BILESINBI.KG


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Познавательное


Кыргызстандагы жаштардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлүү суроолоруна жооп алып берүүчү долбоор. Суроолорду узатып, жооп алсаңыздар болот.


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Статистика
Фильтр публикаций


Маршрутка. Тыгын. Сакалын ак баскан чоң ата түштү. Алдыда отургандар "уф, ким орун бошотор экен" дегенсип бири-бирин карашты. Чоң ата бейкапар айдоочунун жанында тура берди. Анан жаш келин пакетин колуна алып, "отуруп алыңыз" деди. Чоң ата баш тартты. Келин дагы сунуштады. "Кызым, отура бер, аял кишиден орун талаша албайм. Джентельмен карыса дагы джентельмен бойдон калышы керек, туурабы" деп жылуу жылмайды. Жанатан бери аялдардан орун талашып отурган мырзалар ыңгайсыз боло түшүштү. Жымжырт. Мына сага үлгү.

https://t.me/karakyzmonology/137


Кичинемде апам менен атам мени "кара кыз", "капкарам", "шоколадым" деп эркелетишчү. Албетте, алардын оюнда жаман эч нерсе жок болчу деңизчи, бирок бул сөздөр мага катуу тиет эле.

"Эмнеге мен карамын", "э кудай, агарып 👇🏻👇🏻👇🏻

https://t.me/karakyzmonology/143


Кутмандуу кечиңиздер менен! Бизде анча жакшы эмес кабар бар. 😞

Биз убактылуу телеграм каналыбызды иштетүүнү токтотобуз. Убактылуу! 🙌

Бизди жоготуп албоо үчүн:

Инстаграм: https://www.instagram.com/bilesinbi.kg/

Тикток: https://www.tiktok.com/@bilesinbi.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UC3HxBtnnz3PM0JiRy8CR_hw

Сайт: https://www.bilesinbi.kg/

😍❤️


Күндөн коргонуңуз. Жаз мезгилинде бетке туура кам көрүү үчүн 7 кеңеш

Салам, достор! Бир нече күндөн кийин жаз келет. Жаз мезгилинде биздин терибиз өзгөчө камкордукка муктаж болот. Сиздерге жаз айларында бетке кам көрүү боюнча бир нече кеңештерди сунуштайбыз.

Терини тазалоо. Кыш мезгилинде териңизде топтолуп калышы мүмкүн болгон ашыкча майды жана кирлерди кетирүү үчүн жумшак тазалоочу каражаттарды колдонуңуз.

Терини нымдаштыруу. Жаз шамалдуу болушу мүмкүн, ошондуктан тери кургап, кыжырданышы ыктымал. Аны жумшак жана жылмакай сактоо үчүн нымдандыруучу кремдерди колдонуңуз.

Күндөн коргоонуу. Жазда күн дайымкыдан да жаркырайт, андыктан териңизди зыяндуу нурлардан жана эрте картаюудан коргоо үчүн жогорку деңгээлдеги күндөн коргоочу кремди колдонуңуз.

Көздүн айланасындагы териге кам көрүү. Көздүн айланасындагы тери өтө жука жана өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Көздүн шишигин жана алдынын карарганын азайтуу үчүн атайын кремдерди колдонуңуз.

Теринин азыктандыруу. Терини ичинен азыктандыруу да маанилүү. Күнүмдү менюңузда көп мөмө-жемиштер, жашылчалар, жашыл жалбырактар ​​жана зайтун майы жана авокадо сыяктуу пайдалуу майлар камтылганын текшериңиз.

Спирт ичимдиктерин жана тамеки чегүүнү чектөө. Алкоголь жана никотин териге терс таасирин тийгизип, кургап, түсүн өзгөртөт.

Күнүмдүк териге кам көрүү тартиби. Беттин терисине үзгүлтүксүз кам көрүү - беттин сактыгынын жана сулуулугунун ачкычы. Териңиздин түрүнө жана муктаждыктарына ылайыктуу өзүңүздүн күнүмдүк териге кам көрүү режимиңизди түзүңүз.

Кеңештер жактыбы? Анда башкаларга дагы бөлүшкөндү унутпаңыз.😍❤️


Ай, эмнеге отписка болуп атышат ыя? Келгиле, чогу себебин издеп көрөлүчү. Комментарийге жазгылачы. 😁🙏




Баласы колун розеткага сала берген ата-энелер үчүн кеңеш

"Ай, болбойт!" Канчалык "болбойт" дегениңиз менен, балаңыз чуркап барып колун розеткага салып жатабы? Эмне кылууну билбей калдыңызбы? Эч кабатыр болбоңуз, адистердин бул кеңеши сизге жардам берет.

