Таасирдүү сөздөр 🍃


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Мотивациялар
💦Цитаталар
Афоризмдер
💦 Сүрөттөр сүйлөйт
⚛Ийгилик сага келбейт,сен ага барышың керек!🤓
⚛Ийгиликке тынымсыз кылынган аракет жана ишенимдин жардамында жете аласың!
⚠️Каналга катталыңыздар жана досторуңуздар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций






Салам окурман!🤩
Китеп сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу жаңылык!!📢🥳🥳
*"Сен китепти ачсаң китеп сени ачат"* дегендей китеп окуп, руханий азык алып, жан дүйнөнү байытууга убакыт келди!🤩🤩🥳🥳

*Ош, Баткен, жана Жалал-Абад* облустарынын жарандары үчүн *"БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК 4"* аттуу онлайн китеп окуу конкурсун жарыялайбыз.🥳🥳📚📚
Ата-энелер үчүн:
*"Баланы жазасыз тарбияла"* китеби
1-орун: Муздаткыч🤩
2-орун: Кир жуугуч машине
3-орун: Телевизор🤩
4-орун: Микроволновка
5-орун: 5000 сом
6-10-орундарга кызыктыруучу белектер🤩🤩🥳🎊🎁🎉

Студенттер үчүн:
*"Делбирим"* китеби
1-орун: Ноутбук💻
2-орун: Планшет
3-орун:10000 сом💸💸
4-орун: Ташкентке жолдомо
5-орун: 3000сом💸💸
6-10-орундарга кызыктыруучу белектер🤩🥳🎁🎊🎉

Окуучулар үчүн:
*"Чыңгызхандын ак булуту"* китеби
1-орун: Ноутбук💻
2-орун: Планшет
3-орун: Телефон📱
4-орун: 5000 сом💸
5-орун: 3000 сом💸
6-10-орундарга кызыктыруучу белектер.🎁🎊🎉🤩🥳

Өтүлүүчү күнү:
1-тур: 06.02.2025 (онлайн)
2-тур: 08.02.2025 (офлайн)
*ЭСКЕРТҮҮ!!!:*
*ОНЛАЙН СЫНАКТАН АР БИР КИТЕПТЕН 20ДАН КАТЫШУУЧУ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУП ЭКИНЧИ ТУРГА (ОФЛАЙН) КОНКУРСКА КАТЫША АЛАТ*

Сурап билүү жана катталуу үчүн номерлер:
0771-76-04-81 Малика




АЯЛДАРДЫ СЫЙЛУУ ГАНА АДАМ СЫЙЛАЙТ

Аял заты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.

Бир киши аялы менен урушуп калат.

Аялы ачууланып "төркүнүмө кетем" деген ойдо, кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт.

Абалды түшүнүп калган күйөөсү, аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып:

- "Эмне кылып жатасың, алтыным?" деп сурайт.

Аялы:

"Кышкы кийимдеримди салыштырып, жазгы кийимдеримди чыгарайын дедим эле" - деп жооп берет.

Аял заты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмаюу кайгы-капасын кетирет.

Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу - чыныгы эркектердин гана сыпаты.

~ "Дүйнө базарындагы саалихтер" китебинен


Ассалом алейкум. Көптөн күткөн тез окуу+ Эс тутум курсуна каттоо ачылды📚

Эгер сиз: ⬇️
-Китеп окууну адатка айлантыра албай жүрсөңүз
-Баштаган китебиңизди аягына чыгара албай жатсаңыз
-Китепти тез окууну каалап бирок жай окуп жатсаңыз
-Эс тутумду жакшыртып, китепти бат окууну кааласаңыз анда сизге “Тез окуу + эс тутум” курсу жардам берет✅

Курс окуу менен:📊⬇️

1 Окуу ылдамдыгыңыз кеминде 2-3 эсе жогорулатууга жардам бере турган 7 ылдам окуу техникаларын үйрөнө аласыз.
2 Эс тутумуңузду жана концентрацияңызды жакшырта аласыз.
3 Китепти кайталап окубай каласыз.
4 Окуган маалыматтарды оңой кабылдоону үйрөнө аласыз.
5 Окууда, ишиңизде жана жеке өсүүңүздө китептен алган маалыматтарды колдонуунун жолун үйрөнө аласыз.
6 Эгер окуучу болсоңуз: Окуп түшүнүүгө, формулаларды, жаңы сөздөрдү жаттоого жардам берчүү техникаларды үйрөнө аласыз.


