⚜Исламдагы жашоо⚜


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Максатыбыз Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам дын жолун жолдоп, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу.
Баардык маалыматтар китептен алынат.

Сунуштар болсо @murzakanov_04 бул жака кайрылыныздар.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




Өзүнүн сүрөтүн социалдык тармактарга койгон кыздарга үйлөнбөргүлө жигиттер!


Намаздан кийин айтылган зикирлер:

Курсий аятын окуу (Аят аль-Курси):

(Сүрө Баккара, 255-аят)
(اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ... إلخ)
Бул аятты окуу – намаздан кийин чоң сооптуу иш жана коргоо болуп эсептелет.
"Аллах, Андан башка Кудай жок, Жашоочу жана Баарын Башкаруучу..."
(Толук текстти билбесеңиз, үйрөнүүгө аракет кылыңыз.)

1. Астагфируллах
(أَسْتَغْفِرُ اللَّهَ)
"Аллахтан кечирим сурайм."

2. Аллахумма антассалам ва минкассалам, табаракта йа зал-жалаали вал-икрам
(اللَّهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ وَمِنْكَ السَّلَامُ تَبَارَكْتَ يَا ذَا الْجَلَالِ وَالإِكْرَامِ)
"О, Аллах! Сен – тынчтыктын булагысың, жана тынчтык Сенден келет. Даңкталган жана берекелүү бол, улуулук жана даңктын ээси!"

3. Субханаллах – 33 жолу.
(سُبْحَانَ اللَّهِ)
"Аллах бардык кемчиликтерден таза."

4. Алхамдулиллах – 33 жолу.
(الْحَمْدُ لِلَّهِ)
"Аллахка мактоо болсун."

5. Аллаху акбар – 33 жолу.
(اللَّهُ أَكْبَرُ)
"Аллах эң Улуу."

6. Ля иляха иллаллаху вахдаху ля шарика лаху, лаху-л-мульку ва лаху-л-хамду ва хува ала кулли шай-ин кадир
(لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ)
"Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок. Ал жалгыз, шериги жок. Бардык падышалык Ага тиешелүү, бардык мактоолор Ага гана тийиштүү. Ал бардык нерсеге кудуреттүү."

7. "Субханаллахи ва бихамдихи, субханаллахи-ль-Азим"

(سُبْحَانَ اللَّهِ وَبِحَمْدِهِ، سُبْحَانَ اللَّهِ الْعَظِيمِ)
Бул сөздөрдү көп айтуунун сооптору тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) абдан көп айткан.
"Аллах бардык кемчиликтерден таза жана Аны мактайм. Улуу жана даңктуу Аллах бардык кемчиликтерден таза."

Дуба: Аллахка мактоо жана жардам суроо

Аллахумма а’инни ала зикрика ва шукрика ва хусни ибадатика.
(اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَى ذِكْرِكَ وَشُكْرِكَ وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ)
"О, Аллах! Сенин зикириңди айтууга, Сага ыраазычылык билдирүүгө жана эң сонун түрдө ибадат кылууга жардам бер."

"Ля иляха иллаллаху вахдаху ля шарика лаху…"

Бул зикирди дагы 10 жолу кайталасаңыз, чоң соопко ээ болосуз.
(لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ... إلخ)
Мазмуну: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Ал жалгыз, шериги жок. Бардык падышалык жана мактоо Ага тиешелүү. Ал бардык нерсеге кудуреттүү."

"Астагфируллах ва атубу илайх"

(أَسْتَغْفِرُ اللَّهَ وَأَتُوبُ إِلَيْهِ)
Бул сөздөрдү көп айтууну адат кылуу – күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
"Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тобо кылам."

Бул зикирлерди жана дубаларды адатка айландырсаңыз, Аллах Таала сизге береке берип, жашооңузга жеңилдик жаратат.
Жана бул зикирлерди күн сайын намаздан кийин окуу – ыймандын бекемделишине жана жүрөктүн тынчтыгына жардам берет.


