Фильтр публикаций


Herkesin terk ettiği yerde
seni Allah sahiplenir..
❤️🍂


Менин тагдырыма жазылган адам өзүндү бактылуумун деп эсептей бер, себеби бактылуулук кайсыл жолдо экенин жакшы билемин…🍂


Күнүнө 6 минутадан болсо да пайдалуу китеп окусак стресстен арылтууга жардам берет экен..


«Кечирим сураганда, мындан кийин муну кайталабай тургандыгыңа сөз беришиң керек, кайра кайталап жасай турган нерсеңдин кечирими да, тообосу да болбойт…»


Чоңойгон сайын чоңураак жоопкерчиликтер, бир чети кубансаң, бир чети коркосуң ошол учурда да напсиң менен жанындагы досу сени менен ушундай алектенет дейсиң: же жумушуңду оор кылып көрсөтөт, үмүтсүздүккө салат; же жумушуңда ийгиликке жетип турсаң, мактаныч, текебердикке түртөт.

Ошого жаныңда кеңеше турган адамдарың болсо жакшы билип-билбей ката кылсаң, туурасын айтып турган; жакшы жолду көрсөтүп, жамандан тыйып турган))

«Аллахым, мага кайырдуусун бер жана аны көңүлүмө ыраазы кыла көр»,- деп дуа кылганыбыз өтө маанилүү…🕊




Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!🤲🏻🤍


Менин жүрөгүм сага гана гүл ачты🌸


7 миллиард жылмаюунун арасынан, бир сенин жылмаюуң өзгөчө.. ✨


Ойлонуп көрсөм жашоомдун эң бактылуу бөлүгүнүн бирин жашап жатыптырмын☺️(кудайга шүгүр)Бул да болсо качандыр бир кезде кылган дубаларымдын жыйынтыгы болсо керек.Аллахымдын чексиз мээрими менен бул учурду да жашап жатам😊
Себеп:
Ден соолугум ,акыл-эсим жайында,эч нерседен кем эмесмин,өзүм сүйүп кылган иштер менен алекмин,мен жактырган кесипти окуп жатам,аз да болсо Аллахым буйруган илим-билимди алуудамын,мен каалаган чөйрөнүн курчоосундомун,мен жактырган жана мени жактырган адамдарым менен соонун убакытымды өткөрөм ,айтоор айта берсем көп чыкчудай🌸
Кандайдыр бир учур келет,кээде туруп жашоодон бир аз түңүлгөндөй болобуз.Бирок ошол учурда жогоруда жазылган соонун нээматтарды эстеп тообо кылып кетесиң…☺️




Жалгыздыкта тынчтык бар .🫀
Өзүң менен сырдашасың өзүңдү өзүн түшүнөсүң.🌸Эч ким сени капа кыла албайт ,өзүңө убакыт бөлөсүң жүрөгүңдү угасың …
Ага башкалар:" Сен көбүнчө жалгызсың" -дешсе,
Ал: "Силер көбүнчө башкалар мененсиңер" - деп жооп берчү.


Башкалардан өзгөчө болууга эмес, башкаларга караганда жөнөкөй болууга тырыш❤️‍🩹


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
2024-жылы эмнени түшүндүм🤍🕊️


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Инстаграмм баракчабызга катталып алсаныздар болот!

https://www.instagram.com/___salihaam___?igsh=Mms4a3g5c3RoNnV2&utm_source=qr


Рамазан айы бул жүрөктөрдү тазалоо айы🫀


Рамазан айында орозо тутуу - Ислам дининин шарттарынын бири болуп саналат. Орозо жөнүндө Курани Каримде Аллах Таала мындай деген:

“Эй момундай! Силерден мурдагы үммөттөргө парз кылынгандай орозо силерге да парз кылынды. Балким такыбаа болоорсуңар!”
(Бакара 183)


“Эгер билсеңер, орозо кармаганыңар өзүңөр үчүн жакшыраак”.
(Бакара 184)


Урматтуу мусулман бир туугандар!

Силерди ыйык Рамазан айынын келиши менен чын дилимден куттуктайм! Бул касиеттүү ай – сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, тазалануунун жана руханий өсүүнүн мезгили. Рамазан – жүрөктөрдү тазартып, жакшы амалдарды көбөйтүүгө, мээримдүүлүктү, кайрымдуулукту арттырууга эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бул айда орозо кармагандарга Алла Таалам күч-кубат, сабыр, ырыскы, береке берсин. Ар бир жасаган сооптуу ишиңиздер жүз эсе болуп кайтып келсин! Жараткан ар бир тилек-дубаңарды кабыл кылып, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакыт, аманчылык тартууласын. Ден соолукта, узун өмүрдө, ыйман нуру менен жашоону насип кылсын!

Рамазан айы ар бирибизге кут, ийгилик, жыргалчылык алып келсин. Жакшылыкта, ынтымакта, бири-бирибизге кам көрүп, ырайымдуулукту арттырып, улуу майрамды татыктуу тосолу.

Рамазан айыңыздар маарек болсун!


Сактап алсаныздар болот!🤍

Показано 20 последних публикаций.