Курс: ⬇️
Сабактын форматы: онлайн Видео сабактар + Google meet тен жандуу сабактар болот.
Сабактардын саны: 13 сабак болот
Курстун баасы: 3000
25- декабрга чейин катталгандарга: 1500 + бонус сабактар🎁
Каттоо: 30-декабрь аяктайт

Толук маалымат алуу үчүн⬇️
WhatsApp:
api.whatsapp.com/send?phone=+996220669700

Instagram:
https://www.instagram.com/gulmira_jigitalieva/profilecard/?igsh=eHRqank0Y3lsMWJk


*КАЙРЫМДУУЛУК КЫЛГАНЧА ФУДБОЛКА САТЫП АЛЫҢЫЗ!*🔴

Урматтуу боорукер кайрымдуу калкым, бир эженин баласы ооруп, *Киста головного мозга* деп диагноз койулуп, акча жетпей жатыптыр!

Товарларын сатып алганча кайрымдуулук жасасаңыз болот!
Фудболкалары арзан баада, сапаты жакшы экен, колдон келишинче, таратып,салым кошуп койуңуздар!

Төмөндөгү ватсап группага кошулуңуз!

https://chat.whatsapp.com/JOfwr8QkwOmKTtT5X35I9e


Ассаламу ъалейкум уа рахматуллохи уа баракатуху🫱‍🫲
Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Сиздерге соонун мумкунчулук☺️
САЛАВАТ жарышын жарыялайбыз🥳


САЛАВАТ ЖАРЫШЫНА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ:
• Аты-жонунузду
• толук адрес жибересиз!
•жашына чектоо жок!
•кызыктуу белектер бар🎁
•299сом менен катталасыздар🥰


1-орун УМРАГА ЖОЛДОМО🕋
2-орун УЮЛДУК ТЕЛЕФОН 📱
3-орун ЖАЗМА КУРАН 📖
4-10-орундарга чейин кызыктыруучу белектер😍🎁


Бул салават жарышка МЫРЗАЛАР жана АЙЫМДАР да
катыша алат🥳

Айтылуучу салават
"АЛЛОХУММА СОЛЛИ ЪАЛАА САЙЙИДИНАА МУХАММАД
Катталуу учун 👇
0502 471-961


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
"Бисмиляхи ллязи ля ядурру ма'асмихи шайун филь арды ва ля фи ссамаи ва хува ссами уль алим"

https://www.instagram.com/reel/DDrPfLuuaYx/?igsh=c2E1eWpiNjNqMmV3


Ассаламу алейкум уа рахматулохи уа баракатуху!

Жума маарек болсун, мусулман бир туугандарым. 😊✨🕌📿

Аллах Тааланын үйүнө баруу баарыбызга насип кылсын. 🤲🕋❤️


Ассаламу алайкум урматтуу жамаат, амансыздарбы?

Азыр жаңы жыл деп канча акчаларыбызды коротобуз ээ .

Эми акыретибиз үчүн дагы сарптап койсок жакшы болот.

Жаңы жылга сооп берилбейт туурабы?

Акыреттин амалдарына сооп берилет.

👍👍👍

Намаз марафону старт алды.

Мбанк

+996507718706

Единица О!

0507718706

Марафондун баасы болгону 200 сом.

Чек сөзсүз түрдө керек. 💐

Качан төлөм аткарганда гана группага кошобуз.

Окуйм, сооп алам дегендерге ушуну жөнөтүп коюңуздар. ✅

Аллахым ыраазы болсун.💞

Толук маалымат алуу үчүн жогорку номерге байланышасыздар.

Биз марафонго түшкөн акчага медресеге көмүр алып беребиз Иншаа Аллах. 💞


ЭКӨӨ ТЕҢ КҮНӨӨЛҮҮ

Жанаша турган эки үйдүн биринде күн сайын казан аяк кагышып, ызы-чуу чыгып турса, экинчи үйдөн деги эле үн чыкпайт экен.

Чуулгандуу үйдүн жашоочулары баягы адатынча урушуп жатканда аялы:

- Деги эле ушул кошуналардын урушуп, жаңжалдашканын такыр көргөн жокмун?! Урушпай кантип жашай турганын билип келчи?!- дейт күйөөсүнө.

Күйөөсү байкатпай коңшусуна барып, терезесинен үйдүн ичине көз салат. Ар ким өз иши менен алектенип, аялы ашканада тамак жасап, күйөөсү столдо бир нерсе жазып отурган болот.

Бир маалда телефон шыңгырап, күйөөсү аны ала коём деп столдо турган идишти байкабай түртүп, сындырып алат да, тизелеп олтура калып сыныктарды чогултуп кирет. Ашканадан аялы жетип келип, ал да олтура калып, сыныктарды терише баштайт.

Күйөөсү аялына:

- Кечирип койчу, телефонду ала коём деп сындырып албадымбы?! - десе, аялы:

- Эч нерсе эмес, мен өзүм туура эмес жерге коюп койгон турбаймынбы?! - деп жооп берет.

Экөө бири-бирине жылмайып, сыныктарды чогултуп, ар кимиси өз ишине кайтат.

Аларга терезеден көз салып турган киши үйүнө келгенде, аялы бейпил үйдүн сырын билдиңби - деп сурайт.

