ОКУРМАНЫММ📖📚


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Ассаламу алейкум аманбызбы, окурманым.
Сиздер:Диний, мотивациялык, руханий, китептерди.
Аудио жана пдф форматын табасыз.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Кыздар мен силерди гүлгө окшоштурам. Гүлдөр сыяктуу силер дагы күндү жактырган, сууну көп ичкен, назик ж.б. же тескерисинче болгондой. Силерди карап турсаң кулпуруп, бажырайып, түрлөнүп, соозулуп көргөндүн көз жоосун алып ачыласыңар. Кичине көңүл бурулбай калса түнөрүп, ачууланып каласыңар. Ар кимиңерге ар кандай гүл жагат. Өзүңөр ошол гүлгө окшошсуңар. Анан дагы биз үчүн жалгыз болгуңар келет жуп болгонду жактырбайсыңар. Бул дүйнөдө силерсиз жашоо биз үчүн жок, кунаарсыз. Силерди сүйүп, эркелетип, бапестеп жүргөндөн өткөн жыргал жок. Бактылуу жашап, узак өмүр сүргүлө.


“Кыздарга”
"Жараткандан бизге берилген белексиңер,
Жер жүзүнө күн нурундай керексиңер.
Ар бир үйдү шаңга ,кутка толтуруп,
Бактылуулукту бизге арнап бересиңер...

Кыздар силер келечектеги энесиңер,
Кайраттуу,чыдамкай жан келесиңер,
Азап тартып адамзаттын тукумун улап,
Кыйналсаңар да бир жолу "уфф"- дебейсиңер. "....


"Биздин сулуу кыргыз кыздар жөнүндө,
Кыз дегенде гүл кулпунат көңүлгө.
Кыздар барда дүйнө сулуу көрүнөт.
Бул чындыкты чыгара албайм төгүнгө" .... (Женишбек акын)


“Мен эмнеге капамын”


Тагыраагы мен эмнеге капа эмесмин деп суроо берсек болчудай.Анткени азыркы учурда капа боло турган нерселер ушунчалык көп, жазып бүтүрө албайсың.
Кыска кыдып айтканда мен азыркы “маңкуртчулука” капамын. Ооба, инсандардын маңкуртчулугуна.
Кыска гана жашоодо өзүнү робот сымал акча табууну максат кылышып, өзүнүн инсан экенин унутуп калган маңкурттарга…
Албетте баары эмес, бирок, көпчүлүк…
Акылы бар инсан жок дегенде өзүнө мен эмнеге жаралдым? Эмнеге жашап жүрөм? деп суроо берет. Өзүнү издейт. Тилеке каршы инсандардын өмүрү түгөнүп бүткөнчө бул суроону ойлоп да койбогондор канча?
Тилеке каршы бул заманда ишканаларда, окуу жайларда, керек болсо мектептерде да, “Кантип көп акча табат? жакшы окуп жакшы иштесе көп акча табып, бактылуу болот деп үйрөтөт.
Ошону менен бирге “Сен эмнеге жаралдың? Эмнеге жашап жүрөсүң? Чыныгы бактылуулук кайда? Адамдагы аруу сапаттар, адеп-ахлак, адамгерчилик деген маанилерге басым жасашса эле.
Дүйнө багына эмне үчүн келдиң?
Гүл териш үчүнбү? Соолуп кала турчу гүлдөр үчүн ушунча аракеттин эмне кереги бар? Демек, гүл тергени келбедик. Анда эмнеге? Канчалык каалабаса да инсан мына ушул суроого жооп берүүгө мажбур?
Эмне үчун баары туура жолдо жүрбөйт билесизби? Анткени тыңдап жаткандарын башындагы кулагы менен угуп жатканы үчүн.
Зарылы, жүрөктүн кулагы менен, руху менен угуусу эле.
Анткени адам руху менен тирүү эсептелет.
Кылымдар соңунда соолуй турчу күн менен жашоо аягына жетет.
Күнгө күйүүчү май берүүчү аппарат барбы? Жок! Демек дүйнөнүн акыры болот. Муну илим да, изилдөө да тастыктоодо. Дүйнөнүн акырын көрбөсөк да, адамдын жашоосунун акырын өз көзүбүз, өз кулагыбыз менен угуп, көрүп атпайбызбы? Бир даанышман айткандай “Адамды өлүм тарбиялайт”
Бирок азыркы адамдарды өлүм да тарбиялай албайт көрүнөт. Бир күн карегин жаштап, жана өзү өлбөчүдөй баарын унутуп, өмүрүн уланта берет.
Тагыраагы ар кимдин өз тандоосу өзүнөн!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бейиш жыттуу "АЛТЫН АПАЛАРЫБЫЗДЫ"
дайыма сыйлап, жакшы мамиледе журолу 🥹🫠...


