Ulan Usoiun #башта #БаштанБашта

@ulanusoiun Нравится 0
Это ваш канал? Подтвердите владение для дополнительных возможностей

Гео и язык канала
Киргизия, Казахский
Категория
Другое


Гео канала
Киргизия
Язык канала
Казахский
Категория
Другое
Добавлен в индекс
18.08.2018 12:04
реклама
SearcheeBot
Ваш гид в мире Telegram-каналов
Telegram Analytics
Подписывайся, чтобы быть в курсе новостей TGStat.
TGStat Bot
Бот для получения статистики каналов не выходя из Telegram
267
подписчиков
~143
охват 1 публикации
~75
дневной охват
~3
постов / нед.
53.6%
ERR %
0.04
индекс цитирования
Репосты и упоминания канала
Каналы, которые цитирует @ulanusoiun
Последние публикации
Удалённые
С упоминаниями
Репосты
Депутат болбой эле өлкөнү өзгөртсө болот. Опоңой:

кайдыгер болбо
укугунду бил
эркиндигиңди корго
өзүңө, чөйрөңө жоопкерчилик ал
бийликти көзөмөлдө
билим ал
эмгектен
добушуңду сатпа
тууганчылык, жердешчиликти токтот
ишиңди так аткар
өзүң пара бербе.

Болду. Таза коомдун белгилери ушул эле
Башыңарга сүйүү келсе, акпы, көкпү, карабы сүйгүлө, сүйүктүүсү болгула!

Бирге түтүн булаткыла!

Бакыт улутка, динге, түскө бөлбөйт!

Бул силердин ишиңер, силердин чечимиңер, силердин каалооңор, силердин таңдооңор, силердин жашооңор!

Өзүңө өзүң кана таандыксың!

Тиги видеого окшоп, жарма патриоттор сүйлөй берет.
Ката кетирүү - бул акылмандуулук менен тажыйырбанын көпүрөсү.

Ката кетиргенден коркпойлу, ката кетирүүнүн арты менен кана жаңы нерселерди үйрөнүп, жаңылыктарды жаратабыз.

Ката кеткен сайын, сүйүнөм.
Себеп, мындай ката кетирүү мүмкүнчүлүгү баарын эле берилген эмес.

Ооба, ката кетирүүдө башында капа болосуң, жинденесиң,
Сабырыңа бекем болсоң акыры чоң акылга ээ болосуң.

Бирөөнүн сынынан жеген муштум эмес, өзүңдүн катаңдан жеген муштум жемиштүү, тасирлүү болот.

#башта
#баштанбашта
Читать полностью
ИВЛ менен Кислородный концентратордун айырмасы билип алсак жакшы болот эле.

ИВЛге акча топтоп жатабыз,
ИВЛ алып жатабыз,
ИВЛ алып беришти деп эле жазып жатышат.

А чынында баардык каражат кислородный концентраторга топтолуп,
кислородный концентратор алынып, алып берип жаткандар дагы кислородный концентратор алып берүүдө.

ИВЛ ашып кетсе ондон ашык алынды. Өзбекстан бергенден башка.

Айырмасы эмнеде?

ИВЛ - аба жетпей калган адамга кыйноо жолу менен аба жеткире алган аппарат.

Кислородный концентратор - дем алуусу начарлап жаткан адамга абаны жакшылап жеткирип берүүчү кана аппарат.

ИВЛдин баасы 1 000 000 сомдон өйдө турат. Бул аппаратты иштете алган врачтар да аз, жокко эсе.

А Кислородный концентратордун баасы 22 000 сомдон 45 000 сомго чейин алса болот. Бул аппаратты кошууну бат эле өздөштүрүп алса болот.

PS. Болгону, баары эле ИВЛ алганга акча топтойбуз, ИВЛ алып келдик, ИВЛ алып беришти деп жазып жатканынан, кичине болсо да аз аздан билип туруу үчүн жазып койдум.

Баарыбызга ден соолук!
Кислородный концентратор, дары дармек, каражат, имарат жагынан колдоо кылып жаткан адамдарга ыраазычылык!

