*Алтын таажы*
Бүгүн сен күндөгүдөй намазга да турган жоксуң. Чарчаңкы кийинип, бутуңду ю араң шилтеп, үйдөгүлөрдүн эч кимисине сүйлөбөй, чай да ичпей сыртка бет алдың. Окууңданбы же ишиңденби көйгөй болгонбу, кайра артка кайтып, бөлмөңдүн терезелерин жаап, караңгылыкка камалып, ичинден буулугуп ыйлап жаттың. Билесиңби, мен сени карап суктанып турамын. "Эмнеме суктанасың, шылдыңдап жатасың го?" деп айтарсың. Жок, андай эмес, болгону мен сени ушул абалдан чыгарып, көйгөйлөрүңдү чече турган башыңдагы алтын таажыңа суктанып карап отурам. Ооба, ал сага көрүнбөйт. Ал таажы ушундай баалуу дейсиң, дүйнө кезип, чөнтөгүң акчага толо болсо да сатып ала албайсың, таба да албайсың! Аны сен сындырганда, жоготкондо гана кадырына жетесиң. Ал алтын таажы кандай таажы дебейсиңби? Ал сенин ДЕН СООЛУГУҢ!
Анткени, ден соолук адамзатты адам кылган, келечек максатка жеткизген, бирөөлөрдүн алдында башыңды бийик кылган, ойлогон ой-максаттарыңа жетүүгө мүмкүнчүлүк берген жалгыз жолдошуң. Эгер ал сени таштап басып кетсе, бүттү, азыр колуңда турган бакыт кушу кантип учуп кеткенин сезбей каласың.
"Адамдар эки нерсенин баасын билбейт, алар - бош убакыт жана ден соолук". Бул менин сөзүм эмес. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Ал- лахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзү. Биз бул эки нерсенин баа-баркын билгенче өмүр бизден өтүп кетет. Келиңиздер, ушул эки нерсе тууралуу жай олтуруп, терең ойлонолу... бош убакыт жана ден соолук...
О, Жараткан Аллах, баарыбызга бекем ден соолук бер!
Асман-жерден келген оору-сыркоонун баарынан сакта!
Тагдырыбыздагы оору менен келген сыноолорду бизге жеңил кыл!
~ "Эртең дебе" китебинен