- Бала ата-энеси менен чогуу бир жерде жашайт, демек, ал чоңдорду туурап, апасынан же атасынан кийин бардык аракеттерди кайталайт. Бул жаман эмес, бала дүйнөнү ушундай жол менен изилдейт. Ал эми ага дайыма тыюу сала берсе, кайра ал изилдегенин эки эселеп күчөтөт.

- "Болбойт!" деген сөздү обу жок колдоно бербеш керек. Бул өзгөчө кырдаалдар үчүн колдонулган гана сөз болушу зарыл. Эгер аны күн сайын колдоно берсе, анын баркы кетет. Бала олуттуу кабыл албай калат.

- Кичинекей баланын жашоосунда "Болбойт!" деген сөз 5тен ашык болбошу керек. Мисалы, ал бычакты албашы керек экенин, манжаларын розеткага салбашы керек экенин, ачык терезеге барбашы керек экенин так билиши керек. "Болбойт!" деген тыюунун саны 50 болсо, алардын күчү өтпөй калат.

- Розеткалар менен ойноого тыюу салуу жетишсиз, балага альтернатива бериш керек. Мисалы: "Мен розеткалар менен ойногуң келип жатканыңды көрүп жатам, бирок бул кооптуу. Кел андан көрө, бул таякчаларды алып, банкага салалы?" Балага бир нерсенин бир нерсеге кошулушу, бир нерсенин бир нерсеге киргизилиши жагат, демек, ал дароо макул болот.

- Бирок, өз колу менен ар кандай материалдардан, розеткаларды жасап ойнотуу сунушталбайт. Анткени, бала дубалдагы розеткалар менен да ушундай эле ойной алам деп ойлошу мүмкүн.

Сиздин балаңыз колун розеткага салабы?


"15 жыл күйөөмдүн байпагын жуудум" деп айтамбы деп ыйладым

Баары баламдын мектептен берген тапшырмасынан башталды. Мугалими ата-энеңер ким болгон сурагыла дептир. Жок, ким болгон эмес. Эмне менен алектенет дегени экен. Бул суроо мени өзгөрттү.

Таң эрте турам. Кирлерди алып чыгып жаям. Кайра чай коем. Жуунганга жылуу суу ысытам. Тамак ысытам. Балдарды окуусуна даярдап, жука халатымды кийип алып маршурткага чейин узатып келем. Бул арада күйөөмөн сөгүш угам. Мени көрсө эле ызырана берет. Ага тамак берем. Унчукпай жеп алып, жумушуна кетет. Кайра кир жууйм. Күйөөмдүн байпактары толуп кетти. Базарга түшүп, картошка менен макарон алып келем. Арткан тыйынга балдарга чупа-чупс менен сагыз алам. Кайра келатып дүкөнгө карызга түшөм, май калбай калыптыр. Тамак жасайм. Туз калбай калыптыр, кайра дүкөнгө карызга жөнөйм. Тигине күйөөм мас болуп келатат. Тапканын дагы ичип алыптыр. Дагы кол көтөрдү. Тажадым.

- Апа.

- Атам менен канча жыл жашадыңыз.

- Эмне кыласың?

- Мугалим эже тапшырма берген.

- 15.

- 15 жыл кандай өттү?

- Байпак жуудум.

Ыйлап жибердим. Билбейм кайдан, тилимден ушул сөз чыгып кетти. Уулум таңкалып калды. Кызым чоңоюп келатат. Ага да ушинтип айтамбы? Жоопкерчиликти өз колума алганга убакыт келди.

Бирөө мени куткарат деп жашап келгем. Күйөөм ичпей калат, кол көтөрбөй калат деп жашап келгем. Курмандык болуп жашап келгем. Балдарга ата керек деп жашап келгем. Балдарынын бетинен өөп койгонго жарабаган атанын кереги барбы? Мага жылуу сөз айтып койгонго жарабаган күйөөнүн кереги барбы? Дүкөндөгү карызды төлөп койбогон күйөөнүн кереги барбы?

- Апа, каерге келдик?

- Эми ушул жерде жашайбыз?

- Сенде акча жок да?

- Апаңда эми күч бар. Акчаны заматта таап коем. Карачы, күчтүү бекем.

Уулум менен кызымды кытылап кирдим.


Реакция калтырыңыз
😍❤️


Таенемдин бул сөзүнөн кийин аялымды тынч коюну чечтим

Билбейм, эмнени туура эмес кылдык. Эч эле жашай албай койдук. Көп жолу уруштук. Балалуу болдук. Дагы уруштук. Дагы балалуу болдук. Уруш күчөдү.

