NEWSKG_24


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


Күндүн жаңылыктары, фото, видео, инфографика, блогдор. Окуялардан кабардар болуңуз! Аны оку. Кара. Угуңуз.
Видео жөнөтүү үчүн 👉 @tezkabar24

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


"Салык төлөөчүнүн паспорту" долбоору ишке кирди. Анда салыктык сыр болуп саналбаган маалыматтар камтылып, QR-код аркылуу көрүүгө болот.

Алар:
▫️салык төлөөчүнүн реквизиттери
▫️ИНН жана кассалык аппарат тууралуу
▫️жооптуу салык инспекторунун байланыш номерлери

"Салык төлөөчүнүн паспорту" калк тарабынан ишкерлердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүп, керектөөчүлөрдүн укугун коргойт.
👉 @newskg24 👈


Өлкөдө сасык тумоо күч алууда. Бишкектеги бейтапканалардын телефон номерлери:

▪️№1 — 0312 64 45 42
▪️№2 — 0312 21 03 57
▪️№3 — 0312 32 52 32
▪️№4 — 0312 43 39 07
▪️№5 — 0312 63 51 23
▪️№6 — 0312 57 02 84
▪️№ 7 — 0312 66 20 44
▪️№8 — 0312 42 69 62
▪️№9 — 0312 21 17 32
▪️№10 — 0312 67 82 74
▪️ишеним телефону — 118

👉 @newskg24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Балаңызды тез тынчтандыруу үчүн 6 массаж ыкмалары

✅ Б
алаңыз көп капризден улам тынчыбай калганда колдонуп көрүүнү кеңеш кылабыз

❗️ Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз

👉 @newskg24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бул видео Сокулуктун Алтын-Ордо конушунда тартылган

Жергиликтүү тургундар бир нече жылдан бери таштанды жайындагы бул түтүндөн тажаганын, саламаттыгына доо кетип, бирок үнү эч кимге жетпей келерин айтышат.

Кечээ эле Бишкектин төмөн жагындагы Алтын-Казык, Калыс-Ордо, Ак-Бата, Ак-Жар, Мурас-Ордо конуштарынын тургундары таштандыдагы кара түтүнгө даттанган.

Алар полигонду башка жакка көчүрүүнү талап кылып жатышат. Мэрия аларга көйгөйдү бир жылдын ичинде чечип беребиз деп убадалады.

Видео: Эртай Искаков
👉 @newskg24 👈


Эң ишеничтүү фонд✅

👉 @newskg24 👈


Келгиле достор, туугандар, колдон келген жардамды аябайлы!

100сомбу, 200сом болобу ишеничтүү реквизиттерге жөнөтөлү!
(Билем, көбүңүздөр студент, окуучусуздар. Ашыкча акча жок, бирок бир түшкү тамактын акчасын которсок балким бирөө бир күн ток жүрөт)

“Ии 100сом эмнени чечмек эле, ансыз деле башкалар жардам берип жатпайбы.” - дешиңиздер толук мүмкүн. Бирок сиз жана мен биригип 6млн калкты түзгөнүбүз эсиңизден чыкпасын!

Бишкек жүрөк болсо, Баткен биздин бутубуз. Дене бардык мүчө аман-соо болгондо гана өз кызматын толук аткарат!

Жардам берели, дуба кылалы!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы CAFA Women"s Championship эл аралык турниринде 3-орунду алды. Мелдеш Душанбеде өткөн.

Оюндун акыркы күнүндө кыргызстандык кыз-келиндер Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңген (видеодо чечүүчү гол). Турнирдин жыйынтыгы:

🔹Өзбекстан
🔹Иран
🔹Кыргызстан
🔹Түркмөнстан
🔹Тажикстан

👉 @newskg24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Топ новостей за вторник, 19 июля 👉 @newskg24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚽️ готовы поболеть?

Через считанные минуты начнется матч Кыргызстан-Мьянма.

Трансляция идет в прямом эфире госканалов.

Алга Кыргызстан! 🇰🇬

👉 @newskg24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Үй шартында 3 түрдүү ингредиент менен балмуздак жаса

Ысыкта балмуздак жеш табигый нерсе! Ысыкта үшүгүм да келбейт...

