Кыргыз мигрант 🇰🇬


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Путешествия


Алыста жүргөн кыргыздарга керектүү маалыматтар (Sputnik Кыргызстан агенттигинин долбоору) 🇰🇬

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Путешествия
Статистика
Фильтр публикаций


❗️Дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык Эдита Жусупова менен жаштагы Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнү “Крокус сити холлдогу” терактыда каза болгондордун тизмесине кошулганы айтылды.

Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыздарды көз жумду деп айтуу али эрте экенин маалымдады.

Белгилүү болгондой, алардын аты-жөнү Россия ӨКМинин набыт болгондор тууралуу тизмесине генетикалык экспертиза бүтө электе эле кошулуп калган. ДНК-изилдөөлөрдүн жыйынтыгы даяр боло элек.

Эдита 24 жашта болсо, Маиза 20 жашта. Кыздардын бири "Крокус сити холлдогу" ашканада, экинчиси аталган жайда алты айдан бери иштеп жатканы айтылды.

@kyrgyzmigrant


❗️Мекендеш, эсиңизде болсун

▪️"Крокус сити холлдогу" абалдан улам Москвада жана Россиянын бир катар чоң шаарларында текшерүүлөр жүрүп жатат
▪️Россиянын Транспорт министрлиги жүргүнчүлөрдөн аба майдандарына, автобекеттерге эртерээк келүүнү суранды

▪️Кызыл Аянтка өткөн жер жабылды

▪️Москванын метролорунда жүргүнчүлөрдүн сумкалары текшерилүүдө

@kyrgyzmigrant


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Мекендештер, сиздер үчүн жакшы жаңылык

Мамлекеттен ипотека алуу үчүн арызды алыста жүрүп, телефондон деле жазып калтырсаңыз болот.
Видеодо өтүнмө берүү жол-жобосу толук түшүндүрүлгөн.

Убакыттан уттурбай, кезекке туруп коюңуз!

@kyrgyzmigrant


❗️23-февраль Кыргызстанда эс алуу күнү. Буга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул күнү жарандарды кабыл албай турганын эскертти.

Бирок тез арада юридикалык же консулдук жардам алуу керек болсо, +7 925 285 50 47, +7 (925) 115 50 47 ишеним телефондоруна чалса болору айтылды.

@kyrgyzmigrant


❗️2-февралга караган түнү Бишкекте ТЭЦте авария катталды

Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.

Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.

@kyrgyzmigrant


❗️Россиядан чыгуусу чектелген РФ жарандары чет элдик паспортун өткөрөт. Тиешелүү токтом бүгүн күчүнө киргени маалымдалды.

Документти өткөрүп берүүнүн жол-жобосу:

▪️Россиядан сыртка чыгуу укугу убактылуу чектелген РФ жараны бул боюнча кабарланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны берген бийлик органына барат;

▪️Чет элдик паспортту убактылуу чектөөнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин же паспорттун мөөнөтү бүткөнгө чейин сактай турууга өткөрүп бериши керек.

▪️Бул процедурада өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы эки нускада түзүлөт. Анын бири жаранга берилсе, экинчиси каттоо жүргүзгөн органда калмакчы.

@kyrgyzmigrant


Россияда эмгек мигранттары үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты

Негизги максат — миграциялык чөйрөдөгү чыңалууну жандыруу, аларга эмнени жасаш керек, эмнелерди кылганга болбой турганын айтып, кайсы учурларда жазадан качып кутулууга мүмкүн эместигин түшүндүрүү.

Курс учурда Калининградда, Москва облусунда, Пермде жана Краснодор аймагында өткөрүлүп жатат.

@kyrgyzmigrant


Статистика боюнча үстүбүздөгү жылдын 6 айында Россияга 26 миңден ашуун кыргызстандык Россияга кеткен. Ал эми Россиядан Кыргызстанга келгендердин саны 20,5 миңге жеткен.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде Россияга 28,4 миң кыргызстандык мигрант кеткен болчу.

@kyrgyzmigrant


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Москвадагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору оңдолууда, жакында колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бидирди.  
  
Имарат ВДНХда жайгашкан. Бул жерде мурдагы союздаш өлкөлөргө таандык павильондор бар. "Аларды Кыргызстандан башкасы качан эле оңдоп, ар бир мамлекет өздөрүнүн улуттук-маданий борборуна айлантып алышканы"  айтылды.  

Борбор ишке берилсе Москвада жүргөн мекендештерибиз чогулган маданий жай болот.

@kyrgyzmigrant


Москвада Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды

Борбор турмуштук кыйын кырдаалга кабылган кыргызстандыктарга колдоо көрсөтөт.

Кризистик борбор ачуу боюнча меморандумга Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын Россияга болгон сапарынын алкагында кол коюлган.

