Бейишке татыктуу - АЯЛ🤍


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Группа айымдар үчүн гана!📍

Мырзалар катталбасын АМАНАТ❗

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций




Ассаламу ьалайкум!
Каналга мырзалар катталбасын Аманат❗️


Жоолук салынып,узун кийип авратын жапкан кыздар сиздер кутудагы катылган бриллиантсыздар!💎
Бриллиант аябай кымбат баалуу таш,аны кез келген адам ала албайт. Ал башкалардан баалуулугу менен айырмаланып турат. Бриллиант алтын менен күмүштөн кандай айырмаланып турганындай эле сиздер да айырмаланып турасыздар✨.

Узун этегиңиз,башыңыздагы жолугуңуз сизди бейишке кирүүңүзгө себеп болсун🤲🫶




🩸Айыз жана нифастын терминдеринин аныктамалары🌸

🩸АЯЛДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ КАНДАР

1)Истихаза(бузулган кан)🩸
2)Нифас🩸
3)Айыз🩸

📍1.Истихаза - бул айызда үч суткага жетпеген же он суткадан ашып кеткен ошондой эле нифаста кырк суткадан ашып кеткен канды же кан өкүмүндө болгон нерсе.

Истихиза аялдын жатынынан эмес жыныс кынынан (влагалище) чыгат...

📍2.Нифас - деп бул кош бойлуу айым көз жаргандан кийин б.а баласы толук төрөлгөндөн кийин же баласынын денесинин жарымынан көп бөлүгү чыккандан кийин келүүчү кандай айтабыз.Мейли, ал кан анык келген кан болсун же өкүм жактан келген кан болсун айырмасы жок .

📍3.Айыз - деп бойго жеткен, кош бойлуу эмес, климакс жашына жетпеген, ден-соолгу чың айымдын жатынынан келген канды айтабыз.Мейли, ал келген кан (же суюктук) анык келген же өкүм жактан келген кан болсун айырмасы жок.


Репост из: Китепкөй достор📚
ЖООЛУГУМ МЕНИН ТААЖЫМ📗📘

Китеп сага хиджабтын, жамынуунун бир кийинүү модасы болбогонун тескерисинче, сенин чыныгы сулуулугуңду арттыра турганын,даражаңды жогорулата турганын жана сени Раббиңе жакындатып , тыгыз байланышты камсыз кыла турганын жөнөкөй сөздөр менен гана түшүндүрүп берген китеп болуп саналат.📚✅

📍"Жаш кыз жана жамынуу"

280сом

Китеп алуу үчүн (+) же номериңизди калтырыңыз❗️🌾




Хадис✨💭

«Аллах Таала илим жолуна түшкөн адамдын бейишке баруучу жолун  жеңилдетет




🧳🍂

Кантип өзүңүздү сүйүп, өзүңүз менен гармонияда жашоо керек:

1)
"Мен өзүмдү кандай сүйсөм жана бааласам, ошондой сүйөм жана баалайм." Бул фраза өзүн сүйүү жолунда жашоонун жалгыз туура урааны болуп калышы керек. Сиз өзүңүз кубанычтын жана сүйүүнүн булагы боло аласыз.

2)
Эч ким идеалдуу эмес. "Джазда гана кыздар" тасмасындагы сөздөрдү эстегиле: "Ар кимдин өз кемчилиги бар". Өзүңдү ким экениң үчүн сүй. Эч качан өзүңүздүн кемсинтүүгө жол бербеңиз.

3)
Өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Сиз өзгөчө жана уникалдуусуз. Өзүңдү сүйүү деген өзүңө сүйүү менен мамиле кылуу дегенди билдирет.

4)
Кемчиликтериңизди кабыл алыңыз: кээ бир жагдайларда алсыздыктар жакшылыктарга караганда жаркырашы мүмкүн.

5)
Жакшыртуу: Сизде дайыма жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Өзүңдү сүйүү деген өзүңдүн үстүндө тынымсыз иштөө дегенди билдирет.


БИСМИЛЛЯХ

Ассаламу алайкум 🌸

▪︎ Баары бир деле пландагандай болбойт да

▪︎Пландап койсом , ал план менен чектелип эркин жашай албайм да

▪︎5 мүнөттөн кийин ким бар ким док "Ким билет?" Ошон үчүн планы жок эле жашаш керек да

▪︎ж.б.у.с ойлор сизди план жазуудан качырат

Ошентип эркин жашайм, 5 мүнөттөн кийин эмне болмок эле деп отуруп бүткүл жашообуз чаржайыт өтүп жатат🙂.

Аллах Таалам биздин күнүбүздү күндө 5 убак намаз окууну пландап берип койгонго🌸. Ошол планды аткарбасак акыретибизге кур кол менен барабыз.

Анын сыңары күнүмдүк жашообузду ирээтке келтирбесек көп ийгиликтен кур жалак калабыз .

Күндө кайталанып кыла турган амалдарды катарынан жазып коюңуз:

•30 бет китеп окуйм
•1000 жолу зикр айтам
•10 мүнөт Куран окуйм
•ж.б.у.с амал & иштер

#план


Ассаламу алейкум сёстры ❤️
Админка кыз өз парзын аткарып жоолукка кирди.
Өзгөчө бир эмоция , кубануу көзүнө толгон көз жаш 🥹
Кичинемден келе жаткан кыялым.Аллах насип кылыптыр 4.01.2023 ушул күндү.
Баарыбыздын жоолугубуз түбөлүктүү болсун✨ татыктуу , үлгүлүү бололу🍂🌼
Сиздерден мага эки ооз сөз кеңеш...👇


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


~Аялдар эмне үчүн билимдүү болуш керек~ :

°Ал кыз
Ата-энесинин абийрин билдирет🍃
°Ал келин
Жолдошунун даражасын билдерет🍃
°Ал эне
Балдарынын коомдогу ордун билдирет🍃
🕯🪶


• ХАДИС

Анас (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:

“Чындыгында, бир тиштем нан жеп, ошол нерсе үчүн Аллага мактоо айткан жана бир уурттам суу ичип, ошол нерсе үчүн Аллага мактоо айткан пендеден Аллах ыраазы болот”.🌼✨🌼




🔰 ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР

Чоң күнөөлөр көп: (Жетимиш эки чоң күнөө мына булар.)

1. Себепсиз адам өлтүрүү.

2. Зина кылуу.

3. Ливата кылуу.

4. Шарап жана башка бардык алкоголдук ичкиликтерди ичүү. (Пиво ичүү харам.)

5. Уурулук кылуу.

6. Көңүл ачуу максатында наркотикалык зат колдонуу.

7. Башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу.

8. Жалган күбө берүү.

9. Рамазан айында орозо кармаган адамдардын алдында себепсиз тамак ичип-жеш.

10. Пайыз алып-берүү.

11. Көп ант ичүү.

12. Эне-атага каршы келүү.

13. Махрам жана салих тууганын зыярат кылбоо.

14. Согушта душманды көрүп качуу.

15. Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиз жеш.

16. Таразасы жана өлчөм каражаты менен туура эмес тартуу.

17. Намазды маалынан мурда же кийин окуу.

18. Момун дин бир тууганынын көңүлүн оорутуу. (Каабаны кулатуудан да чоң күнөө. Аллаху тааланы эң көп капаланткан куфурдан кийин көңүл оорутуу сыяктуу чоң күнөө жок.)

19. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) айтпаган сөздү айтып, хадис деп Ага жалаа жабуу.

20. Пара алуу.

21. Чын күбө болуудан качуу.

22. Мал-мүлктүн зекети менен ушрун бербөө.

23. Алы жеткен адам мункарды б.а., күнөө кылып жаткан адамды көргөндө аны мындан кайтарбоо.

24. Тирүү жандыкты өрттөө.

25. Курани каримди үйрөнүп, бирок, кийин аны окууну унутуу.

26. Аллаху азим-уш-шандын ырайымынан үмүт үзүү.

27. Мусулман болсун, капыр болсун адамдарга кыянаттык кылуу.

28. Чочконун этин жеш.

