Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Семья и дети


Бала тарбиялоо - бул өзүңдү тарбиялоо
Бала- Аллахтын бизге берген аманаты

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Семья и дети
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Болгону 500 сомго “Жүрөк тынчтыгы”,- курсуна катталып, өзүңүздөн бактылуу апа жаратыңыз!

👆 арзандатуу менен катталып жетишүү үчүн комментарийге номур жазып калтырыңыз 👇


Китеп жаздырам дегендер +996 509 828 287 номерге жазыныздар.


Уй булонор жонундо китеп чыгарам, эстелик болуп калсын десенер, заказ бергиле.
Ата-эне, бир туугандар, жашоо, окуяларды кооздоп, суротторунор менен китеп кылып чыгарып колунарга карматам.
Силерге 5 шт китеп берилет.
Баасы 15000. Заказ кылгандан кийин Бир жумада колунарга китеп тиет.


+996 706 841 713 ушу номерге байланышыныз.

25-январь Ош шаарында
26-январь Бишкек шаарында чоң семинар болот


"Сенин дарагың гүлдөдү"

Айбек аттуу мугалим кичинекей айылдагы мектепте иштечү. Ал өтө сабырдуу жана мээримдүү болчу, бирок анын классында бир бала, Эрлан, дайыма көйгөй жаратып, сабакты үзгүлтүккө учуратчу. Баланын шалаакылыгынан чарчаган мугалимдер:
— Эрландан эч нерсе чыкпайт. Ал жөн эле убактыбызды бекер кетирет, – деп айтышчу.

Бирок Айбек ага башкача көз караш менен карады. Ал Эрландагы өзгөчө бир нерсени көргүсү келди. Бир күнү Айбек сабакка майда бактын көчөттөрүн алып келди жана ар бир окуучуга берип, мындай деди:
— Бул көчөт – силердин мүмкүнчүлүгүңөр. Ага кам көргүлө, суугаргыла, ошондо анын гүлдөп, жемиш бергенин көрөсүңөр.

Балдар көчөттөрдү үйлөрүнө алып кетишти. Эрлан бул тапшырманы башында олуттуу кабыл алган жок. Бирок апасынын: *"Айбек агай сага ишенет, ушуну бир жолу татыктуу аткарчы"* деген сөзүнөн кийин көчөттү карап баштады. Эрлан көчөтүн күн сайын сугарып, күн нурун алып турушу үчүн жылдырып, анын ар бир жалбырагына көз салып турду.

Айлар өтүп, көчөттөр чоңоюп, гүлдөй баштады. Айбек агай балдарды мектептин короосуна чакырып, көчөттөрүн көрсөтүүнү суранды. Эрлан өз дарагын алып келгенде, ал башкалардыкынан чоңураак жана коозураак болуптур. Айбек агай күлүмсүрөп, мындай деди:
— Эрлан, сен бул даракты жакшы багыптырсың. Бул сенин жашооңдо да чоң нерсеге жетише алаарыңды далилдейт.

Ошол күн Эрлан үчүн бурулуш учур болду. Ал мугалимдин ишеними анын өзүнө болгон ишенимин ойготконун түшүндү. Эрлан сабактарга көңүл буруп, жакшы окуй баштады. Окууну бүтүп шаарга окууга кетти. Кийинчерээк ал айылга кайтып келип, бакчаларды жана сейил бактарды уюштурган агроном болуп иштеди.

Бир жолу ал Айбек агайга жолугуп:
— Агай, сиз мага ошол көчөттү берген күнү менин жашоомду өзгөрттүңүз. Сиз менин дарагымды эле эмес, менин үмүтүмдү да гүлдөттүңүз, – деди.

*Мугалимдер – окуучулардын ичиндеги "багылбай калган көчөттөрдү" гүлдөтө алган бакчачылар. Алар ишеними жана мээрими менен жашоолорду өзгөртөт.*
Рано Акматова


*"Жылдыздарды жандырган мугалим"*

Бир айылда Бекназ аттуу мугалим жашаптыр. Ал өз ишин абдан жакшы көргөн, ар бир окуучусун жүрөгү менен туюп, алардын ар бирине өзгөчө мамиле жасачу. Бирок айылдын балдары жалкоо, билимге анча кызыкпай, “Мугалимдин эмне кереги бар?” деп кекете беришчү.