Ооба, билдим. АЛАРДЫН ҮЙҮНДӨ ЭКӨӨ ТЕҢ КҮНӨӨЛҮҮ ЭКЕН, А БИЗДЕ БОЛСО, ЭКӨӨБҮЗДҮКҮ ТЕҢ ТУУРА - деп үшкүргөн экен күйөөсү.

~ "Дүйнө базарындагы саалихтер" китебинен




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
https://www.instagram.com/reel/DDhJe8BM9pP/?igsh=MWh2dDBtbTkwMHMzeQ==


АЛМА БАК

Мисалы алма бакты алалы. Алма бакты карап көрсөк, күзүндө ширин-ширин, тап-таттуу, кып-кызыл алма түшүм берет. Бирок, арасында чириген, курт алмалары да болот. Кышка сактай тургандарды биринчи алып, чирибегендей кылып сактап коёбуз, а калган алмаларды чириген курт жерлерин кесип, таза жагынан ажыратып таштап салабыз.

Мына адам да ушул алма бак сыяктуу. Ар бир адамдын кемчилиги болот, ошондой эле жакшы жери да болот. Эгерде үй-бүлөдө, аял күйөөсү бири-биринин кемчилигин гана көрүп, бири-бирине жагышпаса, анда алма бактан чириген курт алма жеген сыяктуу. Чириген алма жесек, абдан эле жийиркеничтүү болсо керек...

Кыскача айтканда, андай үй-бүлө ырахатта жашай албайт. Үй-бүлөнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Алманын курт, чириген жерин кесип таштап салып, таза жагын жеп, ырахатта жашайлы! Урматтуу мусулман бир тууганым.

~ "Дүйнө базарындагы саалихтер" китебинен


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




ТОЮ КҮНҮ ӨЛГӨН КЫЗ

Аллах Таала айтат:
"Эй ыйман келтиргендер! Аллахга чындап такыбалык менен такыбалык кылгыла! Жана мусулман абалда гана дүйнөдөн өткүлө."
(Аали-Имран 102)

Бул окуябыз да ушул аятка бекем амал кылган кыз тууралуу болмокчу.

Апапак той көйнөгүн кийген жолукчан мусулман карындашыбыз шам намазы үчүн айтылган азанды угуп калды.

Кыз:
"Апа, болочок күйөөм мени алып кеткиче убакыт бар экен, даарат алып, намазымды окуп алайын...", - деди.
Апасы таң калып:
- "Ой сен акылыңдан аздыңбы?! Коноктордун баары келип калган, сени гана күтүп олтурушат. Сен даарат алсаң, жүзүңдүн жасалгасын кетирип коёсуң го?! Мен сенин бул намазыңды токтотуп турууңду талап кыламын! Менин айтканыма макул болбосоң, мен сага аябай капа боломун жана бул ишиң үчүн ачууланам!" - деди.

Кыз:
- "Аллах Таалага касам ичип айтамын! Мен бул бөлмөдөн намазды окумайынча чыкпаймын! Апа сиз өзүңүздү "мусулманмын" деп айтасыз, бирок "эл эмне дейт?" - дегенден коркуп, "Аллах эмне дейт?" - дегенден коркпой турасыз го?!"

Апасы:
"Сен деле түшүнсөң боло?! Эл эмне деп айтат?! Жүзүңдүн жасалгасы жок чыгып алсаң, үстүңдөн күлүшпөйбү? Башкалар олтурушат го унчукпай эле..." - деди.

Кызы жылмайып:
"Апа мени адамдар алдында жасалгасыз чыгуумду каалабай турасыз, бирок Аллах Тааланын алдына бул намазды окубай күнөөкөр болуп баруумду каалайсызбы? Көпчүлүк аялдар "намазымды анан окуп аламын" - деп олтурушат, же такыр окушпайт. Бул алардын туура кылып жатканы эмес, балким динди билбегендик. Күнөөкөр болуп жаткандык..." - деди.

Ушул сөздөн кийин апасы үн каткан жок. Кыз даарат алды. Жүзүндөгү жасалгаларынын баары жуулуп кетти. Бирок, ал аны ойлондурган жок. Намазын баштады. Бирок бул намазы, анын эң акыркы намазы экенин билген эмес эле. Рүкүдөн кийин саждага кетип, бирок ал андан башын көтөрбөдү. Ооба ал бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Болгону жакшы өлүм тапты.

Окуядан алына турган пайда:

Качан намаз убактысы болгондо, кандай гана жагдай болбосун аны ошол замат, өз убагында окууга тырышалы.

Аллах Таала айтат:
"Албетте намазды, өз убагында окуу момундарга парз кылынды".
(Huca 103)

~ "Дүйнө базарындагы саалихтер" китебинен




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram

Показано 20 последних публикаций.