Расмий билдирүү
BPC компаниясы — каржы жана мамлекеттик секторлор үчүн инновациялык санариптик чечимдерди иштеп чыгуучу эл аралык компания болуп саналат жана анын кардарлар базасы 100дөн ашык өлкөлөлдү камтыйт.
2018-жылы Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык консультанттарды тартуу менен Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире төлөмдөрүн автоматташтырылган система аркылуу жыйноо үчүн инфраструктуралык долбоорду түзүү жана ишке киргизүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) моделинде эл аралык ачык тендер өткөргөн.
МЖӨ келишимине ылайык, инвестор бюджеттик каражаттарды тартпастан, каражаттарды салуу, технологияларды киргизүү жана системанын операторун түзүү милдеттенмелерин өзүнө алган. Өз кезегинде мамлекеттик өнөктөш долбоордун иштеши үчүн керектүү шарттарды түзүп берүүгө, анын ичинде коомдук транспортто ачык санариптик төлөм механизмдерин колдонууга түрткү бере турган тарифтик саясатты иштеп чыгууга тийиш болчу.
Шаар менен өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн түшүнүү менен жеке өнөктөш зарыл каражаттарды инвестициялап, МЖӨ келишими боюнча бардык милдеттенмелерин аткарган. 2024-жылы мамлекетке бюджеттик каражаттарды тартпай туруп, анын үлүшүн 50 пайызга жеткирүү чечими кабыл алынган.
Жарыяланган материалдар чет элдик инвесторлордун өлкөнүн технологиялык жана экономикалык потенциалына болгон ишенимин жоготууга багытталган негизсиз жоромолдорду камтыйт жана өзүнүн чындыкка дал келбегени менен өтө чоң нааразычылык жаратты.
Биз инвестордун кадыр-баркына шек келтирип, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошкон, накталай эмес төлөм технологияларын киргизген жана эсептешүүлөрдүн ачыктыгын жогорулаткан компанияга зыян келтирген материалдарды жарыялоодон алыс болууга жана журналисттик этиканы сактоого чакырабыз.