Бир күнү айылга акылман карыя келип, айылдын балдарын жана мугалимдерин жыйнап мындай дейт:
— Асмандагы жылдыздарды көрүп жатасыңарбы? Алар ар бириңердин жашооңордо жашырылган дараметти билдирет. Бирок бул жылдыздарды күйгүзүү оңой эмес. Ар бир адамдын жылдызын жандыруу үчүн билимдин оту керек. Бул ишти ким аткарарын билесиңерби?

Балдар баш чайкап жооп бере алышпайт. Ошондо карыя айтыптыр:
— Жылдыздарды мугалимдер жандырат! Алар ар бириңердин жашооңордо от жагып, ким экениңерди көрсөтөт. Бирок бул отту күйгүзүү үчүн мугалимдер чексиз күч, акыл жана мээрим сарпташат.

Бекназ мугалимдин эмгегин түшүнбөгөн балдар бул сөздөрдөн ойго чөмүлүп, анын эмгегине башкача көз караш менен карай башташат. Ошол эле күнү ал балдарды бир жайык талаага алып барып, кичинекей чырактарды таратып, мындай дейт:
— Бул чырак ар бириңердин потенциалыңар. Бирок аны күйгүзүү үчүн эмгек, сабыр жана билимдин жарыгы керек. Мен силерге отту берүүгө даярмын, бирок аны өчүрбөө – силердин жоопкерчилигиңер.

Ошентип, балдар чырактарын күйгүзүп, ар бири өз максатын табууга аракет кылат. Күндөр өткөн сайын алардын жашоосу өзгөрө баштайт. Бирөө сүрөтчү, экинчиси дарыгер, дагы бири акын болуп чыгат. Баары ийгиликтери үчүн өз мугалими Бекназга ыраазычылык билдиришет.

Кийинчерээк ошол балдар каерде жүрбөсүн өздөрүнүн устаты жөнүндө айтып беришет:
— Бекназ агай биздин тагдырыбызды өзгөрттү. Анын мээрими жана сабырдуулугу болбосо, жылдыздарыбыз эч качан жанбайт эле.

Ошол күндөн баштап айылда мугалимдерди "жылдыз жандыруучулар" деп аташчу болду. Ал эми Бекназ агай өз иши менен сыймыктанып, ар бир окуучусунун жашоосунда из калтырып кеткенин билгенде, анын жүрөгү мээрим жана кубанычка толуп, тынчтык тапты.

Мугалимдер – тагдырды калыптандыруучулар. Алардын эмгеги – келечектин эң жаркын оту.






Ассаляму алейкум урматтуу катталуучуларым 🤩🤩🤩

Көпчүлүк айымдын көйгөйүн чечүүгө жардам берүү максатында жазылган жаңы аудио сабактарга каттоо ачылды🚀🚀🚀

"ЖҮРӨК ТЫНЧТЫГЫ" курсунун программасы⤵️

1. Сезимдер
2. Приоритет
3. Сүйүү алуу жолдору
4. Акча
5. Мен. Ойлор.
6. Дене
7. Чоң адам.
8. Өзүн сүйүү
9. Өзүнө ишенүү
10. Адам. Мамиле
11. Аракеттер
12. Адаттарды ойлорду өзгөртүү
13. Нааразы болгонго себеп табылат
14. Жетишкендиктер
15. Терс эмоция
16. Таарыныч
17. Ички чөйрө.
18. Чек ара жонундо.
19. Барктуулук
20. Өзүн сүйүү

Сабактар 5 ай сакталат✅

Курс 22-январда старт алат, ага чейин сиз 50% арзандатуу менен 500 сомго катталып жетишиңиз🔥🔥🔥

Толук маалымат алуу үчүн ссылканы басып менеджерге жазыңыз 👇👇👇

https://api.whatsapp.com/send?phone=996709100442


100.50 сом болсо да салсанар көп тукурсо кол болот дегендей. Комур алышып, каары балдар жылуу жерде окууга мумкунчулук алышат.


0225040994 мбанк Элеман деп чыгат же единица салсанар болот.






Өзбек жигит айтат "Кошунабыз орус кемпир Орусияга көчүп жатканда жардам бердик, 1,5 саат китеп ташыдык. Кийин бир өзүбүздүн досубузга да көчүүгө жардам бердик, 1,5 саат банка ташыдык. ".


