Кыз-келин Айымдар 💃


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Карьера


Атайын айымдар үчүн ачылган канал 💌
Реклама боюнча админге кайрылгыла ↙️
Админ: @zolotoi_kg 👨‍💻

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Карьера
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Ассаламу алейкум жалпы жаамат атым аноним болсун .
Соз башынан болсун эми турмушка чыкканыма 19 жыл болду балдарым чонойду 7 балам бар жолдошум коп ичет ичкилиги менин кундошум эле болду аябай чарчадым ажырашып кетсемби дейм балдарымды атасыз калтырбайын деп жашап келем сабырым тугонду четмамилекетке чыгып кетким келип жатат балдарымды кыяа албайм эмне кылсам болот кенешиниздерди берсениздер?


Журогум тынч эмес ардайым коркуп уркуп турам, чойродогу адамдардын создорун озумо алаберем, жонеле караган козкараштарында эмнеге минтип карап жатат деп коп ойлоноберем, болбогон нерселерге ыйлагым келет, сыртымдан кучтуу корунгонго аракет кылам бирок отто алсыз айым мен болсом керек.
Озумо суроо бере баштадым мындай коркунучтар кичинекейинде коп зомбулук коргондордо болотко, менде баары жакшы эле болгонго балалык чагым деп эстесем мага мээрим жетишпеген экен, ата энем бар эле туруп мээримге зар болуп чонойгон экемин, беш жашымдан баштап жалгыз калчумун гилейген уйдо, азыр беш жашар кызды эчким жалгыз таштабайт азыр эмес илгерида таштабайт болчу билбейм мени бирок кундо жалгыз таштап кетишчу, апам атам жумушка кетчу биртуугандарым баары окууларына кетишет жанагы эле мен жалгыз калам жалдырап уйдо, ошондо мен учун уйго кирип кыккан отто коркунучтуу болчу эле, эртеден кечке уйго кирбей сыртта ойнойт болчум, жалгыздык мага беш жашымдан эле башталган экен эле баары кеткенде кундо бир маал ыйлап алат элем, жонунчо уйдун кичуусу эрке болот деп айтышатко мен ошондой эркелей албагам, атанын мээримин, эненин мээримин, биртуугандарымдын мээримин корбогонго бейтаныш адамдар жылуу суйлосо башкача болом бул жашоодо ушундай адамдар барбы деп, анан биро жылуу суйлоп тамактандынбы ооз бекиттинби кантин эмнеге маанайын жок деп сурап койсоле ошону суйуп калам 🤦‍♀️, мени жакшы коргон адам бар экен деп, клей болуп жармашып алып озумдон бат эле жадатып салам анана жоголуп кетет 😏.
Мага психолог керекби же озумду озгортушум керекби кенешиниздерди кутом ушул каналдын окурмандарынан,
Алдын ала рахмат тушунуу менен кабыл алып кенеш берген инсандарга.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Раньше этот голос была просто звуком, сейчас вспоминаешь а уже целая история из прошлого.

Ностальгия


Үй-бүлөң бузулбасын деп сенден кеттим...

Сенден кетүү мага оор, жылдарга созулган убакытты талап кылды. Акыры бир күнү чыгындым да, сен жайгаштырган батирди жаап туруп басып кеттим. Кечинде келгенде эмне болдуң экен? “Жаным, тамагың быштыбы? Карышкырдай ачкамын”-деп ашканага кирсең эле мен жок. Башка чапкандай болсоң керек. Бул абалыңды эстесем эле, кайра чуркап жөнөгүм келип, бирок карманып бир бурчта олтурам...

