Кыргыз акындарынын ыр саптары


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Книги


Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Книги
Статистика
Фильтр публикаций


Автор Абыльпата Адылбеков.
Жүрөктөгү айымым.

Максатыбыз бирикпестен башкабыз,
Тагдыр экен айткан сөздөн кайтканбыз.
Бийлеп алып сезимимдин ордосун,
Ошонтсе да элдешпеген жактабыз.

Канча жолу куса болдум сени эңсеп,
Өтсө деле кайтып кокус келет деп.
Үзүлбөгөн элестериң дем берген,
Кокусунан кайра үланып кетет деп.

Бөтөндүктүн ачуу даамын татканбыз,
Бөлөк болуп, башка турмуш тартканбыз,
Эмнегедир жүрөк мыкчып кетирбей,
Эңсей берет ойлорумдан четтетпей.

Эмне үчүн бул илдетке кабылдым,
Сүйгөндөбү ак сүйүүдө айыбым.
Кечирип кой менден кетсе каталык,
Жетпей калган жүрөктөгү айымым.

Автор:

Абыльпата Адылбеков.




АРМАНДУУ  СҮЙҮҮ  БАКТЫМБЫ?

Айта албай эч бир атыңды,
Айыкпас өзүң дартымбы?
Көкүрөк муңдайт  сыздатып
Көлдөтүп көздө жашымды.

Таап алып жазган катынды,
Түйшөлгөн санаа тарттымбы?
Табышмак болгон сүүйүнү,
Тагдырым мага айтыңбы.

Жүрөккө салсаң  жалынды,
Алоолоп  күйүп жаттымбы?
Жан дуйном сени таба албай,
Дербиштей болуп бастымбы?

Тушалтып менин бактымды,
Махабат заарын чачтыңбы?
Жаралуу калган куш сымал,
Уча албай канат кактымбы?

Ашуусун далай аштымбы?
Ачуусун даалай таттымбы?
Айталбай көөдөн муң басып,
Айыкпас дартка калдымбы?

Суусуз бир чөлдө талдымбы?
Сумсайып жатып калдымбы?
Какшыган сүйүү чөлүндө,
Чыбыктай болуп аздымбы?

Аппак кар жааса шаштымбы?
Аяздан издеп бактымды,
Үшүтсө бороон уулуган,
Аярлуу тиктеп жаттымбы?

Көлкүлдөп көөдөн ачтымбы?
Көңүлгө  дартым катымбы?
Көздөгөн күнгө жете албай,
Армандуу күндө актымбы?

Көл сымал толкуп аштымбы?
Көбүрүп толкуп таштымбы?
Көп элден сени таба албай,
Күл болуп күйүп жаттымбы?

Арманын сүйүү айтымбы?
Ааламга баарын чачтымбы?
Акактай болуп таң эрте,
Азапка канат кактымбы?

Армандуу суйуу бактымбы ???

Автор: Орозалиева Бурахима


АРМАН ЖОКТУР

Караан үзүп, калабалуу тар жерден,
Каалгып учуп, бийиктикте жан берген,
Канаттууда – арман жоктур чекиттей,
Кандай кеңдик... Асман... Соңку ал көргөн.

Аламанда кызый чуркап жүгүрчү,
Аласалып, деми токтоп, сүрүлчү.
Аргымакта – арман жоктур үтүрдөй,
Ал аттады чын дүйнөнү биринчи...

Келгенине кейип жашап күрсүнө,
Кеткенинде жүзү толгон күлкүгө.
Кедейлерде – арман жоктур кенедей,
Кейибеген артта калган мүлкүнө.

САДЫРБЕК ТУРДУБЕК УУЛУ


Жубайыма

Сен жашайсың борборунда жүрөктүн.
Мен алыста а колумда сурөтүң.
Түндөр менен сырдаш болуп отурам.
Беттен сүйүп сен жылмайган сүрөттүн,,,

Көзүм сенде көңүлүм да өзүңсүң
Болоюнчу кареги шол көзүңдүн.
Үшүтпөгөн сезимдерди ичтеги.
Кыш чилдеде курчап мени жылуулук..
Менин үйүм ошол сенин жүрөгүң..

Жакшы ниет тилегимди баарысың,
Тапкам сенден жаратымдын даарысын.
Бай болсом да мен өзүңсүз кедеймин.
Баарынан да бийик турган бактымсың…..

Сен өңдөнүп менин ар бир күндөрүм.
Сагынычтан мен эзилип жүрөмүн.
Мен өзүңө ачууң келген жан болсом.
Сен мен үчүн согуп турган жүрөксүң.

Менин жарым менин сүйгөн жубайым.
Сени күндө сүйүп эле турайын.
Катып алчы көөдөнүңө чыгарбай
Жүрөгүмдү сүйүүм менен сунайын…..

Автор: Нуркан Жолдошбек


Көл сүйүүсүн,жоготкону бар иргеп,
Күнөө коёт, көр тирлике анык кеп.
Көлчүктөрдө муңдуу жашоо улантып,
Көөдөнүндө жашыргандар аны көп.

