"ИЛИМ НУРУ"онлайн окутуу мектеби


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Репост из: "ИЛИМ НУРУ"онлайн окутуу мектеби
ТАЖВИД ИЛИМИНЕ ТЕРЕҢ КИРИШҮҮ – ИНТЕНСИВ КУРС!

📖 Ассалоому алейкум, урматтуу бир туугандар!
Куранды тажвид менен кооздоону каалайсызбы? Анда сиз үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк – “Тажвид илимине терең киришүү” аттуу интенсив курс башталды!

🔹 Сабакты өтүүчү устаз :
📚 Уларбек Ташболотов устаз – WISE университетинин фыкх ханафий факультетинин магистратурасын бүтүргөн, учурда докторант. Көп жылдык тажрыйбага ээ, бир нече китептердин автору жана “Илим Нуру” онлайн борборунун негиздөөчүсү.

🎯 Курстун өзгөчөлүктөрү:
✅ Тажвид илимин түпкү булактардан үйрөнүү
✅ Тажрыйбалуу устаздардын көзөмөлүндө окуу
✅ Кыска убакытта терең билим алуу
✅ Өтүлгөн сабактардын жазылып сакталышы
✅ “Коваидул фуркон” китеби боюнча окутуу
✅ Айымдар жана мырзалар үчүн өзүнчө топтор
✅ 80+ балл алган студенттерге сертификат берилет

📅 Сабактар:
🗓️ Шейшемби, Жума – 20:00
📍 Формат: Онлайн (Телеграм)
💰 Баасы: 1000 сом/ай

📌 Орундар чектелүү! Тезинен катталыңыз!

📲 Катталуу үчүн:
📞 Байланыш: @Gylya_69, @aliyaoroz

Биздин канал t.me/ilimnurusabaktar


Репост из: "ИЛИМ НУРУ"онлайн окутуу мектеби
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🔹 Устаз: Уларбек Ташболотов – көп жылдык тажрыйбасы бар, Куранды көркөм жана так окуусу менен өзгөчөлөнгөн, “Илим Нуру” онлайн борборунун негиздөөчүсү.

👉 Биздин канал: Илим Нуру сабактар

📖 Аллах Таала айтат:
وَرَتِّلِ ٱلْقُرْءَانَ تَرْتِيلًا
“Куранды так жана көркөм оку” (Муззаммил сүрөсү, 4-аят).


УСТАЗ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

📖 Уларбек Ташболотов – Куран илимдеринин тажрыйбалуу устазы

📚 Билими:
• Иорданиядагы WISE университетинин фыкх ханафий факультетинин бакалавр жана магистратурасын бүтүргөн.
• Учурда докторантура баскычында билим алууда.

📖 Илимий жетишкендиктери:
• Көп жылдык тажрыйбага ээ Куран жана тажвид илимдеринин адиси.
30 паранын санжырасына ээ болуп, Пайгамбарыбызга (с.а.в) чейинки ижазага ээ.
“Нуурул бариййа”, “Ковааидул фуркон”, “Куран алиппеси” китептеринин автору.
“Илим Нуру” онлайн окутуу борборунун негиздөөчүсү.

👨‍🏫 Устаздын өзгөчөлүгү:
Тажвид илиминин негиздерин жана терең сырларын оригиналдуу араб булактарынан үйрөтөт.
✔ Студенттерине индивидуалдуу мамиле жасап, ар бир окуучунун деңгээлин эске алат.
✔ Окуучуларды тажвид боюнча эң жогорку деңгээлге жеткирүүгө умтулат.
Илимди даават кылуу максатын көздөп, ислам илимдерин үйрөнүүдө эң эффективдүү методикаларды колдонот.

📌 Анын окуучулары:
• Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө мыкты Куран устаздары болуп эмгектенишүүдө.
• Тажвид илимин терең үйрөнүп, өздөрү сабак берип башташты.
• Окуткан ыкмалары тез жана натыйжалуу билим алууга шарт түзөт.

🕌 Сиз да Куранды тажвид менен көркөм окууну үйрөнүүнү кааласаңыз –
👉 Уларбек Ташболотов устаздын сабактарына кошулуңуз!

https://t.me/ilimnurusabaktar

552 0 8 10 13

ТАЖВИД ИЛИМИНЕ ТЕРЕҢ КИРИШҮҮ – ИНТЕНСИВ КУРС!

📖 Ассалоому алейкум, урматтуу бир туугандар!
Куранды тажвид менен кооздоону каалайсызбы? Анда сиз үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк – “Тажвид илимине терең киришүү” аттуу интенсив курс башталды!

🔹 Сабакты өтүүчү устаз :
📚 Уларбек Ташболотов устаз – WISE университетинин фыкх ханафий факультетинин магистратурасын бүтүргөн, учурда докторант. Көп жылдык тажрыйбага ээ, бир нече китептердин автору жана “Илим Нуру” онлайн борборунун негиздөөчүсү.

