🔘 WhatsApp группасына катталуу: https://chat.whatsapp.com/DpAMZp88n2cAXJsSl9EzNk
ЖАКШЫЛЫККА ЧАКЫРЫП ЖАМАНДЫКТАН ТЫЮУНУН КООМЧУЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
✍ Арсланбек Абдырахман уулу
Бири-бирине насыйкат айтуу, жакшылыкка чакыруу, акыйкатты карманууга жана акыйкатты карманууда ага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кылууга буюруу жана Аллахтын буйругуна каршы чыгуудан, Аны ачууланткан, Анын ырайымынан алыстаткан иштерди аткаруудан тыюу мусулмандын эң негизги милдети. Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан тыюу – деңиз караңгылыгында тоодой болгон толкундан куткаруучу жалгыз кеме.
Жакшылыкка чакыруунун жана жамандыктан тыюунун Исламдагы орду өтө бийик. Кээ бир аалымдар аны Исламдын алтынчы түркүгү деп атаган.
Аллах таала Куранда жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюучуларды эң жакшы үммөт деп атаган: «Адамдардын арасынан чыккан эң жакшы үммөт болдуңар. Анткени силер жакшылыкка чакырасыңар, жамандыктан тыясыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер». (Аалу Имран, 110-аят)
Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан тыюу ишин жандандырууда жалпы үммөт үчүн көптөгөн жакшылыктар бар. Ал үммөттө бузукулук жана жамандык азаят. Ал эми бул ишке көңүл кош караган үммөттү көптөгөн жамандыктар жана оор акыбет күтүп турат. Ал үммөттө бөлүнүп жарылуу, бузукулук, адепсиздик, уятсыздык көнүмүш адатка айланат. Акыйкаттын үнү өчүп, жалгандын үнү бийик чыгат.
ЖАКШЫЛЫККА ЧАКЫРЫП, ЖАМАНДЫКТАН ТЫЮУНУН ПАЙДАЛАРЫ
1–Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу бул пайгамбарлардын эң негизги милдеттеринен. Аллах таала айтты: «Чынында Биз ар бир үммөткө Аллахка гана ибадат кылгыла жана тагуттан арылгыла деп элчи жөнөттүк». (Нахл сүрөөсү, 36-аят)
2– Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу салих такыба адамдардын сыпаттарынан.
3–Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруунун сообу өтө улуу. Аллах таала айтат: «Алардын шыбырашып сүйлөшкөн көпчүлүк сөздөрүндө жакшылык жок. Бир гана садака берүүгө же жакшылык ишке буйруган же адамдарды жараштырган адамдын сөзүндө жакшылык бар. Ким ушул нерселерди Аллахтын ыраазылыгын каалап кыла турган болсо, ал адамга өтө улуу сооп-сыйлыктарды беребиз». (Ниса сүрөөсү, 114-аят)
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат: «Ким туура жолго чакырса, ал туура жолду ээрчиген адамдардын сообундай соопко жетет. Анын алган сообу себептүү туура жолду ээрчиген адамдардын сообунан эч нерсе кемип калбайт». (Муслим)
4– Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.
ЖАКШЫЛЫККА ЧАКЫРУУ ЖАНА ЖАМАНДЫКТАН ТЫЮУНУ ТАШТАП КОЮУНУН КООМГО ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРИ
Кайсыл бир коом жакшылыкка чакырууну жана жамандыктан тыюуну таштап койсо, анда жер бетинде, деңиз жана көл жээктеринде бузукулук жайылат.
Даават ишин таптакыр таштап коюу ал коомго көптөгөн жамандыктарды алып келет.
1– Ал коомго Аллахтын каары жана азабы түшөт. Алардын дубалары кабыл болбойт. Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант! Же жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарасыңар, же болбосо силерге Аллах таала Өзүнүн азабын түшүргөнү калды. Кийин дуба кыласынар Ал силердин дубаңарды кабыл кылбайт». (Бухари, Муслим)
2– Бузукулук кеңири жайылып, ал кооз көрүнүп, күнөө иштерди аткаруу көнүмүш адатка айланып калат.
3– Наадандык жайылып илим жоголот жана ал коом илимсиздик караңгылыгына батат.
4– Күнөө жана бузукулук иштерден тыйбай коюунун натыйжасында ал күнөөлөр кайра-кайра аткарыла бергендиктен жүрөктөрдү күнөө каптап калат.
Жакшылыкка чакырып жамандыктан тыюуда эске алына турган нерселер:
– Аткарылып жаткан иштин күнөө экенин баяндоо. Анткени күнөө кылып жаткан адам ал иштин күнөө экенин билбеши мүмкүн. Жана ошондой эле жакшылык ишке буюруп жатканда ал иштин Исламдагы ордун анын сообун ачык айкын баяндып берүү. Ушулардын баары адептүүлүктүн чегинен чыкпай сылык-сыпайы сөздөр менен айтылуусу заарыл.