Кыргыз Поэзиясы


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Другое


Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Другое
Статистика
Фильтр публикаций


#Алым_ТОКТОМУШЕВ

*   *   *

Өткөн күндөр күүгүм менен бир кирип,
Күжүлдөшөт мас достордой чуу салып.
Жаш мезгилди жашообзуга пир кылып
Жаман эмес, аздык-көптүр дууладык.

Өткөн мезгил жылдыз менен бир чыгып,
Себет менин сезимиме ак жарык.
Кылыч болуп кынга сыйбай курчуду
Кыялга мас кыз мезгилдин аттары.

Жаш жаныма тардык кылып бүтүн жер,
Миңди көздөп, бирди дагы бүтүрбөй,
Жашап келдим… А жашоонун себеби
Көздөрүмдү ачыштырат түтүндөй.

Өткөн күндөр калкып чыгып кайдагы
Мени айлантат арзыбаган наркына.
Айтор достор, чоңбу же бир майдабы
Ар өлүмдүн өз күрөшү бар  тура...


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Нур_Зат_МОКЕНОВА

*  *  *

Кечир дебейм... Кетчи дебейм... Кел дебейм.
Бийигимсиң, бийиктиктен иргелген.
Өз кадырын жоготпогон жан элең,
Барктуу бойдон басып кетчи.
Жүрөгүмдө ысмың калсын
Жадыраган Күн бойдон.

Келем десең эшигимди илбеймин.
Жүрөгүмдө башка барын билбей бир,
кучактасаң ооруп кетет жүрөгүм.
Жалп деп өчкөн бүт сүйүүм.
Эми сени мурункудай,
Алоолонуп сүйбөймүн.

Кечир дебейм... Кет да дебейм... Кел дебейм.
Ээлеп алып мага орун бербеген
жүрөк тура, өзү чечкен бардыгын.
Сен күнөөсүз бир жолуккан
Телегейи теп- тегиз жан,
Көптөн көңүл муздаганда
Өрт ээрчитип бир келген.

Кечир дебейм... Кет да дебейм... Кел дебейм...
Бийик бойдон калгын мага бир келген.
Сезер элең ирмемимен кирпиктин,
Эч сөз айтпай басып кетчи
Жүрөгүмдө ысмың калсын,
Жадыраган Күн бойдон.

Жок дегенде ысмың калсын
Жадыраган Күн бойдон.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Какен_АЛМАЗБЕКОВ

ЖЫПАРЫ БЕЛЕҢ БАЛАНЫН

Таратып шоокум асманга,
Таң атып келе жатканда.
Алмалуу бакты аралап,
Айылды көздөй басканда.

Кош дедиң колум бек кысып,
Козголуп жүрөк кетти ысып.
Жоодурап көпкө тиктештик,
Жок чыгар андан эч кызык.

Жылдыздай жарык кабагың,
Жылмайып жал-жал карадым.
Жытына кеттим магдырап,
Жыпары белең баланын.

Көрүнсө азыр карааның,
Жарк эте түшөт кабагым.
Убайым тартып кыйналам,
Укпасам бир пас кабарың.
Сүйүүгө эркин жол берген,
Ырахмат сага заманым.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Базарбү_МЕДЕТОВА 

КӨЗҮМ ОТ СЕНИ ИЗДЕГЕН

Түшүнбөй мага таарынып,
бүтүндөй дүйнөм өрттөдүң.
Жалынды жиреп баарын ук,
шагымды кыйып өтпөгүн.

Жанымды чокко кайырып,
барымды төгүп салдымбы?
Нуруна көздүн кайыгып,
кунуна сөздүн калдымбы?

Күтүүсүз жерден жар кулап,
Күтүүбүз кайда?... Күзүндө
чыгынып жүргөн жалбырак,
чыңырып барып үзүлмөк...