Таанышканыбыз эсиңдеби? Агам толгон кишиден туулган күнүмдө белекти сенден берип ийиптир. Сен болсо куру келе албай, бир кучак кызыл чоктой розаларды алып келипсиң. Байкуш, агамдын кол астында иштегениң үчүн айла жок келсең керек. Анан мамилебиз уланып кетти. Жубайың бар экенин билип туруп, экөөбүз тең жашообузду тобокелге салдык, кечигип келген сүйүүгө мас болдук. Батир жалдап берип мени жашатып койдуң. Эки аялдын ортосунда сен байкуш аябай чайналдың. “Балдарым бар, ажырашпайм, сенден да кете албайм”-деген сөзүңө дилим өрттөнүп атса дагы макул болдум. Башкалардай мага батир, машина, бизнес деп суранбаптырмын. Мен өзүңдү сүйсөм керек, керек эмес сүйчүмүн. Анан эле бир күнү көчөдөн кызың менен көрдүм. Көздөрү ботодой жайнаган кызың тим эле колуңду бекем кармап алыптыр. “Ата, бүгүн мага жомок айтып бересиңби? Кетпейсиңби?” дегенин укканда заманам куурулуп кетти. Көрсө ушул татынакай кыз сен мага кеткенде атасын күтүп жүргөн турбайбы? Апасы жаман болсо да балдарыңдын башын аттабачы. Акыры бүт оокаттарымды жыйыштырып туруп, басып кетүүгө камдандым. Көздөрү ботодой жайнаган кызыңдын колуңду кармап алып коё бербей турганы дагы деле көз алдымда. Уктасам, жумушка келсем деле баары бир бойтоюп турат десең. Акыры чыдабай калдым, кичинекей, жоодураган каректердин алдында күнөөлүү болдум. Анан басып кеттим.

Издеп издеп басылаарсың, балдарыңа бараарсың. А мен, Кудайдын буйруганын көрөм.

Сенин Аселиң.




Апам кичинекей кезимде:
- Ач көздүк кылба жана досторуң менен баарын бөлүш, бирок сага конфет үчүн келгендерди дайыма эсте. Булар дос эмес.

Апам мени мектепке жибергенде:
- Жакшы оку, балам, кийин колуңдан келгенди эмес, каалаганыңды гана кыла аласың.

Апам мени музыкалык мектепке бергенде:
- Короодогу муз тепкен оюнуң бир-эки жылдан кийин бүтөт, бирок музыка, музыкалык угуу түбөлүккө калат.

Апам мени балет мектебине жетелеп баратып мындай деди:
- Сөзсүз эле балерина боло албайсың, бирок туура поза мүнөзүңдү бекемдейт жана боюңа 10 см кошулат.

Апам мага жаш кезимде:
- Сүйүү керемет, бирок биринчи кезекте өзүңдү сүйүүнү үйрөнүп, эрежеге айландыруу керек.

Мен институтта окуп жүргөндө апам:
- Бир бөтөлкө жакшы шарап алып, сени сүйбөгөндөр менен сүйлөш, сен өзүң жөнүндө көп чындыкты билесиң.

Ыйлап жатканда апам айтты:
- Кандай болгон күндө да тыянак чыгар, кайгыга алдырсаң - бетиңе эрте бырыш түшөрүн бил.

Апам ажырашып жатканда:
- Ката кетирүү нормалдуу нерсе, эң негизгиси каталардын үстүндө иштөө. А азыр бул пальтону ыргытып, жаңысын сатып алыш керек.

Апам мага айтты:
- Жашоодо бирөөгө көз каранды болуп калбаш үчүн жана эч кимге ишенбеш үчүн акыркысын бербе, карыз алба - өзүңө гана ишен.

Мен ар дайым идеалдуу кыз эмес экенимди билем, бирок апам мага дайыма:
- Мен сени менен сыймыктанам, кызым, сен мен үчүн эң мыктысың!

Карыган апам мага:
- Мен тирүү болсом, бардыгын чогуу чечебиз, бирок качандыр бир кезде кырдаалдан чыгуунун жолун издеп, менсиз өз алдынча чечим кабыл алышыңыз керек болот.

Биздин апаларыбыз дүйнөдө баардык нерсени жасай алат, бирок карыбай калышты билишпейт...
Апаларыбызга биз үчүн кылган ар бир эмгеги үчүн рахмат жана терең таазим ❤️

Д. ГЕРХАРТ


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эркектерге жакты бул соз, айымдар эмне дейт болду экен? 🤔


Кайсы кыз-келин ойлоп тапты болду экен ушул создорду 😁


Өттү тазалоо ыкмасы

Өттү үй шартында тазалоого болот. Ал үчүн 40 грамм гречкага 1 стакан суу куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатасыз. Кант менен туз кошууга болбойт. Аны жылуу бойдон ач карынга жеш керек.

Андан соң бир жарым саат оң жак бөйрөгүңүз менен жатыңыз, жылуу оронуу керек. Боор тушуңузга ысык грелка коюңуз. Ушундайча айына эки жолу жасап турсаңыз, өт коюланбайт, ага туз менен кум жыйналбайт.
Ал эми өт жакшы иштеп турса, тамак-аш организмге туура сиңип, андагы бардык пайдалуу заттар сизге кубат берет.