Ачуулу булут н.pdf
2.5Мб
Бул жомок сизге белек! 🔥

— “жомок”,- терапиясы десе “а жомок окуп бере калайын”,- деп жашпаңыздар. Дүйнөдөгү бардык эле жомоктор терапия боло албайт балаңызга.

Көйгөйү бар, анан ошол көйгөйгө чечими бар, балаңыздын өзүн баалоосун өстүргөн, адеп-ахлакка чакырган, аны жакшы жакка тарбиялаган жомоктордун топтомун алууну кааласаңыз номур жазып калтырыңыз 👇


Сүрөттөр биринчи эмнени көрдүңүз?

Психологиялык тест: Сиздин күчтүү тарабыңызды аныктоо үчүн

Жообу комментарийде 👇


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
СҮЙҮНЧҮ, “ЖОМОК”,- ТЕРАПИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ЖАЗЫЛГАН ПСИХОЛОГИЯЛЫК КИТЕБИМ ДАЯР ❤️‍🔥

— бул китеп – сиздер үчүн ишенимдүү жардамчы жана балдар үчүн жаңы дүйнөлөрдү ачкан ачкыч болоруна ишенем.

Жалпы 76 жомокту болгону 380 сомго алып жетишүү үчүн комментарийге номур калтырыңыз 👇


*Байчечекей*

Илгери бир заманда кыш өтө катуу болуп, адамдар менен жаныбарлар жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүшчү. Кар калың жаап, күн суук болгондуктан, бардыгы үмүтүн жогото баштаган эле.

Бирок бир кичинекей гүл кардын астында жашап, күн жылыйт деп ишенип үмүтүн үзбөй күтүп жүрчү. Бул гүлдүн аты Байчечекей болчу. Ал назик жана кичинекей болгонуна карабай, жүрөгүндө күчтүү үмүт бар эле.

Кыштын эң суук түндөрүнүн биринде Байчечекей асманга карап мындай деди:
— Аллахым, мага жардам берчи. Мен адамдарга жаз жакындап калганын айткым келет. Мен өзүм жалгыз болсо да, жылуулукту алып келгим келет.

Аллах анын үнүн угуп, күндүн жылуулугун бир аз жиберди. Ошондо кардын алдынан кичинекей жалбырактар баш багып, Байчечекей өзүн көрсөткөнү даярданып жатты.

Бирок Кыш Байчечекейдин баш көтөргөнүн көрүп, ачууланып:
— Сен азырынча убактың келген жок! Кар дагы эле жаап жатат. Сенин назик жалбырактарын сууктан үшүп калат, — деди.

Байчечекей коркпой жооп берди:
— Мен кичинекеймин, бирок күчтүүмүн. Адамдарга жаздын жакындап калганын билгизүү үчүн келгенмин. Менин чыгышым алардын жүрөгүн жылытат.

Кыш бул сөздөргө таң калып, өз шамалдарын токтотту.

Ошол күнү Байчечекей кардын арасынан биринчи болуп гүл ачты. Аны көргөн адамдар жаздын жакындап калганын сезишти. Алар жүрөктөрүндө жылуулук пайда болуп, кайрадан ишенимге толуп калышты.

*Байчечекейдин сабагы*
Байчечекей өзүнүн назиктигине карабай, адамдарга кубаныч жана үмүт тартуулап, жаздын келүүсүн жар салды. Ал адамдарга эң кыйын учурларда да үмүтүн жоготпоону үйрөттү.

*Сабак*
Бул жомок балдарга кичинекей болсо да, чоң өзгөрүүлөрдү алып келүүгө болорун, үмүт жана күч ишенимдин эң күчтүү куралдары экенин түшүндүрөт. Байчечекей — бул кичинекей үмүттүн чоң күчкө айлана аларын эске салган белек.


Кандайсыздар. Менин кийинки жомогумду окуп кенеш айтып, ойунуздар менен болушунуздорчу . Аллахты кошконум туура эле болобу? Же кошпошум керекпи?


Жалпы 76 жомокту , толтура бонустары менен болгону 380 сомго алып жетишүү үчүн комментарийге номур калтырыңыз 👇

@rano_akmatova
@rano_akmatova
@rano_akmatova

Показано 20 последних публикаций.