* * * * * * *
Башты жерге салдырбаган жалгыз нерсе - бул чынчылдык.
* * * * * * *
Жүрөктөн чыкканды угуу - сага качан эмне керектигин билдирет. Баштан келген (акыл) менен жүрөктөн келгендин айырмасы эки башка, муну билишиң керек, үйрөн. Баштын (акыл) сүйлөгөнү - коомдун үнү, жүрөктүн сүйлөгөнү - түбөлүктүүлүктөн келет.
* * * * * * *
Түшүнгүсү келген - сүйлөгөнүңдөн дароо түшүнөт, унчукпаганыңдан да. Түшүнгүсү келбегенге кыйкырсаң да пайдасыз.
* * * * * * *
Сөздөрдө жалгандарды, жыгылганда жыландарды билүү жана башыңдан өткөргөн бүтүн кыйынчылыктарга карабай келечекке үмүт менен карай алуу, жашоого бекем кармануу, бул дүйнөдө адам бойдон калуу үчүн кээде болуп көрбөгөндөй күч-аракет керек.
* * * * * * *
Жашоодо 5 түрдүү адамдардан алыс бол:
1. Кайдан келгенин унуткандан;
2. Жалган сүйлөп, ага өзү да ишенгенден;
3. Жолго чыгып, жеке кызыкчылыгы үчүн жолдошторун (сапарлаш) саткандан;
4. Өзүн акылдуу сезип, бардык айып-кемчиликти сага оодаргандан;
5. Эң бактылуу көз ирмемин бир сүйлөм сөз менен кыйраткандан.
_____
© Которгон: Azzambek Jeenbai uulu