Организмдеги кээ бир тынчыңызды алган оорулар, тагыраагы ашказандын кыжылдоосу, тамактын сиңбей калуусу, дененин оорлошу, дене табыңыздын көтөрулүп кайра түшүшү, ичтин катышы, уйкусуздук кээде өттүн коюлануусунан болот. Ошол үчүн өттү анда санда тазалап турган пайдалуу.

#өттү_тазалоо


#МАМИЛЕ

1. Адамдар чогуу болгусу келгенче гана чогу болушат. Карыз дагы, намыс дагы, насаат дагы эки адамды бири бирине байлай албайт. Адам кеткиси келсе үйдөн да, балдарынан да, өлүм алдындагы майып аялынан да кетет. Кеткиси келбеген үчүн жаныңда.

2. Адам чогуу болгусу келгенде сенин эч кандай кемчилигиң жолтоо болбойт. Адам кеткиси келгенде эч кандай артыкчылыгың кармап кала албайт.

3. Кандай гана түрү суук, жагымсыз болбо, сени жактырган бирөө табылат. Кандай гана жакшынакай, асылкеч болбо, четке каккан бирөө табылат.

4. Сени четке какса, бул мааниге деле ээ эмес. Мындан сен жаман болуп кетпейсиң, кичирейбейсиң, коркунучтуу эч нерсе деле болгон жок. Дүйнөдө сенин адамың бар, ал сени кабыл алат.

5. Сени кабыл алса-бир күнү ажырашасыңар, жашоодо болбосо да - өлгөндө. Колуңда болгон нерсени баала, жоготом деп коркпо жана өкүнбө.

6. Сага жарык берип турган бирөө бар экенине сүйүн. Сен да жарык бер: канчалык жарык көп болсо ошончолук коркунуч жоголот, коркунуч жок болсо жан дүйнөңдө караңгы болбойт.

7. Даракка кайтып келгиси келген жалбырак агымга каршы сүзүп, шамалга каршы уча алат. Бирок дарак бутагына байлай албайт.

8. Канчалык көп сүйсөң ошончолук көп сүйүү тартуулайсың, ашып да калат. Эгер сүйүү берип жатып азап менен жек көрүү сезсең - демек уу берип жатасың, бул үчүн ыраазычылык деле күтпөй эле койсоң болот.

9. Кое бер. Сенин сүйүүңдүн көлөкөсү болгондон сырткары, башка да бир нерсеге жетишсин. Өзүңдөй бол, өзүңдү татыктуу алып жүр, коркунучту унут. Бүгүн эмес, бирок баарыбир ал кайтып келет.

10. Ишен. Ынан. Ыракмат айт. Эмне болот деп ойлонбо - азыркы маанилүү.

11. Өлгөн сүйүүдөн тарп жыттанып баштаганча кет. Каалоо азгырыкка айланганча кел.

12. Акчага сатылып алынган нерсе акча эле турат. Жалынып жалбарып сурап, ыйлап, тартып, уурдап алганды бир күнү толугу менен тартып алышат. Чын жүрөктөн, өз ыктыяры менен берген баасыз.

13. Кантип өз адамыңды билсең болот? Эң жөнөкөй. Качандыр бир жолугасыңар. Ал билген эмес. Сен чакырган эмессиң. Бири бириңерди таптыңар. Мурда кайда бара жаткан болсоңор да, эми жолуңар бир.

#мамиле


Репост из: KG Групп 🇰🇬
Канал для любителей смотреть кино фильмы 🎬

👉 T.me/kino_tv_kg ✅️

Приятного просмотра 😎


Саламатсызбы аноним кылып чыгарып беринизчи
Саламатсыздарбы эжелер мен 2 айдан Бери алсызмын башыма Жана денеме бойдоко окшогон будурлор чыгып сакайбайт турат анчалык деле коп эмес башымда бирааз кобурок врачтар псариздын бир туруу дешти башыма биринчи домпок болуп жарганда майлуу болуп эле суу чыгат эле азыр жумшак болуп сыгып журуп калбады только козоноктогон карталган жаралар калды аа денемдегилер как койдок кандай болсо ошондой чыкты кобойгон жок ошолор бирин серин сакайдыда калды козонок болуп жиним келип тырмап сыйрып салам бирок кытышпайт оорувайтда бирок сакайбайт да дарыланып кордум жыйынтык жок кенешиниздерди бериниздерчи суранам кыйналып кеттим Празириаз скайбайт дештиго кайталай берет деп толко башыма далыма булчундарыма анан тизе сандарымда бир ааз бар кимдин башынан откон эле эжкелер Кенеш керек жакында турмушка чыгам Эми кантем врачтар имунитет сапсим тушуп кеткен дешти Оа бир ааз тойго чейин арыктасам деп эки ай дийета кармаган элем жардамыныздар керек рахмат😢




Аралашып жашоодон чарчадым.