Репост из: Солиха кыз)
БАКЫТКА БАГЫТ БЕРГЕН 4 САНЫ

Төрт адамды эч качан таштап койбо :ата-эненди, аялыңды, балдарынды, досторунду

Төрт нерсе менен сулуулан: сабыр, жумшактык, илим, берешендик

Төрт нерсеге кыянаттык кылба: Пайгамбарыңа, диниңе, мекениңе , Аллага

Төрт нерседен алыс бол: арактан, кумардан, сүткор- дуктан, зынадан

Төрт нерседен сактан: шайтандан, напсинин азгы- рыгынан, шахваттан, жаман достон

Төрт адамга таш боордук кылба: жетимге, мусапыр- га, кедейге, ооруп жаткан адамга

Төрт адамга суук маиле кылба: атаңа, апаңа, ага- иниңе, эже-карындашыңа

Төрт адамдын ачуусуна тийбе: аалымдын, муга- лимдин, такыба адамдын, карыянын

Төрт нерсени аткарба: бой көтөрбө, текеберденбе, көрө албастык кылба, кек сактаба

Төрт адам менен дос болбо: жалганчы, ууру, көрө албас, менменсинген адам

Төрт нерсени такыр үзбөй аткар: намазды, Куран окууну, зикр кылууну, туугандар менен карым-катнашты

✍🏻:@sa1iha_kg


Суроо:

Мындай да эгерде жигит каапыр болуп туруп, ислам динин кабыл алам десе, ал жигитке турмушка чыкса болобу?

Жооп:
Ооба, эгерде жигит чын жүрөктөн Ислам динин кабыл алса жана чын ыкласы менен мусулмандар үчүн зарыл болгон ишенимдерди жана милдеттерди аткарууга даяр болсо, анда ага турмушка чыгуунун шарты боюнча эч кандай тоскоолдук жок. Бирок төмөнкү нерселерди эске алуу маанилүү:
1. Чыныгы ниети: Жигит Ислам динин чынында кабыл алып, жүрөгүндө толук ынануу менен мусулмандардын катарына кошулушу керек. Эгерде ал тек гана нике үчүн динди кабыл алса жана чын ыклас менен мусулманда болууга ниети жок болсо, бул ниет чыныгы деп эсептелбейт.
2. Динди үйрөнүү: Ислам динин кабыл алгандан кийин, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди (намаз, орозо, зекет ж.б.) жана адеп-ахлак принциптерин үйрөнүп, аларды аткарууга умтулуусу зарыл.
3. Үйлөнүү жарыясы: Нике Исламдын эрежелерине ылайык аткарылышы керек. Жигит мусулмандардын талаптарына ылайык нике окууларын жана шарттарын билүүгө тийиш.
Эгерде жигитти Ислам динин кабыл алууга багыттоо жана ага туура жол көрсөтүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, бул чоң сооптуу иш болот. Ошентсе да, турмушка чыгуудан мурун анын ишеними жана ниети чыныгы экенине көзүңүз жетиши маанилүү. Кеп-кеңеш алуу үчүн үй-бүлөңүз же жергиликтүү имам менен кеңешсеңиз болот.


Жар тандоо

Азирети Пайгамбарыбыз мусулман адам жар тандоодо кыздын ыймандуулугуна өзгөчө маани бериши керектигине басым жасаган (Бухарий, Никах, 15). Мусулман аял да, эркек да өмүрлүк жарынын тек су- дуулугуна гана эмес, анын кулк-мүнөзүнө, ыймандуулугуна да көңүл бөлүшү керек. Эки тарап тең жеке өзүнүн түгөйүн эмес, болочок балдарынын энесин же атасын тандап жаткандыктарын эсине түйүп алуулары абзел. Өзгөчө кыз бала үйлөнө турган жигиттин тапкан наны адал болуп-болбогондугун эске алы- шы керек. Демек, куттуу хадистен байкалгандай, мусулман кыз-эркек экөө тең ыймандуу түгөй табууга аракет кылуулары зарыл. Учуру келгенде айтылбаган сөздүн атасы өлөт демекчи, мусулман аялзатынын мусулман эмес адамга тур- мушка чыгуусу арам өкүмүнө кирерин жадыдан чыгарбоолору кажет.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Репост из: Солиха кыз)
Суроолорум кыйын эмес бекен? 🤔