Көптөр айтчу,Сүйүү деген ушулбу?
Көрүнбөгөн,көзгө майда кусуру.
Көп акындар, жазуучулар өтүштү,
Жазып бүтпөй сүйүү,байлык,тузуңду.

Чын сүйүүнү бар дегениң чын сөзбү?
Эй Адамзат далилдечи ушуңду!

Алина Шүгүрбекова


Далай үмүттөрүмдү өлтүргүчүм,
Алып бүттүң,алымдын мөлтүр күчүн.
Ыр жазбоочу ойумдан кайтарасың,
Ыр жазууга, эргүүмдү келтиргичим.

Жаралган бүт мендеги чыгарманын,
Жазбай туруп баарысын чыгарганым.
Тоодой болгон аракет жасасам да,
Мен ойуңда,экинчи пландамын.

Эстөө сайын, дүркүрөп кетет дене,
Жөн болсо, жүрөгүм сезет неге?
Мен көтөргөн, үстүмдөгү арманыма,
Сен,мен болсоң чыдамың жетет беле?

05.09.24.
Актилек Кулпеишов


Ыр жазам деп күндөр батып , чыгып ай
Түйшүк тартып түнү менен уктабай.
Акын болбо сенда мендей кейибе,
Уктабаймын кээ бир түнү ыр жазбай.

Саптар жазуу оңой деп мен ойлогом,
Мен башында мынча кайгы болбогон.
Азыр болсо тумчугамын ыр издеп,
Өлүк эмес бирок денем бозоргон.

Майыштырып бекем кармап колумдан,
Баратканда тосуп чыкса жолумдан.
Уктасамда ойгонсомда Алыкул,
Такыр эле кетпей койдуң оюмдан.

Мен өзүңдү эстеп дайым келемин,
Эстей берем мага берген белегиң.
Кымбат белек болгон эле мен үчүн.
Эсте жүрөт сыр сакталып калемиң.

Ассалоому алейкум урматтуу акындар ырымды сындап беришиңиздерди өтүнөм катачылык болсо айтыныздар рахмат

Нурсултан Бактияр уулу








Алың кандай бирөөнүн келинчеги?

Ары-бери ойнотуп турмуш селкинчеги,
Алып кеткен башкага менден сени.
Ар бир таңда күн менен салам айтам,
Алың кандай башканын келинчеги?

Алың кандай бирөөнүн келинчеги?
Менде болсо өчө элек сүйүү деми, Жашоонун бороонуна кабылтпастан,
Алган жарың сүйсө экен мендей сени!


Басынып кусалыкка толгон денем,
Баратам барик учкан жолдор менен.
Акынга бир тынымдык кайгы да оор,
Дүйнөдө күндө майрам болгон менен.

Күн күлөт түбөлүктүү бийигинен,
Оордук колун тартпайт ийинимен.
Ыйлагым келип кетет эмнегедир,
Бирөөнүн салбыраган кийиминен.

Ойлоном, ойлой жүргөн өктөрүмдү,
Качанкы отко салган дептеримди.
Ачуудан ким бирөөнү ыза кылып,
Бирөөгө катуу айткан кептеримди.

Түйүлөт муштум таштай байкабастан,
Сээлдейт, дүйнө толкуп чайпалбастан.
Ич күйөт көп адамдан кордук тартып,
Көп сөздү калганыма айта албастан.

Жашоону туюп четтен көрүүчүдөй,
Мөлтүлдөйм, кызыгына эрүүчүдөй.
Кыжынып эртең деймин, эртең деймин,
Эртеңдер чексиз келе берүүчүдөй…

✍️Жолон Мамытов








Кетким келди, кирсиз бала күндөргө,
Санаасы жок, уктап калчу түндөргө.
Тез өссөм деп күндө боюм ченегем,
Шашпайт элем, эгер муну билгенде.




Кээде туруп ызалыктан өлгүм келсе,
Кээ учурда бирөөлөрдү көмгүм келет.
Кээ кездерде тирүүлүк ысык болуп,
Кээ кездерде дүнүйө тарып кетет.

Сыноо деп бул жарыкты берген экен,
Сыйына кимдер тоюп, кимдер жеткен.
Тирүүлүк кумар тура адам үчүн,
Кана албай далай инсан өксүп кеткен.

Сөөгү морт, эти жумшак адам уулу,
Кээсине бакыт болсо кээси муңдуу.
Бирине кара курсак топук болуп,
Айрымдарга бул дүнүйө жылан уулуу.

✍️ Нурбек Саяк


Куттуу болсун майрамыңар Айымдар,
Куттуктоого аял затын акым бар.
Жарыктыкты бүт ааламга жарыткан,
Жалгыз гана Жарыктыкта затым бар.

Жарыгысын бул дүйнөнүн жалгызы,
Мээрим деген түшүнүктүн жарчысы.
Жалгыз өзүң, бийлеп алып ааламды,
Бүт дүйнөгө мээрим жолун салсычы.

Аял сенсин, бул жашоону тараткан,
Чыдап келген, бул турмушка жадаткан.
Жолдоп келем, сен баштаган жолуңду,
Такыр калбай,мээрим төккөн адаттан.

Автор: Абыльпата Адылбеков.
Екатеринбург шаары.

Показано 20 последних публикаций.