Жашым 45 те. Турмушка чыкканыма 20 жыл болду. Башынан эле турмушту кайын журтум мн чогуу жашоодон баштадым.
Кайын эне,кайын ата,кайни ,кайынсинди.кайын эже,куйоодон чыккан кайынсиндимдин балдары.
Кыскасы 20га жакын адам болуп жашачубуз.
10 жыл ошондой жашоодо жашадык,жада калса куйоо бала куч куйоо.
Кийинчерек ,кайын атамдар кичуу кайним менен кыштоого чыгып кетишти.
Оххх эми өзүмчө болдум деп жеңилдеп калгансыдым.
Бирок ал жеңилдигим деле көпкө узабады.
2-3күн эле өзүбүзчө болбосок,кезектешип келип турушат .
Бир күнү кайнежем,ал кетсе кайынатамдар,кыскасы тыным жок.
Ооруса да дарыланганы,кир жуугусу келсе да келишет.Шылтоосу үйлөрү борбордон алыс.
Жол кире кетет күндө келип кетсе.
Бирок бизди тамак -ашты кайдан алып жатышат,( азыр баары кымбат)өзүлөрүнүн бала чакасын багышат деп ойлоп да коюшпайт. ( жол киреге чыгым болбош керек,бирок биздин чыгым эсепке алынбайт)
Билсе билмексен болуп бир келгенде бир жумалап жатып алышат.
Мурда көп көңүл бурбайт элем,келсе кетишет да деп,азыр чыдамым жетпей баратат.
Күйөөмө айтып жибергим келет,бирок кантип айтам,көңулүнө кетип калабы деп ойлойм.
Бир келсе макул эми 2-3кун журуп кетишет да дейт элем,бирок менин жашоом ушундой 2-3 кундөн уланып,чоооң турмушума айланып келет.
Эххх кыргыздар качан өзүбүз үчүн жашайбыз,кайын журт дебей.
Кайын журттар келиниңерди да ойлоп койгулачы ал да бирөөнүн айдай кызы,ал ашпозчу,үй жыйнагыч ,үй кызматкери эмес.
Ал да силердин кызыңардай эркин жашоону жактырат!!!!
Кээде качып кетким келет бирок кайда????




Саламатсызбы мен ажырашканыма 10жылдын жүзү болду кече кайненем келип алумент көбөйүп кетиптир кыскартам деп жүрөткен кайненем мени кууп чыкан башында апам алумент кестирген 10ж болду алганыма эми минтип көбөйгөндө кыскартам деп атат эримин экинчи аялы 2балалуу болгон мендеда 2баласы бар эмне кылам кенеш күтөм


Репост из: Жарнама! Реклама Кыргызсатан 🇰🇬
🆕 🔥🔥🔥🔥🔥🔥 💸

💰💰💰💰💰💰💰 💵

Играйте и зарабатывайте монеты LaimCoin, в будущем они вам пригодится.

https://t.me/OfficialLimeCoinBot?start=1782114613

🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️✅✅✅✅✅


#Сизди жек коргон кишиге жармаша бербениз.

🔸️ Жашооңузда, сизди көптөн бери сүйө албаган, жүрөгүнө батыра албаган адамга жолуктуңуз. Ал адам менен кээде алыста жолуксаңыз кээде ар дайым көрүшүп турган учуруңуз болот.

Мүмкүн акырын сүйлөп, жакшы сөз аралаштырып каттуу айтпайт чыгар. Бирок негедир жакшы сөзүнүн тузу жок, мамилесинде сүйүү жок экенин байкап келесиз. Ал адамдын мындай мамилеси, сизди ара ойго сала баштайт. Жакшы көргөнүн же жек көргөнүн түшүнбөйсүз.

🔸️ Ошондуктан, боорукер жүрөгүңүз менен ал адамдын тилин табуу үчүн абалын сурап, белегиңизди берип, жакшы мамиледе болууну каалайсыз. Тилекке каршы жакшы мамилеңизге жакшы жооп албастан, аракетиңиз текке кетип эки эсе көңүлүңүздү оорутат. Анткени, ал адам сизди жек көргөнүнө ынана баштадыңыз.

