Кыялдарыңа жетүү үчүн психологиялык 4 тепкич, кеңеш👇🏻
1️⃣ Жыйынтыкка эмес, кыялга жетүү жолунда үйрөнүүгө, өнүгүүгө багытталган максаттарды коюу:
баланча кг арыктайм, баланча км марафон чуркайм, дүйнөдөгү белгилүү университетке өтөм, үй сатып алам, 50 өлкөнү кыдырам ж.б. деп кыялдарды белгилеп алып, жалаң гана жыйынтыкка умтулуп, ошол кыялга жеттүү үчүн кандай тепкичтерден өтүп, аракеттерди кылам, эмне үйрөнөм, ал кыялга жетүү жолунда кандай пайда табам деп багытыңды деталдуу аныктап албаган үчүн кыялга жетүү оор сезилип, ашыкча сарсанаа болуп, натыйжасында эч бир жыйынтыкка келе албайсың.
2️⃣ Кыялдарың жашоого болгон баалуулуктарың менен бир багытта болгону маанилүү:
жашоого болгон көз карашың өзгөрүп, чоңоюп, өнүккөн сайын жашоого болгон баалуулуктарыңдын да өзгөргөнү нормалдуу көрүнүш, анан сени менен бирге мурда ээх деп кыялдандан кыялдарың сени кызыктырбай, азыркы жашоо агымыңа дал келбей калышы мүмкүн
өзүңө аяр мамиле жасап, кыялыма жетпей калдым деп өзүңдү жебей, кыялдарыңды алмаштырып, өзгөртүп, багытыңды, пландарыңды жаңыдан жазып алгандан эч нерсе болбойт.
3️⃣ Кыял жетпей калсам эмне болот деген коркунуч эмес:
багытыңды кыялга жетпей калсам эмне болот деген коркунуч менен эмес, кыялга жетүү жолуңда рахат алам, үйрөнөм, чыйралам деп ойлоруңду оңдоп-түздөп алып аттанган жакшы.
Жыйынтык кандай болгон күндө да кийин өзүңдү жебей, маселеге реалдуу карап, жашооңду андан ары улантууга өзүңө алдын ала шарт түзгөн болосуң.
4️⃣ Кыялдарыңды сени колдоп, маанайың түшүп, мотивацияң жок отуруп калганда кыялдарыңды эскертип, ордуңан кайра тургузчу жакын, ишенген адамдарыңа айтуу:
Жакындарыңдын жектебей колдогону аябай маанилүү, бирок баары эле сени туура багытта колдогонду билбеши мүмкүн. Ошол үчүн кыялдарыңды бөлүшкөн адамдарыңды иргеп алганың маанилүү.
🫶 окуп жаткан ар бириңердин кыялдарыңар орундалышына тилектешмин🫂