📌
✔️ Ийгиликтүү ишкер Эмиль Уметалиев сунуштаган 10 китеп 📖 «Кожожаш»
Кыргыздын эң байыркы эл дастандарынын бири. Дастанда Кожожаш мергенчи менен Сур эчкинин окуясы аркылуу адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң сезимдүү байланыш, адам баласынын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган.
📖 «Эр Төштүк»
Кыргыз элинин баатырдык дастаны. Дастандын сюжетин Төштүктүн каардуу күч менен кармашып, жети жыл жер алдына түшүп кетишин, ал жерде укмуштуу касиеттерге эгедер жардамчыларды таап, бир катар айбанаттар менен дос болушун жана түрдүү душмандарды жеңип, жер үстүндөгү акылман аялы Кенжекеге келишин баяндаган окуялар түзөт.
📖«Ак кеме» Чыңгыз Айтматов
Бул чыгармада жазуучу элдик башаттарга кайрылуу, жаратылыш менен адамдардын ыйманын сактоо маселеси курч коюлган. Мүйүздүү Эне жөнүндө жомок менен бугу уруусунун генеалогиясы тууралуу окуп, адам менен табияттын мамилесине саякат жасагыңыз келсе, бул китеп сиз үчүн.
📖И.В. Крыловдун тамсилдери
Тамсилдер башынан эле таалим — тарбия иштери үчүн иштелген. Адамда болгон терс сапаттарды каймана түрүндө чагылдырып, кейипкерлерди айбанаттар менен алмаштырып келишкен.
И.В. Крылов өз тамсилдеринде көптөгөн жаман мүнөздөрдү чагылдырган.
Мисалы: «Ийнелик менен кумурска»
Эмгекчил менен жалкоонун жоруктарын айтат. Жалкоолук кайда алып бараарын айгинелеп, так көрсөтөт.
📖«Вавилондогу эң бай адам» Джордж Клейсон
Сиздин бакубат өмүр сүрүүңүз үчүн билиш керек сырлар менен милдетттер айтылган. Автору Джордж С. Клейсон бул китепти каржылык кыйынчылыктарды жоюунун ыкмаларын сунуштайт.
📖«Кыргызстан тарыхы: күбөлөрдүн көзү менен» Петр Кокайсыл жана Амирбек Азам
Бул китеп чехиялык окумуштуу Петр Кокайсыл менен кыргызстандык журналист Амирбек Азам улуунун калемине таандык. Чыгармада Кыргызстандын Орус Падышачылыгынын, андан кийинки Советтик доордогу китепке түшпөй калган окуяларды өз көзү менен көрүп, жашап өткөргөн күбөлөрдүн баяндамалары камтылган
📖«IQ биздин тагдырыбызбы?» Мээрим Эмиль
Кантип ийгиликтүү болсо болот? Ушул жана башка кызыктуу суроолорго жоопту бул китептен таба аласыз.
📖«Why nations fail. Почему одни страны богатые, а другие бедные» Дарон Аджемоглу , Джеймс Робинсон
Авторлор географиялык жана этникалык факторлорго, алсак, климат, жаратылыш ресурстары, маданият жана динге негизделген экономикалык ийгиликтерди жана мамлекеттин каталарын кээ бир изилдөөчүлөр тарабынан сунушталган түшүндүрмөлөрдүн мүмкүн эместигин тастыктоого аракет кылышат. Өздөрүнүн тезистерин географиялык жана улуттук факторлор дээрлик толугу менен дал келген такыр башка жолдор аркылуу өнүккөн бир канча коомдордун (социум) мисалында далилдейт.
📖«Атлант расправил плечи» Айн Рэнд
«Атлант расправил плечи» китеби дүйнө жүзүндө социалисттердин бийликке келгени тууралуу баяндайт. Чоң бизнеске куугунтук башталат, эркин рынок пландык экономикага жол бошотот, Америка акырындык менен хаоско жана караңгылыкка бата баштайт. Башкы каармандар — темир жол компаниясынын ээси Дэгни Таггерт жана металлургиялык заводдун башчысы Хэнк Реардон жаңы түзүлүштөргө каршы турууга аракет кылышат.
📖«Кылычсыз Самурай» Китами Масаону
«Кылычсыз самурай» китебинде XVI кылымдагы Япониянын легендарлуу тарыхый жол башчысы Тойотоми Хидэйошинин лидерлик сырлары айтылат. Хидэйошинин сырлары ишкерлер, бизнесмендер, жетекчилик кызматта иштегендер жана катардагы окурмандар үчүн пайдалуу болот.