Репост из: Солиха кыз)
Ислам тарыхындагы эң алгачкы курулган мечит?
Опрос
  •   Сарахси мечити
  •   Надежда мечити
  •   Куба мечити
  •   Акса мечити
187 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в Меккеден Мадинага сапарында, орто жолдо же Мединага 10 чакырым узактык жайда, эмне деген мечит курган?
Опрос
  •   Кааба мечити
  •   Аль Масжид мечити
  •   Куба мечити
  •   Харам мечити
170 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в Меккеден Мадинага хижра кылып жатканда, кайсы бактылуу сахаба жолдош болгон?
Опрос
  •   Умар р.а
  •   Али р.а
  •   Абу Бакр р.а
  •   Усман р.а
167 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в Жабрайил периште аркылуу вахий алып турган. Кайсыл вахийди түздөн - түз Аллах Тааладан алган эле?
Опрос
  •   Жихады
  •   Орозону
  •   Хижратты
  •   5 убак намазды
160 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в Сидротул Мунтахадан өткөн соң, тагдырлар жазылган тактай барактарына көчүрүп жаткан периштелердин калеминин үнүн угат, ал жер эмне деп аталат?
Опрос
  •   Тубо
  •   Лавхул Махфуз
  •   Байтул Маьмуур
149 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в асманда периштелер айланып таваф кылып жаткан жерди көрүп: «Бул эмне»- деп сурайт Жабрайилден ! Жабрайил эмне жооп берет?
Опрос
  •   Бул « Сидротул мунтаха»
  •   Бул « Каусар»
  •   Бул «Тубо»
  •   Бул «Байтул Маьмуур »
170 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в асманга көтөрүлгөндө , асмандын 7чи кабатында кайсыл Пайгамбарды жолуктурган?
Опрос
  •   Муса а.с
  •   Иса жана Яхя а.с
  •   Ибрахим а.с
  •   Идрис а.с
179 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Жабрайил периште Пайгамбарыбыз с.а.вды алып кетүү үчүн, асмандан: качырдан кичинерээк, эшиктен чоңураак ак түстөгү жаныбарды алып келет , ал жаныбардын аты....
Опрос
  •   Нурсил
  •   Бурак
  •   Визирь
  •   Сахара
163 голосов


Репост из: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в "Миражга" же Түнкү Сапарына" кайсыл айда көтөрүлгөн?
Опрос
  •   Ражаб айынын 27 күнүндө
  •   Шаваль айынын 27 күнүндө
  •   Зуль Хиджа айынын 27 күнүндө
  •   Мухаррам айынын 27 күнүндө
165 голосов


Мен бул жерге өзүм амал кылбаган нерсени чыгарбайм.


Сени менен китеп саткан дүкөндө таанышкым келет...🤭
(-кыял-)


● МИСФАК КОЛДОНУУ.


••• Даарат алып жатканда мисвак колдонуу муаккад сүннөт. Бир хадисте мындай деп айтылган :
📚 "Мисвак колдонулуп окулган намаз, мисваксыз окулган намаздан 70 эсе жогору".
"Сираж ул ваххаж" аттуу китепте мисвактын 15 пайдасын билдирген.

🌿1. Өлүм учурунда шахаадат келмесин айтууга себепчи болот.
2. Тиштин бүлөлөрүн күчтөндүрөт.
🌿3. Какырыкты жумшартат.
4. Зарнаны токтотот.
🌿5. Ооздогу жараларды айыктырат.
6. Ооздогу жытты жоготот.
🌿7. Аллах Таала мисвак колдонгон адамдан ыраазы болот.
8. Башкы тамырларды күчтөндүрөт.
🌿9. Шайтан азап тартат.
10. Көздөр нурданат.
🌿11. Соопчулук, жакшылыктары көп болот.
12. Сүннөткө ылайык амал кылган болот.
🌿13. Оозу таза болот.
14. Фасих-ул-лисан. Б.а. жакшы сүйлөйт.
🌿15. Мисвак колдонулуп окулган намаз мисваксыз окулган намаздан 70 эсе сооптураак болот.

Показано 20 последних публикаций.