Жайкы каникулда бир айдай күн сайын университетке келип кетүүгө туура келди. Аралык жакын эмес. Музыка угуп бара бергенден тажайт экенсиң. Интернеттен кызыктуу подкасттарды издеп көрдүм. Эң биринчилерден болуп "Find Your B"
@findyourb сайты көзгө урунду. Сайтына кирип биринчи эле подкастын угар замат аябай жакты.
http://findyourb.com Негедир мен күнүмдүк жашоомдо каршылашып жаткан көйгөйлөрдүн чечимдерин уккандай болдум. Маселен, максатка жетүү, кыйынчылыктар менен күрөшүү, татаал жашоо жарышында өзүнү жоготуп албоо жана башка көптөгөн жаштарга арналган көйгөйлөрдүн чечимдери айтылды.
Эң алгач Саясат Нурбек аттуу Казакстандын белгилүү коомдук ишмери менен болгон эпизод менен таанышып чыктым. Чынын айтсам, аябай жакты. Таасирлендим. Шыктандым. Маек абдан жөнөкөй жана таасирдүү болгондуктан бир дем менен угуп чыктым. Айтор, университетке кантип жеткенимди өзүм да аңдабай калыпмын. Ошентип баардык эпизоддорду укканга жетиштим. Ар бир каармандын ойлору мен үчүн абдан баалуу сезилди. Ар бир каармандан жаңы нерсе үйрөнө алдым деп ойлойм. Азыр болсо ар бир чыгарылышын чыдамсыздык менен күтүп угам.
Балким, кыргыз тилдүү аудиторияга да ушул сыяктуу булактар керек. Жаштарга туура багыт бере алчу, өз тажрыйбасын менен бөлүшө алчу ага-эжелерибиздин көптүгүнө күмөнүм жок.
Көп өтпөй, ошондой эле темаларды тууралуу, жашоодон чыныгы "өзүңдү" табуу процессин талкуулаган Ксения аттуу ишкер айымдын "Это Не Просто"
@ksenia_is_out деген подкаст серияларын угуп баштадым. Бул дагы аябай жакты. Же менин азыркы абалым ички дүйнөмдү угуу, "өзүмдү издөө" процессин өтүп жаткандыктанбы, баары мен үчүн айтылгандай туюлду.
Подкасттарды, listennotes.com , soundcloud.com
же Stitcher, Spotify сыяктуу мобилдик тиркемелеринен угууга болот.