Ага да болбостон, колуңуздан келгенче жардамыңызды берип, анын жүрөгүнөн орун алуу үчүн убактыңызды, сезимдериңизди, каражатыңызды жумшайсыз. Баарынан да эң сонун сапатыңызды курмандык кыла баштайсыз. Анткени, сиз бардык адамдар менен жакшы мамиледе болууну каалайсыз.

Бирок, сизди жек көргөн адам, жакшы мамилеңизди каалабасычы?

Сыртынан ачык билинбесе да ортодогу көзгө көрүнбөгөн муздак дубалды (мамилени) алып салууну аракет кыла бересиз. Негедир...

🔸️▪️"Канча капа кылышканына карабастан сыйлай бердим бирок мага болгон жек көрүүсү өзгөргөн жок.
▪️Жакшылыгымды баалабады.
▪️Баркымды билбеди.
▪️Мээнетимди тебеледи.
▪️Боорукердигимди пайдаланды" деп ыйлаган көз жаштар да жок эмес.

Бул чындык, чектен ашкан боорукердиктин "пайдасыз" экенин айтып турат.

Сизди жек көргөн адамга жармаша берсеңиз
▪️жек көрүүсүн күчөтөсүз,
▪️өз баалуулугуңузду унутасыз,
▪️боорукердигиңиздин зыянын тартасыз,
▪️баркыңызды тебелетесиз,
▪️жакшы сезимдериңизди ысырап кылып чача бересиз.

🔸️ Сизди жек көргөн адамга жармаша берсеңиз кыжырына тиесиз. Көзүнөн тегеренип мамиле кылганыңызды жактырбастан, дагы жек көрө берет.

Бара-бара сиздин алсыз жерлериңизге тийишип сүйлөп, какшыктап, басынтуу максатта тамашаны аралаштырып сүйлөй баштайт. Сизди өзүнөн алыстатууну каалайт ошол эле учурда сиздей боорукер адамды пайдаланууга болорун да түшүнө баштайт.

🔸️Жан дүйнөңүз оорушун каалабасаңыз сизди жек көргөн адамга
▪️ жармаша бербеңиз!
▪️Өз жайына коюңуз.
▪️Өз ордуңуздү жоготпоңуз.
▪️Баркыңызды тебелетпеңиз.
▪️Сүйүүңүздү ысырап кылбаңыз.
Жөн гана сизди жек көргөндөрдөн алыс болуңуз!

Жакшылык кылууну кааласаңыз жакшы сөзүңүзгө, мамилеңизге, жардамыңызга муктаж болгон жандар көп. Андан көрө сизге муктаж болгон жакшылар менен сүйүүңүздү бөлүшүңүз.

Алар сизге
▪️ рахматын айтышат.
▪️Кайра-кайра ыраазы болгонун билдиришет.
▪️Сүйүүңүзгө, сүйүү менен жооп беришет.
▪️Мээнетиңизди баалашат.
▪️Мээриңизди эки эсе ойготушат.

▪️Жүрөгүңүздү сүйүүгө толтурушат.
▪️Боорукердигиңизди тебелешпейт.
▪️Аракетиңиз текке кетпейт.
▪️ Ар бир кылган жакшы иштериңизден кубаныч алып, жашарып, жүзүңүз жаркырап, жан дүйнөңүз пайдалуу азык ала баштайт.

ЖЕК КӨРГӨН АДАМГА ЖАРМАША БЕРБӨӨ ДЕГЕН - БУЛ АЛАРДЫ ЖЕК КӨРҮП, АЛАРГА ОКШОШ БОЛУУ ДЕГЕН ЭМЕС!

🔸️Адамдын жек көрүүсүн сезген сайын, сизде да жаман сапаттар ойгонуп, таарынычыңыз күч алып жек көрө баштайсыз. Ал эми жек көрүү сиздин душманыңыз. Ал сиздин жан дүйнөңүздү кыйноону сүйөт. Акыры жек көрүүгө жеңилип, өзүңүз жек көрүп жүргөн адамга окшошуп баратканыңызды байкабай каласыз.

Биздин максат:

АДАМДАРДЫ ЖЕК КӨРҮҮ ЭМЕС, АДАМДАРГА БОЛГОН СҮЙҮҮБҮЗДҮ ЖОГОТУП АЛБОО!

