️⃣ Кыялдарыңды сени колдоп, маанайың түшүп, мотивацияң жок отуруп калганда кыялдарыңды эскертип, ордуңан кайра тургузчу жакын, ишенген адамдарыңа айтуу:

Жакындарыңдын жектебей колдогону аябай маанилүү, бирок баары эле сени туура багытта колдогонду билбеши мүмкүн. Ошол үчүн кыялдарыңды бөлүшкөн адамдарыңды иргеп алганың маанилүү.

🫶 окуп жаткан ар бириңердин кыялдарыңар орундалышына тилектешмин🫂


Бул пикир туурасында эртең видео тартып бөлүшөм…

Видеолорум жайылып баштагандан бери Арстан дей берет экенсиң деп мени урушкандар аябай көбөйдү👀


73 жашында болсо дагы жаштарга йога үйрөтүп, жолдошу менен саякаттап, Канадага чейин келип балдары менен убакыт өткөрүп жүргөн Бакен эже менен маегибизде түйгөйлөр арасындагы гармония, бала тарбиялоо, сергек жашоо образы тууралуу сүйлөштүк.

Силерге дагы кызыктуу болот деген үмүттөмүн🫶

https://youtu.be/zlfCy2JdGjM?si=VfcKXfbb6Bsgkg3b

Урматым менен,

Айсулуу


Ой микрофонду сагынып калыптырмын го😅 1 айдан ашып кетиптир ютуб каналыма атайылап видео тартпай калганыбызга.

Өзүмдү кабыл алып, өнүгүүгө аракет кылып баштаганымда мага жардам берген негизги 7 кадамды айтып бердим.

Өнүгүүнү кайдан баштайм, элдер өнүгүш керек эле деп жатат, мен өнүгүп эле жатам го апейй деген суроолоруңар болсо жооп табасыңар деген үмүттөмүн🫶

Баса видеода айткан Калифорния университетинин окумуштуулары аныктаган 27 негизи сезимдердин тизмеси жогоруда👆

Акыркы 5 жылда мага жардам берген негизиги 7 кадамды кеңири айтып бердим, көрүп пайда табасыңар деген үмүттөмүн🫶

https://youtu.be/YzfIIy-AFdc?si=g8MGdsqSQgUlIo7p


Балага чет тилдерди үйрөтүүнүн эң оңой ыкмасы:

Ар бир ата-эне баласынын келечектеги ийгилиги үчүн баласы төрөлгөндөн тартып эле кам көрүп баштайт.

Мектепте жакшы окуу, спорт менен машыгуу, музыкалык инструмент ойноо деген өнөрлөрдүн арасында баласынын чет тилдерин билүү дагы ата-энелердин каалоолорунун арасында.

Бирок көпчүлүк бала мектепке барганга чейин көп деле нерсе үйрөнө албайт, билим берүү мектептин колунда деп балдарына көбүрөөк көңүл буруунун байкабай калат.

Чындыгында балдар кичинесинен эле бир канча тилди өздөштүрүп, алмаштырбай, жаңылбай ар бир тилде өз алдынча сүйлөй алат.

Бүгүнкү видеодо балдарга чет тилдерин кантип оңой үйрөтсө болот, мендеги кеңештер менен бөлүштүм. Силер дагы көрүп, балдарга тил үйрөтүү үчүн кандай кеңештериңер бар төмөндө бөлүшкөндү унутпагыла.

Урматым менен,

Айсулуу

https://youtu.be/zUw30E3bwDA?si=T5CrKSuAqOUCgTJZ


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Сүйүнчү достор, биздин @balakom.kg басма үйүнө жаңы китертер келди😍

Жолдошум Арстан экөөбүз былтыр балабызга кыргызча дүйнөлүк сапаттагы китеп таппай, анан бул көйгөйдү чечели деп өзүбүз басма үйүн куруп, өнүккөн өлкөлөрдө балдар кандай китеп окуп жатса дал ошондой китептерди кыргыз балдар дагы окусун, тили кыргызча чыгып, кыргыз тилине кошуп дүйнөлүк тил анлис тилин дагы үйрөнүп алсын деп китеп чыгарып баштаганбыз.

Убакыт учкан куш, билинбей 1 жыл өтүп, биздин басма үй 5 китеп чыгарганга жетишти🥳

Китеп чыгаруу, сүрөтчү, редактор анан барып басма үйлөрү менен иштөө укмуш машакаттуу иш экен, бир китепке кеминде 5-6ай коротуп жатабыз.

Биздин бул ары кызыктуу, көрөңгөлүү бирок ары татаал жолдо бизди колдогон ар бир кичинекей окурманыбызга жана кичинекей окурмандарыбызга биздин китептерден сатып берген ата-энелерге, эже-ага, тайэже-тайке, чоң-эне-ата, тайне-тайталарга терең ыраазычылык билдиребиз❤️

Терең урматыбыз менен,
Арстан & Айсулуу


Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасындагы каармандарга психологиялык анализ жасап чыктым.

Көркөм чыгармаларды окуп, каармандар аркылуу эмоционалдык абалыңды, аракеттериңди анализдөө чоңоюп, эмоционалдык жактан жетилүүңө чоң жардам берет дешет психологдор.

Анан биздин жабык чөйрөдө китеп клуб куруп, биз жактырган чыгармаларды окуп, ар бир каармандын эмоционалдык жетилүүсүнө анализ жасап, каармандар аркылуу өз сезим, жүрүм-турумдарыбызды күзгү кылып баамдап, пикирибизди чөйрө мүчөлөрү менен талкуулап жатабыз.