👉 @newskg24 👈


Нарында аткаминерлер аткарылбаган иштер үчүн 20 миллион сомдон ашык акча төлөшкөн.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын районунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Казыбек айылындагы бала бакчанын курулушунда жана Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында таза суу түтүктөрүн реабилитациялоодо «тиешелүү талаптарга жооп бербестен иш процессине контролдук кылуу» боюнча аткарылбаган иштер учун мыйзамсыз акча которгон.

Мекеменин маалыматы боюнча, мамлекетке 21 миллион 801 миң 901 сом зыян келтирилген.
«Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

👉 @newskg24 👈


Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) балдар иштери боюнча инспекторлору бассейндерди текшерүү боюнча рейд уюштурушту.

Профилактикалык иш-чаралардын негизги максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн суудагы кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

Суу объектилерин кайгуулда жүргөн милиция кызматкерлери бассейндердин администраторлору, ошондой эле чоңдорсуз көлмөдө жүргөн өспүрүмдөр менен сүйлөшкөн.

👉 @newskg24 👈


Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

"Ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат. Ошол үчүн "Аялзат — турмуш туткасы, коом күзгүсү" деп бекеринен айтылбаган чыгар.

Буюрса, жакын арада, 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул — дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым!", —
деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда "Энелер күнү" майдын үчүнчү жекшембисинде белниленип келет.

👉 @newskg24 👈


Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга кайрылды

"Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз!

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок", —деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңеште казинолорго уруксат берүү мыйзамы каралып жатканда депутат Арслан Малиев колуна Куранды алып, Бакара сүрөөсүнүн 219-аятында кумарканалар "адамдар үчүн бир аз пайдасы бар" деп жазылганын айткан. Депутаттын бул сөзү кооомчулукта талкууга түшкөн.

👉@muftiyat_kg


🇰🇬Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Өлкө башчысы кыргыз эли ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, эгемен Кыргызстандын өнүккөн мамлекет болуусун эзелтеден эңсеп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген.

"Учурдагы Конституциябыз адилеттикке умтулууну, теңчилик болушун шарттайт. 2020-жылдын октябрь окуяларында коюлган талап дагы, анын жыйынтыгындагы натыйжа дагы дал ошого байланыштуу", - деп жазылган куттуктоодо.

Президент жаңы Конституция мамлекеттик башкарууда олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга укуктук негиз түзөрүн белгилеген.


КАДЫР ТҮНГӨ ДУБА.

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин да билип-билбей кылган күнөөлөрүмдү кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Үй-бүлөмдүн, бала-чакамдын күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Ата-энемдин, чоң ата-чоң энемдин, таята-таянемдин жана алардын ата-энелеринин күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Бир туугандарымдын, алардын уул-келин, кыз-күйөөлөрүнүн күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Таеке-таэжелеримдин, алардын уул-келин, кыз-күйөөлөрүнүн күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Жоро-жолдошторумдун, кошуналарымдын жана алардын бардык жакындарынын күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Мен үчүн жашыруун дуба кылган жана менден дуба кылуумду суранган мусулман бир туугандарымдын күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Өтүп кеткен жакындарыбыздын жана мусулмандардан дуба үмүт кылган жалпы маркумдардын күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин устаздарымдын, кесиптештеримдин, шакирттеримдин күнөөлөрүн кечир!

Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин ушул дубамды окуп “амин” деп алакан жайган бардык мусулман бир туугандарымдын күнөөлөрүн кечир...!🤲🏻🤲🏻🤲🏻


Украинада курман болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн жерге берилди.

Аскердин сөөгү кечээ Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары кичи мекени Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылына алып жеткирилген.

Маркумду узатуу зыйнатына Россиянын жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышты.

Сүрөт: akipress

👉 @newskg24 👈


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Сотко алып келинген Алмазбек Атамбаев унаадан түшпөй койду

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, ЖАМК кызматкерлери мурдагы президентти абактан күч менен чыгарышып, унаага салышкан. Биринчи май райондук сотуна жеткирилгенден кийин Атамбаев ден соолугуна байланыштуу унаадан түшүүдөн баш тарткан.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев №47 абакка кайтарылган. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум анын катышуусуз өтүп жатат.

Видео: @april_tvkg

👉 @new
skg24 👈


"АРУУ ТАҢ" ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

КУМ ШЕКЕРДИН ДЕН
СООЛУККА ПАЙДА-ЗЫЯНЫ

👉 @newskg24 👈

Показано 19 последних публикаций.

12

подписчиков
Статистика канала