Жакшыларым!

Башкалардын жек көрүүсүнөн эч бириңиздердин жан дүйнөңүздөр оорубасын. Маанилүүсү, Кудайым бизди кандай болсок, ошондой бойдон сүйөрүн унутпайлы, ишенели, ыраазы бололу. ❤


Апакай гүлдөргө толгон чакан ресторанда Керез менен Эдилдин үйлөнүү тою болуп жатты.
Өзүнө жарашкан аппак көйнөкчөн Керез , көлдө сүзүп жүргөн ак куудай көрүнөт .
Узун чачы желкесине түйүлүп ,ак маржан,берметтер менен шөкөттөлгөн. Ак жибектен тигилген көйнөгүнө ак туфлиси жараша, дасторкондун кандай жасалганын карап басып жүрөт.
Апасындай аппак көйнөк кийип,чачын бешке бөлүп өрүп койгон Мээрим дагы келген конокторду кароо менен алек...
Капкара костюм шымчан Эдилдин жанында так эле ошондой кичинекей костюм - шымчан Нуржигит турат.
Ал Эдил кайда барса артынан калбай,турса турганын туурап,жаагын таянса, окшоштуруп жаагын таяна калат.

Чакырылган коноктор биринен сала бири кирип жатты.
Төрдө ак көйнөк,кара чыптамачан аппак жоолукчан Рая менен Шарипа олтурушат.
Экөөнүн сөздөрү бүтпөй,балдарынын баш кошуп жатканына ыраазы боло жылмайышат.

Гүл көтөрүп Канат аялы менен, Гульнур карындашы болуп кирип келип ордуна олтурушту.
Эдилдин жоро- жолдоштору,чогуу окуган достору келип жатышат.
- Оо досум,куш боо бек болсун! - ээрчишкен Курсан менен Нурмира киришти.
- Бакыт каалайм алтыным! Апаң Махабаттын арбагы да кызынын бактылуу экендигин сезип жаткандыр ! - деген Айкан Керездин бетинен өөп ,гулдестесин сунду.

Музыка ойнолуп коноктор өз ордуларына олтуруп ,той башталганы жатты.

Аңгыча эшик ачылып ,сырттан Дайыр ,кызы Саламатты,күйөө баласын ээрчите чоң гулдестесин көтөрүп кирип келди.
- Кызым ,Эдил мен силерге бакыт каалайм! Сүйүүңөр түбөлүк болсун!- деген Дайыр кызы менен күйөө баласын кучактай.
- Таенең кана?
- Жүрүңүз,мен сизди алып барайын ?- атасын ээрчиткен Керез таенесине жакындады.

Орто жаштагы ак чачтуу адамды ээрчитип ,Керездин өзүн карай келе жатканын көрө Рая ордунан тура калды.

- Таене...
- Апа ,мен...Дайыр ...мени кечирип коюңуз! Мен... Махабатты.... Мен күнөөлүүмүн!- деген Дайыр Раянын алдына тизе бүктү.
- Тур балам,тур! " Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч" деген кыргызда сөз бар! Кызымдын таалайы тайкы экен! Тагдырына ушул жазылыптыр! Кечтим ...балам... Мен баарын уктум...
-
- Рахмат сизге,канча жылдан бери өзүмдү өзүм жеп келдим. Керез мени издеп келип , кечиргенден бери жашоого кайра жаралгандай болдум. Бул кызым Саламат,бул жолдошу....
- Ии жакшы ,алдыңа кетейин Керезимди жалгыз кылбай эже- сиңди болуп катышып жүргүлө !

Аңгыча музыка жаңырып ,тамада тойду баштады.
Бири - бирине жылмая карашкан эки жуп ," түгөйлөр бийине " чыгышты.
Жубайларга бакыт каалаган адамдар ,жарданып кол чаап карап турушту.
Бекеринен кыргызда " аялдын чырагы кырк" деп айтылбаса керек.
Кеч болсо да бири- бирин табышкан эки жаш ,бактылуу көз ирмемдерди өткөрө чимириле бийлеп жатышты.
Ата-энесинин бийлегенин туураган Мээрим менен Нуржигит да бий аянтчасында күлкүлөрү түгөнбөй бактылуу айланып жатышты...

АЯГЫ
Нурида Карабалтинская
#керез_элдик.

Нурида айымга тайпанын окурмандары ыраазычылык билдиребиз💐💐💐

819 0 0 20 45
Показано 20 последних публикаций.