Төмөндөгү видеодо, чыгарманы окуп чыккандан кийин, психология жаатында окуп жаткан студент катары ар бир каарманга психологиялык анализ жасап чыгып жабык чөйрөдө бөлүшкөм.

Анан аябай кызуу талкуулап жатканыбыздан силерге да белек катары видеону ютуб каналымдагы жабык шилтеме аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүн берейин дедим...

Көрүп сиз оюңузда айтсаңыз да кубанып калмакмын❤️

https://youtu.be/sBMJuH8i9tQ


Окуп жаткан китебиңерди түшүңөрдө көрүп, окуяларды уланткан учурларыңар болду беле?

Китепте Самра ата-энеси кудалап, Канадада жашаган Пакистандык жигитке күйөөгө беришти. Жигит кызды Канадага алып келип, бир аз жашагандан кийин эле, кыз окууга тапшырайын деп жатса боюнда болуп калат экен.

Анан кыз боюмда болсо деле мейли, окуй берейин деп окууга баратса, күйөөсү хиджаб кий дейт экен… “сени башка эркектер кароосун каалабайм” деп кызганычын айтып, кызды акырындык менкн мажбурлайт окшойт.

Китети бул жума улантып бүтүрөм, кызганыч акыры күчөп, зордук-зомбулук да күчөйт сымал.

Аябай кооз тилде жазылыптыр, биздеги көп кыздардын тагдырына окшош болгондуку го, жүрөккө тийип жатат.

Анан түшүмдө көрүп жатыптырмын буларды😅😭


Ата-эне балдарын кордобой, коргогонго милдеттүү...

Кечээ өзү "Good wife", кыргызчасы жакшы аял деген Пакистандык айымдын мемуарын окуп баштагам. Биз таанып билип жүргөн биздин коомдогу айымдардын да тагдырына окшош болгондукубу, көзүмдү албай окуп жатып, түнкү 1де араң уктагам.

Самра, өзү Пакистандык, бирок ата-энеси менен Абу-Дабиде чоңоюп, 4 кыздын улуусу болот. Ата-энеси жогорку окуу жайынан окутабыз, сонун келечегиң болот деп үмүттөнүп, чоңойтуп, 17 жашка чыкканда жакшы жерлерден окуткан кымбат, андан көрө Канадада жашаган түбү Пакистандык жигитке турмушка берели, Канадада сонун келечегиң болот, окутуп алабыз деди деп күйөөгө беришет экен.

Самра башка баардык кыздардай, кичинесинен айланасындагы тууган чоң эркектерден түрдүү ыдык көрүп, ыза болуп, ыдык көрдүм деп арызданса апасы, "сен эрте чоңоюп жатасың" деп тескерисинче кызын күнөөлөгөнсүп жээрип, эч бири заман кызын колдобоптур, тескерисинче күйөө таап берип кутулайын дептир.

Бизде да кыздар үйдө тууган, тааныштардан ыдык көргөндө энеси күйөөсүн, эл эмне дейтти тандап ыдык көргөн кыздарынын таламын талашпаган учур өтө көп кездешет го (мен бул темада эмне деген кат алдым), окуп жатып ар бир ыдык көрүп, ыдык көрсөткөн айбандар жазасын албай калганын эстеп бир топ капа болдум...

Китептин азыр башындагы 50-бетинде эле жүрөм, бирок канча ата-эне баласынын каалоо-тилеги менен эсептешпей, баласын тааныбай, эл кандай кылса ошондой кылалы деп элдин балдары кылып тарбиялап, балдарынын жашоосун жакшыртпай тескерисинде тагдырына балта чапкан.

Ата-энелердин баары бизди куурап төрөп-чоңойткон деп деле кир жугузбайбыз, бирок акыл тунуп, өзүң ата-эне болгондо айланаңдагы ата-энелердин канчасы балдарына оюнда жакшылык каалап жатам деген үмүт менен тескерисинче балдарын баткакка тыкканы орсоюп көрүнүп калат экен...

Мен өспүрүм кезде да куда түшөлү деп үйдөгүлөргө кайрылгандар болот эле, мектепти жаңы бүткөн жылы бир таанышыбыз, "балабыз баланча жерде IT тармагында иштейт, 30га чыкты, эми үйлөнөйүн деп жатат" деп үйдөгүлөргө кайрылышканда, 30га чыгып өз башына кыз таап үйлөнө албай ата-энесине кыз издетип жүргөн киши менен таанышпайм дептирмин.

Өзүмдүн эсимде жок, өткөндө үйдөгүлөр айтып тамашалап, эстеп бир күлүп алдык. А менин үй-бүлөм кудалап деген нерсеге каршы эле, иним экөөбүзгө тең түйгөйдү өзүң таап баш кошосуң деген түшүнүк менен чоңойгонбуз... а бирок канча жаштар андай мүмкүнчүлүгү болгон эмес, кыргызда эле эмес, Пакистан сымал дагы канча өлкөдө...


Кечээ бул китепти окуп баштагам,

китептен алган алгачкы таасир, ойлорум төмөндө👇🏻


Ал арада,

“2-аял болуп турмушка чыгып, жолдошумдун 1-аялына ынтымакта жашайлы деп кат жазсамбы” деп

бизден кеңещ сураган окурман айымдын каты боюнча бул жума youtube каналымда жаңы видео келет.

Психогиялык изилдөө, илимий макалаларды окуп жатам ошол темада…

Видеомдон, аялы туруп колун сураган мырзаларга алданбай, жаш кыздар көрүп, өзүн, каалоолорун анализдегенди үйрөнүп, пайда табат деген үмүттөмүн.

Показано 20 последних публикаций.