Сөзүм көп, бирок айталбайм,
көзүм – от, сени издеген.
Бурулуп артка кайталбай,
буулугуп келем из менен.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ

*  *  *

Тээ деңиздин тереңинде,
Балык сүзөт тумчукпай.
Бүт ааламга жарык төгүп,
Күн да чыгат унчукпай!

Ай шооласын коюу түндө,
Милдет кылбай таратат.
А жылдыздар чексиздиктен,
Башын ийип карашат!

Ак пейилин ачык коюп,
Асман калкыйт төбөдө.
А адамдар кайкалашат,
Кичине бир дөбөдө…


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бактыгүл_КӨКӨТАЕВА

*  *  *

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн,
Мен да жаанда, мен да тышта, түндөмүн.
Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп,
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.

Жашаганы билбейм бирок, кечтим күн.
Тазалыгын кимдер туйду жүрөктүн ...
Адамдарга чачып жүрүп сүйүүмдү,
А мен өзүм тазарбастан кирдепмин.

Көктө сүзгөн кыялдарым жок болуп...
Көптөр жүргөн көчө менен агылам.
Бирок дале бир жүрөккө багынып,
Бирок дале бир жашоону сагынам.

А сиз кайда, каяктасыз бул тапта,
Азыркы жаан кеттиби же чачылтып.
Асыл жаның аяп аккан тамчыны,
Акын жаның турса керек жанчылып.

Барам сизге бакыты зор бир күнү,
Балким ушул жааны катуу түндөрдө.
Сен жөнүндө айтсам дагы чоң жомок,
Мен жөнүндө туйган жоксуң эч нерсе.

Кайта эле мен жамгырлардан суурулуп,
Кайта эле мен кара ойлордон кирдеймин.
Калгандыктан өзүмдү эбак унутуп,
Канча жерге жөө келгеним билбеймин.

Чарт этип күн жамгыр дале төгүлүп,
Чагылгандан жолдор кетет көрүнүп.
Сен да азыр мени туйбас сыяктуу,
Мен да мынча жаанда калган эмесмин.

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн.
Мен да жаанда, мен да тышта, түндөмүн...
Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп.
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү




#Эрлан_ЖУМАГАЗИЕВ

ОТ УУРТТАП АЛГАН КӨРҮНӨМ

Коргошундай эритүүмдү самасаң,
Сени эритпей өзүм эрип баратам.
Ысык демиң дене-бойду көлкүтүп,
Кылат чиркин, ызгаар кышты саратан!

Көлкүп денем оттой жанган демиңен,
Эрий берип, жок болбоймбу деги мен!
Оозуңан өөп, жүрөгүңдүн байкабай,
Отун кошо уурттап алган көрүнөм!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Санира_СЫДЫКОВА

*  *  *

Күндө арман,
Тосулуп туман менен,
Миң түркүн шоолаларын
чача албаган.
Булутта арман,
Айдалып оңго-солго,
Илебинен шамалдын
кача албаган.

Гүлдө арман,
Үлбүрөк желекчеге,
Тийбеген желдин деми.
Үйдө арман,
Караңгы терезеси,
Бакыт үчүн бекилген
эшиктери…

Түндө арман,
Коюнунда жылдыздар
жанбай калган.
Жамгырда  арман,
Тоо-талаага, тоолорго
куюп өтүп,
Тамчылары чөлдөргө
тамбай калган…

Көздөрдө арман,
Тереңинен
Эртеңи көрүнбөгөн.
Эринде арман,
Сүйүлүп,
Мээрим менен
өбүлбөгөн…

Жылда арман,
Айланчыктап,
Жаз, күзү билинбеген.
Ырда арман,
Жазылып бүтүп анан
Окулуп, жүрөктөрдө
тирилбеген…

Жолдо арман,
Салынып басылбаган.
Ойдо арман
Ак кагазга атайы жазылбаган.
Көөдөндүн арманына кеп чак келбейт,
Кел-кели келген чакта ачылбаган…

Таңда арман,
Ултуна, соолуктаган.
Арзууда арман,
Сүйүүдөн соолукпаган.
Бизде арман,
Адашып мезгилдерден,
Керек кезде кезигип
жолукпаган.