Жубайы бар мырзалар,
Ушул ырды өмүрлүк жарыңызга жиберип коюуңуздар.Ар бир үй-бүлөгө бакыт каалап,жакшы ниеттер менен атайын чыгарып жатам мындай ырларды.Ар бир үй бүлө бактылуу болсун 😊


Ак жүзүңө жарашып ак оромолуң,
Сен жок болсоң билем бакыт жоголорун.
Апакемдин келини асыл жарым,
Сен бар кезде мен бакытка ороломун.

——— Чыңгыз Мырзаев


Сага деймин сансыз жанган жылдыздарды,
Сенден ашкан дүйнөдө гүл кыз барбы?
Сага жетпей саргайып мында жүрсөм,
Мага жетпей артымда бир кыз калды.

———Чыңгыз Мырзаев


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Устаз Чубак ажы Рахматуллохи ьалайхи 🥹🥹
Устазды сагындыңыздарбы 🥹🥺


Не пайда?
Сен чуркаган акча , байлык сенин ырыскың болбосо чуркаганда не пайда?

Сен каалаган нерсени Аллах каалабаса кайгырганда не пайда?

Сен артынан кууган адамдын жүрөгүн Аллах Таала ачпаса таарынганда не пайда?

Дүнүйө кууп бирок намазың жок болсо, топтогондо не пайда?

Акыретиң жарды болсо бул жашоодо бай болгонуң не пайда?

Сый урматың жок болсо,
талап кылып не пайда?

Жакшылык кылып док кылсаң,
кылганыңда не пайда?

Жарыя кылып мактанып ,эл үчүн кылсаң ишиңди жасаганда не пайда?

Илим алып, амал жок - окуганың не пайда?
Бул жашоого келген соң, Аллахты тааныбасаң не пайда?....

автор:Аяна Абдраева


Мен үйгө келдим.Ал дасторконго мага деп чай-пайын коюп жатты…
Дүйнөдө менден өткөн бай адам жок эле.


Адамдардын бардыгы жакшы көрүнө
берет, бирок адамдардын чыныгы жакшысы
Үй-бүлөсү менен жакшы болгону.

— устаз Чубак ажы Жалилов


"Мен сени сүйөм" деп айтууга бир мүнөт кетет. А сүйүүнү далилдеш үчүн бүтүндөй өмүр керек.


Адамдын жүрөгүнө алып баруучу эң ишенимдүү жол - аны менен ага баарынан маанилүү болгон нерсе жөнүндө сүйлөшүү.


Аялын сүрөткө тартып жатып : " жылмайып тур " - дебеди , " Мен сени сүйөм " - деди , аялы айдай жаркырап жылмайды..🤍


في بعض الأحيان لا يُصلح الله حالتك على الفور! لأنه يريد أن يجعل قلبك جميلاً أولاً...

Кээде Кудай сенин абалыңды дароо оңдобойт! Себеби ал биринчи сенин жүрөгүңдү сулуу кылгысы келет..


Дүйнө жана акырет кайгы-капасын жок кылуучу дуба!

Абу Дарда (разияллоху анху) дан риваят:
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) айткан:
Бир инсан ар бир күнү эртең менен кечинде жети жолу ушул дубаны окуса дүйнө жана акырет менен байланышкан кайгы-кападан Аллахтын уруксаты менен кутулат.

"Хасбуяллоху лаа илааха илла хува ъалайхи тавакалту ва хува Роббул Аршил Азиим."

Мааниси:


Бул дүнүйөгө ибадатка келгенмин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин.

Бүгүн болсо убактылуу дүнүйөдө.
Эртең эле сурак берчүү жердемин.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Альхамдулиллах деп жүрөлү 🥹


Аллах Тааланын бизге берген ар бир мүнкүнчүлүгүн баалай билели!❤

Показано 20 последних публикаций.