ЭҢ КҮЧТҮҮ АДАМ КИМ?Дүйнө чемпионун, же болбосо "чоң муштумдарды” ойлошуң мүмкүн. Бирок жашоодо эң күчтүү адам бул сабыр кылган адам. Барына да, жогуна да канаат кылып, күнүн өткөргөн адам болот.
Бийик даражага жетүү, кыялдануу менен болбойт, түшкөргөндүк менен да болбойт, чечкиндүүлүк жана сабырдуулук менен гана болот.
Эгерде Аллах сизге кыйынчылык, ооруу, дарт берген болсо, ал сизди жакшы көрөт жана ийгиликтери менен сыйлайт.
Ийгилике бакытка жетүү жолу бул бир гана - Сабырдуулук.
Бул тууралуу Аллах мындай деп айтат:
“وَاصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِاللَّهِ“
“Сабыр кыл. Сабырың – Аллахтын колдоосу менен гана болот”. Куран, Нахл: 127.
“فَاصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلًا”
“Эң мыкты сабыр кылып, чыдамкай бол”
. Куран, Маариж: 5.
Мусулман адамга кыйынчылык келгенде үч нерсени аткаруу керек:
1️⃣
Сабырдуулук.
2️⃣ Дуба кылуу.
3️⃣ Кыйынчылыктын кетүүсүн күтүү.Сабыр кыл десе эле жатып алып күтүү дегендик эмес. Сен жашооңду уланта бересиң. Кыйынчылыктарга Сабыр кылуу, жакшы инсандардын мүнөзү, алар башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңилдик менен кабыл алышат. Эгерде сен экөөбүз сабыр кылбасак анда эмне кылуу керек?!
Же болбосо сенде сабырдан башка чече турган нерсе барбы? Же бизге сабырдан башкасын үйрөтөсүңбү?Жок албетте сен сабырсыздык кылсаң, ыйласаң, кыйкырсаң, урушсаң, капаланып караңгылыкка камалсаң, тагдыр ушул экен деп үмүттү үзүп салсаң эле бир нерсең чечилеби же жакшы болуп кетеби?! Эч качан! Андан көрө
сабыр кылууну үйрөнүп сабыр менен жашайлы.
Сабырдуулук ыймандан. Аллах менен бирге бол, Ал гана сага жардам берет! Эгерде башыңа кыйын күндөр, жокчулук, оору, дарт, кайгы-капа түшсө, олтуруп алып:-“Бүттү баары! Мен элдей эмесмин! Жашоо кыйын! Качан айыгам? Жашоо мынча татаал? Эмнеге кайгы капа менде?” – деп туңгуйука камалба. Сен Аллахтан сура. Аллахтан бир эки күн эле жакшы дуба кылып сурап коюу эмес Аны менен дайым бирге бол, көп эсте, ыйлап тилеп дуба кыл, ошондо Аллах берет. Эч качан караңгыдан кийин жарык болбой калганы жок го?
Баардык кыйынчылыктын чечиле турган күнү, убагы болот. Аллахым Сабыр кылгандарды жакшы көрөт, сабыр кылгандар менен дайым бирге болот.
---------------------
✍ Нематулла Кадайев
Telegram
👉https://t.me/islambulagy
Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA
Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share