Экөөбүздө бир жеңиш,
Кеч да болсо,
Бактылуу адам санын
толуктаган...


____

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Калчоро_КӨКҮЛОВ

*  *  *

Турмуш сенин кеңдигиңе ыракмат,
Ак-карада теңдигиңе ыракмат.
Адал бүткөн турпатыңа, анан да,
Аруу бүткөн мөлдүгүңө ыракмат.

Көргөн менен бир ажалдан бөлөгүн,
Аның андай, мунуң мындай дебедим.
Ойдолобой отунумду жөн алып,
Оокатымы кылып жүргөн немемин.

Эчен толуп, эчен жерден төгүлдүм,
Эчен жанып, эчен жерден өрүлдүм.
Эл катары күнүн көрүп пенденин,
Эшик-төрүн кечип келем өмүрдүн.

Бирде туруп каңырыкты түтөттүң,
Бирде туруп күжүлдөтүп күчөттүң.
Элден калбай оокат кылам деп атып,
Эрежеңин элегинен бүт өттүм.

Сенден бөлөк деле эч нерсе билбедим,
Эч нерсени тегеретип ийбедим.
Сенин гана ыргагыңа баш уруп,
Сенин тарткан кыягыңа бийледим.

Эс тартканы этегиңе эрмештим,
Энчи күтүп эмгек менен эр жеттим.
Эбин билбейм, эбин билсем аянбай,
Эшигиңе тутка болуп бермекмин.

Актан бүткөн жердигиңе ыракмат,
Арстан мүнөз эрдигиңе ыракмат.
Туура сөздү тумандатпай түз айткан,
Турмуш сенин, сендигиңе ыракмат...


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА

*  *  *

Кайрый албай, оо канатчан мезгилди,
Карай-карай ичтен сыздап отурдум.
Кара чачка кар жаадырып кетиптир.
Кайран жылдар тооруй басып жолуңду.

Кар жаадырган кыш бекен же, кыз бекен?
Кышынан да, кызы көптөй өңдөнөт.
Жүрөк, анан ошол бойдон көздөрүң, 
Оо бир кезек жүрөгүмдү өрттөгөн!

Кайра баштан келсе кана ошол жаз,
жай саратан, өткөн күзүм, өктөм дил!
Ак бороондуу мейли кыштын карында,
Жылуулугум сага берип өтөм бил!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ

АНЫК БОЛУЧУ

Таалайга жазып, табышар кезде жол ушу,
Табышмак эмес таңдардын аппак болушу. 
Тагдырым мага табыштап берген аманат,
Татынам сени табарым анык болучу...

Жашоодо буйруп, жолугар кезде жол ушу,
Жашыруун эмес таңдардын аппак болушу
Жараткан мага табыштап берген аманат,
Жамалым сени табарым анык болучу.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

* * *

Жылт этип асманында жылдыз учуп,
бейкапар жатса экен деп, өскөн жери,
кар күрөйт чоочун шаарда кыргыз киши,
кар күрөйт таңкы саат төрттөн бери.

Кишинин жашоо үчүн жан үрөгөн,
жолу кар, көргөнү кар, көңүлү кар.
Качандыр карда калган жаны менен,
көңүлү сыздап кошо ооруйт чыгар…

Алыста балдарынын сырын, сыйын,
сүйүүсүн жашап жүрөт сатып алып.
Күн жалмап, күрөк тилген турмушунун,
бели морт, бети күйүк, башы жарык…

Кар баскан тагдырынан чарчайт киши.
Чыдамы чыйрыккандыр, түгөнгөндүр...
Жылт этип жылдыз учкан асман үчүн,
кар менен каяккадыр күрөлдү өмүр…

Бул шаардын кечи санаа, таңы санаа.
Күн алыс күрөктөрдүн сабы бошойт.
Өзүнүн асманынын кары гана,
апакай тилек менен жаады окшойт.

