КӨӨНӨРГӨН СӨЗДӨР


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Билбегенин сурап билген аалым,
♡Уялып сурабаган өзүнө заалым.
ЖРТ тапшыра тургандарга жардам.
🍂Көөнөргөн сөз
🖇️Аналогия
🔆НАКЫЛ СӨЗДӨР
Алгач ийгиликке жетишпесең көңүлүң чөгүп,тез эле тыштап койбо.Ийгилик кыйынчылык менен,аста-секин келишин унутпа!

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай
Опрос
  •   шыдыр, шар
  •   кокустан, капыстан
  •   абдан тез, ылдам
  •   одоно, орой
1575 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Эки дебөө

Жалган айтпоо, айтканынан кайтпоо, убадага бек болуу.
«Айттымбы, аткарам. Эки дебеген жанмын», - деп убадасын бекем берди.


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Ичи ала адам -
Опрос
  •   пейили бузук адам
  •   ичи өтүп жаткан адам
  •   көрө албас адам
  •   абдан кайгылуу адам
1600 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Миң гүлүнүн бири ачыла элек / Он гүлүнүн бири ачыла элек

Али жаш, эч нерсени көрө элек, аркы-беркини абдан түшүнө элек, турмуштук тажырыйбасы аз.
Он гүлүнүн бири ачыла элек кыз.


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Көзүн тазалоо -
Опрос
  •   жазалоо
  •   түшүндүрүү
  •   кыйноо
  •   жок кылуу
1695 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Бир эсептен

Бул жагынан, мындайча алганда.
Бир эсептен бул да туура, антпесе эл өз билгенин кылбайбы.


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Бир эрди менен көктү, бир эрди менен жерди шыпырган

Жаактууга жай бербеген, ээ-жаа бербей албууттанып сүйлөнгөн, сөзгө алдырбаган бей-жай, кара-жаак.
Митингге адатынча бир эрди менен көктү, бир эрди менен жерди шыпырган аялдар да кошулушту.


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Эки колун бооруна алуу -
Опрос
  •   аман-эсен төрөп алуу
  •   Кудайга кайрылып дуба кылуу
  •   абдан катуу кайгыруу
  •   оор жумушка киришүү
1600 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Беш көкүл

Эс тартып, бойго жетип калган, турмушка чыга элек кыз.
Кыргыздын беш көкүл кыздары иймектей чимирилип сахнада бийлеп жатышты.


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Куу баш адам -
Опрос
  •   митаам адам
  •   алдамчы адам
  •   баласы жок адам
  •   жалгыз калган адам
1718 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Алдына миң жылкы салуу

Мас болуу, кызып калуу.
Тиги бай абышка алдына миң жылкы салып, коктуну көздөй бастырды. / Күүлдөгөн Ыманбай астына миң жылкы салып...теминип отурду. (Сыдыкбеков)


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Мышык сопу
Опрос
  •   уялчаак
  •   арамза
  •   жоош
  •   аз сүйлөгөн
1683 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Чычкан мурдун канатпаган

Эч мал сойбогон, кан чыгарбаган.
Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур, а! (Абдукаримов)


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Камчы салдырбаган адам кандай адам?
Опрос
  •   Чыйрак адам
  •   Кыйын согушкан адам
  •   Жалкоо адам
  •   Катуу чуркаган адам
1629 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Жылкы кыял

Мүнөзү терс, чулуңдап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө.
Ал жылкы кыялын карматса, оңой менен сөзгө келбейт. (Т.С.)


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Оозун куу чөп менен аарчуу деген эмне?
Опрос
  •   ачка болуу
  •   "жок" дей берүү
  •   алдап кетүү
  •   таң калуу
1644 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Башын куттуктоо

Кандайдыр бир жагымсыз начар иштен (катуу оорудан, чоң кырсыктан, узак жолдон ж.б.) аман калган адамга сый көрсөтүү иретинде кийим-кече кийгизүү же бир нерсе тартуулоо.
Иниң өзү келгенде, башын куттуктап ат мингизейин. (Жантөшев)


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Жапа тырмак
Опрос
  •   Ылдам
  •   Бирге
  •   Бүт баары
  •   Жалгыз
1649 голосов


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Кур ооз

Үйдөн бир нерсеге ооз тийбей, даам сызбай.
Куттуу үйдөн кур ооз чыккан болбойт, бул ата-бабадан келе жаткан салт.


Репост из: ӨНӨР АЛДЫ - КЫЗЫЛ ТИЛ (кыргыздын сөздөрү)
Ак койдон аңкоо, боз койдон момун адам кандай адам?
Опрос
  •   жоош
  •   куу
  •   билимсиз
  •   жөнөкөй
1754 голосов

Показано 20 последних публикаций.

484

подписчиков
Статистика канала