Кыргыз кеп


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Образование


"Кыргыз кеп" каналы коомчулуктун бардык катмарына багытталат. Кыргызча түшүнгөндөр үчүн кызыктуу, пайдалуу. Өзүнчө дүйнө. Тесттен өтүп, адабият, салттан кабардар болуңуз. Андан сырткары экзаменге, рефератка материалдарды таба аласыз.
Admin: @nuraz17

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Образование
Статистика
Фильтр публикаций


❌Ыраттуулук керек
✅Ырааттуулук керек

❌Жаскамбай эле айт
✅Жазганбай эле айт

@kyrgyz_kep


Туугандар, туура жазабыз!☝️


❌Мага жассаңар болот
✅Мага жазсаңар болот


❌Заманың бөөрү болсо...
✅Заманың бөрү болсо...

@kyrgyz_kep


☝️ Осмо кетип, каш калат,
Оомат кетип, баш калат.

***
Отурган ойлонгуча, баскан мал табат.

@kyrgyz_kep




1.Байбичесин камчылаган жылкычы, энесине болушкан уул.

“Бакайдын жайыты” кинофильмдеги эмоционалдык оор кадрлардын бири. Ролдордо Муратбек Рыскулов, Назирет Дубашев жана Алиман Жангорозова. Режиссеру Төлөмүш Океев.

2.Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" киносунда актриса Бакен Кыдыкеева Толгонайдын ролунда.

@kyrgyz_kep




1.Атактуу Таттыбүбү Турсунбаева Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" кинофильминде Уркуянын ролунда.


2.Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Алар элеттик жубайлардын ролун аткарган. Геннадий Базаровдун "Көчө" кинокартинасынан бир көрүнүш.

@kyrgyz_kep




1.Баралына келип, таланты тапталган эки мыкты. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Төлөмүш Океевдин "Улан" фильминде, Ысык-Көл, 1977-жыл.

2.СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева режиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында.

@kyrgyz_kep




1.Сүймөнкул Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалтанын образында. Эмне деген керемет фильм!

2. Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев "Бөрү зындан" фильминде. Бул тасма тууралуу кезегинде Советтер Союзунда бир топ талкуу, алкоо, мактоо болгон. Эки фильмдин тең режиссеру атактуу Болот Шамшиев.

@kyrgyz_kep


17-ноябрь — өлкөнүн кинематографисттеринин кесиптик майрамы, Кыргыз киносунун күнү. Кино дегенде эле "кыргыз керемети" көз алдыга тартылат.

Мындай шедеврлер топ-топ болуп мындан ары тартылабы, жокпу ким билет. Бирок, ошол кинокартиналар көргөн сайын көргүңдү келтирген касиети менен кала берери шексиз.

Төмөндө Кыргызстандын гениалдуу режиссерлору жараткан фильмдердеги улуу,таланттуу актер, актрисалардын кинодогу ирмемдерин окурмандарга тартуулайбыз. 👇👇👇


Колу туткак киши тууралуу айтсак:

❌Мойнуна албаган уруу экен
✅Мойнуна албаган ууру экен


Дүйнө, мейкиндик жөнүндө айтсак:

❌Алаам айылдан башталат
✅Аалам айылдан башталат


Жакшынакай деп суктансак:

❌Өтө суулуу кыз экен
✅Өтө сулуу кыз экен

@kyrgyz_kep


Туугандар, туура жазабыз!☝️

Эгерде ири купюра тууралуу сөз кылсак:

❌Кезек акча
✅Кесек акча


Кыш тууралуу сөз кылсак:

❌Каар жаады
✅Кар жаады


Бирөөнү жумшап жатсак:

❌Муну жаза
✅Муну жаса

@kyrgyz_kep


Балдарга жомок айтып (коюп) бериңиз.

"Куйругун жазалаган түлкү".

@kyrgyz_kep




Дагы кызыктуу фактылар:

🔸 Элечектин чоңдугу анын ээсинин жашоо-турмушуна жараша болгон. Бай, оокаттуу кыргыздар элечекти 25-30 метрден кем эмес кылып ак кездемеден орошкон;

🔸 өтө жардылары 5-7 метр менен чектелишиптир;

🔸 элечекти айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган;

🔸 элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкөн эмес.

🔸 илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн;

🔸 түштүк тарапта экинчи же үчүнчү баласы төрөлгөндөн кийин келиндер кеп такыясын чечип ордуна башы, моюну жабыла тургандай жоолук салынышкан;

Ал эми кеп такыя, шөкүлө, тебетей, үкү топу, жоолук туурасында кийинчерээк айтып беребиз.

@kyrgyz_kep


Элечекти акыркы жылдары салтанаттарда, коомдук иш-чараларда, тойлордо арбын кие башташты.

Мындайча айтканда, көптөрдүн бул баш кийимге болгон кызыгуусу артты.

@kyrgyz_kep


Элечек тууралуу кызыктуу фактылар:

🔸 Ысык-Көлдө күйөөсү жок жесир аялдар элечекти жыгымы жок орончу;

🔸 жаңы алган келиндин элечегине кызыл чүпүрөк менен кыргак тагылчу;

🔸 тапталган кездеме тегиз болуп оролгондуктан аны алдын ала таптап, даярдап коюшкан;

🔸 түндүк аймакта элечекти ээк алгычы жок кийген эмес;

🔸 байлардын аялдары элечектин жоолугу кызыл уч же ыстампул деген кездемеден жасалганын салынышчу;

🔸 артындагы куйрукчасынын этеги үч бурчтук болот;

🔸 27 кат токол элечек деп аталат;

🔸 40 каттамдан турганы каз элечек болот;

🔸 элечектин төбөсүнүн бийиктиги адамдын жашоо-шартын көрсөтүп турган;

🔸 кызды турмушка узатып жатканда шыр жана жакшы оролсо, жашоосу жакшы болот деп эсептешкен.

@kyrgyz_kep


🔸Түштүктө элечек "каляк", ал эми Таласта, Токтогулда "илеки" деп аталган.

🔸Географиялык жана климаттык шартка жараша ар аймактын элечегинин түзүлүшү ар башка болгон. Алсак, түндүк аймактарга тиешелүү элечектердин дээрлик бардыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат.

🔸Түштүк аймактарда күн ысык болгондуктан элечеги сорогой болуп үстүнө сөзсүз дурия жоолук жабылган. Алар күндөн сактап, көлөкө берип турган.

🔸Элечектин оролмолоруна жука ак кездеме же даки колдонулган. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан.

Кээ бир учурда, айрыкча, көчүп баратканда ымыркайда ороого же жараат таңууга да керектешкен.

@kyrgyz_kep

Показано 20 последних публикаций.