Жылт этип асманында жылдыз учуп,
бейкапар жатса экен деп, өскөн жери,
кар күрөйт чоочун шаарда кыргыз киши,
кар күрөйт таңкы саат төрттөн бери.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Атантай_АКБАРОВ

МЕН СЕНИ ЖАНЫМ ЧЫГА ЖАЗДАЙ СҮЙДҮМ…

Оо эркем, сенин таппай көзүм катып,
Асман–Жер арасында жүрдүм калкып.
Ак тамак булбул болуп сен сайрасаң,
Көктамак булбул болдум үнүм катып.

Жүрсөк да түндүк, түштүк уюлда биз,
Таңгалтып, тагдыр кээде кошуп турду.
Каалаган кезде турмуш сууга ыргытып,
Каалаган кезде бизге от жуткурду.

Өзүңсүз өтүп жаткан күндөр жалган,
Бир чымчым жарыгы жок түндөр өлгөн.
Сен менен чайкайнамча болгон кезим,
Оо канча артык мага бейиш төрдөн.

Күн барбы менин оюм ишке ашар?
Ойлоймун: “Сүйүү, мынча жолуң татаал?”
Куураган кезде бакыт, сүйүү жетпей,
Кудайга болгум келет орун басар.

Бофорттун шкаласы өлчөй алгыс
бороондун жетегинде өмүр сүрдүм.
Жүрөгүм мухит сымал окторулуп,
Мен сени жаным чыга жаздап сүйдүм.
Оо сени жаным чыга жаздап сүйдүм!..


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Аида_САДЫКОВА

*  *  *

Ойго салган, ою-чийме жоолуктар,
Карап, жыттап, бүктөгөнгө ашыкмын.
Канча жашын аарчыдыңар ким билет,
Мага окшогон эрке, ыйлаак, жашыктын?

Бул жоолукту сурап алгам апамдан,
А мунусун энем сатып берди эле.
Бүктөп койсоң, жүз жыл турат жапжаңы,
А энелер, турбайт минтип эмнеге?..

Мына менин ак, чачылуу жоолугум,
Келин болуп барганымда салынган.
Кайда азыр, карааны эч көрүнбөйт,
Кайын энем өз энемдей жалынган?..

Жоолуктарды байкап калам бирөөдөн: 
Белин байлап, бутун таңып алышкан.
Бир кездерде алтын башын орогон,
Апакелер азыр кайда калышкан?

Кимдер кандай колдонушат өз эрки,
Алар менен ишим болбойт кенедей.
Мага жагат, жоолуктардын илеби.
Анткени алар жыттанышат энедей.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ

ЭЛҮҮ АЛТЫНЫН КЫРЫНДА ТУРУП ЖАЗГАН ЫР

Өтсө дагы жашчылык,
Өмүр бою азгырып,
Жашың тосуп турса да,
Жакындасаң мас кылып,
Жомок болуп эртеңи,
Жок нерсеге каткырып –
Кумар тура жашчылык!

Коюндашып бир өскөн,
Моюндашып күрөшкөн,
Көчкөн достор дүйнөдөн,
Көрүп турган сүрөттөн,
Куулугу жок, шуму жок,
Курбулугу жүрөктөн –
Тумар тура жашчылык!

Азыр минтип жок издеп,
Артка кайтчу жол издеп,
Алтын булак жаштыкка,
Айласын таап жолук деп,
Аста кармап колунан,
Астейдил өөп коюш эп –
Дары тура жашчылык!

Жыл айланып жаз келет,
Жерге жаңы жаш берет,
Жетип ал деп кыз турса,
Жигит ага тап берет,
Жалындатып жашоону,
Жыргалы да бап келет –
Баары тура жашчылык!
Эх, жашчылык, жашчылык!!!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Назгүл_ОСМОНОВА

*  *  *

Аязы колду какшаткан,
Апакай кыштын кечинде.
Шаар ичи жанып ак шамдар,
Келаттык көчө четинде.

