Ошентип кыркым бүттү. Бүткөн күнү колхоздон киши келип болгон кыркымчыларды чогултуп, бирден аттарын атап чакырып айлыктарын берген. Бир кезде “Эдигеев Бакыт, агасы” деди. Бакыт чыгып акчасын алды. “Эдигеев Жеңишбек, иниси” деди. Көпчүлүктөн сүрдөп кассирдин жанына бардым. “85 сом” деди да колума карматты. Жыгылып калбасам экен деп барып араң ордума жеттим. Бир кезде элге билгизбей туруп акырын алаканымды ачтым: 25, 10 рублдар... Мынча акча түшүмө кирчүбү, кармап көрүпмүнбү! Чын эле ушуну иштеп таптымбы! Чыдамым түгөнүп акырын жылып олтуруп Үпөш эжемди көздөй тыз койдум. Эжем ошондо кандай жалынса азыр 40тан ашсам деле дал ошентип жалынат: “Алдыңа кетейин, секетиң кетейин!” Биз Ак-Талаага кетээрде эжем костюмдарыбыздын ичине акчаны чүпүрөккө ороп тигип берди. Анан менин колума өзүмөн чоң кара дипломат карматты. Ошол дипломат эмгиче жоголгон жок. Айылга жеттик. Агам экөөбүз апамдын алдына айлыгыбызды жайдык. Жапжаш эле апам анда! Керемет эле, ошол жай! Бакыт эле, сыйкыр эле ошол балалык!
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта