Түшүмө кирчи, ата...
Дубалдын аркы бетинен күрс-күрс эткен коңшунун жөтөлгөн добушу. Күрс-күрс! Жерден кудук казандагы жаңы чыккан суунун үнүндөй кээде тынымсыз күрсүлдөп алат да, кайра тынчый түшөт. Ал басылганда менин жооп жөтөлүм башталат. Күрс-күрс! Терчил жаным саат сайын көйнөк алмаштыра берип чарчап да калдым. Мунун айынан уйку да чала. Суу-тер болгон көйнөгүм менен бүт денемди сүртүп мешке жаям да, 2 саат мурда кургатканы жайган ак футболкамды кийдим. Андагы жылуулук бүтүндөй денемди сыйпалап, бир саамга жагымдуу маанай тартуулады. Кайра төшөккө оронуп, күрсүлдөп жөтөл менен алышам. Бир оңго карап, ыңгайсыздыктан кайра солго кыйшаям. Бир канча күндөн бери бир жерде жата берип денем да бул абалдан тажады. Балдарыма жукпасын деп обочолонуп жалгыз жатам. Кошуна менен жарыша жөтөлүп, үйдө жатканыма 4 күн болду. Телефон карайм, андан тажаганда өткөн-кеткенге ой салып, бир калыптагы уйку тартипсиздигинен улам кайрадан сулайган бойдон уйкуга бой таштайм...
Кара-Бак. Айылда жүрөм. Таятамдын үйүнө жанаша жайгашкан мечиттен азандын үнү жаңырды. 40 жылдан ашуун азан айткан таятамдын тааныш, кулак-мээге сиңген үнү. Аллаху-Акбар, Аллаху-Акбар!... Адатта, элдин баары мечитке чогулганда, анан таятам саатын карап азан баштайт. А биз, үйдөгүлөр таятам мечитке жөнөгөндө дааратка туруп, азан бүткөндө шаша-буша чуркай калабыз. Азыр да ошондой болду. Мечиттин кире беришинде дарбазанын үстүнө балакана (жайында отурганга даярдалган үстү жабык сөөрү) бар. Дарбазадан чуркап кирсем, балакананын тепкичинин жанында атам менен бет келип калдым. Мечиттин короосуна кире бериште жапыз дөбө болчу, таятам ошол жерден азан чакырчу. Бирок бүгүнкү азанды таятам эмес атам чакырып, дөбөдөн эми эле түшүп мечитке карай басууга камынган өңдөнөт. Ошол замат жүрөгүм токтоп, оозума сөз келбей далбастап туруп калдым. "Не болду, балам, тынччылыкпы?" - деди атам.
- Ава (атама ушундай кайрылчубуз), азан айткан сизби? - деген суроомо атам таңыркай карады. "Ооба, мен" деген жоопту түшүндүм. Менин аң-таң болгонум - таятам да, атам да каза болгон. Бирок атама "Сиз тирүүсүзбү?" деп суроо узата албадым. Кучактаган бойдон өкүрүп ыйлай баштадым. Атаганат, арман дүйнө, өлдү деген атамды тирүү көрөм деген эмине! Баягы иштеп аткандагы тер аралаш жыты ошол бойдон... Канчалык ыйладым билбейм, бирок атам "Кой ыйлаба, неге ыйлайсың?" деп сооротуп жатканын билем. Сөзүнөн корс-корс күлкү аралаш өктөм үнүн сездим...
... Күрс-күрс... Кайра кошунанын көк жөтөлүнөн ойгонуп кеттим. Үстү-башым тер, муунум бошоп, эрээркеп ыйлаганы калыптырмын. Кыштын ызгаары баштала элек эл аралаган кандай оору болду экен, дубалдын артынан уктап жаткан кишини ойготкон! Ооруда эмне, алсыз пендеге уйгактай жабышып, ичтен жей берет эмеспи. Кошунам да мен өңдүү жөтөлдөн нары боло албай убара окшойт. Башкасын коюп, күрсүлдөгөн жөтөлү менен атам экөөбүздүн жолугушуубузду бузганына капаландым. Түш болсо да атамдын жүзүн көрүп, көбүрөөк дидирлаша албаганыма өкүндүм... Ушуну менен акыркы бир аптада экинчи жолу атамды түшүмдө көрүшүм. Ойгонушум менен унутуп калбайын деп түшүмдү кайталайм. Мен сыяктуу жүрөгү жараланып жүргөн бир туугандарыма, апама, атамдын бир туугандарына айтып бергим келет. Бирок көпчүлүгүн унутуп, элес-булас эсимде калганы ушул. Анда-санда WhatsApp группадан "Мен бүгүн түшүмдө атамды көрдүм..." деген кабарды угуп, бир сүйүнүп, ошол эле учурда менин түшүмө кирбегенине ичтен сызып алмайым бар. Ата, мен сизди сагындым! 😭
Өзүмдүн бөлмөмдө эмес апам экөөңүздөрдүн бөлмөңүздө жатканымда, соо эмес ооруган кезимде, жөн жерде эмес мечитте, болгондо да сиз жакшы көргөн, өзүңүз туулуп өскөн Кара-Бакта, 40 жыл таятам, андан мурда 40 жыл чоң таятам азан чакырып кеткен мечитте жолукканыбыз мага сүйүнүч, дем берди. Бирок өзүңүз оо дүйнөдө болгонуңуз аз келгенсип, сөөгүңүз алыскы Меккеде жатканы мен үчүн ого бетер кол жеткис... 😥 Сиздин өлүмүңүз менен сыймыктанам, Кудайга шүгүр! Бирок мен башкалар өңдүү атасын сагынганда мазарын зыярат кыла албаганыма, өз колум менен топурак сала албаганыма арман кылам... Дайыма дубамдасыз, ата! 😥
21.12.2023, 03:45 | Бишкек
© Azzambek Jeenbai uulu