🎯 Курстун өзгөчөлүктөрү:
✅ Тажвид илимин түпкү булактардан үйрөнүү
✅ Тажрыйбалуу устаздардын көзөмөлүндө окуу
✅ Кыска убакытта терең билим алуу
✅ Өтүлгөн сабактардын жазылып сакталышы
✅ “Коваидул фуркон” китеби боюнча окутуу
✅ Айымдар жана мырзалар үчүн өзүнчө топтор
✅ 80+ балл алган студенттерге сертификат берилет

📅 Сабактар:
🗓️ Шейшемби, Жума – 20:00
📍 Формат: Онлайн (Телеграм)
💰 Баасы: 2000 сом/ай

📌 Орундар чектелүү! Тезинен катталыңыз!

📲 Катталуу үчүн:
📞 Байланыш: @Gylya_69, @aliyaoroz

Биздин канал t.me/ilimnurusabaktar


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


📍Айдай чырайыңды боктой кыялың бузбасын

Aдам канчалык илимдүү, көп тилдерди бил-ген, же окумуштуу болбосун, илимди туура түшүнүү, анан аны башкаларга түшүндүрүп берүү өзүнчө түйшүк. Миң китеп окусаң да, окуганыңды жашооңдо пайдалана албасаң, окуганыңдын баары бекер. Канчалаган акыл ээлери бар, сөз терип, сөз баккан чечендер бар. Бирок илимге толгон баштагы акыл, ыйман менен сугарылбаса, жүз сөз сүйлөп, бир сөзүнүн ээси боло албаса, адеби амалына дал келбесе, кийими бар, ичинде адамы жок сөлөкөт сыяктуу болот экен. Андай адам кайсы бир күнү ыйманынан ажырап калуусу да мүмкүн. Адеп-ахлактуу, кулк-мүнөзү жакшы адам Аллахтын эң сүйүктүү кулу, пайгамбарыбыздын бейиштеги кошунасы.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "О, Аллахым! Менин келбетимди кооз кылып жаратканыңдай, кулк-мүнөзүмдү да кооз кыл", - деп дуба кылчу.

"Адам мыкты адеп-ахлагы менен күндүзү орозо кармап, түнкүсүн намаз окугандардын даражасына жетет", - деген сөзү да бар.

"Ыймандуу мусулмандардын ыйманы жагынан кемели адеп-ахлагы жакшысы", — деген бир хадисинде.

"Силердин мага сүйүктүүңөр жана Кыямат күнү мага жакыныңар адеп-ахлагы жакшыңар", - деп айткан.

Ыймандуу адам оболу бирөөнү эмес, өзүн суракка тартып, теске салышы кажет. Азирети Умар (ага Аллах ыраазы болсун): "(Кыяматта) сурак бергенге чейин өзүңөрдөн-өзүңөр сурак алгыла! Кыяматтын сурагы үчүн жакшылык иштерди көп жасагыла! Арийне, бу дүйнөдө өзүн-өзү суракка алган адам үчүн Кыямат күнү сурак жеңил болот", — деген экен.

"Биздин айланабызда биз каалагандай адамдар болбойт, бизге окшош адамдар болот. Бирөөнүн сүйлөгөнү, кылганы сага жакпай жатса, андай мүнөз сенде болушу мүмкүн. Мен ушул эрежени түшүнгөндөн бери жашоо мага жеңил болуп калды. Бүт көңүлдү өзүмө коюп, өзүмдү оңдоону баштадым", -деген сөз бар.

Ошол сыңары жакшы мамилени, жакшы сөздү, жакшы сый-урматты, кучакка оролгон ысык мээримди, жүзгө чырай берип, күлүп турган көзгө толгон махабатты кааласаңыз өзгөрүүнү өзүңүздөн баштаңыз. Жашоонун ар түркүн бойокко салган кооздугу сиздин караган көзүңүзгө, ойлогон оюңузга, сезген жүрөгүңүзгө көз каранды. Жашоого жылмайып карасаңыз, ар бир күнүңүз, ар бир таңыңыз сизди күлүп тосуп алат...

О, Жараткан Аллах, жашоомо жакшылык алып келе турган, сыноо эмес, түбөлүк бейишке жетелеп, багыт бере турган, жыгылсам колун созо турган, кайгырсам тең бөлүшүп кубанта турган, чыныгы момун сыпаты менен катамды оңдой турган, адеб-ахлагы менен күзгү, үлгү болгон, көзүмдүн пардасын ачкан, жолума жарык нур болгон жакшылар менен айланамды көгөртүп, көрктөндүр.

Мени адаштырба, менин мүнөзүмдү көркөм кыл!

Бул дүйнөдө да, акыретте да мүнөзү көркөмдөр менен чогуу кыл!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

📘 "Эртең дебе" китебинен.

https://t.me/ilimnurusabakta


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📌 12.02.2025

📚 Мухтасар Ал Кудурий китеби

Муъамалат бөлүмү

🔰27-сабак

Тема: Ижара маселелери


🎙Устаз: Уларбек Ташболотов


📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚

📍Бүгүн "Мухтасар Ал-Кудуурий" китебинен, кезектеги сабагыбыз уланат.

📖Тема: Ижара маселелери.

👨‍🏫Устаз: Уларбек Ташболотов.

