ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Жаңы каналды колдоп катталып койуңуздар.

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Аттары Мухаммад, Ахмат, Аиша, Хадижа Арчанын айланасын да жүрүшөт! 😒
Жаңы жыл деп өлүп кетпе эми .

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


🍃Астанадан аттап көчөгө чыккан кезде жолдо эки түрдүү аялга туш келесиз.

Бири Мисир падышасынын аялы Зулайхадай напсисине кул болгон, жасанган, өзүнө атыр сээп айланасына жыпар жыттанып, баарын азгырып өзүнө караткан аял.

Экинчи түр аялдар болсо оронгон, авраттарыны жапкан аял, бирок, жашоо талабы аларды өз милдетин аткаруусу үчүн көчөгө чыгууга мажбур кылат. Алардын мисалы Куранда айтылган эки кыздын мисалындай.

🍃Сиз ошондо биринчи түрдөгү аялдарга Юсуф(а.с.) дай мамиледе болуп, өзүңүздү алардан алып качыңыз жана “Аллах сактасын!”- деп айтыңыз.

Экинчи түрдөгү аялдарга болсо, Муса(а.с.) сыяктуу адеп менен жардам берип, өз жолуңузду улантыңыз.

🍃Юсуф(а.с.)дын иффаты акыры аны Мисир падышасы болуусуна алып барды.

Муса(а.с.) дын адеп-ахлагы болсо анын эки нерсеге жетүүсүнө себеп болду, Аллах ага солиха аял менен үй жай берди.


Шейх Али Тантавий

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Абдугаппар Сманов устаздын Куран окуганы.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Таасирдүү окуя. Акыреттеги абалыбыз, мечиттеги абалыбыздан көз каранды.
Садыбакас ажы Доолов.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жаңы жылдын сага тиешеси жок го?

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Урматтуу Санкт-Петербург шаарындагы мекендештер!🔊

Сиздерди, белгилүү дин аалымы Эрмек Тынай уулунун катышуусундагы "БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ – КҮЧТҮҮ МАМЛЕКЕТ" аттуу руханий-интеллектуалдык кечеге чакырабыз.✨
Кечеде, аталган темада сабактар кенен баяндалып, соңу суроо-жооп менен коштолмокчу.🚀⚡

Андыктан , «БАБК Санкт-Петербург» жана «Жети облус» коомдук бирикмелери уюштуруп жаткан руханий кечеден ар бириңиздерди күтөбүз.🕊️🤗

Күнү: 10-январь, 2025-жыл
Башталышы: 14:30
Дареги: Подвойского 38,
"БУРЕВЕСТНИК" ЗАЛЫ

*КИРҮҮ АКЫСЫЗ*❗❕❗❕

Толук маалымат үчүн :
+7 950 227-68-80

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Шейх Чубак Ажы Алла райымына алсын! 🤲 жазып кеткен китеби бар ШИЯЛАР КИМДЕР деген алып окуңуздар!

Сирия шийиттердин колунан мусулмандардын колуна өттү, Аллага Шүгүрлөр болсун!!


Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


*Мухаммад Алинин эскерүүсү*

Мен рингде Америка үчүн күрөштүм жана Америка үчүн алтын медаль алдым. Ошол күнү ресторанга кирип муну майрамдагым келди, бирок америкалыктар мени ресторандан кууп чыгышты. "Кара терилүүсүң" деп мага тамак беришпеди. Америка үчүн алган медалды дарыяга ыргыттым.
Келе жатып мечиттин жанына жетип калдым. Ал жерде ак терилүүлөр менен кара терилүүлөр бир сапта отурганын, ага-инидей бири-бири менен маектешип жатканын, бирге намаз окуп кийин бир-бирин бооруна басып кучакташканын көрдүм. Мен исламды кабыл алдым. "Аллахтан башка Кудай жок жана Мухаммад анын кулу жана элчиси" экендигине күбөлүк бердим. Мен чемпиондук даражасында туруп ыйлаган эмес элем, азыр ыйладым. Чемпиондук мартабамдан көрө азыр өтө улуу мартабада турганымды сезип ыйладым...

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Айрым даанышмандар айткан:

Алла тааладан артык колдоочум бар деп ойлогон киши,
Алла тааланы толук тааныбаптыр.

Напсиден өткөн душман бар деп ойлогон киши, али өзүнүнүн ким экенин билбептир.

Бул өмүр өтүп кетет калбайт изи,
Келгени да токтобой кетет дечи.

Түбөлүктүү күндөрүң кийин келет,
Жакшы жаман токтобойт өтө берет.

Түбөлүктүү дүйнөгө жеткен жакшы,
Демек, ал көп жакшылык сыймык тапты.

Баарыбыз туткунубуз напсибиздин,
Бекер тура түйшүгү күнүмдүктүн!

Напсиңди тыя албасаң – душман болот,
Өчүн алып каныңды абдан сорот.