@kyrgyzmigrant




Кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБде бизнес ачуу тууралуу реалити-шоу түзүүнү сунуштады

Бүгүн Сочиде КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын экинчи форуму өттү. Анда кыргызстандык ишкерлер бул сунушун айтты.

Идея боюнча, жаш ишкер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине (өлкө кокусунан тандалып алынат) барып, ал жерде насаатчылардын же башка бизнесмендердин колдоосу менен өз идеясын ишке ашырат. Ишкер жаңы бизнес баштоого керектелген каражаттын 50% өзү салышы керек же бул акчаны сала турган инвестор табышы зарыл. Ал эми калган 50% жаш ишкер кайсы өлкөгө барган болсо, ошол өлкө инвестиция кылышы керек.

Мындай реалити-шоуну түзүү үчүн 186 млн рубль керектиги айтылды.

@kyrgyzmigrant


Россиянын Омск шаарынан Бишкекке кайрадан автобус каттайт

Каттам 7-июлдан аткарыла баштайт. Алгачкы автобус Омскиден Бишкекти көздөй 20:00дө чыгат. Билет баасы 6 миң рубль.

@kyrgyzmigrant


Москвада мекендештерин уурдап, акча талап кылган 6 кыргызстандык кармалды

ИИМдин маалыматы боюнча, 23-майда Москвадагы РФ ИИМине 37 жаштагы кыргызстандык кайрылып, анын 25 жаштагы А. уулу Н. аттуу тууганын белгисиз адамдар уурдап кетип, 150 миң рубль талап кылып жатканын билдирген. 

Кыргызстан менен Россия ИИМдеринин биргелешкен ыкчам-иликтөөсүндө уурдалган жаран Головинское көчөсүндөгү батирлердин биринен дагы бир кыргызстандык менен (23 жашта) чогуу табылган. 

Кылмышка шектүү делип Ысык-Көл менен Нарындын 27, 28, 26, 23, 24 жана 22 жаштардагы тургундары кармалды. Булар май айында 40 жаштагы башка мекендешин опузалап, 1 млн рубль талап кылышкан.  

Бир нече берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

@kyrgyzmigrant


❗️Бишкекте мекенине кайткан мигранттар үчүн акысыз бизнес-курстар уюштурулат

Катышуу үчүн бизнесин баштоого тажрыйбасы жетпей жаткан 18 жаштан жогору кыргызстандыктар Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кайрылса болот.

Сурап-билүү телефондору:
▫️Ленин району, Бөкөнбаев көчөсү, 99, тел.: 0(312) 303695, 303682
▫️Биринчи май району, Бөкөнбаев көчөсү, 99, тел.: 0(312) 303748, 303740
▫️Октябрь району, Токтогул көчөсү, 43, тел.: 0(312) 434765, 434739
▫️Свердлов району, Токтогул көчөсү 43, тел.: 0(312) 434766, 434749

@kyrgyzmigrant


Оштон Новосибирскиге авиакаттамдардын саны көбөйдү

Буга чейин авиакомпаниялар жумасына 8 ирет Ош — Новосибирск — Ош багыты боюнча учуп жатышкан.

23-майдан тарта ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" компаниясы дагы бир каттам кошту. Ал шаршемби күндөрү аткарылат.

@kyrgyzmigrant


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Абдишүкүр Нарматов муфтияттын Россиядагы өкүлү болду  

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев чет мамлекетте эмгектенген мекендештерге диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча буйрукка кол койду.  

Ага ылайык, Россиянын Европа бөлүгү боюнча өкүлү болуп Самидин Атабаев дайындалды.

@kyrgyzmigrant


Россияда миграциялык каттоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди

2023-жылдын октябрь айынын соңунан тарта чет элдик жарандар РФке өзүнүн жана жашы жете элек балдарынын убактылуу катталган жерине келгени тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук формада билдире алат.

Ал үчүн төмөнкүлөр керек:
▪"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында" жеке кабинет ачуу
▪"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук формада көрсөтүү үчүн колдонулган бирдиктүү идентификация жана аутентификация" системасына катталуу

Батирди ижарага алуу жөнүндө келишим түзүүдө жарандар үй ээсинин кошумча макулдугусуз эле өз алдынча электрондук билдирме жөнөтө алышат (барып же электрондук формада).

@kyrgyzmigrant


Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат.

Ушул тапта Россияда Кыргызстандын эки гана башкы консулдугу (Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында) иштеп жатат.

@kyrgyzmigrant


Москвада 1-майда кыргызстандыктар үчүн уюштурулган диний агартуучулук боюнча иш-чарасы өттү. Ага 5 миң адам чогулду.

Саамалыкка кыргызстандык жана өзбекстандык диний аалымдар катышып, “Аян” театрынын спектакли коюлду. Ошондой эле баргандар кыргыз, казак төкмө акындары Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имаштын айтышына күбө болушту.

@kyrgyzmigrant

Показано 20 последних публикаций.