🇰🇬Bishkektikter


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Новости и СМИ


🇰🇬Бишкектиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!
📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👉
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger
👨🏻‍💻Админ:

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бишкек жана Ош шаарларында батирлердин ижара акысы кымбат болууда


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ТОРУНА ТҮШПӨҢҮЗ!


❗️Өкмөт 1-7-январга чейин эс алуу күн болорун бекитти

Жаңы жылдык каникулдар төмөнкүдөй жылды:

▪️2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күн
▪️3-январдын ордуна 24-февраль иш күн
▪️6-январдын ордуна 10-март жумуш күн


Машинени милдеттүү камсыздандыруу: Айып салуу жарым жылга жылдырылды

Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койгонун Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңеште өлкөдө катталган автоунаалардын 10 пайыздайы гана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алганын, калганына да аны алууга убакыт берүү зарылчылыгын айткан.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 млн 600 миң автоунаа каттоодон өткөн болсо, алардын 108,6 миңи гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.


Президент "Кабар" агенттигине мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алуу шарттарын түшүндүрүп маек берди

▪️Мурда ипотека аркылуу 30%ын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14% менен алышса, азыркы учурда 4%га түшүрдүк

▪️Колунда бир аз акчасы бар, бирок үй ала албай жүргөн жарандар 50%ды дароо төлөп, 8% менен 10-15 жылга алышса болот. 1-1,5 жылда эле куруп беребиз

▪️Келечекте шарты жок, бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Ага убакыт керек

▪️Төлөмдү ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла. Артыңарда батир алам деп кезекте 100 миңдеген киши турат

▪️Буга чейин батир алгандардын арасында чама-чаркын карабай 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо, дароо 1 бөлмөлүүгө алмаштыргыла

▪️5-6 жыл мурда эки балалуу, азыр беш балалуу болуп калган үй-бүлөлөр бар. Алар азыр батирин кеңейтебиз десе, ал жагын да эске алдык. Каалоочулар 1-2 бөлмөлүү батирин өткөрүп, ордуна үч бөлмөлүүнү ала алышат


Төлөмдү бир ай кечиктирсеңер, мамлекеттик ипотекалык компания батирди алып, кезекте турган башкага берип коет! Садыр Жапаров үй алгандарга кайрылды

"Батир алгандар акчасын кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акча башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар", — деген президент "Кабар" агенттигине берген маегинде.


Канадада аз жерден дагы авиакырсык болуп кете жаздады

Air Canada учагы Галифакс аэропортуна аргасыздан конгонун ЖМКлар жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык шассидеги жаракадан улам болгон. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

10 күн ичинде дүйнөдө авиакырсык катталды. Бакудан Грозныйга баратып Казакстандан кулаган учакта 30дан ашык адам көз жумса, Түштүк Кореядагы авиакырсыкта 179 адам мерт болгону кабарланды.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Чамдаңыздар! Россиянын ЖОЖдорунда бекер окууга тапшыруу МӨӨНӨТҮ 15-январда аяктайт.

РФ кыргызстандыктар үчүн жыл сайын 700 квота бөлүп берет. Жатаканада акысыз жашоо жана стипендия каралган.


🔴 ❄️ 31-декабрда аба ырайы кандай болот?

Синоптиктер 31-декабрь күнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаай турганын билдирди.

Күндүз абанын температурасы 11 градуска чейин жылыганы менен түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт.

Жаңы жыл күнү айрыкча Нарын жергесинде суук болуп, күндүз -7, түнкүсүн -21 болору айтылды. Ал эми Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
“Эски кии‌имдерге экинчи өмүр бергим келет”

Сиз кии‌илип, жарактан чыккан эски кии‌имдериңизди эмне кыласыз? 20 жаштагы Ыи‌манбек аларды кураштырып, жаңы дизаи‌н жаратып жатат. Ал Ошто дизаи‌нерлик кесипке окуп жаткан жалгыз эркек бала.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📌Бишкектик жаран ным чүпүрөктү чаң соргучтун түтүгүнө байлап абанын тазалыгын текшерди. Мындай видео социалдык тармактарда тарады.


Ыш аз келгенсип... Бишкекте машинасынан кара түтүн чыгарган айдоочулар айыпка жыгылды

Абаны булгап, шаардын антирейтингде алдыга чыгышына "салым кошкон" үч айдоочуга 22 500 сомдон айып салынган.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Тажикстандын Мургаб аймагынан келип, кыргыз жарандыгын алган куудул Мирлан Аблечов Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияда жеке концертин берди. Өнөрпоз кыргыз-тажик чек арасы жабык болгондугуна байланыштуу, айылдаштары жана достору концертине келе албай калганын айтат. Ал учурда Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияда эмгектенет.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🇨🇳🇰🇬🇺🇿 Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абадда темир жолдун курулушуна старт берди.

Темир жол Кашкардан башталып, Торугарт ашуусунан өтүп, Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт. Жалпы узундугу 523 чакырым, анын 305 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Жалпысынан 27 тоннель, 46 көпүрө курулат. Казарман тоннели эң узун болуп, узундугу 13 чакырымга жетмекчи.


❗️Лыжа сүйүүчүлөрүнө жакшы кабар

Жаңы жылдын 9-январынан тарта Ош — Каракол багытында аба каттамы ачылат. Рейстерди Asman Airlines компаниясы бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарып турмакчы.

Билеттин баасы 4600 сомдон башталат. Ошондой эле бир лыжа же бир сноубордду жаныңызга акысыз алып алсаңыз болот.


Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абадга барып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат

Долбоорду Кыргызстан аймагында ишке ашыруу үчүн биргелешкен компания түзүлгөн.


Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн, 27-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +3 ... +8;

Талас облусунда күндүз +5 ... +7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында күндүз +8 ... +10;

Ысык-Көл жергесинде күндүз +5 ... +7;

Нарында күндүз -3 ... -5 градус;

Бишкек шаарында күндүз +6 ... +8 градус болот.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калган Тилек Осмоновго "Азаттыкка" учак жерге кулап түшкөнгө чейин борттун ичиндеги абал, андан кандай чыкканын, азыр абалы кандай экенин айтып берди.

Кечээ, 25-декабрда 29 киши ооруканага түшкөн, алардын үчөө кыргыз, тогузу орус, 16сы азери жараны. Ооруканага жаткырылгандардын 11и жандандыруу, 13 киши травматология бөлүмүнө жаткан.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
"БИШКЕКТЕ
МУРДАГЫДАЙ ЫШ ЖОК"


24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен. Аталган сайт бул абалды адам өмүрүнө өтө коркунучтуу деген баа берген.

Ыш маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Анда бул көйгөй былтыр да талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алганы менен жылыш болбой жатканы айтылды. Кененирээк: https://smarturl.click/67Eze


Кыргызстанда интернетке порнография тараткандарга айып пул салуу каралууда

Мыйзам долбоорун 26 депутат иштеп чыккан. Айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сомду түзөт.

Демилгечилердин айтымында, учурда интернет көзөмөлдөнбөй, сайттар менен соцтармактагы баракчалардын ээлери туура эмес контентти ээн-эркин жайылтышууда.

Показано 20 последних публикаций.