Напси жеңсе көңүлүң өлүп калат,
Көңүл өлсө ибадат калып калат.

Өлгөн окшойт ушул күн биздин көңүл,
Напси балээ чоңоюп сүрөт өмүр.

Улуктук, бийиктик да дөөлөттүү кез,
Кутманым, түбөлүктүү дайым эмес!

Турмуштун жыргалы аз кууралы көп,
Сыркоо, каргыш жармашат жаныңды жеп.

Улук болсоң кубанба мансабыңа,
Улуктардын түйшүгү арбын тура.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Суроо:
Мектепте ёлка майрамы болду. Балдарыма барбагыла биздин майрам эмес деп койгом. Эжекелери эмне жибербесин деп жатат. 3-4 жылдан бери кантип жооп берем?

Жооп:
Биз майрамдабайбыз деп кыска жооп берип коюнуз. Актануунун кажети жок. Ар бир адамдын укугу бар. Майрамдайбы же майрамдабайбы, намаз окуйбу же окубайбы ар бири каалаганын кылсын. Мажбурлоо же жаман көрүү болбош керек. Мисалы биз аларды намаз окубайсын деп зекип, жаман көрбөй элебизда. Бул да ошондой маселе...

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ассалауму алайкум, кичинекей Билалга аз болсо да Өз салымыбызды кошолу!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бир тууганыбызга жардам колун суналы.


Аяз атаны тааныган киши Зайнел Абидинди тааныбайт. Ал Аз. Али (РА)нун небереси. Зейнел Абидин (ра) күнүгө тахажуд намазынан кийин бей-бечалардын үйүнө тамак-аш салынган түйүнчөктөрдү таштачу экен. Эч ким бул түйүнчөктөрдү ким таштаганын билбейт. Бир маалда түйүнчөктөр келбей баштайт. Бир канча күн өткөндөн кийин эл түйүнчөктөрдү ким таштаганын билет. Көрсө бир канча күн мурун Зейнел Абидин каза болгон экен.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Исламда аял менен эркектин милдеттеринин саны бирдей. Бирок эркектин өзгөчө бир милдети бар. Ал башчы, коргоочу жана камсыз кылуучу.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Үй бүлөсүн коргоо үчүн калкалап,
Эркек үйдө жатпоо керек чалкалап.
Төшөгүндө оонап, турбай уктаган,
Бузуп алат өз турмушун талкалап.

Үй бүлөнүн нанын таап турмушта,
Карабастан талаш тартыш урушка.
Катын менен катын болуп айтышпай,
Жөнө жигит таң атпастан жумушка.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Жаңы жыл жөнүндө баяндар,
Устаз Абдугаппар Сманов. Өзбек ажы

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ
ДААВАТ ЖӨНҮНДӨ ОЮН АЙТТЫ....

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Астанада кардар казак тилинде меню жок деп арызданганына кофекананын башкаруучусу "кызматкерлер казак тилин билүүсү милдеттүүсү эмес" деп жооп бергени көпчүлүктү нааразы кылып, эл 27 миң нааразы ой- пикир жазып, кофекананын рейтингин 10 дон 1 ге түшүрүп салды. Жыйынтыгында "Qazaq coffee" кофекана тармактары жабылды.

Казакстанда казак тилинде менюсу жок коомдук тамактануучу жайлар айып пул төлөйт экен.

Ал эми Кыргызстандачы ?

Көпчүлүккө караганда кыргыз тилин жакшы билгениме карабай уялбай туруп кыргыз тилин жаңыдан үйрөнө баштадым.

Буга кыргыз тилин орус тилсиз сүйлөй, жаза албай калганыбыз түрттү. Бул маңкуртташуунун алгачкы себеби.

Кыргыз тили боюнча сөздүк түзүп, китептерди окуп, кыргызчасы мыкты инсандардын маектерин угуп, окуп жатам.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Казакстанда коомго пайда алып келбеген жылдыздар, блогерлерге катталуудан баш тартуу тууралуу чакырыктар башталды.

Көпчүлүк аларды чындыкка дал келбеген жыргал жашоону таңуулап, адамдардын жан дүйнөсүнө зыян алып келип, акчаны гана көздөгөн деп айыпташып жатат.

Азыркы учурда он миңдеген катталуучулар чакырыкты кабыл алып жатат.

Мен өзүмдүн жеке баракчамда деле 30 дай адамга катталганмын. Досторум, кесиптештерим гана. Бир дагы жылдыз, блогер ж.б. менин руханий жана материалдык жактан өсүүмө пайда алып келбегендерге катталган эмесмин.

Себеби, изилдөөлөргө караганда адам каза болсо, ийгиликке жетсе 30-50 дей адам гана чын жүрөктөн кайгырып, чын жүрөктөн кубанат экен. Мына ошондуктан көңүлдү, убакытты мына ошол сен үчүн сүйүнгөн, кубанган адамдарга гана коротуу керек.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal

Показано 19 последних публикаций.