Аялым мени сүйбөй турганын айтты. "Жашай албайм" деп кетип калды. Мен албетте кое бербедим. Балдарды бербейм деп коркуттум. Күн сайын телефон чалам. Жалдырайм. Кайра жаман сөз айтам. Артынан түшүп алдым.

Жалдырады. "Келбечи" деп суранды. "Балдар үчүн тынч койчу" деп суранды. Мен баары бир кайтаргым келди. Кое бергим келбеди. Меники кылам дедим.

Жашырганда эмне. Ызаман ичип алдым. Үйгө жөө келдим. Таенем бул кейпимди көрбөшү керек эле. Айылдан келип калган тура...

- Балам, "тагдыр" деген нерсени билесиңби?

- Эми, башка жазган нерсе да, таене.

- Туура балам, эгер бир нерсе сага насип болсо, сен эч нерсе кылбасаң деле сеники болот. Эгер бир нерсе сага насип болбосо, канча аракет кылба, канча кыйналба, канча азап чекпе, ал сага буйрубайт. Кемең деңизде багыты жок сүзүп жүрөт. Балким, рулду колго алганга убакыт келди.

Кое бердим. Канчалык кыйын болбосун кое бердим. Балдар үчүн жакшы мамиле сактап калалы дедим. Аялым рахмат деди.

Насип эмес экен.

Реакция калтырыңыз
😍❤️


Салам, достор! Бул жума кайсы адисти түз эфирге конокко чакыралы?
Опрос
  •   Уролог
  •   Педиатр
  •   Гинеколог
301 голосов


ОКУРМАНДАН СУРОО:

Мен үй-бүлөлүү эркекти жакшы көрөм. Жакшы эле мамилени токтотоюн дейм, бирок күчүм жетпейт. Кантип баш тартсам болот? Кеңешиңиздерге муктажмын.


Акылы кем ата-энемди болочок кайын-журтума тааныштыргандан уялам

Перизат: өз ата-энемден уялам

Мени атамдын улуу агасы Бекиш чоң атам тарбиялаган. Ата-энемдин колунан окуталы деп беш жашымда алып кетишкен.

Ата-энем тоодо турушат. Атам чоң атамдын малын карайт, апам үй иштери менен алек. Экөө тең акылы боюнча артта калган, тубаса кем акыл.

Баарын жакшы түшүнүшөт. Ушунчалык жүрөгү таза адамдар. Мен барганда сүйүнүп тамды айланып чуркашып, болгон тамагын жайып тосуп алышат. Кетип жатсам, экөө тең колумдан тартып, кетпе деп суранышат, жаш балача ыйлашат.

Эмне үчүн ата-энем башкаларга окшош эмес деп, кудайга таарынып көп жолу ыйладым.
Бекиш чоң атам менен чоң энем мени балдарынан кем кылбай багып, окутуп, кийинтип, университетке өткөрүштү. Курбуларым, жигитим аларды менин ата-энем, деп ойлошот. Эч ким акылы кем адамдардын кызы экенимди билбейт.

Кээде өзүмдү ушунчалык жек көрүп кетем. Акылы кем болсо да, жүрөгү таза ата-энемден уялганыма ачууланам.
Жакында турмушка чыгам. Чоң атамдарга менин ата-энем болуп берип койгулачы деп сурандым. Алар макул болушту. Жаңы турмушумду калп менен баштагым келбейт. Бирок, кайын-журтума айтсам, мени келин кылбай коюшабы, деп корком. Жигитим таштап кетсечи? Же баарын ачык айтсамбы? Мага кеңеш бериңизчи?


Иий, анан да бул сөздөрдү айтпаш керек болсо, эмне кылыш керек дегендерге дагы жооп берилди.


Түз эфир болуп бүттү, бул жактан көрүп, пайдалуу маалыматты алсаңыздар болот.

https://www.instagram.com/p/CotlkmbIlrl/




Иий достор, эртең, саат 11:00до түз эфирде балдар психологу Астра Дүйшеева конокто болот.

Суроолорду комментарийге калтырабыз.

https://www.instagram.com/p/Coqs8ZtssgC/


Салам! Балага жыныстык тарбияны канча жаштан бере башташ керек?
Опрос
  •   1-3 жаш
  •   4-7 жаш
  •   8 жаштан кийин
  •   Өзү чоңойгондо түшүнүп, билип алат
359 голосов


Айлыгым аялымдын картасына түшөт десем досум каткырды

Ээ, достор! Ошентип досторумдун саны бир адамга кыскарды. Жок, каза болгон жок, баары жакшы, болгону мени түшүнбөйт экен. Анын үстүнө аялымды сөктү. Мен мындайга жол бербейм.

- Кеттик достор! Бир чардайлы.

- Азыр, мен аялымдан акча алып алайын.

