Кантип кенже IT-адиси жумуш тапса болот?
1. Кенже IT-адистер үчүн вакансияларды карап чыгыңыз.
2. Вакансияларда кезиккен жалпы талаптарды жазып алыңыз.
Эң негизгиси, hard skills кездешкен жөндөмдөрдү анализдөө зарыл.
Иш берип жаткан адамдын көңүлүн алыш үчүн, кандайдыр бир милдеттүү жөндөмдөр талап кылынат. Мисалы программачылар үчүн бир же бир нече программа тилдерин билүү, база данных ишинин түшүнүгү ж.б.у.с.
3. Сиздин резюмеңиз түшүнүктүү болушу керек, анын ичинде теоретикалык билимдер жана кайсыл долбоорлор менен иштегениңиз көрсөтүлгөн болсо жакшы.
4. Сиздин тажрыйбаңызга жараша же болбосо жөндөмүңүз бир аз жетпей жаткан, бирок жумушка кирген соң ал кемчиликти өз алдынча бат өзгөртө ала турган вакансияларга кайрылсаңыз болот.
5. Коштомо жана сунуш каттар жөнүндө унутпаңыз.
6. Иш берүүчү менен сүйлөшүүгө алдын ала даярдануу керек. Көп суроолор кайталанышы мүмкүн. Азыр интернетте адистерди жумушка кирүүдө сүйлөшүүлөр боюнча ар кандай ачык видеолор бар. Аларды алдын ала көрүп чыгып, өзүңүзгө көбүрөөк ишеним топтоп алсаңыз болот.
Жумуш издөөдө эң негизгиси - бул жумуш издөө. Достордон, тааныштардан, интернеттен вакансиялар жөнүндө сурагандан уялбаңыз.
IT-үйрөнүү убагында долбоор жасоого көнүл буруңуз. Мисалы, Чөйрө платформасында ар кандай кызыктуу социалдык долбоорлорго катышсаңыз болот.
Окуу бүткөн соң ар кандай ачык-долбоорлорго кошулуп, тажрыйба топтоңуз. Ошондо сизди балким бирөө байкап калышы мүмкүн.
Бирөө сизге жазат деп күтпөңүз. Жашооңузду өз колуңузга алып, биринчи кыймылдап баштаңыз. Баардык жерден изденүүнү улантып, активдүү болуңуз.
Мисалы
- Вакансиялар бар компаниялардын сайттары,
- Компаниялардын соцалдык медиада баракчалары
- Тажрыйба топтоо боюнча кулактандыруу
- Ар кандай IT-конференциялар жана чогулуштар
- Нетворкинг - сиздин чөйрөңүз, тааныш достор, коллегалар, уюмдар
⚡️ Жашка карабай жумуш алмаштырса болот
⚡️ Үйрөнүү эч качан кеч эмес
⚡️ Биринчи ирет өзүңүздү угуңуз. Чоочун адамдар сизди тааныбайт.
⚡️ Коркуу сезими бул нормалдуу нерсе.
⚡️ Ийгиликсиз натыйжадан дароо багынбаңыз - ошондо баары жакшы болот!
Азамат Токтакунов
Дортмунд, Германия
23-ноябрь, 2023-жыл
Instagram: https://www.instagram.com/azamatkgde/
Чөйрө https://choyro.com