⏰Убактысы: кечки саат: 20:00.

📲Бөлүшүңүз:

🔗Биздин телеграмм каналыбыз⤵️:
https://t.me/ilimnurusabaktar

🔗Ватсап группабыз⤵️:
https://chat.whatsapp.com/KtCm3SWFAKrIh8j7SyjEEp

🔗Ватсап каналыбыз⤵️:
https://whatsapp.com/channel/0029VasSYOT1t90UZFy1261j


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


📍ЧОҢ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН ЧОЛОК

Бул жигитти көптөн бери билем. Жол кырсыгынан улам эки бутунан айрылган. Майыптардын арабасы менен келип кетет. Бирок, максаты, алдыга умтулуусу денеси сыяктуу отуруп калган эмес. Алланын китеби Куранды толук жаттап бүттү. Университетти аяктап, докторлук даражага жетти.

Аны менен жүргөндөрдүн көбү орто билимдин дипломуна жеткенине кубанып, жеңил-желпи иштер менен алек болуп кетишти. А бул киши болсо, Алланын китеби жана пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүн жүрөгүнө сактаганы үчүн жүзүнөн нуру төгүлүп, маанайы жарык. Өзүнүн максатына жетип, жалпы студенттерге да, жеке каалоочуларга да сабак берет. Аны оору отургузуп коё алган жок жана ийгилигин токтото албады.

Мен ишенимдүү айта алам, алты саны аман далайлар багынта албаган ийгиликти ушул жигит багынтты. Алардын алты саны аман болсо да, максаттарына жеткен жок, илим алышкан жок, байлык да топтогон жок, анткени алардын жүрөгү бош, пикири тайкы, жан дүйнөсү жарды болчу.

Эч качан дене мүчөнүн кемчилиги ийгиликке тоскоол болот деп ойлобо. Алла Таала пенделерине боорукер. Ал эч качан пендесин куру кол калтырбайт. Анын тандоосуна тыраазы бол, өзүңдө болгон жөндөм, шыгың менен аракеттен, Аллага тобокел кыл. Көбүнчө зыяндын артына пайда жашырылат. Сен кабылган кырсыктын артында кандай сыр бар экенин билбейсиң. Ар бир иштин аркы бетин да көрө бил.

Жан дүйнөң кенен, маанайың жарык болуп, Алланын тагдырына ыраазы бол, Ага тобокел кылып, алдыга умтул..

📘 Бакыттын сырын ачтым китебинен...

https://t.me/ilimnurusabaktar


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Тамгаларды айырмалоочу сыпат.
Сыфа тамийзиййа.


📢 Ассаляму алейкум, урматтуу илим сүйүүчүлөр!

Сиздерди Уларбек Таңболотовдун фыкх сабактарына чакырабыз! Сабак «Ихтияр» китеби боюнча өтүлөт.

📚 Сабакта эмнелерди окуйсуз ?
➤ Фыкх маселелерин заманбап турмушка айкалыштыруу.
➤ Китептин бардык бөлүмдөрүн кеңири жана терең изилдөө.
➤ Суроо-жооп форматында сабак өткөрүү.

📆 Сабактын графиги:
➤ Күндөрү: Дүйшөмбү жана Бейшемби
➤ Убактысы: 15:00
➤ Айына төлөм: 800 сом

💡 Сабакка кимдер катыша алат?
➤ Диний илимин тереңдетүүнү каалагандар.
➤ Арап тилин билгендер.
➤ Фыкх боюнча теориялык жана практикалык билим алууну каалагандар.

📆 Сабактын башталышы:
🗓 10-февраль

📞 Катышуу үчүн байланыш телефону:
@gulya_kz
📲 +996 502 108 181 (WhatsApp) ✅

📌 Орундар чектелүү! Тезирээк катталып, уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!


Иститола бул....?
Опрос
  •   Махраждын созулуусу
  •   Үндүн созулуусу
  •   Абанын созулуусу
  •   Абанын токтоп калуусу
17 голосов


Тафашший сыпатынын тамгасы кайсыл
Опрос
  •   Син س
  •   Сод ص
  •   Дод ض
  •   Шин ش
21 голосов


Ооздогу абанын жайылуусу жана ( ظ) тамгасынын махражы менен байланышуусу кандай сыпат деп аталат?
Опрос
  •   Иститола
  •   Инфитах
  •   Тафашший
  •   Исмат
26 голосов


Ро ( ر ) тамгасын айтууда тилде пайда болуучу титирөө кандай сыпат деп аталат?
Опрос
  •   Такрир
  •   Калкала
  •   Инхироф
  •   Шидда
27 голосов


Кайсыл эки тамганы айткан учурда анын махражы тилдин учунан тилдин ички тарабына ооп кетет?
Опрос
  •   Нун ن Та ت
  •   Сод ص Син س зал ز
  •   Ро ر Са ث
  •   Ро ر Лам ل
31 голосов


Инхироф бул кандай сыпат?
Опрос
  •   Ооп кетүү
  •   Созулуу
  •   Ажыроо
  •   Кыймылдоо
33 голосов

Показано 20 последних публикаций.