#башта
#баштанбашта
Читать полностью
«Баштан Башта» — бул өз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер карабаган жарандардын кыймылы.

Биз жаңы өлкөнү курууга, жаңы адамды жаратууга, алып бара турган жолду тандадык.

Эркиндикти жана жоопкерчиликти туу туткан адамдын калыптануусуна өбөлгө түзгөн куралды сунуш кылабыз.

Бир гана эркин жана эрки күчтүү адам, өз башына жоопкерчиликти жүктөп, өлкөнүн келечегин түптөйт.

Бизди алсыз кылып жаткан куру убада жана куру үмүттөн бошонгондо, ишибиз оңолот. Баштан башташ керек. Өзүңөн башта.

Өлкө - деген мен, сен жана биз!

-----
«Баштан Башта» — это движение неравнодушных граждан.

Мы выбираем путь, который ведет к новой личности и обновленной стране.

Мы формируем свободного и сильного человека способного нести ответственность за свои действия и за будущее нашей страны.
И если мы это поймем, то перестанем зависеть от ложных обещаний и надежд, делающих нас слабыми и беспомощными.

Нужно начать с самого начала — с себя.

Нужна перезагрузка — меня, тебя – потому что страна – это ты и я, это мы.


#башта
#баштанбашта
Читать полностью
Жеке ишкелерге алкыш!
Сиздерди тоноп жатканыбызга кечирим сурайм!

Чын чынына келгенде бул жардамдын баарын мамлекет камсыздаш керек эле. Айла жок.

Президентке, өкмөткө, ууруларга наалат!
Шайлоодо өзгөрүү болбойт. Баары сатылат, сатып алышат.Мынданда жаман парламент келет.

Шайлоого чейин «мөөнөтсүз акциялар» менен өлкө тагдырын өз колубузга алуубуз керек.

Армения бизге үлгү болсун!

Чын эле өзгөрүүнү кааласак вирус бүткүчө онлайн,бүткөн соң оффлайн активдешели.

Зордук зомбулугу, уруп тоноосу жок,

баш мыйзамда жазылган укуктарыбыз пайдалануу менен люстрацияны талап кылып, шайлоонун таза өтүшүн камсыздайлы.

Ал нерсенин баары көчө чечиле турган болуп калды.
Бизге эч ким жакшы жашоо, жакшы шайлоо бербейт.

Шайлоо башталганга чейин баарын өзгөртүүгө аракет кылуубуз абдан маанилүү.
Өзгөртө алабыз! Бул кебетебиз менен шайлоо болсо, дагы беш жыл кул болобуз.


Ага чейин өзүбүздү, үй бүлөбүздү сактайлы.
Баарыбызга аманчылык!

#башта
#баштанбашта
Читать полностью
Бизге «акционизм же акция» жана акционизмди түшүнгөндөр жетишпей жаткандай.

«Акционизм же акция» деген эмне?

Жөнөкөйлөштүрүп айтканда бул - ар кандай чыгармачылык жол менен акция кылуу, иш аракет жасоо, сын же ыраазычылык айтуу.

Мисалы бул сүрөттө да акционизм|акция.

Күтүүсүз жерден, күтүлбөгөн иш аракет кылуу.
Эч кимге зыян келтирбестен, мыйзам бузбастан ар кандай формада өз пикириңди билдирүү.

Акционизмди|акцияны көчөгө эле чыкпастан ар кандай имаратта, онлайн форматта кылса болот.

Келгиле, акционизм аркылуу зордук зомбулугу, уруп тоноосу, мыйзам бузуусу жок ичибиздеги ой пикирлерди билдиргегди үйрөнөбүз?

Үч жөлү биз уюштурган #Reакция бул да акционизм|акция!

#башта
#баштанбашта
Читать полностью
Сороновирус ой, Коронавирус башталганда тарттым эле, Соке көрүнбөйт деп.

Бул видео менен азыркы абалды салыштырып көрүңүздөр.

#башта
#баштанбашта

#соороновирускеткеткет
Айылдыктар!!!

Мына эми айылдарды жаба
турчу мезгил келди!

Ата Энеңиздерден, бир туугандардан айрылып, кан жутуп калбайлы десек, айылдардагы кирип чыгууларды азайтып, тартип орнотолу.