Көөдөндө сүйүү тумчугат,
Жаздагы албуут сел болуп.
Дүйнө-өмүр жаздай кулпурат,
Сен болуп анан мен болуп.

Өмүргө келип алтын күз,
Күбүлөөр кезде сымбатым.
Сыздатып асыл жүрөктү,
Жолуктуң неге кымбатым?

Айталбай сөздү тартынып,
Карайсың неге тайсалдай?
Кыялдын кууп артынан,
Өтүптүр жылдар байкалбай.

Канчалык кыйын болсо да,
Көөдөндө калсын арманым.
Жаз менен кошо узатып,
“Кайыр кош” деймин ардагым.

Дүйнө-өмүр жаздай кулпурат,
Сен болуп анан мен болуп…


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Тайир_АШИРБАЙ

БАРАТАМ

Төрөлгөндөн төрдү көздөй баратам,
Төбөдөгү айды өзүмө каратам.
Түндөн качып... Таңдын ачып эшигин,
Тирүүлүктү жаш, жаңыча жаратам.

Башталыштан бүтпөстүккө баратам,
Башаттарга көз жашымды таратам.
Тоо койнунда өскөн төрт сап ырымды
Тосуп алат баёо бала, балапан.

Булак көзүн ачайын деп баратам,
Бул жашоонун таттуулугун карасаң.
Оо, адамзат, сенин эки колуңа
Он сегиз миң ай-ааламды карматам.

Мейкиндиктен ары карай баратам,
Мен өзүмө чексиздикти саматам.
Жетээримде көк жээгиме, жээгиме,
Жүрөгүмдүн кош канатын канатам.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Гүлбарчын_ТУРАТОВА

СЕН МЕНИ АЯДЫҢБЫ?

Туңгуюктан чыгарууга макул болуп,
Уу жуттурган ушактарга чыдадыңбы?
Там-тум басып, азаптардан качып жүрсөм,
Жүдөтпөй сүйүп алганга ынадыңбы?

Көздөрүңдөн көздөрүмдү окуп туруп,
Сынапда көрдүң бекен чыдамымды.
"Бактылуу жашаганга акың бар" деп,
Сен мени жалгыздыкка кыйбадыңбы?

Таштакта мүдүрүлгөн буттарымды,
Боор ачып, мээрим берип аядыңбы?
Же балким, сүйүү ырын жазсын деп,
Жакшы сөзүң бир мага арнадыңбы?


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Темирлан_СЕЙИТБЕКОВ

ТАРАЗА

Эки башка багыттарга баштанып,
Узадык биз каректерден жаш тамып.
Унуталбай жашайттырбыз эскерип,
Кара жерди калгычакты жазданып.

Жакын жүрүп, бөлүп бизди алыстык,
Күнөөлүдөй көрүшө албай калыштык,
Түп көтөрүп тагдыр, сүйүү, турмушту,
Махабаттан издеп жүрөм калыстык

Ыраактадык махабаттан, майрамдан,
Бакыт күндөр муңайымга айланган,
Кыйнап турат көнүп калуу азабы,
Түйшүк болуп сага жипсиз байланган

Эрким жетет сенсиз бутка турушка,
Мен чыйралам тагдыр мени урушса!
Аттиң арман деп өтөсүң дүйнөдөн,
Мен жылдызга жеткен кезде турмушта!

Мен ишенем! Өтөт-кетет бул күндөр,
Тагдырымдан көп туш болоор түркүмдөр!
Таразалайт катабызды акыры,
Турмуш, чындык, жашоодогу сүртүмдөр!

Эки башка багыттарга баштанып,
Узадык биз каректерден жаш тамып.
Унуталбай жашайттырбыз эскерип,
Кара жерди калгычакты жазданып.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү

Показано 20 последних публикаций.