29. Расулуллахтын сахабаларынан (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) кимисин болбосун жактырбоо жана тил тийгизүү.

30. Курсагы тойгонуна карабастан тамак жешти улантуу.

31. Аялдардын күйөөлөрүнүн төшөгүнөн качуусу.

32. Аялдардын күйөөлөрүнөн уруксатсыз бир жерге кетүүсү.

33. Намыстуу аялды сойку деп атоо.

34. Намима, б.а., мусулмандардын арасында сөз ташуу.

35. Аврат жерлерин башка бирөөнө көрсөтүү. (Эркектин киндик менен тизесинин ортосу, ал эми аялдын чачы, колу, буттары аврат.) Башка бирөөнүн аврат жерин кароо да харам.

36. Өлүктү жеш жана башка бирөөнө жедириш.

37. Аманатка кыянат кылуу.

38. Мусулманды гыйбат кылуу.

39. Хасад кылуу б.а., ичи тардык, көрө албастык.

40. Аллаху таалага шерик кошуу.

41. Жалган сүйлөө.

42. Текеберлик, өзүн жогору эсептөө.

43. Өлүм алдындагы адамдын мураскорунан мал жашыруу.

44. Сараңдык, абдан ач көз болуу.

45. Дүнүйөгө берилүү.

46. Аллаху тааланын азабынан коркпоо.

47. Харамдын харам экендигине ишенбөө.

48. Халалдын халал экендигине ишенбөө.

49. Төлгөчүлөрдүн төлгөсүнө жана кайыптан кабар берерине ишенүү.

50. Дининен баш тартып, муртад болуу.

51. Себепсиз башка бирөөнүн аялын, кызын кароо.

52. Аялдардын эркек кийимин кийүүлөрү.

53. Эркектердин аял кийимин кийүүлөрү.

54. Каабада күнөө кылуу.

55. Маалын күтпөй азан айтуу жана намаз окуу.

56. Мамлекеттик кызматкерлеринин мыйзамдарына каршы чыгуу.

57. Аялынын махрам жерлерин энесинин махрам жерлерине окшотуу.

58. Аялынын энесине тил тийгизүү.

59. Бири бирине курал такап мээлөө, коркутуу.

60. Иттин жугундусун жеп-ичүү.

61. Кылган жакшылыкты колко кылуу.

62. Жибек кийүү. (Эркектер үчүн)

63. Жахил (сабатсыз) бойдон жүрө берүү. (Ахли сүннөт ишенимин, фарздарды, харамдарды жана керектүү болгон маалыматтарды үйрөнбөө.)

64. Аллаху тааланын атынан Ислам дининде билдирилген ысымдардан башка нерселер менен ант ичүү.

65. Илимден качуу.

66. Жахилдиктин кыйынчылык экендигин түшүнбөстүк.

67. Майда-чүйдө күнөөлөрдү кылууну улантуу.

68. Жөн эле каткырып көп күлүү.

69. Бир намаз маалы өткөнчө жунуп абалда болуу.

70. Хайз абалында жана төрөттөн кийин аялы менен жакындык кылуу.

71. Таганни кылуу. Абийирсиз ыр ырдоо, аспап чертүү.

72. Өзүн өзү өлтүрүү.

Мута никеси (б.а. күбөсүз эле бир аялга белгилүү өлчөмдө акча берип, белгилүү мезгил үчүн чогуу жашоого макулдашуу) жана муваккат нике (б.а. убактылуу нике. Бир адамдын белгилүү убакыттан кийин аялынан ажырашарын алдын ала айтып шарт коюлган харам нике) харам. Аял жана кыздардын башы, чачы, колу жана буттары ачык бойдон көчөгө чыгуулары харам болгондой эле, жука, тар, кооздолгон, атыр жыттуу көйнөк кийип чыгуулары дагы харам.🕯🪶

#жашоомаңызы




🕯🪶

Сен кечинде телефонго алаксып отурганыңда,Аллахтын сүйүктүү кулдары ибадат кылып жатканын унтпа✨🕊

Показано 20 последних публикаций.

251

подписчиков
Статистика канала