Карантин башталган кандай жапсак, азырда ошондой жабуу керек.

Шаардан айылга качкандар көп, көбү ооруну жугузуп кетишүүдө.
Сактанганды кудай сактайт, сактаналы!
Айылдыктар, айылдаштардан, айыл өкмөттөн сураналы, талар коелу, өзүбүз болсок да тосолу.
Читать полностью
Келечеги кең, жаркын жашоодо өмүр сүргүңөр келеби?!

Анда, бул пикирди окуп, видеого назар салгыла.

Ооба, азыр баарыбызга кыйын болуп турат, мындан да кыйын болот.
Мындай айтканда, согушка тете күрөш жүрүүдө. Анткен менен бардыгы аман калып, жашоосун татыктуу улантышы керек.

Бул күрөштү канткенде жеңе алабыз?

1. Эң башкысы жана маанилүүсү, өзүбүздү/өзгөнү сактайлы, өз жаныбызга кам көрөлү, эшикти унутуп, обочодо боло туралы. Бийликти көрүп жатасыңар, андан майнап чыкпайт, колунан бок да келбеси байкалып турат.

2. Колдон келип, мүмкүнчүлүк болсо бири-бирибизге бар жардамыбызды аябайлы, себеби жардамдын акыбети кайтат. Бири-бирибизди колдобосок эч ким бизди колдобойт.

3. Пандемия жашоонун бардык тармагын алсыратып, жашоо шартын начардатаары айдан ачык болуп турат. Андыктан бул илдет жеңилгенден кийинки турмуш кандай болоорун элестете берсеңер болот. Турмуш сценарийи ит ыйлагыдай болушун каалабасак, кайдыгерликти токтотуп, чечкиндүү талап коюуга өтүп, иш-аракетти баштайлы.

Кандай иш-аракет?

Жогоруда айтылгандай, вирус жеңилет, шыпаасы табылат, бирок өлкө андан кийин жашашы керек.

Өлкө келечегин жана өз турмушубузду жакшы жагына өзгөртүү үчүн мыйзамдуу, зордук-зомбулугу, талап-тоноосу жок маданиятту жол менен бийликтин тазаланышын, люстрация болуусун, шайлоодо баарына бирдей шарт түзүлүүсүн, эл ырыскысын жегендердин камалашын МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГГЕ чыгуу аркылуу талап кылуубуз керек. Тынымсыз талап койгонду үйрөнбөсөк эч нерсе өзгөрбөйт!

Беш же алты жыл шайлоону күтөбүз, бирок шайлоодо намысты унутуп, андан «көк мээ болсо да өзүбүздүкү өтсүн» деген трайбализм, эски чокойлордон тажабагандык же түңүлбөгөндүк, келечегин арзыбаган тыйынга сатуучулук жеңип кетип атат.

Шайлоого чейин ар кыл мыйзамдуу жолдор, акциялар аркылуу өзгөрүүнү алып келип, аң сезимди ойготуу керек.

Коронавирус мени да тузакка албаса, анда өзгөрүү алып келүүгө аракетимди жумшайм.

Жалгыз болсом да мөөнөтсүз акция жарыялап, өзгөрүүнү талап кылам!

Бир дагы ууру өлкөдөн чыкпай, жазасын алуусуна жетишишибиз керек!

Мени менен бирге бийликке талап коюп, өзгөрүүгө карай жол тартууга барам десеңер, анда мага жеке кат куржунга жазгыла. Талкуу аянтчасына кошулууга шилтеме берем.

#Башта
#БаштанБашта
Читать полностью
Казактарда ЧПны пайдаланып, коомдук ишмерлерге куугунтук башталгандай.
Друзья, у меня пока все нормально. Нахожусь дома. Не успеваю всем отвечать на слова поддержки. Спасибо вам огромное!
На душе легко когда за тобой правда и такая поддержка.
Обнимаю вас всех!

P.S. Машины которые дежурят вокруг моего дома поменялись. Видать заступила новая смена. Старые отработали вахту.
Интересно они кушают? Бедняги, они тоже заложники ситуации.