Kabar 24 | Расмий канал


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Новости и СМИ


@Kabar_24 Расмий канал
⚡️Текшерилген маалымат, эң акыркы жаңылыктар жана трендде турган жаңылыктар.
.
.
.

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Эң ишеничтүү фонд✅

👉 @kabar_24


Келгиле достор, туугандар, колдон келген жардамды аябайлы!

100сомбу, 200сом болобу ишеничтүү реквизиттерге жөнөтөлү!
(Билем, көбүңүздөр студент, окуучусуздар. Ашыкча акча жок, бирок бир түшкү тамактын акчасын которсок балким бирөө бир күн ток жүрөт)

“Ии 100сом эмнени чечмек эле, ансыз деле башкалар жардам берип жатпайбы.” - дешиңиздер толук мүмкүн. Бирок сиз жана мен биригип 6млн калкты түзгөнүбүз эсиңизден чыкпасын!

Бишкек жүрөк болсо, Баткен биздин бутубуз. Дене бардык мүчө аман-соо болгондо гана өз кызматын толук аткарат!

Жардам берели, дуба кылалы!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы CAFA Women"s Championship эл аралык турниринде 3-орунду алды. Мелдеш Душанбеде өткөн.

Оюндун акыркы күнүндө кыргызстандык кыз-келиндер Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңген (видеодо чечүүчү гол). Турнирдин жыйынтыгы:

🔹Өзбекстан
🔹Иран
🔹Кыргызстан
🔹Түркмөнстан
🔹Тажикстан

👉 @kabar_24


Коронавирустун "кентавр" деп аталган жаңы түрү жайылууда

COVID-19дун бул түрү өлүм учурларынын аздыгы менен айырмаланат. Бирок окумуштуулар вирустун жаңы түрү тез жугат деп божомолдошууда.

Белгилери:

🔸вирустун бул түрүн жуктурган учурда адамдын эти ысыйт;
🔸алсыздык болот;
🔸булчуң, баш, ашказан ооруйт;
🔸дем алуу органдары көбүрөөк жабыркайт, бирок пневмония көп болбойт.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Топ новостей за вторник, 19 июля @kundemi


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Дайджест новостей за вторник, 24 мая
@kabar_24


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Дуйнодогу эн кир адам 😳

Аму Хажи тарыхыбызда 60 жылдан бери чөмүлтүлбөгөн биринчи адам. Бул көп убакыт болду!

80 жаштагы карыя тазалыктын айынан өзүн жаман сезет деп эсептейт. Бирок ал сууну жек көрөт – сууда сүзүү керектиги жөнүндө сүйлөшкөндө абдан ачууланат.

@kabar_24👈🏽


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Дайджест новостей за понедельник. С началом недели! 😊

👉 @kabar_24


Акыркы коңгуроодо акча чогултууга катуу тыюу салынат

Билим берүү министрлиги бул күнү мектептердин айланасында өрт коркунучун жараткан жана ден соолукка коркунуч алып келүүчү фейерверк жана травматикалык каражаттарды колдонбоого чакырды.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 9-июн саат 9:00дө болот.

👉@kabar_24


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Дайджест новостей за вторник @kabar_24


Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга кайрылды

"Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз!

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок", —деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңеште казинолорго уруксат берүү мыйзамы каралып жатканда депутат Арслан Малиев колуна Куранды алып, Бакара сүрөөсүнүн 219-аятында кумарканалар "адамдар үчүн бир аз пайдасы бар" деп жазылганын айткан. Депутаттын бул сөзү кооомчулукта талкууга түшкөн.

👉@muftiyat_kg


16-майдан тарта Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясына кирүүсүнө жана ага жараша Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынат, деп билдирди министрлер кабинети.

Мындай чечимди Россия Федерациясынын өкмөтү эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алды.

Жазылыңыз👉 @kabar_24


🇰🇬Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Өлкө башчысы кыргыз эли ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, эгемен Кыргызстандын өнүккөн мамлекет болуусун эзелтеден эңсеп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген.

"Учурдагы Конституциябыз адилеттикке умтулууну, теңчилик болушун шарттайт. 2020-жылдын октябрь окуяларында коюлган талап дагы, анын жыйынтыгындагы натыйжа дагы дал ошого байланыштуу", - деп жазылган куттуктоодо.

Президент жаңы Конституция мамлекеттик башкарууда олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга укуктук негиз түзөрүн белгилеген.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ушул жуманын биринчи күнүндөгү жаңылыктар дайджести

Жазылыңыз👉 @kabar_24


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кытайда каржы пирамидасын түзүп ири суммадагы акчаны алып кетүүгө шектелген киши Кыргызстандан кармалды

Интерпол аркылуу изделип жүргөн шектүү 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн.

Ал каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 млн юанды алып чыгып кеткени айтылууда.

Башкы прокуратура аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин карап жатат.

Жазылыңыз👉 @kabar_24


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Лайфхак
Балаңыздын ыйлаганын 20 секундадан кийин токтотуңуз

Жазылыңыз👉 @kabar_24


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Россия биринчи жолу континенттер аралык “Сармат” ракетасын учурду

Россиянын Коргоо министрлиги “Сармат” континенттер аралык баллистикалык ракетасы “Плесецк” космодромунда ийгиликтүү учурулганын билдирди.

Ведомство тапшырмалар толугу менен аткарылганын айтты.

Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин армияны дүйнөдө теңдеши жок “Сарматтын” ийгиликтүү сыноосу менен куттуктады.

“Сармат” ракеталык системасы Россиянын коопсуздугун камсыздайт, аны коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жаткан кутургандарды ойлондурат, — деди ал.

👉@Kabar_24


«Ачык деңизде жоголгон». «Москва» крейсеринин экипаждары.

«Москва» крейсери чөккөндө 100дөй матрос каза болуп, 100дөйү жарадар болгон. Дайынсыз жоголгондордун саны белгисиз.

ЖМКлардын курмандыктары тууралуу маалыматына караганда, Орусиянын Коргоо министрлиги кемелердин экипаждары эвакуацияланганын билдирди.

👉 @kabar_24


Украинадагы кырдаал: Донбасс чоң согушка даярданууда, Киевге миллиарддаган евро жардам

Донецк жана Луганск облустарынын бийликтери орус армиясы менен айыгышкан салгылашуулардан улам жергиликтүү тургундарды тезирээк эвакуациялоого чакырууда. Президент Владимир Зеленский өлкө чыгышта чечүүчү согуш алдында турганын айтса, Шольц Путинди "сен" деп атады.

👉 @kabar_24


Краматорскидеги темир жол станциясына ракеталык чабуулдун натыйжасында 30дан ашык адам набыт болуп, 100дөн ашууну жарадар болгон.

Владимир Зеленскийдин айтымында, эвакуация пунктуна орус аскерлеринин «Точка-У» тактикалык ракетасы тийген. Ракетада «Балдар учун» деген белги коюлган.

👉 @kabar_24

Показано 20 последних публикаций.

21

подписчиков
Статистика канала