Келечеги кең, жаркын жашоодо өмүр сүргүңөр келеби?!
Анда, бул пикирди окуп, видеого назар салгыла.
Ооба, азыр баарыбызга кыйын болуп турат, мындан да кыйын болот.
Мындай айтканда, согушка тете күрөш жүрүүдө. Анткен менен бардыгы аман калып, жашоосун татыктуу улантышы керек.
Бул күрөштү канткенде жеңе алабыз?
1. Эң башкысы жана маанилүүсү, өзүбүздү/өзгөнү сактайлы, өз жаныбызга кам көрөлү, эшикти унутуп, обочодо боло туралы. Бийликти көрүп жатасыңар, андан майнап чыкпайт, колунан бок да келбеси байкалып турат.
2. Колдон келип, мүмкүнчүлүк болсо бири-бирибизге бар жардамыбызды аябайлы, себеби жардамдын акыбети кайтат. Бири-бирибизди колдобосок эч ким бизди колдобойт.
3. Пандемия жашоонун бардык тармагын алсыратып, жашоо шартын начардатаары айдан ачык болуп турат. Андыктан бул илдет жеңилгенден кийинки турмуш кандай болоорун элестете берсеңер болот. Турмуш сценарийи ит ыйлагыдай болушун каалабасак, кайдыгерликти токтотуп, чечкиндүү талап коюуга өтүп, иш-аракетти баштайлы.
Кандай иш-аракет?
Жогоруда айтылгандай, вирус жеңилет, шыпаасы табылат, бирок өлкө андан кийин жашашы керек.
Өлкө келечегин жана өз турмушубузду жакшы жагына өзгөртүү үчүн мыйзамдуу, зордук-зомбулугу, талап-тоноосу жок маданиятту жол менен бийликтин тазаланышын, люстрация болуусун, шайлоодо баарына бирдей шарт түзүлүүсүн, эл ырыскысын жегендердин камалашын МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГГЕ чыгуу аркылуу талап кылуубуз керек. Тынымсыз талап койгонду үйрөнбөсөк эч нерсе өзгөрбөйт!
Беш же алты жыл шайлоону күтөбүз, бирок шайлоодо намысты унутуп, андан «көк мээ болсо да өзүбүздүкү өтсүн» деген трайбализм, эски чокойлордон тажабагандык же түңүлбөгөндүк, келечегин арзыбаган тыйынга сатуучулук жеңип кетип атат.
Шайлоого чейин ар кыл мыйзамдуу жолдор, акциялар аркылуу өзгөрүүнү алып келип, аң сезимди ойготуу керек.
Коронавирус мени да тузакка албаса, анда өзгөрүү алып келүүгө аракетимди жумшайм.
Жалгыз болсом да мөөнөтсүз акция жарыялап, өзгөрүүнү талап кылам!
Бир дагы ууру өлкөдөн чыкпай, жазасын алуусуна жетишишибиз керек!
Мени менен бирге бийликке талап коюп, өзгөрүүгө карай жол тартууга барам десеңер, анда мага жеке кат куржунга жазгыла. Талкуу аянтчасына кошулууга шилтеме берем.
#Башта
#БаштанБашта