- Эмне акча? Айлык түшпөдүбү?

- Менин айлыгым аялыма түшөт.

- Койчу?

Мен үйлөнгөнгө чейин бир бөлмөлүү батирде турат элем. Батирдин ичи ээн, шкаф деген жок, кийимдерим эки-үчөө эле, мага ошол эле жетет болчу. Тытынып иштебейт деле болчумун. Курсак тойсо, арман жок дегендей.

Мени азыркы деңгээлге келинчегим жеткирди.

Жашоо шартым кыйла жакшы. Үй салдым. Машина алдым. Чет өлкөлөргө чыга баштадым. Кийимдерим дагы көбөйдү. Жумушумду алмаштырдым. Мен өстүм.

Мага апама, карындашыма, келинчегиме акча короткон жагат. Өзүмө кереги жок. Мен аларга короткон сайын кубанам, анан кайра акчам көбөйөт. Билбейм, өзүм таңкалам. Айлыгымды аялымдын картасына салдыртып койгом. Мен ошондой кааладым.

Билесиңерби, акча бергим келбейт деп, акчасы жок мырзалар айтат. Келгиле, айымдарыбызды кубанталы. Үйлөнбөсөм, бир калыпта эле жүрө бермекмин. Мына, аялымдын сөзүн угуп, жамандык көргөн жокмун.

А мага жакшылык каалаган адамды сөккөн досумдан кол үздүм.

Күйөө болуп күйө албаган күйөөлөрдү сыйлабайм. Аялды аяп, колго салып бөпөлөш керек. Атам мага ушундай тарбия берген.

Реакция калтырыңыз 😍❤️

2k 0 1 5 127

Салам, достор! Эртең, саат 20:00до түз эфирде үй-бүлөлүк дарыгер Курманжан Мамасадыкова @dr.kazubekovna конокто болот.

Тема: Кош бойлуулукту пландоо жана наристеге кам көрүү

Темадан тышкары суроолорго дагы жооп алып берүүгө аракет кылабыз.
Сурооңузду комментарийге жазыңыз.👇

https://www.instagram.com/p/ComLrvqsRfb/


Ыйлап жаткан балага эч качан бул 5 сөздү айтпаңыз

Бул сөздөрдү көп эле ата-эне ыйлап жаткан баласына айтат. Бирок, айтып жаткан учурда балага кандай терс таасир берип жатканын аңдабайт. Ал эмне болгон сөздөр экенин төмөндөн окуңуз.

Ыйлаба!

Ыйлап жаткан балага эч качан бул сөздү айтпаңыз. Бала муну менен ыйлаган жаман экен деп, эмоциаларын жашырганга өтөт. Бул эмоционалдык интеллекттин өнүгүшүнө зыян келтирет. Ичине баарын ката берген баланын жүрүм-турумунда дагы көйгөйлөр пайда болот. "Ыйласам ата-энеме жакпай калам " деп дагы ойлойт.

Мени уят кылып жатасың, баары карап жатат!

Балага бул сөздү айтуу менен "сенин сезимиңе караганда, башкалардын пикири маанилүү" деген ойду калыптандырабыз. Бала өзүнө болгон ишенимин жоготуп, башкалардын реакциясына көз каранды болуп, айланасындагыларга көнүп, "жок" деп айта албай баштайт. Мындай жүрүм-турум кийин ар кандай көз карандылыкка алып келиши мүмкүн.

Ыйласаң, ушул жерге таштап кетем!

Бала бул сөздү "Мен ыйлабасам мени жакшы көрүшөт, капа болсом, мени таштап кетишет" деп кабыл алат. Бул дагы баланы ыңгайлуу кылуунун бир жолу. Кийин мындай адамдар чанда гана бактылуу жана бай болушат.

Азыр могу байке (же эжеге) алып кетет!

Муну менен балага бул дүйнө коркунучтуу жер, сени каалаган адам алып кете алат, эч кандай коргоо жок деген ойду беребиз. Балада шектенүү, тынчсыздануу, фобиялар, кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөө, алсыздык, үмүтсүздүк ж.б. сезимдер пайда болот. Мындай адам бактылуу боло алабы?

Карачы тиги баланы, сага окшоп ыйлабайт экен!

Бул баланын өздүк баасына түздөн-түз сокку урат. "Ал менден жакшы", "мен жаманмын", "аныкы туура, меники туура эмес" ж.б. деп ойлой баштайт. Өзүн төмөн баалоо депрессияга, психосоматикалык ооруларга, психологиялык туруксуздукка алып келет.

Ыйлап жаткан баланы кантип алаксытуу керек экенин кийинки маалыматта айтып беребиз.

Показано 20 последних публикаций.

3 086

подписчиков
Статистика канала